Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Июнь
2018

Новости за 11.06.2018

Azattyk.org 

Деңизде калган кемедеги мигранттарды Испания кабыл алат

Испаниянын премьер-министри Педро Санчес деңизде калган мигранттарды кабыл алууга макул болду. Премьердин кеңсеси тараткан билдирүүдө Валенсия шаарынын порту 600дөн ашуун мигранты бар кемени кабыл алууга даяр экени айтылат. “Гуманитардык апаатты болтурбай, мигранттарды коопсуз жайга көчүрүү - адам укуктары жаатындагы милдетибиз” - деп жазылат билдирүүдө. Ага чейин Италиянын жакында эле кызматка дайындалган ички иштер министри Маттео Сальвини мигранттарды салган кемени Мальта кабыл албаса, ал... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыйылбасын кыздын бийик кыялы...

Коомду ойго салган “Ала качуу” тасмасы. Чыр-чатактуу мекен чегиндеги чек арачылардын жупуну турмушу. Акция маалында акындын мырзалардын намысына тийген ыр саптары. Режиссер Руслан Акундун “Көк бөрү” жаңы тасмасы. Чек арачы кызматында жүргөн үй-бүлөлөрдүн түйшүгү.

Azattyk.org 

Күйүүчү майга күн түштү

Кыргызстанда жыл башынан бери күйүүчү май 9,6 пайызга кымбаттады. Мунай ташуучулар биримдигинин маалыматына караганда, баанын эң жогорку чеги май айына туш келип, кымбаттоо 5,8 пайызды түздү.

Azattyk.org 

Таласта жаандан улам сел жүрдү

Бүгүн 11-июнда Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айыл аймагынын Ак-Жар айылында саат 18:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык автоунаа жолдорун каптаган. Бул тууралуу "Азаттыктын" Таластагы кабарчысы маалымдады. Маалымат боюнча тактоо иштерин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүм башчысы чыгып кетти. Кошумча маалымат берилери күтүлүүдө. (AlS)

Azattyk.org 

Жүздөгөн качкындар деңизде калды

Ооганстанда ооз бекиткени жаткан жоокерлерге “Талибан” чабуул коюп, жыйырмадан ашуунун өлтүрүп кетишти. Өкмөткө берилген мөөнөт бүттү. Грузияда уулун өлтүргөндөрдү таап, жазалоо талабы менен чыккан атаны колдогон чоң митинг кайра башталды.

Azattyk.org 

Качкындардын кемесин Испания кабыл алат

Испаниянын премьер-министри Педро Санчес деңизде калган мигранттарды кабыл алууга макул болду. Анын кеңсеси тараткан билдирүүдө Валенсия шаарынын порту 600дөн ашуун мигранты бар кемени кабыл алууга даяр экени жазылган.

Azattyk.org 

Бишкекте "Кызыл таблетка" сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат

Бишкекте кыргызстандык, казакстандык, орусиялык жана франциялык отузга жакын сүрөтчүнүн башын бириктирген "Кызыл таблетка" аттуу сүрөт көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" көргөзмөнүн уюштуруучуларынын бири Майа Абдылдаева кабарлады.  Көргөзмөдө сүрөтчүлөр жана искусство адамдары ар кандай инсталляцияларды, сүрөттөрдү, фото жана видео чыгармаларды сунуш кылат. Алардын баарын "Мен киммин?" жана "Мен ким эмесмин?" деген идея бириктирет.  - "Кызыл таблетка" деген сөз айкашы белгилүү "Матрица" кинотасмасынын метафорасынан алынган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Карыбаева: Мумиянын көмүлүшүнөн президенттик аппарат кабардар болгон эмес

Бишкектеги Улуттук тарых музейиндеги мумиянын Баткенге көмүлүшү боюнча президенттик аппараттын кабары болгон эмес. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева билдирди. Анын айтымында, мумиянын көмүлгөнү тууралуу өзү да Интернеттен гана кабардар болгон.  - Мен тарыхчы катары ичим күйөт. Башка өлкөлөрдө музейлерде мындай экспонаттар турса көкөлөтүп, сакташмак. Биздики болсо ушинтип салышты. Бизге бул боюнча маалымат жеткен эмес. Читать дальше...

Azattyk.org 

TIKA тарых музейинин сырткы бөлүгүн кайра оңдоп жатат

Түркиянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (TIKA) Бишкектеги Кыргыз улуттук тарых музейинин сырткы тарабын кайрадан оңдоп жатат. Бул тууралуу президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда музейге суу агып, түрк тарап аны оңдоого кайрадан конкурс жарыялады. Буга байланыштуу Карыбаева музейдин расмий ачылышы качан болору белгисиз экенин кошумчалады. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы... Читать дальше...

Azattyk.org 

ТИКА тарых музейиндин сырткы бөлүгүн кайра оңдоп жатат

Түркиянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (ТИКА) Бишкектеги Кыргыз улуттук тарых музейинин сырткы тарабын кайрадан оңдоп жатат. Бул тууралуу президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда музейге суу агып, түрк тарап аны оңдоого кайрадан конкурс жарыялады. Буга байланыштуу Карыбаева музейдин расмий ачылышы качан болору белгисиз экенин кошумчалады. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстандыктар 15-июнда эс алышат

15-июнь Орозо айт деп белгиленгендиктен кыргызстандыктар бул күнү эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады. Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, ай календары боюнча аныкталуучу мусулмандардын Орозо айт майрамы жумуш эмес, майрам күнү болуп саналат. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Ташкентте өткөн дин аалымдарынын жыйынында Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда Орозо айт майрамын 15-июнда белгилөө тууралуу чечим кабыл алынганын айткан. (КЕ)

Azattyk.org 

Аба ырайы: чукул билдирүү

11-15-июнда нөшөрлүү жаан-чачынга айрым райондордо сел жүрүшү мүмкүн. 12-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жамгыр жаабайт. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32; Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31; Баткенде түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33; Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ооганстан - ШКУнун талуу маселеси

“Талибандын” согушкерлеринин акыркы кол салуусунан ооган коопсуздук күчтөрүнүн кеминде 20дай кызматкери мерт болду. Ооганстандын президенти убактылуу от атышпоо тууралуу жарыялаганына карабай, “Талибандын” чабуулдары азырынча токтой элек. Кытайда 10-июнда өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинде да Ооганстандагы кырдаал, тынчтык орнотуу маселеси башкы темалардын бири болду.

Azattyk.org 

Жээнбеков Айтматовдун үй-музейин көрүп келди

Президент Сооронбай Жээнбеков залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Бишкектеги үй-музейине зыярат кылып, анын жакындары менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, анда президент Чыңгыз Айтматовдун Кыргызстандын тарыхындагы орду өзгөчө экенин, ал ар дайым өз өлкөсүнө жана элине кызмат кылганын белгиледи. Ошондой эле ал үй-музейдеги эскерүү китебине жазуу калтырды. 10-июнда Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн өткөнүнө 10 жыл толду. Быйыл жазуучунун  90 жылдыгын белгилөө боюнча атайын жарлык чыгып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Вильнюста Орусиянын элчилиги турган аянтчага Борис Немцовдун аты коюлду

Вильнюста Орусиянын элчилигинин имаратынын маңдайындагы аянтчага Борис Немцовдун аты берилип, Москвада киши колдуу болгон оппозициялык лидердин аты-жөнү жазылган такта орнотулду. Тиешелүү чечимди Литванын баш калаасынын жетекчилиги 23-майда чыгарган.    Салтанаттуу иш-чарага Вильнустун тургундары жана "Христиан демократтар" партиясынын мүчөлөрү катышты. Орусиянын Литвадагы элчиси Александр Удальцов шаар бийлигинин чечимин «туура эмес» деп баалады. Элчи мындай чечим Литванын ички иши экенин моюнга алып... Читать дальше...

Azattyk.org 

“Норманд төрттүгү” Украинанын чыгышындагы кырдаалды талкуулайт

“Норманд төрттүгүнө” кирген Германиянын, Франциянын, Орусиянын жана Украинанын тышкы иштер министрлери бүгүн Берлинде жолугушуп, Украинанын чыгышындагы жаңжал жүрүп жаткан аймакка Улуттар Уюмунун тынчтык сактоочу күчтөрүн жайгаштыруу боюнча маселени талкуулашат.   Бардык тараптар Украинанын чыгышына эл аралык тынчтык сактоо күчтөрүн жайгаштырууга каршы эмес, бирок миссиянын мандаты тууралуу пикир келишпестик бар. Германия менен Франция Орусия колдогон жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактардын баарына... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыздарды кыстаган көз караштар

"Эже-сиңдилер" берүүсүнүн коноктору уурдалган кыздын милиция бөлүмүндө каза болгон окуясынан улам Кыргызстанда кыздардын өз эрки жана тандоосу менен турмуш курууга бөгөт болгон жагдайларды талдашты. Баарлашууга "Демилгелүү ишкер аялдар" уюмунун жетекчиси Авазкан Оморова, юрист Атыр Абдрахматова жана активист Улан Үсөйүн катышты.

Azattyk.org 

Данияр Абдыкаровдун Түркияда экени аныкталды

Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаровдун Түркияга чыгып кеткени аныкталды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов “Азаттыкка” билдирди. Ал Абдыкаров эмгек өргүүсүнө чыкканын, бирок өлкөдөн чыгыш үчүн уруксат албаганын билдирди. Буга чейин ИИМ Данияр Абдыкаровдун өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалымат текшерилип жатканын билдирген болчу. Маалыматка ылайык, Абдыкаров өлкөдөн сыртка чыгыш үчүн министрдин уруксатын алышы керек болчу. Генерал Данияр Абдыкаров - ички... Читать дальше...

Azattyk.org 

Меркел: Трамптын “Чоң жетинин” коммюникесине кол койбогону “капа кылат”

Германиянын канцлери Ангела Меркел АКШнын президенти Дональд Трамптын “Чоң жетинин” жыйынтыктоочу коммюникесине кол койбогону “капа кыларын” билдирди. Меркел мындай оюн жекшембиде ARD телеканалында сүйлөп жатып айтты. Канцлердин пикиринде, анын коммюникеге кол койбоо тууралуу чечимин "Твиттер" аркылуу билдиргени “көңүл иренжитет”. Немис канцлери Берлин документти “колдоорун жана эми ал кабыл алынып, мыйзамдык күчкө ээ экенин” белгиледи. Ал эми Трамптын чечими “кырдаалды татаалдаштырганы менен Түндүк... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тарыхый саммитке даярдык аяктоодо

Сингапурда АКШ менен Түндүк Кореянын тарыхтагы биринчи саммитине акыркы даярдыктар көрүлүп жатат. Дүйшөмбүдө эки өлкөнүн делегациялары жолугуп, 12-июнга белгиленген саммиттин чоо-жайын талкуулашты.

Azattyk.org 

Кувейтте алданган үч кыргыз жараны Кыргызстанга жеткирилди

Кувейтке жумушка орноштуруу жөнүндө убадага алданып барып алып, кыйын кырдаалда калган үч кыргызстандык жаран Бишкекке жеткирилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, алар Бишкектеги жумушка орноштуруу боюнча ортомчу агенттиктер менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кувейтке барышкан. Бирок ал жакта сүйлөшүлгөндөй иш жана шарт болгон эмес. Ошондон кийин Тышкы иштер министрлиги Эл аралык миграция уюму менен чогуу иш алып барып, алданган жарандар 9-июнда Бишкекке учуп келишти. Читать дальше...


Габулов считает, что логично пригласить Игнашевича в ЦСКА

В Парке Горького вновь пройдет Московский детский фестиваль искусств «НЕБО»

Разделение изотопа

Назван лучший по качеству интернета провайдер для пути из Москвы в Татарстан



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Тендер на капремонт теплосети объявили в Луховицах

Певица Алла Пугачева была замечена в Лимассоле в компании Олега Тинькова

Скрывавшаяся от родственников юная чеченка покинула московский отдел полиции

Полицейские пострадали в ДТП в Москве

Музыкальные новости

Московский "Спартак" не выигрывает трофеи с 2022 года

Новые городские проекты в сотрудничестве с парком Юрия Лужкова готовит Фонд Юрия Лужкова

Юрист Лебедева: законы о работе онлайн-магазинов в России необходимы уже давно

Армяне России поддерживают движение «Тавуш во имя Родины»

Новости России

Скрывавшаяся от родственников юная чеченка покинула московский отдел полиции

Азербайджанский мигрант возмутился из-за того, что в Калининграде суд назначил 4,5 года лишения свободы за убийство в ДТП школьницы. Видео

"Дочку" Первого канала оштрафовали за сцену с поцелуем двух девушек

Оппозиционер из Молдовы Илан Шор стал гражданином РФ

Экология в России и мире

"Глория Джинс" открывает первые магазины Ready! Steady! Go!

Участники Всероссийской олимпиады школьников по математике выбрали Marins Park Hotel Нижний Новгород

Обращение Аршака Карапетяна к соотечественникам

Студенты городских образовательных учреждений проходят практику в Marins Park Hotel Новосибирск

Спорт в России и мире

Соболенко вышла в полуфинал турнира WTA в Риме

Соболенко вышла в полуфинал турнира WTA-1000 в Риме

Свёнтек прошла в полуфинал турнира WTA-1000 в Риме

Теннисист Медведев может спуститься на пятое место в ATP после "Мастерса" в Риме

Moscow.media

Завершен очередной этап строительства моста в Мнёвниках

Фикс-тариф будет доступен всем пользователям BelkaCar

Столичные росгвардейцы задержали молодую распространительницу наркотиков

Состоялась Байкальская театральная школа в Бурятии: Россия и Культура, Дети







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *