Путиндин Чыгыш Германиянын атайын кызматы берген күбөлүгү табылды
Бул тууралуу немис медиасы кабарлоодо. Маалыматка караганда, Орусия президенти Владимир Путиндин Чыгыш Германиянын жашыруун кызматы берген документи же күбөлүгү Дрездендеги архивдерден табылды. Германиялык Bild гезити 11-декабрда майор Владимир Путиндин күбөлүгү деген документти сүрөтү менен жарыялады. Анда 1989-жылдын соңуна чейин жарактуу экенин көргөзгөн мөөр да коюлган. Документ мурдагы Чыгыш Германия - ГДРдин атайын кызматы- “Штазинин” архивдери арасынан табылган. Дрездендеги архив мекемесинин өкүлү Конрад Фелбердин айтымында... Читать дальше...