Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Январь
2019

Новости за 21.01.2019

Azattyk.org 

Казакстан Сириядан өз жарандарын “эвакуациялоо" операциясын улантат

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматы кабарлагандай, бул тууралуу бүгүн Астанадан Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров билдирди. “Бул операция учурунда негизги көңүл бир жаштан беш жашка чейинки балдарга бурулду. Алардын көпчүлүгү Сириянын аймагында жарык дүйнөгө келген. Биз бул операциянын акыркы этабы эмес экенин чечкиндүү айта алабыз. Бул башталышы эле”, - деди Смадияров. Казак бийлиги буга чейин жарыялагандай, 6-январга караган түнкү “гуманитардык операция” учурунда Сириядан Казакстанга 47 киши... Читать дальше...

Azattyk.org 

Митингчилер милиция менен соттошот

Бишкекте митинг учурунда кармалып, Тартип бузуу жөнүндө жаңы кодекстин негизинде айыпка жыгылгандар сотко кайрылышты. Бул январдан баштап күчүнө кирген кодекстердеги тартип сакчыларынын укуктары менен милдеттерине байланышкан маселени козгоду.

Azattyk.org 

Цирктин талабы, министрдин жообу

Эки айга чукул убакыттан бери жетекчи дайындалбаганына нааразы болгон Кыргыз циркинин жамааты Ак үйдүн алдына чыгып, өздөрү сунуш кылган талапкерге көңүл буруу талабын өнөрлөрүн көрсөтүү менен билдиришти. Акцияга чыккандарды Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кабыл алып, директорлукка сунушталган үч талапкерлердин документтери каралып жатканын кабарлады. Мурдагы директор ишинен кеткенден кийин кызматкерлер цирктин артисти Аида Акматованы жетекчи кылып дайындоону сунушташкан.

Ca-irnews.com (kg) 

АКШ Ооганстандагы ИШИМ согушкерлерин колдойт

Иран армиясынын стратегиялык изилдөөлөр борборунун башчысы, бригадалык генерал Ахмад Реза Пурдастан АКШ Ооганстандагы ИШИМ террордук уюмунун миңдеген согушкерине колдоо көрсөтөт деп билдирди.

Azattyk.org 

Сатыбалдиев менен Артыкбаевге айыбы угузулду

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариядан кийин камакка алынган мурдагы жетекчилер Осмонбек Артыкбаев менен Жантөрө Сатыбалдиевге козголгон кылмыш иштери боюнча тергөө аяктады.

Azattyk.org 

“Манас” эпосундагы каармандардын атын ичкиликке коюуга тыюу салуу сунушталууда

“Манас” эпосундагы каармандардын атын алкоголдук ичимдиктерге коюуга тыюу салган мыйзам долбоору коомдун талкуусуна коюлду. "“Манас” эпосу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү депутат Тазабек Икрамов сунуш кылууда. Ага ылайык, «Манас» терминин жана «Манас» эпосунун оң каармандары болгон баатырларды, Манас, Бакай, Семетей, Каныкей, Сейтек аттарын алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки өндүрүмүнө пайдаланууга тыюу салынат. - Азыркы учурда биздин ыйык баалуулуктарыбызга мамиле кылууда республиканын тарбия берүү түзүмдөрүндө иш жүргүзүү... Читать дальше...

Azattyk.org 

Куралган электроавто. Эл топтогон футбол

Жалал-Абадда электромобил жасагандар мамлекеттен колдоо таба алабы? Кыргызстан жеңеби же Бириккен Араб Эмирлигинен кетеби? Таң атпай таштанды шыпырган адамдын мээнетин шаарды булгаган адам түшүнөбү? Нарындык жаш лыжачылар дүйнөлүк мелдештерге жетеби? “Данистенин” жаңы топтомунан көрүңүз.

Azattyk.org 

Орусиянын Магнитогорск шаарында теракт тууралуу эскертүү иликтенүүдө

Жергиликтүү медиа кабарлагандай, Орусиянын бул шаарындагы бир катар уюмдар, анын ичинде ооруканалар, мектептер, соода борборлору болжолдуу теракт тууралуу эскертүүнү анонимдүү булактан электрондук кат аркылуу алышкан.  Шаар бийлиги тургундарды чагымга алдырып дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.  “Магнитогорскидеги мекеме-уюмдарга коюлган бомба тууралуу маалымат текшерилип жатат”, деп билдирди Федералдык коопсуздук кызматынын басма сөз борбору. Магнитогорскидеги коопсуздук чаралары 31-декабрдан тартып күчөтүлгөн болчу. Читать дальше...

Azattyk.org 

Майыптар конвенциясын ишке ашырууда 75тей мыйзам өзгөрөт

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Майыптар конвенциясын ратификация кылгандан кийин 75тей мыйзам, кодекс жана өкмөт токтомдору өзгөртүлөт. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров “Азаттыктагы” маегинде билдирди.  - Жер-жерлерди кыдырганда дээрлик бардык аймактарда майып балдардын ата-энелери билим алууга шарт түзүлбөгөнүн айтып, күндүзгү реабилитациялык борборлорду курууну өтүнүштү. Ошондуктан конвенциянын алкагында биринчи иш-чаралардан кылып ушул маселени өкмөткө киргизебиз, - деди ал. Читать дальше...

Azattyk.org 

Сурамжылоо: Кыргызстан-БАЭ оюнунда ким утат?

Бүгүн, 21-январда футбол боюнча Азия кубогунда беттештердин алкагында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын футболчулары күч сынашат. "Азаттык" Кыргызстандын тургундарынын бул оюн тууралуу пикирлерине кызыгып көрдү.

Azattyk.org 

Ооганстанда “Талибандын” жаңы чабуулдарынан 20 киши мерт болду

Ооганстандын чыгышында, Вардак провинциясында талибдердин аскердик базага койгон чабуулунан кеминде 12 кишинин өмүрү кыйылган. Жергиликтүү бийликтин бул маалыматын «Талибан» да ырастап, чабуул үчүн жоопкерчилик алды. Полиция кызматкерлерин даярдоочу борбор да жайгашкан аскердик базанын жанында алгач жанкечти автоунааны жардырган. Андан соң борборго бир нече согушкер чабуул койгон. Вардак провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Абдурахман Мангалдын билдиргенине караганда, үч жанкечти бомбасын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Мамэкотехинспекциянын өкүлү жол кырсыгында каза болду

Кыргыз өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын (Мамэкотехинспекция) Ысык-Көл облусундагы район аралык башкармалыгынын башчысы Мирлан Абдрахманов жол кырсыгынан каза болду. Облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов “Азаттыкка” билдиргендей, жол кырсыгы 20-январда саат 20:15 чамасында Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда болгон. Анда маркум Мирлан Абдрахманов “Тойота Лэндкрузер 470” автоунаасы менен баратканда рулга ээ боло албай, машинеси ала салып кеткен. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кочкоров: майып балдарын баккан ата-энелер пенсияга да чыга алат

Майып балдарын бакканы үчүн 4900 сомдук айлык маяна ала турган ата-энелердин саны 6 миңдей. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров “Азаттык” радиосундагы маегинде билдирди. Министрдин айтымында, акча документтерин тапшырган ата-энелерге 1-февралдан тартып төлөнүп берилет. Ал үчүн майыптыкты аныктоочу комиссиянын “бала ата-энесиинин кароосуна муктаж” деген корутундусу, баланы караган кишинин паспорту керек. - Азыр 29 900 майып бала болсо, алардын 6 миңи "башка бирөөнүн... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Германияда жүрөт

Шавкат Мирзиёев Германияга кечээ кечинде келди. Берлинде анын немис канцлери Ангела Меркел, өлкө президенти Франком-Вальтером Штайнмайер, Бундестагдын төрагасы Вольфганг Шойбле менен сүйлөшүүлөрү белгиленген. Мирзиёевдин Германиядагы сапарын утурлай 14-январда Берлинде немис-өзбек бизнес форуму уюштурулган. Өзбек тараптын эсебинде 2018-жылдын тогуз айында эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 526 миллион долларды түзгөн.  Бул сүйлөшүүлөрдүн алдында “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык... Читать дальше...

Azattyk.org 

БУУнун Малидеги аскерлерине каршы чабуулду “Аль-Каиданын” өнөктөшү моюнга алды

20-январдагы кол салуудан БУУнун он аскери өлүп, жыйырма беши жарадар болгон.  Коңшу Чад өлкөсүнөн келген аскерлерге коюлган бул чабуул үчүн бүгүн “Аль-Каидага” байланышы бар “Нусрат ал-Ислам” тобу жоопкерчилик алып, өз аракетин Чаддын президенти Идрис Деби Израил менен дипломатиялык алаканы калыбына келтиргени менен түшүндүрдү. БУУнун маалыматына караганда, анын аскерлери да чабуулга “чечиндүү” жооп кайтарып, кол салгандардын бир нечесин жок кылган. Бирок конкреттүү цифра айтылган жок.  Батыш... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкек: Свердлов районуна жаңы аким дайындалды

Мурат Осмонов Бишкектин Свердлов районунун акими болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка баш калаанын башчысы Азиз Суракматов бүгүн, 21-январда кол койду. Бул тууралуу мэрия кабарлады. Осмонов буга чейин Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы болгон. Кесиби боюнча физик-инженер, юриспруденция боюнча да билими бар. Буга чейин райондун мурдагы акими Самарбек Болотбеков кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын жарыялап, анын себебин айткан эмес. (КЕ)

Azattyk.org 

Азия кубогу: Кыргызстандын атаандашы ким?

Кыргызстандын курама командасы – «ак шумкарлар» өз тарыхында Азия кубогунда биринчи жолу ойноп жатканына карабастан, плей-оффко чыгып, 16 команданын катарына кошулду.

Azattyk.org 

Сузакта окуу комплексинин жоюлушуна каршы митинг болду

Сузак районунун Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы окуу комплексинин жоюлушуна каршы болгон 20дан ашык айыл тургуну бүгүн мектептин алдына нааразылык акциясына чыгышты. Чогулгандар колдоруна “Аким элге каршы, кетсин!”, “Комплекстин жоюлушуна каршыбыз” деген жазуусу бар плакаттарды кармап турушат. Алар комплекстин жоюлушуна Сузак районунун акими Эрмек Омошев кызыкчылыгы бар экенин айтып, анын кызматтан кетишин талап кылышты. Чогулгандар менен эч ким жолуккан жок. Райондун акими Эрмек Омошев митинг тууралуу кабары жок экенин айтып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Милиция кызматкери айдап бараткан унаа кырсыкка учурап, бир киши каза болду

20-январдан 21ине караган түнү Бишкектин Анкара көчөсүндө “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү автомашина менен “Тайота Авенсиз” автоунаасы кагылышып, экинчи машинедеги жүргүнчү аял каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, эки машиненин айдоочусу оор акыбалда ооруканага жеткирилген. Тергөөдө “Мерседес Бенцтин” айдоочусу милиция кызматкери экени белгилүү болду. Учурда кырсыктын себептери аныкталып жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Мааданкул карыянын карапайым өмүрү

Мааданкул аксакал 94 жашта. Тоңдун Ак-Сай айылында жашайт. Аксакалдын өмүр жолу көпчүлүк элеттиктерден айырмаланбайт. Бирок ар бир кишинин турмуш жолу өзүнчө жомок сыяктуу эле. Мааданкул Сулайманов карыя да өзүнө таандык кайталангыс жолду баскан.




Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *