Чоң-Алайда жер алдындагы суулар көтөрүлдү
Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кара-Кабак айылында жер алдындагы суулар көтөрүлүп, муз катмары пайда болду. Айылдагы үйлөрдү суу каптоо коркунучу жаралып, учурда алдын алуу иштери жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, жалпы 185 метр дренаждык канал казылган. Канал казуу иштери бүгүн да уланат. Былтыр декабрда Чүйдө жана Токмок шаарында жер алдынан чыккан суу көтөрүлүп, бир катар үйлөрдүн жертөлөсүн каптаган. (NT)