Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer
Июнь
2018

Новости за 21.06.2018

Azattyk.org 

"Regnum" Борбор Азияны мындан ары "Туркестан" деп атайт

Орусиянын мамлекеттик эмес "Regnum" маалымат агенттиги Борбор Азияны өз басылмаларында мындан ары "Туркестан" деп атай турганын билдирди. Бул тууралуу агенттиктин редактору социалдык тармактар аркылуу жарыя кылды. "Туркестан" деген аталыш XIX кылымда колдонулуп келген. Андан соң бул аймак "Орто Азия" деп, учурда "Борбор Азия" деп аталып келет. "Борбор Азия" деген түшүнүктү алгачкылардан болуп немис географы Александр Гумбольдт киргизген. Агенттик мындай чечимди аталыштын кыскалыгы жана ыңгайлуу экени менен түшүндүрдү. Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстанда үчүнчү ири шаар түптөлөт

Казакстанда президент Нурсултан Назарбаевдин жарлыгына ылайык Түштүк Казакстан облусунун ордуна Түркстан облусу түзүлдү. Облустун административдик борбору Түркстан шаары болот. Ал эми мурдагы борбор Чымкент республикалык маанидеги шаар макамына ээ болду.

Azattyk.org 

Жалал-Абадда ишкерди тоногон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү колго түштү

Жалал-Абадда ишкерди уруп, сабап карактаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Мыктыбек Турдубеков “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, 25-май күнү Сузак районунда жергиликтүү ишкерди белгисиз адамдар тоноп кеткен. Бирок ал арызды милиция кызматкерлери менен жолуккандан кийин гана жазган. Ишкер арызында бейтааныш адамдар аны Сузак районундагы таш заводун жабууга мажбурлаганын, коркутуп, 10 миң доллар акча сураганын жазган. Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ мыйзамсыз мигранттарды балдарынан ажыратпай турган болду

АКШ президенти Дональд Трамп мыйзамсыз мигранттарды балдарынан бөлүүнү токтотуу тууралуу жарлыкка кол койду. Документке ылайык эми АКШнын чек арасын басып өткөн ата-энелер менен балдар кармоочу жайларга чогуу киргизилет. Буга чейин АКШнын бийлиги мыйзамсыз мигранттарга карата “Нөл сабырдуулук” аттуу саясат колдонуларын жарыялаган. Натыйжада чек арада мигранттардын балдары ата-энелеринен тартып алынып жаткан. Балдар убактылуу камсыз кылуу борборлоруна жана багып алуучу үй-бүлөлөргө тапшырыла баштаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Максутова: Мектепте жол коопсуздугуна арналган сабактарды көбөйтүү керек

Мектеп окуучуларына жол коопсуздугунун эрежелерин үйрөткөн сабактарды көбөйтүү керек. “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмеси эл арасында жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгында ага катышкан адамдардын 66% мына ушундай пикирин айтышкан. Уюмдун өкүлү Нуркамал Максутованын айтымында, сурамжылоого катышкандардын 80% айдоочулардын да, жүргүнчүлөрдүн маданиятынын төмөндүгү жол кырсыктарына себепкер болуп жатканын айткан. Адис учурда башталгыч класстын окуучулары гана жол коопсуздугунун эрежелерин окушарын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Максутова: Мектепте жол коопсуздугу боюнча сабактарды көбөйтүш керек

Мектеп окуучуларына жол коопсуздугунун эрежелерин үйрөткөн сабактарды көбөйтүш керек. “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмеси эл арасында жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгында ага катышкан адамдардын 66% ушундай пикир айтышкан. Уюмдун өкүлү Нуркамал Максутованын айтымында, сурамжылоого катышкандардын 80% айдоочулардын да, жүргүнчүлөрдүн да маданиятынын төмөндүгү жол кырсыктарына себеп болуп жатканын айткан. Адис учурда башталгыч класстын окуучулары гана жол коопсуздугунун эрежелерин окуй турганын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте согушта курман болгондор үчүн 1,5 миңдей шам жагылат

Бүгүн Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналып 1 миң 418 шам жагылат. Бул тууралуу “Ветерандар 365” коомдук фондунан кабарлашты. Билдирүүдө айтылгандай, шам жагуу зыйнатын атайын ыктыярчылар аткарышат. 1 миң 418 шам жагуу расмисин иш-чараны уюштуруучулар Дүйнөлүк экинчи согуш ушунча күн уланганы менен түшүндүрүшөт. Бул эскерүү аземин аталган фонд ушуну менен үчүнчү жолу өткөрүүдө. 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң кыргызстандык катышкан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Активист Токтонасыров казакстандык блогерди колдоп пикетке чыгат

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бир ай мурда Бишкекте кармалган казакстандык блогер жана активист Муратбек Тунгышбаевди колдоп, Мамлекеттик миграция кызматынын жана Бириккен Улуттар Уюмунун алдына митингге чыгат. Бул тууралуу Токтонасыров “Азаттыкка” кабарлады. Ал Мамлекеттик миграция кызматынан казакстандык активист Муратбек Тунгышбаевге качкын макамын берүүнү талап кылат. Ал эми БУУну Тунгышбаевдин окуясына реакция кылууга чакырмакчы. Ушундай эле талап менен Токтонасыров 12-июнда Жогорку соттун... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ооганстанда "Талибандын" чабуулунан өлгөн аскерлер отуздан ашты

Ооганстандын батышында "Талибан" кыймылынын жоочулары бир нече чабуулдардын натыйжасында 30дан ашык аскер кызматкерин мерт кылышты.  Бадгис провинциясындагы кол салууну ал жердин губернатору жана талибдер өздөрү ырастады. Бул провинциядагы чабуулдан 11 аскер өлүп, тогузу жарадар болду. Бул - "Талибан" өкмөт менен утурумдук элдешүүнү токтоткондон кийинки алгачкы чоң чабуул. Ооган өкмөтү Айт майрамынын алдында башталган утурумдук элдешүүнүн убактысын он күнгө узартканы менен "Талибан" аны 17-июндун түнүнөн тартып токтотуп койгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бүгүн Айбек Калиевдин бөгөт чарасы каралат

Бишкек шаардык соту 21-июнда “Улуттук энергохолдингдин” мурдагы жетекчиси Айбек Калиевдин бөгөт чарасын карайт. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна кабарлады. Буга чейин анын абактагы мөөнөтү 13-августка чейин узартылган. Калиевдин адвокаттары анын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүп сотко кайрылышкан. Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын мурдагы жетекчиси... Читать дальше...

Azattyk.org 

Баткенде өрүктү кайра иштетүүчү завод ачылды

Кыргыз-тажик биргелешкен “Алтын Аймак” ишканасы Баткен облусунун Кара-Бак айылында мөмө-жемишти кайра иштетүүчү жаңы завод ачты. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты. Чакан заводдо өрүк, кайналы (кара өрүк), алма, жаңгак жана башка жемиштер кургатылып, даярдалат. Өнүмдөр Кыргызстандын түштүгүн бул азыктар менен камсыздоого мүмкүнчүлүк берет. Цехте 35 киши туруктуу иш менен камсыз болот. Мөмө-жемиш жуучу, тандоочу жана бөлүштүрүүчү жабдыктарды, күн кубаты менен кургатуучу шаймандарды сатып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Футбол-2018: Саудия менен Египет тайпадан жогору чыга албай калышты

20-июнда Дүйнө чемпионатынын алкагында “А” тайпасындагы экинчи тур жыйынтыкталып, Сауд Арабия менен Египеттин курамалары үчүн чемпионатка андан ары катышуу укугу аяктады. Бул күнү саудиялыктар Уругвайга 0:1 эсебинде утулуп, каршылашына үч упайды алдырып ийди. Натыйжада “А” тобунда Уругвай менен Орусия алты упай менен топ башына жайгашса, Египет менен Саудияда азырынча упай топтолгон жок. 25-июнда Египет - Сауд Арабиясынын оюну кандай эсеп менен жыйынтыкталбасын, бул курамалар талаа ээси Орусияны да... Читать дальше...

Azattyk.org 

Футбол-2018: Саудия менен Египет тайпадан өйдө чыга албай калышты

20-июнда дүйнө чемпионатынын алкагында “А” тайпасындагы экинчи тур жыйынтыкталып, Сауд Арабиясы менен Египеттин курама командалары үчүн чемпионатка андан ары катышуу укугу аяктады. Бул күнү саудиялыктар Уругвайга 0:1 эсебинде утулуп, анын аркасы менен Уругвай тайпада үч упайга ээ болду. Натыйжада “А” тобунда Уругвай менен Орусия алты упай менен топ башына жайгашса, Египет менен Сауд Арабиясы азырынча упай топтогон жок. 25-июнда Египет менен Сауд Арабиясынын оюну кандай эсеп менен жыйынтыкталса да бул командалар талаа ээси Орусияны да... Читать дальше...

Azattyk.org 

“Turkish Airlines” компаниясы Көчмөндөр оюндарына демөөрчүлүк кылат

Түркиянын “Turkish Airlines” компаниясы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына демөөрчү болууга макул болду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан кабарлашты. Билдирүүдө айтылгандай, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ 20-июнда, оюндун кезектеги айлампасын өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Анда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов уюштуруу, объектилердин курулушу, коопсуздукту камсыздоо жана демөөрчүлүк каражаттарды тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады. Читать дальше...




Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *