АКШ өлкөдө баш калкалаган сириялыктардын макамын узартты
АКШнын администрациясы 7 миң сириялыктын атайын статусун дагы 18 айга узартты. Муну менен алар согуш жүрүп жаткан мекенине кайтпай, Америкада убактылуу кала алышат. АКШнын ички иштер министри Кирстен Нилсендин 31-январдагы билдирүүсүндө Сириядагы кырдаалды эске алуу менен ошол кишилердин "убактылуу коргоодогу адамдар" деген статусун узартуу боюнча чечим кабыл алынганы айтылат. Чечим чыкпаса, марттан кийин сириялыктар үйлөрүнө кайтууга мажбур болмок. Бирок бул чара АКШга 2016-жылы же ага чейин баргандарга гана тиешелүү. Читать дальше...