Такси айдоочусу менен чырдашкан милиционерге сөгүш берилди
Бишкекте такси айдоочусу менен чырдашкан аймактык тескөөчүгө катуу сөгүш берилди. Ошондой эле №1 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысына сөгүш жарыяланды. Ички кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында ушундай чара көрүлгөнүн "Азаттык" радиосуна шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди. Окуя №1 шаардык милиция бөлүмүнө жакын жердеги короодо болгон. Тартип сакчылары айдоочуга күч колдонуп, милиция бөлүмүнө сүйрөп барышкан. Чатактын чыгышына айдоочу машинесин жолго токтоткону себеп болгон. Читать дальше...