Мы в Telegram
Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Сентябрь
2018

Новости за 02.09.2018

Azattyk.org 

Жээнбеков: Көчмөндөр цивилизациясы миңдеген жылдык тарыхты камтыйт

Ысык-Көлдө 2-сентябрь күнү кечинде III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий ачылып, спортчулар эл алдынан өтүштү. Быйылкы оюндарга 77 өлкөдөн үч миңден ашык спортчу келди. - Бүгүн дүйнөдөгү саясий, экономикалык, экологиялык жана маданий процесстердин темпи тездеди. Технологиялар ыкчамдык менен өзгөрүүдө. Бул көрүнүштөр адамзаттын алдында жетишкендиктер менен катар жаңы көйгөйлөрдү жаратты. Ушундай шартта көчмөн элдердин дөөлөтүн, мурасын, каада-салтын жандандыруу — зор мааниге ээ. Ал  дүйнө элдеринин ынтымагын бекемдеп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи

2-сентябрда Ысык-Көлдө III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Быйылкы оюндарга 77 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу келди. Этнооюндардын расмий ачылыш салтанаты Бактуу-Долоноту ат майданында өттү.

Azattyk.org 

Германиянын Хемниц шарындагы акцияда 300дөй адам кармалды

Ишемби күнү Германиянын түштүк-чыгышындагы Хемниц шаарында өлкөнүн миграциялык саясатын колдогондор жана ага каршылар катышкан акцияда 300дөй адам кармалды. “Билд” басылмасынын жазышынча, кагылышууда 11 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Демонстрацияга эки тарапты кошкондо 9,5 миңдей адам катышкан. Коопсуздукту 2000дей полиция камсыздады. Хемницте оңчулдар 26-августтан бери нааразылык акциясын өткөрүп жатат. Ага бир күн мурда түндө шаардагы көчө фестивалы учурунда 35 жаштагы жергиликтүү тургун бычакталып өлтүрүлгөнү себеп болду. Читать дальше...

Azattyk.org 

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары башталды (видео)

Ысык-Көлдө үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары башталды. Быйылкы оюндарга 77 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу келди. Этнооюндардын расмий ачылыш салтанаты Бактуу-Долоноту ат майданында башталды.

Azattyk.org 

Ысык-Көлдө үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ачылды

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүгүн, 2-сентябрда саат 20.00дө Чолпон-Ата шаарынын жанындагы Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан ат майданда салтанаттуу түрдө ачылды. Азыр салтанат театралдаштырылган оюн-зоок, концерт менен коштолуп, уланып жатат. Жаштар иштери, маданият жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкуловдун айтымында, ушул күнгө чейин оюндарга катышуу үчүн 66 мамлекеттен жана Орусиянын он бир субъектисинен 1556 киши арыз берген. Оюндардын программасына спорттун 37 түрү киргизилди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте Кыргыз-түрк достук ооруканасынын ачылышы болду 

Бүгүн, 2-сентябрда Бишкектин Фучик көчөсүндөгү №1 оорукананын жанына салынган бейтапкана кыргыз-түрк президенттеринин жубайлары Айгүл Токоева жана Эмине Эрдогандын катышуусунда ачылды. Ал "Кыргыз-түрк достук ооруканасы" деп аталды.  150 кишиге ылайыкташкан бейтапкананын курулушуна Түркия акча бөлгөн. Курулуш иштери 2016-жылдын июлунда башталган. Ооруканага заманбап диагностикалык жабдуулар коюлуп, кардиология, жүрөк, тамыр хирургиясы, интервенциялык радиология, гастроэнтерология сыяктуу бөлүмдөр ишке киргизилээри айтылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Александр Захарченконун сөөгү жабык табыт менен көмүлөт

Донецк шаарында эл өзүн "Донецк Элдик Республикасы" деп атап алган аймактын жетекчиси Александр Захарченко менен коштошуп жатат. Захарченконун сөөгү салынган жабык табыт Донецктин опера жана балет театрынын имаратына алынып келинди. Администрациянын маалыматына караганда, эки саатта эле Захарченко менен коштошууга келгендердин саны 120 миң адамга жетти. Тажияга Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Наталья Поклонская жана аннексияланган Крымдын башчысы Сергей Аксенов да келди.    Буга чейин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Дамасктын четинде бир канча жарылуу болду

2-сентябрга оогон түнү Дамасктын чет жакасында бир канча жарылуу болду. Times of Israel басылмасы бул жарылуулар Израилдин аба чабуулдарынан кийин болгонун кабарлады. Сириядагы адам укуктары обсерваториясынын башчысы Рами Абдул-Рахмандын “Франс-пресс” агенттигине берген маалыматына караганда, Израилдин ракеталары аскердик курал-жарак сакталган кампага келип түшкөн. Маалыматта авиация "Меззе" аэродромун бутага алган. Чабуул болгонун президент Башар Асад менен кызматташкан Ливандын “Ал-Майдан” телеканалы да кабарлады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Виктор Орбандын Кыргызстанга расмий сапары башталды

Бүгүн, 2-сентябрда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Ысык-Көлгө келди. Аны "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тосуп алды. Бул венгер премьер-министринин Кыргызстанга расмий сапары. Анын жүрүшүндө Орбан президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат. Бүгүн ал Ысык-Көлдө III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына катышмакчы. Орбандан тышкары салтанатка Түркия менен Казакстандын президенттери да барышат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Төртүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда өтмөй болду

Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда өтө турган болду. Бул тууралуу Кыргызстанда расмий сапар менен жүргөн түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган бүгүн, 2-сентябрда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен чогуу эки мамлекеттин стратегиялык кызматташтыгы боюнча Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан учурда билдирди. Расмий маалыматка караганда, Эрдоган Түркия 2020-жылы төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү милдетин өзүнө алганын айтты. Оюндар Түркияда жогорку деңгээлде өтөөрүн кошумчалады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Айтматовдун "Гүлсарат" романын чагылдырган эстелик ачылды

Ысык-Көлдөгү Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Гүлсарат" чыгармасын чагылдырган айкел ачылды. Бул айкел жазуучунун 90 жылдыгына арналып, Орусиянын Свердлов облусунан Кыргызстанга белек катары жасалып келген.

Azattyk.org 

Көчмөндөр оюндарынын ачылышын чагылдырууга 1700 киши тартылат

Ысык-Көлдөгү Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатында 1700 адам эмгектенет. Ал эми оюндарга катыша турган өлкөлөрдүн спортчуларынын парадга чыкканын кошкондо, ачылыш аземге катышкандардын саны 5 миңден ашат. Бул тууралуу “Азаттыкка” оюндардын ачылышынын режиссер-коюучусу Виктор Фельд билдирди. Ал көрүүчүлөр үчүн бир нече күтүүсүз белектер бар экенин айтты. - Бул ачылышта жаңы стенография, чоң экрандар бар. Ал жөн эле экран эмес, атайын чоң конструкцияга жайгашып, өзгөчө.  Каскедерлер да жөн эле ат менен жүгүрүп өтпөйт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Окуучу Путин менен жолугушууга "Навальный-2018" деген футболка кийип келди

Орусия президенти Владимир Путиндин 1-сентябрда Сочидеги "Сириус" билим берүү борборунда эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү менен болгон жолугушуусуна окуучу Егор Рябов "Навальный-2018" деген футболка кийип келди. Бул иш-чарада тартылган сүрөттөр Кремлдин сайтына жарыяланды. "Дождь" телеканалынын журналисти Егор Рябов менен сүйлөшкөндө футболканы классташы бергенин айтып, өзүн Навальныйдын тарапкери деп атабасын, бирок анын кыймылын колдой турганын билдирген.   Окуучу футболканы өзүнө журналисттердин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Азия оюндарында Кыргызстан 22-орунду ээледи

Индонезияда өткөн жайкы Азия оюндарында жалпы командалык эсепте Кыргызстан 22-орунду алды.  Оюндарга Азиядагы 45 мамлекеттин спортчулары катышкан.   Кыргызстандын курама командасы 20 медалга ээ болду. Анын экөө алтын, алтоо күмүш, он экиси коло.  Алтын медалдарды Кыргызстанга жиу-житсу боюнча Төрөкан Багынбай уулу менен жеңил атлетчи Дарья Маслова алып беришти. Бул оюндарда 289 медаль, анын 132си алтын менен Кытайдын курама командасы алдыга чыкты. Экинчи орунда жалпы 205 медаль жана анын 75и алтын менен Жапония турат. Читать дальше...

Azattyk.org 

ДКО-2018: Алгачкы алтын байгени балбан Марлен Абдрасулов алды

Кыргызстандык балбан Марлен Абдрасулов бүгүн, 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарында башталган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда Кыргызстандын эсебине алгачкы алтын байгени алып келди. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, бүгүн тажик улуттук күрөшүнөн (гуштини милли камарбанди) үч салмакта (68 кг., 82 кг. жана абсолюттук салмакта) байгелер орнотулуп, 11 өлкөнүн балбандары күч сынашты. Марлен Абдрасулов 68 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сауд Арабия Йемендеги аба чабуулу “катачылык” болгонун мойнуна алды

Йемендеги согушта эл аралык коомчулук тааныган өкмөттү колдоп, иранчыл хусит топторуна каршы чабуулдарды жасап келаткан Сауд Арабия баштаган араб өлкөлөрүнүн коалициясы августта карапайым адамдардын өмүрү кыйылган аба чабуулун "катачылык болгон" деп атады. Аба чабуулу ал кезде, чалгын кызматтарынын маалыматына ылайык, ичинде хуситтердин лидерлери баратат делген автобуска урулган. Кийин автоунаада бараткандар жайкын тургундар, көпчүлүгү балдар экени маалым болгон. Жалпысы 51 киши, анын ичинде 40... Читать дальше...

Azattyk.org 

Көчмөндөр оюндарында 594 медал ойнотулат

Ысык-Көлдөгү үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жалпы 594 медал ойнотулат.   Жаштар иштери, маданият жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов бүгүн, 2-сентябрда Ысык-Көлдө өткөн маалымат жыйында билдиргендей, медалдардын 174ү алтын, 173ү күмүш, 247си коло.  Быйылкы оюндардын жалпы байге фонду 28 миллион сом деп эсептелди.  Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышы бүгүн, 2-сентябрда кечки саат 8де башталат. Оюндар 8-сентябрга чейин уланат. Кыргызстанда биринчи жана экинчи Көчмөндөр... Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Ысык-Көлгө келди

Бүгүн, 2-сентябрда "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна конгон Нурсултан Назарбаевди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тосуп алды. Казак президенти Ысык-Көлдө саат 20.00дө баштала турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышмакчы.  3-сентябрда ал Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин VI саммитине да катышканы жатат.   Расмий маалыматка караганда, Назарбаевден тышкары Көчмөндөр оюндарынын ачылышына учурда Кыргызстанда эки күндүк расмий сапар... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз-түрк мамилесинин "жаңы барагы"

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандагы “гүленчилер” маселесине кайра кайрылып, аны күн тартибинен биротоло алып салуу үчүн расмий Бишкек ага кылдат көңүл бурат деген ниетин билдирди.

Azattyk.org 

Көчмөндөр оюндары: программага спорттун 37 түрү кирди

Ысык-Көлдөгү үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына спорттун 37 түрү киргизилди. Бул тууралуу Жаштар иштери, маданият жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов бүгүн, 2-сентябрда Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында өткөн маалымат жыйында билдирди.  Маалыматка караганда, 37 оюндун арасында ат чабыш, улуттук күрөш, жебе тартуу, "Салбуурун" сыяктуу оюндар бар. Аманкуловдун айтымында, ушул күнгө чейин Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 66 мамлекеттен жана Орусиянын он бир субъектисинен 1556 киши арыз берди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Көчмөндөр оюндарын 500дөн ашуун чет элдик журналист чагылдырат

Ысык-Көлдөгү үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн 58 мамлекеттен 500дөн ашык журналист келишти. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылындагы Ден соолукту чыңдоо борборунда өткөн басма сөз жыйында билдирди. Анын айтымында, оюндарды чагылдыруу үчүн чет мамлекеттик 50 телеканал, он эки радио, 67 маалымат агенттиги,  48 гезит, 50 блогер каттоодон өткөн.  Арасында BBC радиосу, Казакстандын «Хабар» телеканалы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Диний ишмер Зиябидин Атабаев каза болду

Бишкектеги Кыргыз ислам университетинин окутуучусу, Куранды кырааты менен окуу боюнча эл аралык сынактардын жеңүүчүсү Зиябидин Атабаев 55 жашында машине сүзүп каза болду. Маркум советтик доордо Бухарадагы Мир Араб медресесинен билим алган. Кийинчерээк Кыргызстандагы өз үйүн медресеге айланткан. Ал 1963-жылы Өзгөн районунун Алтын-Булак айылында төрөлгөн. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкектеги борбордук жаңы мечитте болуп, сөөгү Аламүдүн районундагы Восток айылына коюлат.(BCh)


Минспорт России включил в федеральный проект крытый ледовый каток в Абазе

Площадь пожара в автосалоне на севере Москвы увеличилась до 200 "квадратов"

Лучшие диджеи Казани собрались на EVENT DJ BATTLE ПРИВОЛЖЬЕ

«Екатеринбурггаз» отложил раскопки в саду у «косого дома»



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Площадь пожара в автосалоне на севере Москвы увеличилась до 200 "квадратов"

Простые финны считают, что экономика страны катится в пропасть из-за закрытия границ с Россией

Собянин рассказал о планах развития Мнёвниковской поймы

Такси с подзарядкой. Рассказываем о перспективах развития электротакси в Перми

Музыкальные новости

Фонд «Восход» выпустил на «Атомайз» первые в России венчурные ЦФА

Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация! 225 лет А.С. Пушкину.

Приглашенные солистки выступят в опере «Руслан и Людмила»

Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация!

Новости России

Такси с подзарядкой. Рассказываем о перспективах развития электротакси в Перми

Собянин рассказал о планах развития Мнёвниковской поймы

Простые финны считают, что экономика страны катится в пропасть из-за закрытия границ с Россией

В Подмосковье угнездились ремезы

Экология в России и мире

Туристы этой национальности достали даже собственных граждан в своей стране: они массово оставляют экскременты на улицах и устраивают беспорядки на местных курортах

Немцы решили элегантно кинуть турецкие отели: гостиницы Анталии уже в шоке и угрожают массовыми удержанием туристов

Новые электрические щетки Revyline RL 085 Black доступны в филиале марки в Ставрополе

Производители кроссовок New Balance и Under Armour подали около 1000 исков к российским продавцам

Спорт в России и мире

Уимблдон и Олимпиада? Что нужно знать о планах Рыбакиной после Ролан Гаррос

Алькарас о титулах на трех разных ТБШ: «Атмосфера везде разная, но ощущения те же. Победа на «Большом шлеме» всегда особенная»

Семнадцатилетняя Андреева впервые сыграет в полуфинале турнира Большого шлема

Испанец Карлос Алькарас выиграл Открытый чемпионат Франции по теннису

Moscow.media

Уникальный интерактивный проект Ставропольской психиатрической больницы на выставке-форуме «Россия»

Военные следователи провели рейд по бывшим мигрантам в Керчи

Об отношении к русским в Азербайджане

Остров Огой.







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *