Мы в Telegram
Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Январь
2018

Новости за 14.01.2018

Azattyk.org 

Lactalis бактериядан кооптонуп балдар продукциясын сатыктан алды

Франциялык Lactalis компаниясы чыгарган балдар үчүн продукцияда сальмонелланын бактериясы табылгандан кийин кургак сүттүн 12 миллиондон ашуун кутусу 83 өлкөдө сатыктан алынды. Бактерия былтыр жыл этегинде Франциядагы заводдордун биринде аныкталган. Бир нече ата-эне балдары өздөрүн жаман сезгенден кийин компанияга каршы арыз беришти. Lactalis – дүйнөдөгү эң ири өндүрүүчүлөрдүн бири, сооданын көлөмү жылына 17 миллиард еврону түзөт. Сальмонелла өзгөчө ымыркайлар үчүн кооптуу болушу мүмкүн. Компаниянын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бир аптадан бери өрттөнүп жаткан ирандык танкер чөгүп кетти

Чыгыш Кытай деңизинде өрттөнгөн ирандык мунай танкери чөгүп кеткени кабарланды. Өрт танкер 6-январда жүк ташыган кеме менен сүзүшүп кеткенде тутанган. Куткаруу иштерине тартылган ирандык топтун расмий өкүлү “экипаж мүчөлөрүн аман табуу үмүтү үзүлгөнүн” танкер чөгөөрдүн алдында билдирди. Экипаждагы 32 кишинин отузу Ирандын, экөө Бангладештин жарандары болчу. Үч кишинин сөөгү буга чейин табылганы маалымдалган. Танкер 1 миллион баррелден ашуун мунайды Түштүк Кореяга ташып бараткан.

Azattyk.org 

Иранда өкмөткө каршы акциялардын 400дөй катышуучусу камакта

Ирандын сот системасынын өкүлдөрү декабрдын соңунда башталган өкмөткө каршы демонстрацияларга катышканы үчүн 400 киши камакта экенин билдирди. Сот бийлигинин расмий өкүлү Голамхосейн Эхеи 14-январда маалымдагандай, алдыңкы күнү бир нече киши бошотулду, кармалгандардын 55и Тегеранда. Өткөн жумада реформачыл депутат Махмуд Садеги, өлкө аймагы боюнча 3 700дөй киши кармалганын айткан. Өкмөткө каршы акцияларга чыккандар экономикалык абалга жана коррупцияга нааразылыгын билдиришкен. Айрым жерлерде режимди кулатуу чакырыктары да айтылып келди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Тунисте кайрадан нааразылык акциялары күтүлүүдө

"Араб жазынын" башталышынын жылдыгы жакындаган чакта Тунисте саясий партиялар менен жумушчулардын кошуундары элди кайрадан көчөлөргө чыгууга үндөдү. 2011-жылы өлкөнү 23 жыл башкарган президент Зине Эл Абидин Бен Алиге каршы көтөрүлүштөн кийинки демократиялык процесс салыштырмалуу жумшак өткөн. Бирок жети жылдан кийин өкмөт көрүп жаткан экономикалык катаң чаралар, баалардын өсүшү кайрадан элдин толкундоосуна алып келди. Өткөн аптада өлкөнүн шаар-кыштактарында бир нече ирет нааразылык акциялары болду.

Azattyk.org 

Роухани: Трамп өзөктүк келишимди буза алган жок

Ирандын президенти Хасан Роухани АКШ мамлекет башчысы Доналд Трамп жана анын өкмөтү расмий Тегеран менен түзүлгөн эл аралык өзөктүк келишимди “үзгүлтүккө учурата алган жок” деди. 14-январда Роухани кеп болгон эл аралык келишимди Ирандын “узак мөөнөттүү жеңиши” деп баалады. 12-январда Трамп эгерде бул документке кол койгон европалык өлкөлөр андагы “олуттуу кемчиликтерди” оңдобосо, анда расмий Вашингтон макулдашуудан чыгаарын эскерткен. Тегеран эртеси келишимге өзгөртүү киргизүүгө каршылыгын билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Роухани: Трамп ядролук келишимди буза алган жок

Ирандын президенти Хасан Роухани АКШ мамлекет башчысы Доналд Трамп жана анын администрациясы Тегеран менен түзүлгөн эл аралык ядролук келишимди “үзгүлтүккө учурата алган жок” деди. 14-январда Роухани кеп болгон келишимди Ирандын “узак мөөнөттүү жеңиши” деп баалады. 12-январда Трамп документке кол койгон европалык өлкөлөр андагы “олуттуу кемчиликтерди” оңдомоюн, Вашингтон макулдашуудан чыгаарын эскерткен. Тегеран эртеси келишимге өзгөртүү киргизүүгө каршылыгын билдирди. Ошол эле күнү Франциянын президенти... Читать дальше...

Azattyk.org 

Гавайидеги жалган тревогага адам фактору себепкер

Гавайи штатынын бийлиги аралга учуп келе жаткан ракета тууралуу жалган маалымат Чукул кырдаалдар башкармалыгынын кызматкеринин күнөөсү менен жиберилгенин маалымдашты. Ал нөөмөт алмашуу учурунда туура эмес кнопканы басып алган. 13-январда аралдын жашоочуларынын кол телефондоруна "баллистикалык ракета жакындап келе жатканы" тууралуу билдирүү 38 мүнөт бою келип турган. Коркуп кеткен адамдардын айрымдары үйлөрүндө жуунчу бөлмөлөргө, агынды суулардын түтүктөрүнө жана башка коопсуз деп эсептешкен жерлерге жашынышкан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент Жээнбеков Тажикстанга барат

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Тажикстанга күтүлүп жаткан сапары тууралуу тажик президенти Эмомали Рахмондун эки өлкөнүн дипломаттык катышынын 25 жылдыгына карата жиберген куттуктоосунда айтылган. Анда Эмомали Рахмон Кыргызстан менен Тажикстандын достук жана кошуналык ынтымагынын тарыхы көптөгөн кылымдарга созуларын бекемдеген. Мындан тышкары Сооронбай Жээнбековдун Тажикстанга күтүлүп жаткан расмий сапары эки өлкөнүн көп тараптуу кызматташтыгына жаңы күч берип, дагы жогорку деңгээлге көтөрүүсүнө ишеничин билдирген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: кар жаайт

15-январда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаап, айрым жерлерде кар калың жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5 градус, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25, күндүз -10…-15 градус суук болот.  Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5 градус жылуу болот. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жапон премьер-министри Балтика өлкөлөрүн Түндүк Кореяга таасир этүүгө чакырды

Жапон премьер-министри Синдзо Абэ Балтика өлкөлөрүн Түндүк Кореяга өзөктүк долбоорунан баш тарттыруу үчүн басым кылууга чакырды. Балтика өлкөлөрүнө жасаган иш сапары учурунда Жапон премьер-министри эл аралык коомчулук Эстония, Латвия жана Литва менен бирдикте бул багытта тыгыз кызматташуусу зарыл экендигин билдирди.    Абэ мырза 13-январда Литванын борбору Вильнюста сүйлөгөн сөзүндө Кышкы олимпиада оюндары жакындап калганына карабай, Түндүк Кореянын өзөктүк программаларын ооздуктоо үчүн "басымды күчөтүү" зарылдыгын айтты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Израилде Газа тилкесинен чыккан тоннел жок кылынды

14-январда израилдик аскерлер Газадан Израилге жана Египетке өткөн тоннел жок кылынганын билдиришти. Маалыматка ылайык, жер алдындагы жолду ХАМАС тобунун согушкерлери казган. Газалыктар ишемби күнү кечинде израилдин учактары Египет менен Израилдин чек арасындагы Рафах шаарынын чыгыш тарабын бомбалашканын айтышты. Бул маалыматты израил аскерлери да ырастаганы менен, жекшембиге чейин толук маалымат берген эмес. "Биз бул тоннел террордук максат менен казылганын билебиз, анткени ал стратегиялык обьекттер... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкек-Ош жолунда кырсыктаган секелектин абалы оор

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, кырсыкта жабыркагандардын ичинен жети жаштагы кыздын абалы оор. Анын башы жарылган, учурда эсине келе албай жатат. 19 жаштагы жигиттин мээси чайкалып, буту сынган. Абалы орто туруктуу деп бааланууда. Ал эми 55 жаштагы эркектин жамбашы кокустаган.  13-январда түш ченде Чычкан капчыгайында күйүүчү май ташыган унаа менен жеңил автомашина кагышкан. Натыйжада жеңил автоунаадагы төрт жүргүнчү ошол жерден жан берген. Ал эми жаракат алган үч киши Токтогул райондук ооруканага жеткирилген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Чеченстанда депутаттар дүйнөнү Трамптан сактап калууга чакырышты

Чечен парламентинин депутаттары АКШ президенти Дональд Трамп дүйнөгө коркунуч алып келет деп эсептээрин спикер Магомед Даудов Myilistori социалдык тармагына жазды. Анын сөзү боюнча, депутаттар БУУ жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмдары баштаган дүйнөлүк коомчулуктан Трамптын ишмердигине тоскоол болууну өтүнүшкөн. "Дональд Трампты токтоткула! Бул шоумен мындан ары да АКШнын башында турса, бүткүл дүйнө жүзү согуш желесине илиниши ыктымал" деп жазышкан.  Даудов президент Трампты Гуантанамо түрмөсүнө камаш керек деп билдирген.

Azattyk.org 

Базар-Коргон: үңкүрдө жашаган үй-бүлө көчпөй жатат

Базар-Коргон менен Арстанбап унаа жолунун боюндагы үңкүрдө жашаган үй-бүлө башка жакка көчпөй жатат. Табыпчылык кылган Мамарасуловдун үй-бүлөсүнүн ал жерде турганына 18 жылдан ашты. Жер көчкү коркунучу күчтүү жерде жашаган үй-бүлөнү жергиликтүү бийлик көчүрө албай убара.

Azattyk.org 

Чехияда президенттик шайлоонун 2-айлампасы болот

Чехияда президенттик шайлоонун 1-айлампасы аяктап, анда эки талапкер: азыркы президент Милош Земан жана окумуштуу-физик Иржи Драгош экинчи айлампага чыгышты.  Эки күндүк добуш берүүгө шайлоочулардын 60% ашууну катышты. Добуштардын 99% саналгандан кийин мигранттарга каршы көз карашы менен белгилүү, орусиячыл Милош Земанга берилген добуштар 39% жетпеси аныкталды. Ал эми европачыл либерал деп эсептелген Иржи Драгош 27% добушка ээ болгон. Үчүнчү орунда мурдагы дипломат Павел Фишер 10% добуш алган.... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ысырапкордун руху жарды

«Аш көп болсо каада көп» дегендей, элибиздин жашоо деңгээли жогорулаган сайын аш-тойлор улам катуу дуулдап, чыгымы эселенип, эзели эч кимдин оюна келбеген, түшүнө кирбеген «жөрөлгөлөр» менен коштолууда. Материалдык абалыбыз кудайга шүгүр дегидей эле болуп калды. Бирок рухий өксүгүбүздү жалтырак-жултурак, дүңгүрөк менен жашырып өзүбүздү алдай берсек, ысырапкорчулуктун айынан береке качпайт деп ким айта алат?..

Azattyk.org 

Кыргызстандын шахмат боюнча чемпионаты аяктады

5-12-январь күндөрү Бишкектеги эл аралык "Ала-Тоо" университетинде балдар жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында Кыргызстандын шахмат боюнча чемпионаты өттү. Анда 14 топтом медал алты жаштан 18 жашка чейинки жети жаш курак боюнча балдар жана кыздар арасында ойнотулду. Байге үчүн Кыргызстандын аймактарынан 530 оюнчу катышты. Мелдештердин жыйынтыгында Асад Аманов, Анандэмей Даулет, Чыңгыз Султай, Айжан Съездбекоаа, Алихан Алишеров, Нуржамал Пазылбекова, Эржан Жакшылыков, Арина Асанова, Азиз Дегенбаев... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Бир эле тартып көрөйүн" деп чылымга азгырылбаңыз!

Түрткөн сайын сага жабышчу массасы негативдүү объект. Айдоочу менен сүйлөшчү автосистема. Айда жана Марста турак-жай курчу робот даяр. "Бир жолу чылым тартып көрсөм эч нерсе болбойт" дебеңиз. Илим дүйнөсүнүн жаңылыктарынан.

Azattyk.org 

Миллиондук доолор: президенттин кадыры адам өмүрүнөн кымбат

Бишкектеги жыйында бир катар укук коргоочулар жана саясатчылар Кыргызстандагы сөз эркиндиги “ыйлай турган абалга жеткенин” айтып чыгышты. Алар буга былтыр журналисттерге коюлган миллиондук доолорду мисал тартып, бул көрүнүш келерки жылдары уланат деп эскертишти. Бирок мындай пикирге кошулбагандар да бар.

Azattyk.org 

Кыргызстанда адам сатууга каршы өнөктүк ишин жыйынтыктады

Кыргыз өкмөтү БУУнун Кылмыштуулукка жана маңзатка каршы күрөшүү башкармалыгы менен чогуу жүргүзгөн иш-чарасынын натыйжасында он миңден ашуун кишиге адам сатуу боюнча маалымат берилди. Өнөктүк өлкөнүн жети облусунда жана Бишкек, Ош шаарларында жүрдү.  "Адам сатууга каршы 100 күндүк" деп аталган өнөктүк 2017-жылы 31-июлда башталган. Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчи орун басары Алмаз Асанбаев Кыргызстан үчүн мындай иш-чаралар зарыл деп белгилеп, жарандарга адам сатуунун коркунучу жана кесепети... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ "ВКонтакте" тармагын "пираттык тизмеге" киргизди

АКШнын соода өкүлчүлүк мекемеси "пираттык контент" таратып жатат делген дүйнөлүк ири интернет-ресурстардын тизмесин жарыялады. Анын ичинде орусиялык "ВКонтакте" социалдык тармагы да бар. Мекеменин өкүлү Роберта Лайтхайзердин белгилөөсү боюнча, "ВКонтакте" сайты ай сайын миңдеген пираттык файлдарды жайгаштырат. Бул тууралуу "Голос Америки" радиосу кабарлады.  2016-жылы "ВКонтакте" белгилүү үн жаздыруучу компаниялар менен келишим түзүп, музыка угуунун тартибин өзгөртүп, музыкалык фонду күнүнө жарым саат гана коюуга уруксат берген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Гавайиде жалган эскертүү жашоочулардын үшүн алды

13-январда АКШнын Гавайи штатынын тургундарынын телефондоруна "аралга баллистикалык ракета жакындап келе жатканы" тууралуу жалган кабар жиберилген. Ракеталык чабуул тууралуу билдирүү кол телефондорго 38 мүнөт бою келип турган. Өзгөчө кырдаалдар кызматтары бул маалымат жалган экенин кабарлашты. Штаттын губернатору CNN телеканалына билдиргени боюнча, маалымат нөөмөт алмашуу учурунда туура эмес кнопканы басып алуунун натыйжасында болгон. Учурда адистер маалыматтын туура эмес кетип калуу себебин аныкташууда. Читать дальше...

Azattyk.org 

Интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча келишим түзүлдү

Кыргызстандагы интеллектуалдык менчикти коргоо жаатында иш алып барган "Тынчтыктын мониторингдөө сервиси" компаниясы Коомдук 1-канал менен узак мөөнөттүү келишим түзүп, аталган каналга тиешелүү телерадиоканалдардагы музыкалык чыгармалардын статистикасын даярдоо жана мониторинг жүргүзүү милдетин алды. Бул тууралуу "ТМС" компаниясынын негиздөөчүсү Тынчтыкбек Кожобеков маалымдады. Анын айтуусунда ТМС КТРКнын "Кыргызпатент" мекемесине берүүчү отчет-баяндамаларын даярдайт: - Биздин автоматташтырылган... Читать дальше...


Африка получила русскую нефть из Арктики: Москва поставила Гане 1 млн баррелей

Источник 360.ru: птенцов придавило тренажером во дворе дома в Москве

В ГД заявили о тяжелой болезни ушедшего из жизни Чилингарова

Топ-клуб РПЛ из Москвы заинтересован в трансфере Зайнутдинова



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Цього дня Україна втратила ядерний статус. Як Росія застосовує літаки й ракети, які були українськими

Источник 360.ru: птенцов придавило тренажером во дворе дома в Москве

Geely представляет новую версию Geely Atlas

CNSA: Посадочный модуль китайского зонда успешно сел на обратной стороне Луны

Музыкальные новости

«Восход», Тинькофф Банк и Альфа объявили о совместном pre-IPO фонде в секторе tech на 4 млрд рублей

В Подмосковье сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в краже товаров из магазина

Певица Пелагея разделила имущество с бывшим мужем

Книжные новинки, лаборатория текста и иллюстраций — ждут гостей Московского детского фестиваля искусств «НЕБО»

Новости России

Врач назвал напитки, которые нельзя пить в жару

Африка получила русскую нефть из Арктики: Москва поставила Гане 1 млн баррелей

Жителей Забайкалья приглашают принять участие в акции «Из поколения в поколение. Семейные реликвии»

Топ-клуб РПЛ из Москвы заинтересован в трансфере Зайнутдинова

Экология в России и мире

«585*ЗОЛОТОЙ» выступила партнером медиафестиваля творческой молодежи YOUPITER

«Заставлял Костомарова мыть свою машину, чтоб потом он на ней покатался по парковке!» Илья Авербух рассказал о дружбе с Романом Костомаровым в шоу «Вкусно с Анфисой Чеховой» на ТВ-3

Коллекция купальников Love Republic

Всеармянский союз «Гардман-Ширван-Нахиджеван» осуждает лживое заявление президента Азербайджана Алиева

Спорт в России и мире

Азаренко не смогла выйти в 1/16 финала открытого чемпионата Франции по теннису

Вице-президент ФТР Селиваненко: у Рублева не пошла игра с Арнальди

Прямая трансляция матча Рыбакиной с победительницей четырех "Больших шлемов"

Российская теннисистка Самсонова вышла в 3-й круг Открытого чемпионата Франции

Moscow.media

Eurasianet: Азербайджан публично и цинично уничтожает армянское культурное и историческое наследие в Нагорном Карабахе

Выгодно ли покупать квартиру в новостройке?

Терминал сбора данных (ТСД) промышленного класса SAOTRON RT42G

Книжные новинки, лаборатория текста и иллюстраций — ждут гостей Московского детского фестиваля искусств «НЕБО»







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *