Мы в Telegram
Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Январь
2018

Новости за 28.01.2018

Azattyk.org 

Орусия: "шайлоочулардын көтөрүлүшү"

Жекшембиде Орусиянын ондогон шаарында президенттик шайлоону бойкоттоого чакырган каршылык акциялары өттү. Анда баш-аягы 250дөн ашык демонстрант кармалды. Полиция кармап кеткендердин арасында бул жүрүштүн уюштуруучусу, оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный да бар.

Azattyk.org 

Орусиядагы "шайлоочулардын көтөрүлүшү"

Жекшембиде Орусиянын ондогон шаарында президенттик шайлоону бойкоттоого чакырган каршылык акциялары өттү. Анда баш-аягы 250дөн ашык демонстрант кармалды. Полиция кармап кеткендердин арасында бул жүрүштүн уюштуруучусу, оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный да бар.

Azattyk.org 

Теннис: Рожер Федерер 20-жолу "Чоң шлем" мелдешин утту

Рожер Федерер 20 жолу "Чоң шлем" мелдешин уткан алгачкы эркек теннисчи болуп калды. 36 жаштагы швейцариялык спортчу жекшембиде Австралиянын ачык чемпионатынын финалында хорватиялык Марин Чиличти 6-2, 6-7 (5-7), 6-3, 3-6, 6-1 эсебинде жеңип чыкты.  Мельбурн шаарында өткөн бул мелдеште аялдардын арасында даниялык Каролина Возняцки чемпион аталды. Ал ишембидеги финалда румыниялык Симона Халепти утуп алды.  Теннистин тарыхында үч аял теннисчи гана "Чоң шлем" мелдештерин кеминде 20 же андан көп жолу уткан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Эрдоган Түркиянын чегин "террорчулардан" тазалоого убада берди

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркия Сирия менен бүтүндөй чек арасын "террорчулардан" тазалайт деп убада берди. Ал мындай сөзүн 28-январда өзүнүн "Адилет жана өнүгүү" партиясынын Амасия шаарындагы жыйынында айтты.  Эрдоган чек ара согушкерлерден толук тазалагандан кийин учурда Түркияда жүргөн сириялык качкындар өз мекенине кайтса болоорун кошумчалады.  Түрк армиясынын Сириянын түндүк-батышындагы Африн аймагында жүргүзүп жаткан аскердик операциясы экинчи жумага аяк басты. Эрдогандын жекшембидеги... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия: кармалган демонстранттардын саны 250дөн ашты

Орусиянын ондогон шаарларында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный уюштурган жүрүштөрдө кеминде 257 адам кармалды. Бул тууралуу жекшембидеги бүткүл орусиялык каршылык акциясына байкоо салган "ОВД-Инфо" медиа-долбоору кабарлады. Алардын маалыматына ылайык, Чебоксары шаарында 50, Уфада 45, Кемероводо 31, Москвада 16 киши кармалган. Мындан тышкары кармоолор Санкт-Петербург, Нижний Новгород, Новосибирск, Томск сыяктуу ондогон шаарларда да катталган.  Орусиянын баш калаасында полиция кармап кеткен... Читать дальше...

Azattyk.org 

Калың кардан улам Тегерандын аэропорттору убактылуу жабылды

Ирандын баш калаасы Тегеранда калың түшкөн кардан улам аэропорттор, мектептер убактылуу жабылды. Эл аралык "Имам Хомейни" жана Мехрабад аэропортторундагы каттамдар убактылуу токтотулганын Ирандын мамлекеттик телеканалдары 28-январда кабарлашты.  Мектептердеги окуу Тегеранда гана эмес, өлкөнүн бир катар аймактарында да үзгүлтүккө учурады. Баш калаанын чет жакасындагы жолдордо жүздөгөн автоунаалардын тыгыны пайда болду. Айрым жүргүнчүлөр тогуз сааттан бери тыгында турушканын социалдык тармактарга жазышты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Москва: акцияда кармалгандардын арасында Навальный да бар

Орусиянын бир катар аймактарында президенттик шайлоону бойкоттоого чакырган жүрүштөрдүн ондогон катышуучулары кармалды. Алардын арасында каршылык акциясынын уюштуруучусу, оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный да бар. Ал Москванын борбордук бөлүгүндө миңден ашуун адам катышкан бүгүнкү жүрүш маалында кармалганын Твиттердеги барагына жазды.  Жекшембиде нааразылык акциясына чыккандар "Шайлоону бойкоттогула", "Путинсиз Орусия" деп кыйкырып жатышты.  26-январда Орусиянын Ички иштер министрлиги шайлоонун... Читать дальше...

Azattyk.org 

Мэрия үшүгөндөр үчүн чатыр тикти

Бишкек шаарында ызгаардуу суукта муктаж адамдарга чай, ысык тамак берип, жылуу жайга жайгаштыруу боюнча пункттар жана көчмө чатырлар иштеп жатат.

Azattyk.org 

Суукка байланыштуу бала бакчалар убактылуу жабылды

Катуу суукка байланыштуу Бишкектеги бала бакчалар убактылуу иштебейт. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Бишкек шаардык билим берүү департаментинин чечимине ылайык, мамлекеттик бала бакчалар 29-30-январь күндөрү иштебейт. Жеке менчик бала бакчалар тууралуу маалымат айтылган эмес.  Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги "аба ырайы кескин суук болот" деген эскертүүлөргө байланыштуу Кыргызстандагы бардык мектептерде окуу 26-январдан 30-январга чейин убактылуу токтотулганын билдирген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кабулдагы жарылуудан каза болгондордун саны 103кө жетти

Кабулдагы жанкечти чабуулунан кийин Ашраф Гани 28-январды улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады. Өлкөдө жана Ооганстандын башка мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө туу түшүрүлүп, айрым иш-чаралар жылдырылды. Ооганстандын ички иштер министри Ваис Бармак жардырууда каза болгондордун саны 103кө жеткенин билдирди. Анын айтымында, 235 киши жараат алган. Алардын 30дан ашууну аскер кызматкерлери. Жанкечти Тез жардам унаасы менен бир нече көзөмөл пункттардан өтүп барып жарылган.  “Талибан”... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз-өзбек чек арасында атылган октон кыргызстандык жараат алды

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун тургуну Өзбекстандын чек арачыларынын огунан жараат алды. Ал 27-январда кыргыз-өзбек чек арасына  жакын жерде кой жайып жүрүп, Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акбаралиев кабарлады. - Жергиликтүү тургун тоого кой жайып чыккан экен. Кой өтүп кеткенде айдаганы барып, өзбекстандык чек арачылардын "токто" дегенине карабай качып баратканда ок атылган. Азыр анын акыбалы жакшы, учурда Чуст районундагы ооруканада жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкектеги турак үйдөн өрт чыкты

Бишкектин 3-кичи районундагы көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, тилсиз жоо тууралуу маалымат бүгүн саат 11:42де түшкөн. Өрт бир сааттын ичинде өчүрүлдү. Кырсыктан жабыркагандар жана каза тапкандар тууралуу маалымат жок. Учурда себептери такталууда.

Azattyk.org 

Бишкекте жылынуучу пункттар иштеп жатат

Бишкекте көмөккө муктаж шаардыктарды кабыл алуу, ысык чай, тамак менен камсыз кылуу жана жайгаштыруу пункттары иштеп жатат. Учурда борбордо жылынуучу он пункт ачылды. Мындан тышкары, Бишкек мэриясы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте кырк жылуу чатырларды орнотту.

Azattyk.org 

Трамп Кабулдагы жардыруудан кийин “катуу чараларды” көрүүнү талап кылды

АКШ президенти Дональд Трамп ондогон кишинин өмүрүн алган Кабулдагы жардыруудан кийин дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдү “Талибанга” каршы “чечкиндүү чараларды” көрүүгө чакырды. “Мен Кабулдагы бейкүнөө ондогон адамдардын өмүрүн алган, жүздөгөн кишини жарадар кылып, карасанатайлык менен жасалган чабуулду айыптайм. Бул теракт мындан ары биздин ооган өнөктөштөрүбүз менен иштөө нугун өзгөртөт. Эми бардык өлкөлөр талиптерге  жана террористтик уюмдарды колдогон тараптарга каршы чечкиндүү кадамдарды жасашы керек, - деди Трамп 27-январдагы билдирүүсүндө. Читать дальше...

Azattyk.org 

Мушташты сүйгөн жаштар көбөйдү

Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө белгилүү болгон UFCнын (таймаштын аралаш түрлөрү) көзүрлөрүнүн бири орусиялык мушкердин Кыргызстанга келип кетиши спорт чөйрөсүндө кызуу талашка жем таштады.

Azattyk.org 

Бишкекте ысык чай, тамак менен камсыз кылуу пункттары иштеп жатат

Бишкек шаарында ызаардуу суукта муктаж адамдарга чай, ысык тамак берип, жылуу жайга жайгаштыруу боюнча пункттар жана көчмө чатырлар иштеп жатат.  Шаар мэриясынан кабарлашкандай, 27-январдан 28ине караган түнү кабыл алуу жана жайгаштыруу пункттарына бир нече үй-бүлө жана жеке адамдар кайрылган. Алардын баары мейманканаларга, мектептерге жайгаштырылып, ысык тамак, жылуулук менен камсыз болушту. Мындан тышкары, Бишкек мэриясы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте ысык чай берген 40тай жылуу чатырларды орнотту. Читать дальше...

Azattyk.org 

Көк бөрү ойноп жатып сууга түшүп кеткен киши каза болду

27-январда кечки саат төрт чамасында Бишкек шаарынын четиндеги Ак-Бата жаңы конушунда 45 жаштагы С.Батыров аттуу жаран аты менен тоңуп турган сууга түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Куткаруучулар окуя болгон жерге барып, саат 17:20да суудан каза болгон адамды алып чыгып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришти. Маалыматка караганда, Окуя Бишкектин четиндеги көк бөрү оюну учурунда болгон. Сууга түшкөн ат чыгып кетип, ээси табылбай калган. Оюнчулар... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайынан улам Жалал-Абад-Бишкек авиакаттамы токтотулду

Аб -ырайынан улам бүгүн Жалал-Абад-Бишкек авиакаттамы токтотулуп, билеттер Ошко которулду. Ондогон жүргүнчүлөр уюштуруу иштери начар болуп жатканына нааразы болушту. Айрымдары моралдык чыгым талап кылууну жана Ошко чейин транспорт уюштуруп берүүнү талап кылышты. “Азаттыктын” кабарчысы Санжар Эралиевдин белгилешинче, билеттер Ошко которулганына байланыштуу такси баасы 250 сомдон дароо 400 сомго кымбаттады. Авиакаттамды аткарган “Тез жет” компаниясы каттам аба ырайына байланыштуу токтотулганын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жекшемби күнү Бишкек бейтапканалары кечке чейин иштейт

Сууктан улам Бишкектеги ооруканаларга кайрылгандар абдан көп болгондуктан, 28-январда Бишкектин үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору кечки саат алтыга чейин иштемей болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Дарыгерлерден нөөмөт топтор түзүлүп, каалоочулар жакынкы бейтапканадан тийиштүү медициналык жардам алса болот. (BCh)

Azattyk.org 

Лейлекте менчик радио обого чыга баштады

Лейлек райондук акимчилигинен “Азаттыкка” маалымдашкандай, “Жаш-FM” радиосу азырынча сыноо негизинде обого чыгып жатат. Радио ачуу демилгесин райондук акимчилик сунуштаган. Буга райондо 130 миң калк маалымат менен камсыздоого эки гезиттин жетишпегени себеп болгон. Январь айынан тарта иштеп баштаган радио 104.6 жыштыгында тесттик режиминде эфирге чыгат. Учурда жергиликтүү жаштар радионун ишин үйрөнүп, келечекте район аймагын толук камтуу үчүн онлайн режиминде иштетүү аркеттери жүрүүдө. Радио негизинен жаштарга багытталган... Читать дальше...

Azattyk.org 

Таттуу тамак жүрөк менен мээге зыян

Бакма күрптүн түпкү мекени Мезоамерика экени аныкталды. Спортчулар узак жашайт. Таттуунун пайдасынан зыяны көп. Польшалык дыйкандар эмнеге немис фермерлериндей көп киреше албайт?

Azattyk.org 

Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо 6% шайлоочу добуш берди

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, саат 10:00го карата жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого 2672 шайлоочу добуш берди. Бул тизмеге кирген шайлоочулардын 6% түзөт. Активдүүлүк айрыкча Ош облусунун Араван районунун С.Юсупов айылдык кеңешинде байкалды. Бул аймакта добуш бергендердин саны 9% жетсе, экинчи орунда 7,5% менен Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңеши турат. Ал эми үчүнчү жолу мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жаткан Кара-Балта жана Таш-Көмүр шаарларында добуш бергендер 6% тегерегин түздү. Читать дальше...


Автостат: наиболее распространенным кроссовером в Москве является Nissan X-Trail

Медвежья услуга: Додон хочет заменить Санду, но делает только хуже России

ХАМАС и ФАТХ договорились о встрече в Москве после переговоров в Пекине

Житель Москвы зацементировал себе половой орган, когда делал скульптуру



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Митрополит РПЦ заявил, что мигрантам много позволено в России

Один автомобиль загорелся после ДТП на западе Москвы

Синоптики спрогнозировали грозу и до +26 градусов в Москве 10 июня

«Королевский цирк» Гии Эрадзе представил во Владивостоке новое шоу

Музыкальные новости

«Локомотив» готов рассмотреть продажу Баринова, футболистом интересуются клубы Испании, Франции и Турции

Поражения Шубенкова и Савлукова, осечка Кнороз и двойной триумф Макаренко: чем запомнился «Мемориал Знаменских»

Concord is skipping free-to-play and pulling a Helldivers 2 instead: $40 for the full game with all 16 heroes at launch

Бизнес-омбудсмен Москвы объяснила, почему важно принять закон о креативной индустрии

Новости России

Такси с подзарядкой. Рассказываем о перспективах развития электротакси в Перми

«Рособоронэкспорт» анонсировал показ на выставке HeliRussia 2024 современных боевых вертолетов и ракет

"Святой Ленин": сенсационная истина о прогнозах способна направить США и Европу творить добро?!

Митрополит РПЦ заявил, что мигрантам много позволено в России

Экология в России и мире

Proenza Schouler, коллекция pre-fall 2024

Фонд «Восход» выпустил на «Атомайз» первые в России венчурные ЦФА

Бурятский Театр кукол Ульгэр в Улан-Улан-Удэ показал в Этнографическом музее народов Забайкалья перед детьми и родителями в семейный праздник сказку Колобок - Новости и Культура, Дети и Россия

Об отношении к русским в Азербайджане

Спорт в России и мире

Тарпищев о Медведеве и Рублеве: без травм сыграют в Париже лучше, чем в Токио

Семнадцатилетняя Андреева впервые сыграет в полуфинале турнира Большого шлема

Теннисистка Андреева заявила, что хочет войти в топ-20 рейтинга WTA ради собаки

Зверев сыграет с Алькарасом в финале "Ролан Гаррос"

Moscow.media

Трасса М-12 Восток будет продлена до Тюмени в 2025 году

Роман Старовойт выразил готовность оказывать дальнейшую поддержку в строительстве Ленского моста в Якутии

Сотрудники военных следственных органов Следственного комитета России по всей стране оказывают помощь подшефным детским учреждениям

Любимый внедорожник россиян стал еще доступнее: известна цена







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *