Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Август
2018

Новости за 07.08.2018

Azattyk.org 

Шыкмаматов Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин курамына кирди

Президент Сооронбай Жээнбеков 7-августта кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстанды Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамы өзгөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.  Жарлыкка ылайык, парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов улуттук кеңештин курамына кошулду.  Калган курам өзгөрүүсүз калды. 25 кишиден турган кеңешке президент Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылат. Тизмеде спикер Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Аида Салянова менен инновациялык долбоорлор" компаниясы ачылды

Кыргызстанда "Аида Салянова менен инновациялык долбоорлор" деп аталган жаңы компания ачылды. Аны Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор жана мурдагы юстиция министри Аида Салянова жетектейт. Салянова "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу командага кесипкөй юристтер, эксперттер, коомдук өнүгүү багытында иштеген адистер чогулганын билдирди. Анын айтымында, компания быйыл 1-сентябрдан тартып калктын аз камсыз болгон катмарын колдоо иретинде акысыз укуктук жардам көрсөтүү боюнча пилоттук долбоорду баштайт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Манафорттун сотунда башкы күбө көрсөтмө берүүнү улантууда

АКШ президенти Дональд Трамптын мурдагы штаб башчысы Пол Манафорттун сотунда башкы күбө Рик Гейтс экинчи күн катары менен көрсөтмө берүүдө. Ал Александрия шаарында өтүп жаткан бүгүнкү соттук териштирүүдө украиналык ишкер өз кызыкчылыгын алдыга жылдыруу үчүн Манафортко берген миллиондогон долларлар тууралуу айтып жатат. Гейтс дүйшөмбүдөгү көрсөтмөсүндө Манафортко украин ишкерлери саясий кеңеш үчүн берген ири суммадагы акчанын изин жашырууга жардамдашканын мойнуна алган. Анын айтымында, акча Кипрде... Читать дальше...

Azattyk.org 

Навальный элди пенсия реформасына каршы жүрүшкө чакырды

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный элди өкмөттүн пенсия курагын көтөрүү планына каршы жүрүшкө чыгууга чакырды. Ал 7-августта "YouTube" порталына жарыялаган видео кайрылуусунда пенсия реформасын колдобогон адамдарды Орусияда жергиликтүү шайлоо өтө турган күнү - 9-сентябрда көчөгө чыгууга үндөдү. Июль айында Орусиянын Москва баш болгон бир катар шаарларында өкмөттүн жаңы планына каршы он миңдеген адамдар катышкан митингдер өткөн. Change.org сайтындагы петицияга 2,9 миллион адам кол койду. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жогорку сот жаңыча иштөөгө убада берди

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева сот тутумун реформалоонун алкагында соттордун өз алдынчалыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу аракеттери жүрүп жатканын билдирди.

Azattyk.org 

Кыргыз-казак президенттери алдыдагы саммитти талкуулады

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаев 7-августта телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Маалыматка караганда, эки мамлекеттин башчылары быйыл күздө Кыргызстанда өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин алтынчы саммитин да талкуулашты. Казак президентинин басма сөз кызматы сүйлөшүү кыргыз тараптын демилгеси менен болгонун кабарлады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Медведев Грузиянын НАТОго кошулуу дымагын сындады

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Грузиянын НАТОго кошулуусу "коркунучтуу" жаңы жаңжалга алып келиши мүмкүндүгүн эскертти. Ал "Коммерсантъ FM" радиостанциясына курган маегинде Түндүк атлантикалык аскердик альянстын Грузияны мүчөлүккө кабыл алуу планын "толугу менен жоопкерчиликсиз" жана "тынчтыкка коркунуч туудурган" кадам деп мүнөздөдү. Медведевдин соңку эскертүүсү орус-грузин согушунун 10 жылдыгы белгиленип жаткан учурга туура келди. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг өткөн айда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Талас жайлоосундагы өрт дээрлик өчүрүлдү

Таластагы Алмалуу жайлоосунда, чек арадагы аймакта чыккан өрттүн Казакстан тарабы өчүрүлдү. Аны өчүрүүгө казак тараптан 150дөй адис жана бир тик учма тартылган.  Кыргызстан тарабы да дээрлик өчүрүлдү. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө 500гө жакын киши тартылган.  Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Кыргызстандын аймагында 1000 гектар жердин күйүп жатканын билдирген. Өрт үч жолу өчүрүлгөнүнө карабай, кайра тутанып кеткен. Буга казак тараптан (батыш) соккон шамал себеп болуп жатканы айтылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстанда жаңы коргоо министри дайындалды

Казак президенти Нурсултан Назарбаев Нурлан Ермекбаевди Казакстандын коргоо министри кылып дайындады. Президенттин басма сөз кызматы 7-августта билдирдей, Ермекбаев 2016-жылдан бери коргоо министри болуп иштеп келген Сакен Жасузаковдун ордун басты. Мындай кадрдык алмашууга эмне себеп болгону айтылган жок. 55 жаштагы Ермекбаев быйыл апрель айынан бери президенттин жардамчысы, Казакстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп келген. Ага чейин Дин жана жарандык коом маселелери боюнча министрликти жетектеген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзбекстан: подполковниктин сырдуу өлүмү

"Өзбекстандын Ички иштер министрлигиндеги Коомдук тартип жана кайгуул-күзөт кызматынын башчысы Дилшод Акрамовду өлтүргөн" деп шек саналып жаткан киши өз жанын кыйды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ички иштер министрлигинин атын атагысы келбеген жогорку даражадагы кызматкери жана Акрамовдун туугандарынын бири билдирди. Аталган кызматтын башчысы Дилшод Акрамов өзүнүн иш бөлмөсүндө ушул жылдын 4-августунда киши колдуу болгон.

Azattyk.org 

Кыргызстандык зыяратчылардын акыркы тобу ажылык сапарга кетти

Кыргызстандык зыяратчылардын акыркы тобу 7-августта Ош-Жидда багытындагы учакта ажылык сапарга кетишти. Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, мусулманчылык парзын аткарганы баргандар Мекке шаарына жеткирилип, конок үйлөрүнө жайгаштырылды. Алар ысык тамак жана тийиштүү жерлерге ташыган автобустар менен камсыздалды.  Алгачкы топ 25-июлда кеткен. Андан бери зыяратчылар топ-топ болуп Бишкек-Мадина, Ош-Жидда, Ош-Мадина багытында учушту. Жалпысынан 18 авиа каттам уюштурулду. Ар бир топто 300дөй зыяратчы, алты ажы башчы болду. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстандык зыяратчылардын акыркы тобу ажылыкка аттанды

Кыргызстандык зыяратчылардын акыркы тобу 7-августта Ош-Жидда багытындагы учакта ажылык сапарга кетишти. Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, мусулманчылык парзын аткарганы баргандар Мекке шаарына жеткирилип, конок үйлөрүнө жайгаштырылды. Алар ысык тамак жана тийиштүү жерлерге ташыган автобустар менен камсыздалды.  Алгачкы топ 25-июлда кеткен. Андан бери зыяратчылар топ-топ болуп Бишкек-Мадина, Ош-Жидда, Ош-Мадина багытында учушту. Жалпысынан 18 авиа каттам уюштурулду. Ар бир топто 300дөй зыяратчы, алты ажы башчы болду. Читать дальше...

Azattyk.org 

Трамп Иран менен иш жүргүзгөндөргө эскертүү берди

Кошмо Штаттардын Иранга кайра салган санкцияларынын биринчи бөлүгү бүгүн күчүнө кирди. Президент Дональд Трамп 2015-жылы түзүлгөн эл аралык өзөктүк келишимдин алкагында токтотулган санкцияларды кайра киргизүү тууралуу чечимин бүгүн да коргоп чыкты. "Иран менен иш жүргүзгөндөр АКШ менен иш алып барышпайт. Мен дүйнөдө тынчтык болушун гана талап кылып жатам. Башка эч нерсе жок", - деп жазды Трамп 7-августтун таңында "Твиттердеги" барагына. Кайра киргизилген санкцияларга ылайык, ирандыктар АКШ доллары... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сапар Исаковдун УКМКга каршы арызы

Абактагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Башкы прокуратурага арызданды. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүлөрү опузалап, адвокаты Нурбек Токтакунов менен кызматташуудан баш тартууга мажбурлап жатканын айткан. Азырынча Башкы прокуратура мурдагы премьердин кайрылуусуна жооп кайтара элек. Бирок буга чейин УКМК Исаковдун айткандарын четке кагып, “жеңил пиар” катары баалаган.

Azattyk.org 

Өмүрбек Текебаевге коюлган диагноз расмий жарыяланды

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгына байланыштуу дарыгерлер койгон диагноз расмий жарыяланды. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова "Азаттыкка" билдиргендей, саясатчы күрөө тамырдын, жүрөк тамырларынын атеросклерозу, карынча үстүндөгү экстрасистоликалык аритмия, 2-даражадагы кооптуулугу жогору гипертония, түйүндүк богок, эутериоз менен жабыркайт.  Текебаев №47 абактан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов... Читать дальше...

Azattyk.org 

Санкция санаасы, Евробиримдиктин каяшасы

Кошмо Штаттар Иранга каршы санкцияларын кайра жандантты. Буга Иран эле эмес, негизги өнөктөштөрү да тынчсызданууда. Ал тургай Евробиримдик ортодогу саясаттан жабыркачу ишкерлерин коргой турган мыйзам да кабыл алганга жетишти.

Azattyk.org 

Талас жайлоосундагы өрттү өчүрүүгө Казакстандан да күч тартылды

Таластагы Алмалуу жайлоосунда, Казакстан менен чектеш аймакта чыккан өрттү өчүрүүгө казак тараптан 150дөй адис жана бир тик учма тартылды. Кыргызстандан 500 киши тилсиз жоо менен күрөшүүдө.  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Кыргызстандын аймагында 1000 гектар жердин күйүп жатканын билдирди. Өрт үч жолу өчүрүлгөнүнө карабай, кайра тутанып кеткен. Буга казак тараптан (батыш) соккон шамал себеп болуп жатканы айтылууда. Кыргыз өкмөтү Казакстанга кайрылып, өрткө каршы күрөшүүгө чакырууну... Читать дальше...

Azattyk.org 

Азия оюндары: Жээнбеков спортчуларга бата берди

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Индонезияда өтө турган XVIII жайкы Азия оюндарына катыша турган спортчулар менен жолугуп, улуттук курама команданын капитаны Каныбек Жолчубековго өлкөнүн желегин тапшырды. Оюндардын ачылуу аземинде Кыргызстандын желегин волейболчу Оңолбек Каныбек уулу көтөрүп чыгары ушул жыйында маалым болду. Азия оюндарында Кыргызстандын 150 жараны спорттун 21 түрү боюнча күч сынашат. Индонезиянын Жакарта жана Паленбанг шаарларында өтчү оюндар 18-августта башталып, 2-сентябрда жыйынтыкталат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ооганстанда согушкерлердин чабуулунан 12 киши мерт болду

Ооганстандын батышындагы Фарах провинциясында "Талибан" кыймылынын согушкерлери текшерүү пунктуна чабуул коюп, андан төрт ооган аскери мерт болду. Дагы алты жоокер жарадар болгонун провинциянын губернаторунун басма сөз катчысы Мохаммад Насер Мехри билдирди. Анын айтымында, Бала Булук районундагы бул куралдуу чабуул 6-августта кечинде башталып, 7-августтун таңына чейин уланган. Ооганстандын аба күчтөрү жардамга келип, алардын соккусунан 19 талиб жоочу мерт болуп, отуздайы жараланды.  Логар провинциясында... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзбекстанда "подполковникти өлтүрдү" деген киши өз жанын кыйды

Өзбекстанда милициянын подполковниги Дилшод Акрамовду өлтүргөн киши өз жанын кыйганы кабарланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигиндеги айрым булактар жана Акрамовдун туугандары "Азаттыктын" өзбек кызматына билдиришти. Аты-жөнү айтылбаган бул шектүү оорукананын терезесинен боюн таштап, андан алган жараатынан мерт болду. Ички иштер министрлигине караштуу Кайгуул-күзөт кызматы жана коомдук тартипти сактоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Дилшод Акрамов 4-августта иш бөлмөсүндө бычакталып өлтүрүлгөнү белгилүү болгон. Читать дальше...


Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о конкурсе «Большая перемена»

Производство продукции из полипропилена увеличилось в столице благодаря нацпроекту

Россию покинули менее 10% зарубежных компаний

Провоз велосипедов в пригородных поездах станет бесплатным в Москве 18 мая



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Провоз велосипедов в пригородных поездах станет бесплатным в Москве 18 мая

КНДР предупредила, что F-22 на полуострове создадут неприятности для США

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о конкурсе «Большая перемена»

Россию покинули менее 10% зарубежных компаний

Музыкальные новости

В Парке Горького вновь пройдет Московский детский фестиваль искусств «НЕБО»

Патриотическую акцию «Синий платочек» провели в Нижнем Новгороде в день прибытия «Поезда Победы»

Актер из «Папиных дочек» пропал в Москве

Фестивальный праздник «Музыка моего города» в Улан-Удэ включил в программу спектакль Театра кукол «Ульгэр»: Россия и Культура, Праздник и Дети

Новости России

ТАСС: в Москве задержали зампреда правительства Алтайского края

Путин заявил, что грузы на границе России и Китая будут досматривать быстрее

Россию покинули менее 10% зарубежных компаний

Провоз велосипедов в пригородных поездах станет бесплатным в Москве 18 мая

Экология в России и мире

Россия, Культура, Дети: конкурс на новую эмблему обьявил Театр Ульгэр в Республике Бурятия

Стой и не двигайся: доктор Кутушов рассказал, что делать при встрече со змеями

Не чувствую руку: Доктор Кутушов рассказал к чему приводит частое онемение конечностей

Пермский край, Суксунский район

Спорт в России и мире

Свищёв: МОК и ITF не будут реагировать на призывы наказать Хачанова

Теннисист Медведев не смог выйти в четвертьфинал турнира серии «Мастерс» в Риме

Свёнтек высказалась об акции протеста экоактивистов, выбежавших на корты Рима

«Подача на победу на Уимблдоне». Гвардиола – о заключительном туре АПЛ

Moscow.media

Более 1 млн проездов по трассе М-12 Восток совершили автомобилисты в майские праздники

Роботы-курьеры «Яндекса» будут доставлять заказы в ещё нескольких районах Москвы

Столичные росгвардейцы задержали молодую распространительницу наркотиков

Под зеленым куполом







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *