Мы в Telegram
Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Сентябрь
2018

Новости за 27.09.2018

Azattyk.org 

Баркы кеткен диппаспорт

Башкы прокуратура Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилиги дипломаттык жана кызматтык паспортторду жеке кызыкчылыгына колдонгон фактылар аныкталганын кабарлады.

Azattyk.org 

Пенсия талашы, соода согушу

Орусияда Мамлекеттик дума аялдардын пенсия курагын 60 жашка чейин гана көтөрүүнү караган өзгөртүүнү колдоду. Пенсиялык реформага каршы нааразылык митингдери эми токтойбу? Өкмөт келтирген демографиялык негиздемелер канчалык орундуу? Орусиялык пенсионерлерди жашоо-турмушу кандай? АКШ менен Кытайдын соода эрегиши же “согушу” улам жаңы баскычка чыгууда. Бул талаш глобалдык экономикалык өсүштү жайлатып, иш орундарын кыскартат деген кооптонуулар канчалык жүйөлүү?

Azattyk.org 

Казакстанда тышкы чалгындын жаңы башчысы дайындалды

Казакстандын “Сырбар” деп аталган Тышкы чалгын кызматынын жаңы башчысы болуп Исатай Сартаев дайындалды. Ал буга чейин ушул эле мекемеде директордун орун басары болгон. Президент Нурсултан Назарбаевдин тиешелүү буйругу бүгүн Акордонун сайтында жарыяланды. “Азаттык” радиосунун казак кызматы кабарлагандай, “Сырбардын” мурдагы башчысы Габит Байжанов 19-сентябрда президенттин жардамчылыгына - Коопсуздук кеңештин катчылыгына дайындалган. Казакстанда Тышкы чалгын кызматы 2009-жылы түзүлгөн. “Сырбар”... Читать дальше...

Azattyk.org 

Грузия Сухумини алдырганынын 25 жылдыгын эскерди

27-сентябрда Тбилисиде жана Грузиянын башка шаарларында Сухуми колдон чыкканынын 25 жылдыгын, чейрек кылым мурдагы согуштун курмандыктарын эскерүүгө арналган иш-чаралар өттү. 1993-жылдын сентябрь айынын соңку күндөрү абхазиялык жана түндүк кавказдык күч түзүмдөр Сухумиден грузин аскерлерин сүрүп чыгарып, Абхазиянын эгемендигин тааныган. Сухумиден грузин тектүүлөр да кетүүгө аргасыз болгон. “Азаттык” радиосунун “Эхо Кавказа” сайты кабарлагандай, бүгүн эртең менен Грузиянын бардык мамлекеттик мекемелеринде желектер  түшүрүлдү. Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ: Жогорку Соттун судьялыгына талапкер Конгрессте көрсөтмө берет

Брет Кавано Конгрессте сексуалдык ыдык көргөзүү боюнча анын  дарегине  айтылган  айыптоолордун  шартында  көрсөтмө бергени жатат. Бүгүн Конгрессте Каванону 1980-жылдардын башында сексуалдык ыдык жасаган деп айыптаган аялдардын бири Кристин Блейзи Форд дагы сүйлөмөкчү. Жогорку Сот судьялыгына талапкер өзү анын дарегине айтылган айыптарды “күлкүлүү” деп атады. Талапкерди Ак үй колдоп, бул консервативдик көз караштары менен белгилүү судьянын Жогорку Сот мүчөлүгүнө дайындалышына демократтардын тоскоолдук кылуу аракети экенин белгилеп жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Каримовдун элдешкис сынчысы мекенге кайтты

Боширов эмес, Чепига. Турист эмес, полковник. Эл аралык иликтөөчүлөр Солсберидеги ууланууга шектүүнүн купуя өмүр баянын ашкереледи. Өзбекстандык карыя укук коргоочу 12 жылдык бозгундан кийин мекенине кайтты. Словакияда иликтөөчү журналистти жана анын сүйлөшкөн кызын өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды. Орусия айдоочусуз жүрө алчу "КамАЗ" автобусун элге көрсөттү.

Azattyk.org 

Түркия президенти мамлекеттик сапар менен Германияга келди

Режеп Тайип Эрдоган сапарын утурлай немистердин Frankfurter Allgemeine Zeitung гезитинде жарыяланган макаласында ал Германия менен Түркиянын буга чейин бузулган дипломатиялык алака-катышында “жаңы баракты” ачууну көздөй турганын белгиледи. Ошондой эле Берлин Анкаранын тыюу салынган Күрт жумушучу партиясына (ПКК) жана Гүлендин кыймылына каршы күрөшүн колдойт деп күтөрүн да жазат. Ага катар немис өкмөтүн Гүлендин кыймылын “террористтик” уюм деп таанууга да чакырган. Анкара АКШда жашаган диниятчы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тар-Сууга ашык болгон чет элдик жубайлар

Швейцариядан келген жубайлар, Чоң-Кеминдеги Тар-Суу айылында бир айдан бери жашап келет. Бул аралыкта алар айыл турмушундагы жашоочулар байкабаган айрым көрүнүштөрдү сүрөт аркылуу чагылдырат. Кызыгы экөө тең сүрөтчү болгондуктан талаш-тартыш менен талкууга жакын. Биз барганда алар айыл четиндеги көмөк чордонду тартышты.

Azattyk.org 

Орусияда пенсия реформасы боюнча мыйзам үчүнчү окууда кабыл алынды

27-сентябрда өткөн добуш берүүдө мыйзам долбоорун Мамлекеттик думанын 333 депутаты колдоп, 67си каршы чыкты. Мыйзам долбоордун акыркы редакциясына ылайык, Орусияда аялдардын пенсия курагы азыркы 55тен 60ка көтөрүлөт. Мамлекеттик Дума өкмөттүн демилгесине ылайык, аялдардын пенсия жашын 63кө, эркектердикин 65ке көтөрүүнү караган мыйзам долбоорун биринчи окуудан июль айында жактырган. Бирок президент Владимир Путин 29-августтагы телекайрылуусунда талаштуу пенсия реформасы жумшартыларын жарыялаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ошто сууга аккан аялды милиция кызматкерлери куткарып калды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Тазагүл Сатарова, Азамат Ташболотов, Бурхан Алмамат уулу жана айдоочу Сооронбой Бадамовдордон турган ыкчам-тергѳѳ тобу 27-сентябрда сууга агып бараткан аялды куткарып калышты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы билдирди. Аталган топ кезектеги чакыруудан кайтып келаткан чакта калаадагы Масалиев проспектисине улай шар аккан каналды бойлоп келе жаткан кыздын карааны кѳрүнбөй калганын байкап калышат. Алар автоунаану токтотуп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кадамжайда кытай ишкерлерин контейнерге камап салгандар боюнча иликтөө башталды (видео)

Кадамжай районунун Майдан айылында Шамбесай кенин иштеткен кытайлык ишкерлерди коркутуп, контейнерге камап салгандар боюнча иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын маалымат катчысы Чолпон Бердикулова билдирди. Анын айтымында, ишти Кадамжай райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрү жергиликтүү бийлик менен чогуу иликтеп жатат. Бердикулова милицияга таянып билдиргендей, иш “өзүм билемдик” катары катталган. Чолпон Бердикулова кошумчалагандай окуя 25-сентябрда болгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Эки колунан ажыраган жоокерге протез койдуруу маселеси жарым-жартылай чечилди

Майлуу-Суу шаарында кызмат учурунда токко урунуп, эки колу кесилген жоокер Руслан Сапарбаевге протез коюп берүү маселеси каралып, жарым-жартылай чечилди. Бул тууралуу Башкы штабдын маалымат катчысы Гүлзат Жарашева билдирди. Анын айтымында, штабдын жетекчилиги кеңешип, жоокердин бир колунун протезин каржылоого макулдук беришкен. Экинчи колуна да жасалма жабдуу коюуга акча табуу маселеси каралып жатат. Жарашева белгилегендей бир протездин наркы болжол менен 30 миң АКШ долларын түзүшү мүмкүн. №30295... Читать дальше...

Azattyk.org 

Депутаттар Чолпон-Атанын мэрине ишенбөөчүлүк көрсөтүштү

Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттары мэр Карыбек Саралаевге ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Эл өкүлдөрү "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, буга чейин көтөрүлүп келген калаадагы социалдык маселелерге жакшы көңүл бурулбай жаткандыктан ушундай чечим кабыл алынды. Бирок сөз кайсы маселе тууралуу болуп жатканын азырынча тактоо мүмкүн боло элек.   25-сентябрда шаардык кеңештин сессиясына катышкан 18 депутаттын 16сы мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү колдоду.  Мэр Саралаев да муну тастыктады, бирок комментарий бербестигин айтты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусиянын банктары өлкөгө еврону рекорддук көлөмдө алып келүүдө

“Азаттык” радиосунун орус кызматы кабарлагандай, Орусиянын банктары АКШнын жаңы экономикалык санкцияларынын коркунучунан улам өлкөгө еврону рекорддук көлөмдө алып келип, долларды азайтышууда.  Маселен июль айында Орусиянын банк сектору аркылуу 2014-жылдан берки рекорддук көлөмдөгү евро өткөн. Анын суммасы долларга айлантканда эки миллиард доллардан ашат. Ошол эле учурда банктар Орусияга сыртта 900 миллиондой гана доллар которушкан. Банктардын акча которууларында мындай тенденция бар экенин Орусиянын Борбордук банкы да ырастады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Рысалиев Гуреевич менен жолугушуунун протоколун талап кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын финансылык кеңешчиси Евгений Гуревич менен Башкы прокуратура өкүлүнүн жолугушуусунун протоколун талап кылды. 27-сентябрда парламентте баш прокурор баштаган адистер катышкан жыйында депутат бул маселени көтөрүп, аталган жолугушууну уюуштурууну шалаакылык катары баалады.  Баш прокурордун айтымында, Гуревич менен ошол кездеги Тергөө башкармалыгынын орунбасары Мелис Мырзаканов жолуккан. Парламент жыйынына катышып отурган Мырзаканов өзү да муну бышыктап... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстандагы комитет “Түнкү кырсык” тасмасын “Оскарга” көрсөттү

Кыргызстандагы "Оскар” комитети режиссер Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” (“Ночная авария”) тасмасын АКШнын “Оскар” сыйлыгына сунуштады. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти. Комитет мүчөлөрү 26-сентябрдагы отурумунда Бирназаровдун тасмасы менен Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры” тасмасын карап, анын ичинен “Түнкү кырсык” фильми тандалып алынган. Лос-Анжелестеги Америка киноакадемиясы сунушту кабыл алса, тасма “Мыкты чет элдик кино” номинациясында жарышат. 2018-жылдын кинематография тармактары... Читать дальше...

Azattyk.org 

Словакияда иликтөөчү журналисттин өлүмүнө шектүүлөр кармалды

Жергиликтүү медианын кабарларына караганда, Словакиянын полициясы жети ай мурда киши колдуу болгон иликтөөчү журналисттин өлүмүнө тиешеси бар деп шектелгендерди кармады. Бул маалыматты өлкөнүн премье-министри Петр Пеллегрини “Фейсбуктагы” баракчасында ырастап, аталган кылмышты иликтөө өкмөт артыкчылык берген иш экенин белгиледи. "Dennik N" интернет басылмасы полициядагы булактарына шилтеме жазап жазганына караганда, кылмышка шектүү сегиз киши, анын ичинде журналистти өлтүрдү деп шектелген адам кармалды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент ТИМ менен элчинин ортосундагы маселени териштирүүнү тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешине Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчисинин жана Тышкы иштер министрлигинин билдирүүлөрүндө айтылган кырдаалды текшерүүнү тапшырды.  Жээнбеков элчи Кылычбек Султанды бир катар себептер менен кызматынан бошотуу тууралуу Тышкы иштер министрлигинин сунушунда келтирилген фактыларды терең талдоону буйруду. Тышкы иштер министрлиги "дипломаттык этиканы бузду" деп, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султанды кызматтан алууну өткөн аптада сунуштаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Парламентте Бакиевдерди экстрадициялоо маселеси көтөрүлдү

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевди жана анын жакындарын Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси Жогорку Кеңеште кайрадан көтөрүлдү. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 27-сентябрда парламентке келип, Бакиевдер жана алардын финансылык кеңешчиси Евгений Гуревич айткан сөздөргө байланыштуу баяндама жасады.  Депутат Элвира Сурабалдиева Лондон менен сүйлөшүп, мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевди эстрадициялоону жандантууну сунуштады. Эл өкүлү бул ишке саясий эрк керектигин белгилеп, парламент буга жардам берерин айтты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бозгунда жүргөн белгилүү укук коргоочу Өзбекстанга кайтты

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматы кабарлагандай, 78 жаштагы Толиб Якубовду 26-сентябрда Ташкенттин аэропортунда туугандары, достору, укук коргоочу кесиптештери тосуп алды. Ал мекенине он жылдан ашуун Францияда бозгунда жүргөн соң кайтып барды.  Өзбекстандын Адам укуктары коомунун негиздөөчүсү Якубов мекенинен 2007-жылы качууга аргасыз болгон, 2014-жылы өзбек бийлиги аны жарандыктан ажыраткан. Учурунда француз жарандыгы бар Якубовго өзбек жарандыгы кайтарылып берилеби же жокпу, азырынча белгисиз. Читать дальше...

Azattyk.org 

Прокурор Дүйшөнбек Зилалиевди эки жылга камоону сурады

27-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши каралып жатат. Сот Эмил Кайыпов өтүнүч, арыздар жоктугуна жана иштин документтери изилдөө толук аяктаганына байланыштуу жарыш сөзгө уруксат берерин айтты. Жарыш сөзгө чыккан прокуратура өкүлү Зилалиев президенттин кортежи Манас проспектисинен өтөрүн билип туруп курсантка “Азыр бомба жарылат” деп айтканын, УКМКнын ыкчам тобу ал жерде издегенин” билдирди. Ал коюлган беренелер туура экенин... Читать дальше...


Жителей Забайкалья приглашают принять участие в акции «Из поколения в поколение. Семейные реликвии»

Гонщики «КАМАЗ-мастер» показали свое мастерство на фестивале Drift Expo

CNSA: Посадочный модуль китайского зонда успешно сел на обратной стороне Луны

Перенесенный из-за теракта в «Крокусе» концерт группы «Пикник» прошел в Москве



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Врач назвал напитки, которые нельзя пить в жару

Сиськи из будущего

Везти себя хорошо: чем опасны одиночные путешествия и как избежать рисков

Устроит ли Игнашевич тёмную Семаку: Какие ждать составы у «Зенита» и «Балтики» в суперфинале Кубка России

Музыкальные новости

Выставка «Кремли России — взгляд художника» открылась в Нижегородском кремле

Грубая фальсификация Баку: Уничтожающий собственный народ Азербайджан обвиняет армян

Собянин: Проект "Давай друЖИТЬ" помогает исполнять заветные мечты детей

Фильм «Мой любимый чемпион» показали в павильоне «Роснефти» на ВДНХ в Москве

Новости России

Бывший возлюбленный Заворотнюк Жигунов не приехал на ее похороны

Перенесенный из-за теракта в «Крокусе» концерт группы «Пикник» прошел в Москве

Пегас сделал важное заявление по Египту: стали известны цены на туры на предстоящую зиму

Врач Тяжельников рассказал, какие напитки нельзя пить в жару

Экология в России и мире

Коллекция купальников Love Republic

Стоматолог Владимир Лосев: сколько времени нужно носить брекеты

Раскрыт секрет, как и где отдохнуть в России летом за 11 тыс. рублей

VK Fest 2024: Музыка и Развлечения на Открытых Площадках России

Спорт в России и мире

Главный русский теннисист заставил Париж аплодировать ему стоя. Что удалось Осьминогу Медведеву?

Арина Соболенко повторила уникальное достижение Азаренко на турнирах «Большого шлема»

Вице-президент ФТР Селиваненко: у Рублева не пошла игра с Арнальди

Бывшая российская теннисистка спела гимн Франции: «Я здесь дома»

Moscow.media

Преступления мигрантов с рынков азербайджанского олигарха Года Нисанова продолжают шокировать Москву

Доступный, летний, твой – StarLine A60 BT GSM ECO

ТСД SAOTRON RT-T50: высокопроизводительный терминал сбора данных промышленного класса

Распределяй и управляй: водители «Грузовичкоф Бизнес» – о преимуществах работы и трудовых буднях  







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *