АКШда терроризмге айыпталган өзбекстандыкты өлүм жазасына тартуу сунушталды
Нью-Йорктун прокуратурасы АКШда бир нече адамды автоунаа менен тебелетип өлтүрүүгө айыпталган өзбекстандык Сайфулло Саиповду өлүм жазасына тартууну федералдык сотко сунуштады. Саипов теракт уюштурууга жана адамдарды атайылап өлтүрүүгө айыпталууда. Кошмо Штаттарга 2010-жылы грин-карттын негизинде барган Сайфулла Саипов былтыр 31-октябрда Нью-Йорктун Манхэттен районундагы кол салуудан кийин камакка алынган. “Ислам мамлекети” террорчул уюму Саипов катышкан окуя боюнча жоопкерчиликти өзүнө алган. Читать дальше...