Кош жарандык маселеси кайра козголду
Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешинин орус жарандыгы бар деп айтылган депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун мандатын алуу чечимин колдоду. Депутат бул айыптоону четке кагууда.
Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешинин орус жарандыгы бар деп айтылган депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун мандатын алуу чечимин колдоду. Депутат бул айыптоону четке кагууда.
Иран ооган талибдери менен сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу Ирандын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Шамхани 26-декабрда Кабулга барган учурда билдирди. ИРНА маалымат агенттиги Шамхани “Ооганстандагы коопсуздук проблемасын ооздуктоого көмөктөшүү” иретинде сүйлөшүү жүргөнүн айтты деп кабарлайт. “Ооган өкмөтү талибдер менен байланыш жана сүйлөшүүдөн кабардар болушту. Бул процесс уланат” дейт Шамхани. Жолугушуу кай жерде жана качан өткөнү маалымдалган эмес. 17-декабрда АКШ, Пакистан... Читать дальше...
Жыл аяктап бараткан айларда Ош, Баткен облусунда кандуу окуялар катталды. Эки прокурордун, жергиликтүү депутаттын өлүмү боюнча бүгүнкү күнгө чейин ар кандай айың сөздөр тарап, табышмактуу жагдайларга жооп табылбай келет. Бул окуялардын себебин аймактагы аткезчилик, коррупция менен байланыштыргандар бар.
Жапония 2019-жылы Кит уулоо боюнча эл аралык комиссиядан чыгып, июлдан тарта өзүнө тиешелүү деңиз аймактарында киттерге аңчылыкты кайрадан баштайт. Жапон өкмөтүнүн башкы катчысы Йошихиде Суга илимий маалыматтардан кийин гана ушундай кадамга барып жатканын билдирди. Коммерциялык максатта кит улоого 36 жыл мурда мораторий киргизилген. Ага киттердин кескин азайып кетиши түрткү болгон. Ошондон бери суудагы эң чоң жаныбарды кармоого илимий иликтөөлөр үчүн гана уруксат берилип келген. Жапон эли илгертен кит уулап келет. Читать дальше...
АКШ Сириядан аскерлерин чыгаруу чечимин жарыялагандан бери Түркия бул коңшу өлкө менен чек арасын аскерий жактан чыңдай баштады. Анкара Евфрат дарыясынын чыгыш тарабына кирүүгө даяр экенин да билдирди.
Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов "башка ишке өткөнүнө байланыштуу" деген жүйө менен кызматтан алынды. Президент Нурсултан Назарбаев анын ордуна буга чейин Коргоо жана аэрокосмикалык өнөр-жай министрлигин жетектеп келген Бейбут Атамкуловду дайындады. Ал эми Атамкуловдун ордуна Аскар Жумагалиев келди. Бул кызматты ал вице-премьер-министр кызматы менен кошо аркалайт. Казакстанда индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлиги түзүлүп, анын жетекчилигине дагы бир өкмөт мүчөсү Женис Касымбек бекитилди.
Пенсильвания штатында кыргызстандык Элиза Аскарованы эң мыкты теннисчи деп табышты. Кыргызстанда бир нече жолу чемпион болгон Элизага бул наамды жеңүү оңойго турган эмес. Океандын ары жагына барганда спортчу кыз карьерасын кайрадан баштаган.
Украинанын он облусундагы аскердик абал бүгүн токтотулганын президент Петро Порошенко билдирди. Режим Орусия Украинанын үч кемесин аткылап, андагы 24 суучулун барымтага алгандан кийин 26-ноябрда киргизилген. Украин кемелери Керч кысыгынан Азов деңизине карай өтүп баратканда барымтага алынган. Москва кемелер орусиялык суу аймагына эскертүүсүз кирип барышканын, артка кайтуу буйругун укпай койгонун билдирген. Киев болсо кысыктан өтүү үчүн Орусиянын уруксатын алуунун зарылдыгы жок деп эсептейт. Читать дальше...
Казакстандык модел, Жаштар парламентинин депутаты көкүрөгү көрүнгөн тор көйнөк кийип, мода көрсөткөндөн кийин зомбулукка кабылды. Мексика бийлиги оппозициячыл губернатор айым менен анын күйөөсү-сенатордун өмүрүн алган авиакырсыктын себептерин иликтөөнү баштады.
Казакстандык модел, Жаштар парламентинин депутаты Динагүл Тасова көкүрөгү көрүнгөн тор көйнөк кийип, мода көрсөткөндөн кийин зомбулукка кабылганын айтып чыкты. "Инстаграмдагы" баракчасына Тасова көрсөтмөдөн кийин социалдык тармактарда аны айыптаган, сындаган билдирүүлөр абдан көп жазылганын, мындан улам жигити аны көгала кылып токмоктоп, телефону менен компьютерин тартып алганын жазды. Казакстандык дизайнер Дана Дуйсенбаеванын көрсөтмөсү 30-ноябрда Astana Fashion Night мода жумалыгынын алкагында өткөн. Читать дальше...
Экс-президент Роза Отунбаева президентке “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди абактан чыгаруу өтүнүчүн жолдоду. Бул коомчулукта кайчы пикирлерди жаратты.
2018-жылы Рахман Разыков, Болсунбек Стакеев, Каныбек Разыков, Борончу Кудайбергенов, Канат Шанаев, Таласбек Кашкариев баштаган куудулдар тобу да коррупция, мамлекеттик карыз, чек ара, мигранттар, жер сатуу жана башка саясий темалар жөнүндө сатираларды сунуш кылды.
Куудул Санжар Бердибековдун жаңы өкмөттүн ротациялык саясаты, мааракелер жана аймактарды өнүктүрүү маселелери боюнча интермедиясы. Мында ага Жамбыл Камчиев жана Тынар Курбаналиев көмөктөшкөн.
Куудулдар Рахман Разыков менен Тынар Курбаналиев баштаган топтун саясатчы Өмүрбек Текебаевдин сотуна байланыштуу интермедиясы.
Тынар Курбаналиев менен Абдылда Иманкуловдун 2018-жылдагы саясий интермедияларынын топтому.
2018-жылдын ичинде президент Сооронбай Жээнбековго 600 бала ар кандай өтүнүч менен кат аркылуу кайрылган. 26-декабрда өлкөнүн ар кайсы аймагынан окууда жана коомдук иштерде мыктылыгын көрсөтө алган 1100 окуучу, Балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары Улуттук филармонияда өткөн президенттик балаты майрамына катышты. Алардын айрымдары өлкөнүн алыскы айылдарынан келип, борбор калааны биринчи жолу көрүштү.
Куудулдар Тынар Курбаналиев, Абдылда Иманкулов жаан Рысбек Жантөрөевдин жол инспекторуна байланыштуу интермедиясы.
Кыргыз милициясы кылмышка шектүү адамдарды суракка алуунун жаңы ыкмасына өтө баштады. Бүгүн Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө алгачкы ачык тергөө бөлмөсүнүн ачылышы болду. Иш-чарага өкмөт өкүлдөрү жана укук коргоочулар катышты. “Борбор Азиядагы эл аралык түрмө реформасы” уюмунун жардамы менен ишке ашырылып жаткан долбоорго ылайык, мындай бөлмөлөрдүн дубалдары айнектен жасалат, ичинин баары көрүнүп турат жана заманбап аудио, видеокөзөмөл аппараттары менен жабдылган.
Тажикстандын вице-премьер министри Азим Иброхим "ажылык жарышка айланып баратат" деп баа берди. Ал ажыга баруудан мурда элди элетти өнүктүрүүгө же башка кайрымдуулук иштерин жасоого үндөдү. Дин комитети муну колдоп жатат.
Жыл тогошоор алдында биздин жамаатты, башкы редактор катары жеке өзүмдү түйшөлткөн ой-санаалар, алдыдагы пландар тууралуу азыноолак сиздер менен бөлүшкүм келди.
27-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Баткен облусунда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондоруна туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл облусунда 15-20 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3, Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3, Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз -2…+3... Читать дальше...
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргызча берүүлөрү 65 жыл мурда обого чыга баштаган. Кыргыз тилиндеги алгачкы уктурууну 1953-жылы 18-мартта Мюнхендеги студияда белгилүү кыргыз журналисти Азамат Алтай даярдап, обого алып чыккан. Учурда радиоберүүлөрдөн тышкары www.azattyk.org, www.rus.azattyk.org сайттары, “Ыңгайсыз суроолор”, “Азаттык+”, “Каректе Евразия”, “Данисте”, “Биз жана дүйнө”, “Эже-сиңдилер” өңдүү теледолбоорлор угармандардын, окурмандардын жана көрөрмандардын кеңири катмарына белгилүү.
Кадамжай районуна караштуу Ноогардан айылындагы мектепти 20 жыл мурда бүтүргөндөр окуу жайга 12 метрлик балаты белек кылышты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Ноогардан орто мектебинин мугалими Бермет Сатыбалдиева кабарлады. Анын айтымында, балаты атайын Орусиядан алып келинген. Аны бүтүрүүчүлөр жасалгалап, мектептин алдына орнотуп беришти. - Балатынын узундугу 12 метр. Аны 1982-жылы туулган балдар, быйыл мектепти бүткөнүнө 20 жыл болгон бүтүрүүчүлөр Орусиядан алып келишти. Мектепти аяктаганына 10... Читать дальше...
25-декабрда АКШнын түштүгүндө дагы бир гватемалалык сегиз жаштагы бала көз жумганы белгилүү болду. Баланы жана анын атасын америкалык күзөтчүлөр чек арадан мыйзамсыз өтүп жатканда кармашкан. Андан соң Бажы жана чек ара көзөмөл кызматы баланы Аламогордо шаарындагы ооруканага алып барышкан. Дарыгерлер ага "тумоолоп калган" деп диагноз коюп, дары берип, мыйзамсыз мигранттарды кармаган жайга кайтарышкан. Абалы оңолбогон жеткинчек ооруканага жеткирилип, бир нече сааттан кийин чарчап калган. Азыр өлүмүнүн себептери иликтенип жатат. Читать дальше...
Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана "Эркечтам” өткөрмө бекеттери 29-декабрдан 2-январга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Жаңы жыл майрамдарына байланыштуу Кыргызстанда 1-январдан 7сине чейин эс алуу күндөрү деп жарыяланган. (КЕ)