Мы в Telegram
Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Сентябрь
2018

Новости за 26.09.2018

Azattyk.org 

Македониянын аталышын чечүүчү референдум

Македонияда жекшемби күнү өлкөнүн аталышын өзгөртүү боюнча референдум өтөт. Түндүк Македония деген жаңы аталышка каршы чыккандар өлкө ичинде да, коңшу Грецияда да бар. Бир топ жылдан бери эки коңшу мамлекет ортосунда талаш жаратып келген бул маселе чечилсе, балкан өлкөсүнө НАТОго жана Евробиримдикке кошулууга жол ачылат.

Azattyk.org 

Bellingcat: "Боширов" – ГРУнун полковниги Анатолий Чепига

"Руслан Боширов" – Орусиянын Чалгын  башкармалыгынын полковниги Анатолий Чепиганын каймана аты экенин Bellingcat жана The Insider иликтөө агенттиктери таап чыкты. Иликтөөчүлөрдүн маалыматына караганда, Британияда мурунку орус тыңчысы Сергей Скрипалды ууландырган полковникке "Орусиянын Баатыры" наамы ыйгарылган. Bellingcat "Бошировдун" тек-жайы ким экенин бышыктаган бир нече булактарына таянат. Ал Хабаровскиде армиянын атайын бөлүгүнүн 14-бригадасында кызмат өтөгөн. Экинчи чечен согушунда маанилүү роль ойноп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Генерал акыйкатчы болду

Жогорку Кеңеш Токон Мамытовду акыйкатчы кылып шайлады. Аны бул кызматка Социал-демократтар фракциясы сунуштаган. Көп жылдардан бери атайын кызматта иштеген 65 жаштагы генерал Мамытовду акыйкатчылыкка шайлоону парламенттин жарандык коомдун пикири менен эсептешпегени катары сындашууда.

Azattyk.org 

Түркмөнстан: элге бекер газ, суу, туз, жарык берген токтойт

Түркмөн өкмөтү 2019-жылдын 1-январынан тарта электр жарыгына, газга, сууга жана тузга акы киргизет. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы “Түркмөнстан хроникасы” маалымат агенттигине таянып билдирди. Президент Гурбангулы Бердымухамедов кол койгон буйрукка ылайык, 2019-жылдан тарта "Түркмөнстандын калкын электр энергиясы, газ, таза суу жана туз менен жеңилдетилген тартипте камсыздоо" жоюлат. Адистер бул кабарды өлкөдөгү каатчылыктын жарчысы дешет. Өлкөдөгү экономикалык каатчылыкты энергетика... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз паспортун кыйырга тараткан "кыраандар"

Кыргыз паспортторуна байланыштуу жыл сайын, ай сайын эле чуулгандуу окуялар катталат, паспорттор мыйзамсыз берилген, жасалма паспорттор деп ондогон кылмыш иштери козголот, ондогон адамдарга айып тагылат. Бирок жыйынтыгы эмне менен аяктаганы, ким кандай жаза алганы көп эле учурда белгисиз бойдон калат. "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүнүн бул чыгарылышында биз коомчулукта резонанс жараткан кылмыш иштерин, мыйзамсыз иштер менен кимдер, кантип шугулданганын иликтедик.

Azattyk.org 

БУУнун Ооганстандагы миссиясы адамдардын өлүмүнө тынчсызданууда

Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясы аба чабуулдарынан өлгөн карапайым жарандардын саны өсүп баратканына "терең тынчсыздануусун" билдирди. Өткөн апта соңунда эле аба соккуларынан 21 киши каза тапкан.    26-сентябрда Ооганстандагы миссия билдиргендей, Кабулдун батышындагы Майдан Вардак провинциясында бир эле үйгө тийген бомбадан 12 киши, анын ичинде балдар каза тапты. 23-сентябрда бул аймакта өкмөттүк армия аба операциясын жүргүзгөн. Провинциянын жергиликтүү кеңешинин мүчөсү Ахмад Жахвари «Франс... Читать дальше...

Azattyk.org 

Карасартова: Ыкмалар башка, жыйынтык ошол эле экен

Акыйкатчы кызматына ат салышкан “Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси Рита Карасартова парламенттеги акыйкатчы шайлоонун жыйынтыгын эл өзү тандаган депутаттардын чечими катары туура кабылдоо керек деп эсептейт. Добуш берүүнүн жыйынтыгы белгилүү болгондон кийин ал “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып Кыргызстанга парламентаризм керек экенин белгилеп, аны куруунун кезектеги этабы жүрүп жатат деп ишенүү зарыл деген оюн айтты. Ошону менен катар Карасартова акыйкатчыны шайлоонун жыйынтыгы башкачараак болот деп үмүттөнгөнүн... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Абактан чыкканда жаңы жашоо баштайм"

26-сентябрда аялдар абагында ичкиликке жана баңгиликке берилгендер психологиялык курстан өткөндөн кийин кармала турган атайын жай ачылды. Жаман адаттардан кутулууга ниеттенген аялдар ал жайда жаза мөөнөтү аяктаганча кармалышат. Мындай аялдар жазасын өтөп бүткөнгө чейин борбордо дарыланып, ичкиликсиз, баңгизатсыз таза жашоону баштагысы келишет.

Azattyk.org 

БУУ: Жээнбеков элди ынтымакка чакырды

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков БУУнун Башкы ассамблеясында экология, суу, терроризм жана экстремизм коркунучу тууралуу сөз сүйлөп, парламенттик демократия кыргыз коомунун табиятына шайкеш келерин белгиледи.

Azattyk.org 

Францияда 18 жаштагы чечен теракт даярдоого шектелип кармалды

Француз полициясы 18 жаштагы чечен улутундагы жигитти теракт жасоого даярданган деген шек менен кармады. Бул тууралуу "France Bleu" радиосу шаршембиде кабарлады. Кармалган кишинин аты-жөнү айтылбай, полиция аны 18-сентябрда Страсбург шаарында колго түшүргөнү гана маалымдалды. Кабарда айтылгандай, шектүү болсо жөн эле кызыкканынан улам «Ислам мамлекети» террордук уюму тууралуу Интернеттен маалымат издегенин айтып берген. Анын агасы май айында полиция кызматкерлерине бычак менен кол салган Хамзат Азимовдун ишине байланыштуу кармалган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Токон Мамытов акыйкатчы болду

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына Токон (Токтокүчүк) Мамытовду шайлады. Аны КСДП фракциясы көрсөткөн. Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында Токон Мамытовду 79 депутат колдоду. Рита Карасартовага 9, Канатбек Азизге 19, Рыскул Бактыбаевге 6 добуш берилди.

Azattyk.org 

Талас: кайналы төгүлгөн терди актабады

Таласта төө буурчакка тете киреше берген кайналынын баасы быйыл арзандап кетти. Маселен, жыл сайын килограммы 20-25 сомдон сатыла турган бул жемишти быйыл 10-15 сомдон гана сатып жатышат.

Azattyk.org 

Ирак: тажик наристенин тагдыры

Сегиз айлык Абдуллону алып келүүнү өтүнүп туугандары тажик бийлигине кайрылышты. Анын атасы Ирактагы согушта өлгөн, апасы түрмөдө. Орус депутаттары бир добуштан пенсия курагын көтөрүүнү колдошту. Перудагы чакан шаардагы мэр шайлоосунда Гитлер менен Ленин кармашууда. Америкалык белгилүү актер жана куудул мугалимди зордуктаган деп айыпталып кесилди.

Azattyk.org 

Түркияда кыргыз жараны уурулукка шектелип кармалды

Түркияда кыргызстандык жаран уурулукка шектелип, камакка алынды. Бул тууралуу жергиликтүү "Ihlas" кабар агенттиги 26-сентябрда кабарлады.  Маалыматка караганда, Кыргызстандын үч жараны Анталия шаарынын Манавгат районунда жайгашкан соода борборундагы дүкөндөн кийим уурдап бараткан жеринен колго түшкөн. "Кыргызстандык Э.К, Д.Д жана А.К дүкөндө сатылып жаткан кийимдердин коопсуздук магниттерин кесип, баштыктарына салып баратканда дүкөндүн кызматкерлерине кармалганы" деп айтылат кабарда. Анталия... Читать дальше...

Azattyk.org 

Парламент Токон Мамытовду акыйкатчы кылып шайлады

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына Токон (Токтокүчүк) Мамытовду шайлады. Аны КСДП фракциясы көрсөткөн.  Омбудсмен шайлоо 26-сентябрда өтүп, башында талапкерлер баяндама жасашты.  Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында Токон Мамытовду 79 депутат колдоду. Рита Карасартовага 9, Канатбек Азизге 19, Рыскул Бактыбаевге 6 добуш берилди.  Акыйкатчылык кызматка Токон Мамытовду КСДП фракциясы көрсөткөн. Рита Карасартова менен Рыскул Бактыбаевди "Бир Бол", Канатбек Азизди "Ата Мекен" фракциялары сунуштаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусиялык активист кайтарууга алынды

Германия полициясы "Pussy Riot" тобунун мүчөсү, "Медиазона" басылмасынын негиздөөчүсү, учурда Берлинде ооруканада жаткан Петр Верзиловду жана анын жакындарын кайтарууга алды. Буга алардын артынан шектүү адамдар аңдып жүргөнү тууралуу арызы себеп болгон.

Azattyk.org 

Эрдоган: Асад бийликте турганда Сирияда тынчтык орнотуу мүмкүн эмес

Сириянын Идлиб провинциясынан радикалдуу топтор чыгып кете баштады, бирок бийликте Башап Асад турганда бул өлкөдө тычтык орнотуу мүмкүн эмес. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган «Рейтер» агенттиги менен болгон маегинде айтты. 18-сентябрда Орусия жана Түркия Идлиб провинциясында 15-октябрга карата куралдуу оппозиция менен өкмөттүк күчтөр кесилишкен тилкеден 15-20 чакырым ичкери карай демилитаризациялык буфер аймак түзүүнү макулдашкан.  Сириянын Орусия жана Иран колдогон өкмөттүк күчтөрү Идлиб провинциясына чабуул жасап... Читать дальше...

Azattyk.org 

БУУ: Трамп менен Роухани кайым айтышты

Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын 73-сессиясынын бүгүн жалпы дебаттардын экинчи күнү. Анда кечээ сөз алган АКШ президенти Дональд Трамп дүйнө мамлекеттерин Иран өкмөтүн ал “агрессиялык” деп атаган саясатты улантып жатканы үчүн изоляциялоого чакырса, өз кезегинде Иран президенти Хасан Роухани АКШны “экономикалык терроризм” үчүн айыптады. Трамп 26-сентябрда Иран проблемасын БУУнун Коопсуздук кеңешинин отурумунда төрагалык кылган учурда да көтөрөт деп күтүлүүдө.

Azattyk.org 

Депутат экстремизм менен күрөштө күч органдары аша чаап жатканын айтты

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Нодирбек Каримов Кыргызстанда экстремизге каршы күрөштө күч органдары аша чаап жатканын билдирди. Мындай пикирин 26-сентябрда парламентте акыйкатчы шайлоо алдындагы жыйында айтты.  Каримов жарандар Интернеттеги жазган пикирлери  үчүн да жоопко тартылган учурлар болуп жатканын айтты: - Көптөгөн ата-энелер балдары Сирия кетип калганы үчүн, ал жакка барбаса да социалдык тармактарга бир нерсе чыгарып койгону үчүн камалып кетип атат. Буга эч ким иштебей жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Дипломатиялык паспорттор жеке кызыкчылыкка колдонулганы аныкталды

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилиги дипломатиялык паспортту жеке кызыкчылыгына колдонгон фактылар аныкталганын Башкы прокуратура кабарлады. Учурда аны текшерүү жана министрликтин жооптуу кызматкерлерине юридикалык баа берүү жагы каралып жатат.  Башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматы 25-сентябрда маалымдагандай, аталган министрликте "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзам, Дипломаттык жана кызматтык паспорттор жөнүндө жобо бузулган учурлар болгон.  Аталган министрликтин кызматкерлери кызматтык... Читать дальше...

Azattyk.org 

Райымбек Матраимовго байланыштуу сот иши 30-октябрга жылды

Тийиштүү документтердин жетишсиздигинен улам Райымбек Матраимов менен өкмөткө байланыштуу сот иши 30-октябрга калды. Мындай чечим Бишкек шаардык сотунун 26-сентябрындагы отурумунда кабыл алынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди. 25-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Матраимовго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарган. Сот органы Матраимов “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ Европага Иранга салынган санкцияларды кыйгап өтүүгө жол бербейт

АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Кошмо Штаттар Евробиримдикке же дагы башка бирөөгө Иранга каршы киргизилген экономикалык санкцияларды кыйгап өтүүгө жол бербесин айтты.    Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясында Болтон Иранга кашы санкцияларга келгенде АКШ «эч нерсе менен келишкис» экенин баса белгилеп, SWIFT глобалдык банк системасын Тегеран менен кызматташтыгын кайра карап чыгууга чакырды. Европа Биримдиги Иранга каршы киргизилген Вашингтондун санкцияларын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Момбеков: "Адамды кордогондор укук коргойм дейт"

Жогорку Кеңеште өлкөнүн акыйкатчысын шайлоо өтүп жатат. Бул кызматка КСДП фракциясы Токон Мамытовду, “Бир Бол” үч талапкерди – Маматурайим Момуновду, Рита Карасартованы, Рыскул Бактыбаевди, “Ата Мекен” фракциясы Канат Азизди сунуштаган. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков айрым талапкерлерге каршы чыкты.

Azattyk.org 

Америкалык актер жана куудул Билл Косби абакка кесилди

Америкалык белгилүү актер жана куудул Билл Косби он жылга чейин кесилди. Жазанын так мөөнөтү кийинчерээк белгилүү болот. Ал 2004-жылы Тэмпл университетинин мугалимин үйүнө чакырып, маңзат берип, андан соң зордуктап салган деп айыпталды. Косбиден зомбулук көрдүк деп башка аялдар да арызданышкан. Ал 80-жылдары “Косбинин шоусу” аттуу телеберүү менен атагы чыккан. Андагы ролу үчүн белгилүү болуп, “Американын атасы” атка конгон. 81 жаштагы Косби бардык айыптарды четке кагып келет.

Azattyk.org 

Мамдума пенсия реформасы боюнча долбоорду экинчи окууда колдоду

Орусияда Мамдума пенсия курагын көтөрүүнү караган мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду. Депутаттар президент Владимир Путин киргизген түзөтүүнү жактырышты. Президент буга чейинки долбоорду жумшартып, аялдар 60, эркектер 63 жашта пенсияга чыгышсын деп сунуш кылган. Добуш берүү өтүп жаткан чакта Думанын имаратынын сыртына пенсия жашын көтөрүүгө каршы болгондор чогулуп, дагы бир жолу нааразылыгын билдиришти. Алардын арасында “Солчул фронттун” лидери Сергей Удальцов жана башка активисттер бар.   Ушул тапта Орусияда эркектер 60... Читать дальше...


Экономист Лобода напомнил россиянам о главном минусе рассрочки

Гонщики «КАМАЗ-мастер» показали свое мастерство на фестивале Drift Expo

Синоптики спрогнозировали еще один жаркий день с грозами в Москве 2 июня

В Приморье пенсионерка отдала полмиллиона телефонным мошенникам



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Примани, венок, жениха богатого: какие народные гадания до сих популярны у россиян

В Приморье пенсионерка отдала полмиллиона телефонным мошенникам

Курьеры мошенников помогли «избавиться» от сбережений жительнице Приморья

КЧР. Ансамбль КЧГУ стал лауреатом фестиваля «Российская студенческая весна – 2023»

Музыкальные новости

НА ДЕТСКОМ ФЕСТИВАЛЕ ИСКУССТВ «НЕБО» СОСТОИТСЯ 5 ПРЕМЬЕР И ПОКАЖУТ НОВИНКИ ОТ ВЕДУЩИХ МОСКОВСКИХ ТЕАТРОВ

Спортсмены Улан-Удэнского ЛВРЗ стали победителями региональной спартакиады

Eurasianet: Азербайджан публично и цинично уничтожает армянское культурное и историческое наследие в Нагорном Карабахе

В Республике Марий Эл с успехом прошел кинофестиваль «Движение по вертикали» памяти Станислава Говорухина

Новости России

КЧР. Ансамбль КЧГУ стал лауреатом фестиваля «Российская студенческая весна – 2023»

Синоптики спрогнозировали еще один жаркий день с грозами в Москве 2 июня

50 дней без еды. Россиянин выжил после голодовки

Кофе, крепкий чай и сладкая "газировка" не принесут пользы в жару

Экология в России и мире

Бесплатные ежедневные тренировки от сети фитнес-клубов Spirit. Fitness в парке Горького/Музеон

Представители KAMA TYRES приняли участие в 57-й легкоатлетической эстафете

Волжский нарцисс - Плес

VK Fest 2024: Музыка и Развлечения на Открытых Площадках России

Спорт в России и мире

Медведев вышел в 1/8 финала «Ролан Гаррос» — 2024

Прямая трансляция матча Елены Рыбакиной против экс-первой ракетки мира на «Ролан Гаррос»

Синнер повторил уникальное достижение Джоковича и Надаля на турнирах «Большого шлема»

Главный русский теннисист заставил Париж аплодировать ему стоя. Что удалось Осьминогу Медведеву?

Moscow.media

Eurasianet: Азербайджан публично и цинично уничтожает армянское культурное и историческое наследие в Нагорном Карабахе

В Петербурге суд оправдал владельца транспортных средств, который давал взятки сотруднику ГИБДД

Доступный, летний, твой – StarLine A60 BT GSM ECO

Лучший HR-бренд – «Грузовичкоф»







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *