Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Февраль
2018

Новости за 21.02.2018

Azattyk.org 

Ноокатта милиция жаш баланы сүзүп кеткен окуя териштирилүүдө (видео)

Ноокат шаарында жаш баланы сүзүп кеткени айтылган милиция кызматкерлеринин үстүнөн кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев “Азаттыкка” билдирди: - Окуя 20-февралда болгон. Ноокат райондук ички иштер башкармалыгынын ошол күнү кезекте турган кызматкерлери атайын автоунаа менен жолдун четиндеги машинелерди алдырып жүргөн. Алардын айтуусу боюнча көчөнүн жээгиндеги турган тосмодон бир бала секирип өтүп, жолго жүгүрүп чыгыптыр. Ал жерде жөө өтмөк болгон эмес. Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ санкциялардын орус экспортуна тийген зыянын үч млд. долларга баалады

Кошмо Штаттар Орусиянын үч миллиард долларлык экспорттук соодасын токтото алганын Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Хизер  Нойерт 20-февралда билдирди. Анын айтымында, соода келишимдеринин токтотулушу Орусияны иш жүзүндө жазалоо болуп эсептелет жана Вашингтондогулар муну АКШдагы шайлоого кийлигишкени жана Сириядагы аракеттери үчүн “Орусияны жоопко тартуудагы” ийгилик катары санашат. Мамлекеттик департаменттин өкүлү кээ бир өлкөлөр Орусиядан бир катар товарларды жана материалдарды сатып... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ: санкциялардын орус экспортуна тийгизген зыяны 3 млрд. доллар болду

Кошмо Штаттар Орусиянын үч миллиард долларлык экспорттук соодасын токтото алганын Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Хизер  Нойерт 20-февралда билдирди. Анын айтымында, соода келишимдеринин токтотулушу Орусияны иш жүзүндө жазалоо болуп эсептелет жана Вашингтондогулар муну АКШдагы шайлоого кийлигишкени жана Сириядагы аракеттери үчүн “Орусияны жоопко тартуудагы” ийгилик катары санашат. Мамлекеттик департаменттин өкүлү кээ бир өлкөлөр Орусиядан бир катар товарларды жана материалдарды сатып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ымыркайлардын өлүмү боюнча Кыргызстан дүйнөдө 79-орунда

Чарчап калган ымыркайлардын саны боюнча Кыргызстан 184 өлкөнүн ичинен 79-орунда турат. БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) жаңы отчетуна ылайык, дүйнө жүзүндө чарчап калган ымыркайлар дагы эле көп.  Пакистан менен Ооганстанда жарык дүйнөгө келген балдарга караганда Жапонияда, Исландияда жана Сингапурда төрөлгөндөрдүн жашап кетүү шансы жогору. Жаңы төрөлгөн 86 баланын бирөө чарчап калып жаткан Кыргызстан 79-орунду ээлеп, мисалы, Азербайжандан, Монголиядан жана Молдовадан озуп чыкты. “Чейрек кылым... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сирия: Чыгыш Гутада өлгөндөрдүн саны 250гө жетти

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын маалыматына караганда, өкмөттүк күчтөрдүн бул аймакты 18-февралдан баштап бомбалоосунан кеминде 250 жайкын тургун мерт болду, 1200дөй киши жаракат алды. Өлгөндөрдүн 58си - балдар. БУУ, АКШ, Европа өлкөлөрү, адам укугун коргоочу топтор Сирия жана Орусия учактарынын, тик учактарынын бомбалоосунан жайкын тургундардын массалык түрдө өлүшүн айыптап жатышат. Куткаруучулар, байкоочулар, БУУнун өкүлдөрү бомбалоодо ооруканалар, көп кабаттуу үйлөр, базарлар бутага алынып жатканын айтышууда. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кочкор-Атада кафедеги өрттөн төрт киши жабыркады

Кочкор-Ата шаарында кафеде чыккан өрттөн улам төрт киши жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер бөлүмү кабарлады. Билдирүүдө айтылгандай, окуя Кочкор-Атадагы “Азия” кафесинде 21-февралга караган түнү болгон. Нан бышыруучу бөлмөдөн газ баллон жарылып, өрт чыккан. Анын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун бир тургуну жана Өзбекстандын Наманган шаарынын 23-24 жаштардагы үч тургуну жаракат алган. Алар ошол кафеде жалданып иштегендер болгон. Өрттүн себептери иликтенүүдө. Читать дальше...

Azattyk.org 

Сурамжылоо: Талас менен Чүйдүн жарымы өлкө туура эмес багытта деп эсептейт

Талас жана Чүй облустарындагы элдин тең жарымы Кыргызстан туура эмес багытта баратат деп эсептейт. Сурамжылоонун жыйынтыгы ушундай болгонун «Азаттыкка» Талас шаарында өтүп жаткан адам укуктары боюнча аймактык форумда «Аялдарды коргоо борборунун» өкүлү Бакен Досалиева билдирди. Жыйынга жергиликтүү социалдык адистер, укук тартибин коргоо органдары менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Маалыматка караганда, Акыйкатчы мекемеси эл аралык уюмдардын колдоосу менен Кыргызстандагы адам укуктары... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жээнбековдун Чаткалдагы шайлоо жарнактары жакында алынат

Чаткал районунун борборундагы Каныш-Кыя айылында былтыркы президенттик шайлоо учурунда илинген жарнактар алына элек. Бул тууралуу бүгүн жергиликтүү тургундар "Азаттыкка" билдиришти. "Шайлоо жыйынтыкталып, жаңы президент кызматына эбак киришсе да  ошол кездеги талапкер Сооронбай Жээнбековдун жарнактары дагы эле илинип турат. Мындан сырткары, негизги көчөдөгү Жээнбековдун штабынын сыртындагы жарнактар да алына элек. Анын ордуна быйыл жарыяланган "Аймактарды өнүктүрүү" жылына карата чакырыктарды жайгаштырышса болмок" дешти айыл тургундары. Читать дальше...

Azattyk.org 

Сабиров: Ысык-Көлгө турист келгенине сүйүнбөйм

Ысык-Көлдүн жээгине имарат курууга уруксат берүү маселеси бүгүн парламентте кызуу талкууланып жатат. Жогорку Кеңештин “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаты Максат Сабиров сунуш кылган мыйзам долбоору курулуш иштерин көлдүн жээгинен 300 метрден бери жүргүзүүнү карайт. Азыр бул ченем 100 метрди түзөт. Депутат Сабиров өз сөзүндө бул мыйзам кабыл алынса көлдөгү экологияны сактоого кошумча шарт түзүлөрүн айтып, азыркы абал үчүн уяларын белгиледи: - Ачыгын айтсам, туристтин келгенине деле сүйүнбөйм кээде. Читать дальше...

Azattyk.org 

Салянова: Калп айтуу расмий идеологияга айланды

“Калп айтуу бүгүн Кыргызстанда расмий идеология болуп калды" деди бүгүн парламентте сүйлөп жатып “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова. Ал муну мамлекеттик илдет катары баалап, өзүнө карата чыккан сот өкүмү мыйзамсыз экенин, коррупцияга каршы күрөш натыйжа бербегенин айтты. Мунун себеби катары ал өзүнө айып койгон адамдар өздөрү таза эмес деген көз карашын билдирди. Депутаттын айтымында, “саясий оппоненттер менен күрөшүүдө калп бийликтин негизги куралы” болууда, ошондуктан “калпты жакшы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Абактагы үч саясатчынын экөө ачкачылыгын убактылуу токтотту

Саясий ишмерлердин өтүнүчтөрүн жана дарыгерлердин кеңешин эске алуу менен абактагы саясатчылар Эрнест Карыбеков менен Кубанычбек Кадыров ачкачылыгын убактылуу токтотту. Бул тууралуу алардын адвокаты Марс Кыдыкбаев “Азаттыкка” билдирди. - Дарыгерлер “ден соолугуңар өтө зыян тартты, өлүп калышыңар мүмкүн” деп ачык эле айтышыптыр, ошону эске алышты. Анан Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев менен Каныбек Иманалиев аларга кирип, “ачкачылыкты токтоткула” деп суранышпады беле, ошолордун, саясий-коомдук ишмерлердин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Отунбаева: Бектурдун эмгеги чоң эле...

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 20-февралда абакта ачкачылык кармап жаткан саясатчы Бектур Асанов менен жолугуп, ал-абалын сурап чыкты.

Azattyk.org 

Орус түрмөлөрүндө мигранттар радикалдашып баратат

Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы "Терроризм" беренеси боюнча соттолгон борбор азиялыктар кескин көбөйгөндүктөн, орус абактарында диний радикалдашуу коркунучу пайда болгонун билдирди.

Azattyk.org 

Эмил Кайкиев ЕЭКтин энергетика министри болуп дайындалды

Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн башчыларынын чечими менен Эмил Кайкиев Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча коллегия мүчөсү (министр) болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматы кабарлады. Билдирүүдө айтылгандай, жаңы министр Евразия экономикалык комиссиясында Кыргызстандын өкүлү катары иш алып барат. Ал 20-февралдан баштап кызматка киришти. Комиссиянын коллегиясы он адамдан турат. Ага биримдикке мүчө болгон ар бир өлкөдөн экиден өкүл кирет. Читать дальше...

Azattyk.org 

Баткенде жаңы футбол аянтчасы жарактан чыкты

Баткенде 2 млн. 200 миң сомго курулган футбол аянты эки жылга жетпей жарактан чыкты. Бул тууралуу Кадамжай районундагы Көтөрмө айылдык кенешинин депутаты Сапар Сарыбаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Көтөрмө айылындагы Молдо Нияз орто мектебине футбол аянтын "Ош аалам" аттуу курулуш компаниясы курган. Кийин ал фирма аянтка футболдун эмес, теннистин кездемесин төшөп койгону белгилүү болгон. Депутат белгилегендей, курулуштун жүрүшүн көзөмөлдөөчү комиссияга мектептин жамаатынан эч ким катыштырылган эмес. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасынан мыйзамсыз өтүп бараткан жаран кармалды

Баткен аймагынын Каксай участогунда кыргыз-тажик чек арасынан мыйзамсыз өтүп бараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү кабарлады. Ал өткөрмө пункттан эмес, уруксат берилбеген линиядан өтүүгө аракет кылган. Кармалган киши Баткен облусунун Достук айылынын 35 жаштагы тургуну А.К. экени аныкталды. Ал Тажикстандагы туугандарынан кабар алганы баратканын мойнуна алды. Чек араны бузган кишиге айып салынды. Факт боюнча тиешелүү документтер толтурулгандан кийин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте майыптарга ыңгайлашкан алгачкы мейманкана ачылды

Бишкекте майып жарандар үчүн алгачкы мейманкана ачылды. Аны негиздеген ишкер Мирбек Асангариевдин айтымында, отелдин ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Эл аралык стандартка ылайык, ар бир бөлмө азиздер үчүн Брайл тамгаларын терүү системасы менен жабдылган. Ысык суу менен жылуулук Күн энергиясынан алынат. Отелдин ээлери бул жай Кыргызстанга туристтерди тартуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болорун айтууда. Мирбек Асангариев “Реформа” партиясынын лидери болгон... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ошто өз өмүрүнө кол салган жигит куткарылды

Ош шаарында өз өмүрүнө кол салган жигитти дарыгерлер куткарып калышты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Билдирүүдө айтылгандай, аларга бүгүн эртең менен Сулайман-Тоодо белгисиз жаран колунун кан тамырын кесип салгандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. Куткаруучулар жеткенге чейин медициналык тез жардам кызматынын дарыгерлери анын колун таңып, куткарып калышкан. Учурда абалы канааттандырарлык. Укук тартибин коргоо органдары кабарлагандай, суицидге барган жаран 20 жаштагы жигит экени аныкталды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстанда кармалган депутат тууралуу маалыматты төгүндөө талабы коюлду

Жогорку Кеңештин “Республика - Ата-Журт” фракциясынын депутаты Максат Сабиров парламенттин маалымат катчысынын депутаттын кармалышы тууралуу айткандарын төгүндөөсүн талап кылды. Сабиров мындай пикирин бүгүн парламенттеги жыйында төрагага кайрылып билдирди: - Жогорку Кеңештин маалымат кызматы “депутат Дамирбек Асылбек уулунун кармалышына парламенттин тиешеси жок, биз карабайбыз” деп айтканы интернетке чыгып кетти. Ушул нерсени төгүндөп, маалымат бердиртип койсоңуз. Анткени биз комитеттен карадык, фракция карап жатат, сиз кат жөнөтүп жатасыз. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бардык мектептер беш күндүк тартипке өтмөй болду

Кыргызстанда мектептердин баары аптасына беш күндүк окуу тартибине өтмөй болду. Бул тууралуу мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койгону бүгүн кабарланды. “Билим берүү жɵнүндɵ” мыйзам долбоору быйыл 10-январда парламентте кабыл алынган. Демилгечилер – депутаттар тобу. Алардын бири, депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоору мектептерде билим берүүнүн сапатын арттыра турганын белгилөөдө. Маселе парламентте талкууланып жатканда алты күндүк окуу окуучуларга ашыкча жүк болуп келгени, алар ар кандай ийримдерге катыша албай... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия Сирияда ондогон киши жарадар болгонун ырастады

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 20-февралда тараткан билдирүүдө "Сирияда жакында болгон кагылышууда Орусиянын жана КМШ мамлекеттеринин ондогон жарандары жарадар болгон, каза тапкандар да бар, бирок алар орусиялык аскерлер эмес" деп айтылат.  Маалыматка караганда, кагылышууга орус күчтөрү катышкан эмес. Жарадар болгон орус жана КМШ өлкөлөрүнүн жарандарын Орусияга кайтарууга жардам берилген. Билдирүүдө алар ар кайсы медициналык мекемелерде дарыланып жатканы белгиленген. Буга чейин чет элдик маалымат... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия Сирияда ондогон киши жаракат алганын ырастады

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 20-февралда тараткан билдирүүдө "Сирияда жакында болгон кагылышууда Орусиянын жана КМШ мамлекеттеринин ондогон жарандары жаракат алган, каза тапкандар да бар, бирок алар орусиялык аскерлер эмес" деп айтылат.   Маалыматка караганда, кагылышууга орус күчтөрү катышкан эмес. Жараат алган орус жана КМШ атуулдарынын Орусияга кайтарууга жардам берилген. Алар ар кайсы медициналык мекемелерде дарыланып жатканы белгиленген билдирүүдө. Буга чейин чет элдик маалымат каражаттары... Читать дальше...

Azattyk.org 

Иран: Сопулар менен коопсуздук күчтөрү кагылышты

Тегеранда 19-февралдагы сопулар менен укук коргоо кызматкерлеринин кагылышуусунан алты адам каза таап, 300дөй киши кармалды. Бул окуядан мерт болгондордун бешөө коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү экени кабарланды.


Движение автотранспорта временно перекроют в районе Якиманка

В Петербурге проходят гастроли МХТ им. Чехова. Москвичи покажут лучшие спектакли

СК выяснил, что все отравившиеся в Москве ели продукцию одной компании

Большой успех Северной Кореи. КНДР вместе с Россией обхитрили США



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

СК выяснил, что все отравившиеся в Москве ели продукцию одной компании

Более 140 каширских школьников приняли участие в фестивале «Летом с ГТО!»

В Петербурге проходят гастроли МХТ им. Чехова. Москвичи покажут лучшие спектакли

Крупный девелопер построит мультиформатный проект на границе природного заказника «Долина реки Сетунь»

Музыкальные новости

Неблагодарный батька или о чем говорил президент Белоруссии с делегацией Азербайджана?

Звезды оперной сцены представят I Международный фестиваль «Мир классического романса»!

Кинопродюсер.

Автопробег в честь Дня России прошел в Ленинском округе

Новости России

Франция вынуждена сократить свой военный контингент в Африке

Большой успех Северной Кореи. КНДР вместе с Россией обхитрили США

В Петербурге проходят гастроли МХТ им. Чехова. Москвичи покажут лучшие спектакли

Крупный девелопер построит мультиформатный проект на границе природного заказника «Долина реки Сетунь»

Экология в России и мире

Прямые рейсы в Таиланд неожиданно снимают: стали известны подробности и альтернативы

Триумфальное возвращение Льва Лещенко на сцену спустя месяцы затишья. Артист презентовал дуэт с солистом группы “Парк Горького” Сергеем АРУТЮНОВЫМ

Жена туриста, убитого электрическим током во время купания в джакузи на курорте, подала в суд прямо с больничной койки

Звезды оперной сцены представят I Международный фестиваль «Мир классического романса»!

Спорт в России и мире

Теннисисты Рублев, Хачанов и Самсонова не сыграют на Олимпиаде-2024

Самсонова поддержала Андрееску после победы над ней в финале турнира в Хертогенбосхе

Овечкин, Яковлев, Фридзон и Мыскина сыграли в падел-теннис в Турции: «Победила дружба»

Курникова показала трогательные фото Энрике Иглесиаса

Moscow.media

В Екатеринбурге начался второй этап опрессовок

«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»

Hyundai привозит в Россию старый добрый седан по цене LADA Vesta

Бесплатный билет в музеи Зеленоградска от «ПАРАDOX» и BelkaCar







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *