Бишкек ЖЭБинде кошумча агрегат иштей баштады
Учурда Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү иши штаттык режимде жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. "Улуттук энергохолдинг компаниясынын" жетекчиси Айбек Калиев өкмөт башчы Сапар Исаковго ЖЭБда жүрүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, жылуулук менен электрди өз режиминде берүү үчүн кошумча агрегат иштеп жатканын билдирген. "Эртеңден арта жылуулук берүү калыбына келип, суунун температурасы көтөрүлөт. Учурда төртүнчү блоктун күчү менен станция жүктү көтөрүп жатат. Читать дальше...