Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Август
2018

Новости за 06.08.2018

Azattyk.org 

"Авиа Траффиктин" дарегине жетпей конгон учагы каттамдан алынды

Бишкек-Анталия багытына учуп, бирок дарегине жетпей артка кайткан учак каттамдан алынды. Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин чечимине ылайык, ал окуя иликтенип бүтмөйүнчө колдонулбайт. Бул тууралуу "Авиа Траффик" компаниясынын сапат боюнча менежери Станислав Неверов "Азаттыкка" билдирди: - Экипаждын бардык мүчөлөрү суралат. Күбөлөр да суралат. Андан соң учакка эксперттик топ баа берет. Иликтөө комиссиясынын расмий тыянагы чыкмайынча, учак каттамга коюлбайт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жумушу оор, айлыгы дурус, тили буруу Корея

Акыркы жылдары Түштүк Кореяга иштегени, окуганы кеткендер арбыды. Орус жарандыгын алгандар да барып жатышат. Буга Орусия-Корея ортосунда туристтерге виза режиминин жоктугу негиз болууда. Кореяда жумуш кандай? Ал жакка кантип барса болот? Али Токтакунов Сувон шаарында талкуу уюштурду.

Azattyk.org 

АКШ Ирандын бийлигин элдин укугун сыйлоого үндөдү

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Кошмо Штаттар Ирандын бийлиги “куралсыз жарандарга каршы зомбулук” көрсөтүп жатканы тууралуу кабарлардан соң тынчсызданып жатканын билдирди. Беш-алты күндөн бери башкалаа Тегеранда жана башка бир катар шаарларда түмөндөгөн адамдар экономикалык каатчылыктан улам көчөгө чыгып жатышат. 5-августта Помпео "Твиттер" баракчасына “Куралсыз жарандарга каршы Иран режиминин зомбулук көрсөтүп жатканына биз терең тынчсызданып турабыз” деп жазды.   Мамлекеттик катчы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Венесуэлада президентке кол салууга шектүү алты киши кармалды

Венесуэланын бийлиги президент Мадурого «кол салууга аракет кылды» деп алты кишини кармады. Латын Америкасындагы бул өлкөнүн бийлиги аларды «террорчулар жана жалданма киши өлтүргүчтөр» деп атады. Мадурого жардыргыч зат бекитилген бир нече дрон менен ишембиде аскердик парад учурунда чабуул коюлган. Алардын бири бутага жетпей абада жарылган. Экинчиси болсо көп кабаттуу үйгө тийип жарылган. Венесуэланын ички иштер министри Нестор Реверол баш калаа Каракастагы операциянын натыйжасында алты киши кармалганын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Депутаттар мэрге калпак-чапан берүүнү токтотот

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жарандардын сын-пикирлеринен улам мындан ары баш калаанын башчысына калпак, чапан кийгизүү салтын токтотот. Бул тууралуу шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев 6-августта мэр шайлоого байланыштуу уюштурулган тегерек үстөлдө айтты.  Жыйынга катышкандардын айрымдары депутаттар шаар тургундарынын ой-пикирлери менен эсептешпей, өздөрү каалаган кишини калаанын  башчылыгына алып келип, калпак-чапан кийгиип жатышканын сындады.  Баш калаада бүгүн "Шаарлардын мэрлерин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Помпео: АКШ Иранга санкцияларды кайра киргизет

Кошмо Штаттар Иранга каршы экономикалык санкциялардын жаңы топтому тууралуу деталдуу планын 6-августта сунуш кылганы турат. Май айында Дональд Трамп 2015-жылы Иран менен алты дүйнөлүк державанын ортосунда түзүлгөн макулдашуудан чыккандан кийин Вашингтон Иранга каршы “сакцияларды кайра күчүнө киргизээрин” билдирген. Мамлекеттик катчы Майк Помпео Сингапурдагы саммиттен Вашингтонго жол тартып баратып Ак үй санкциялардын майда-чүйдөсүн 6-августта жарыялай турганын билдирип, бирок так убактысын айткан жок. Читать дальше...

Azattyk.org 

Индонезиядагы зилзала

Индонезиянын Ломбок аралында 5-августта болгон катуу жер титирөөдөн өлгөндөрдүн саны 140тан ашты. "Reuters" агенттиги билдиргендей, набыт болгондордун арасында чет элдиктер жок.

Azattyk.org 

Жарандык активист мэр шайлоого каршы пикетке чыкты

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн, 6-августта Бишкек мэриясынын алдына пикетке чыгып, шаардын башчылыгына Азиз Суракматовдун талапкерлиги көрсөтүлгөнүнө нааразылык билдирди. Ал илегендин бетине мэрди чоңдор тандабай, эл шайлашы керек экендиги тууралуу талапты жазып  алды.  Активист "Азаттыкка" кабарлагандай, аны менен мэриядан эч ким чыгып сүйлөшкөн жок.  Баш калаада бүгүн "Шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөттөрдүн башчыларын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу да өтүп жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Министр милиционерлерди сыпайы болууга чакырды

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев милиция кызматкерлерин сылык болууга чакырды. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, министр милиционерлерден чоң майрамдарда жана иш-чараларда адамдар менен сыпайы сүйлөшүүнү талап кылууда.  Кыргызстан Эгемендик майрамын 31-августта белгилейт. 2-8-сентябрда Ысык-Көлдө үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болот. 3-сентябрда Чолпон-Атада Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммити өтөт.  Кыргызстанда жарандар милиция кызматкерлеринин орой мамилесине даттанган учурлар арбын. Читать дальше...

Azattyk.org 

7-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

7-августта түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана тоо кыркаларында өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18...23, күндүз 30...35, Талас жергесинде түнкүсүн 18...23, күндүз 28...33, Баткен облусунда түнкүсүн 18...23, күндүз 32...37, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 18...23, күндүз 31...36, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 12...17... Читать дальше...

Azattyk.org 

Түркияда былтыр 31 кыргызстандык кулчулуктан куткарылды

Түркиянын Ички иштер министрлигине караштуу Мигранттар боюнча башкармалыктын 2017-жылкы статистикасына ылайык, өлкөдө 303 чет өлкөлүк жаран кулчулуктан куткарылган. Алардын 86сы сириялыктар, 31и кыргызстандыктар, 25и марокколуктар. Расмий кабарга ылайык, көбүнчө Анталия, Стамбул жана Анкара сыяктуу чоң шаарларда чет элдик аялдар "жумуш таап берем" деген куру сөзгө алданып калган учурлары катталган. Акыркы үч жылда Түркияда кулчулукка кабылган 642 чет өлкөлүк жарандын 460ы аял кишилер болгон.... Читать дальше...

Azattyk.org 

Индонезияда зилзалада набыт болгондор 140тан ашты

Индонезиянын Ломбок аралында 5-августта болгон катуу жер титирөөдөн өлгөндөрдүн саны 140тан ашты. "Reuters" агенттиги билдиргендей, набыт болгондордун арасында чет элдиктер жок. Күчү жети баллга жеткен зилзаладан эки жүздөн ашуун киши жабыркап, имараттар кыйрады. Матарам шаары ири зыян тартып, электр энергиясы үзүлдү. Куткаруу-тазалоо иштери уланууда, бирок алардын колу айрым жерлерге жете элек.  Ломбок - туристтер көп барган жер. АКШнын Геология кызматы билдиргендей, силкинүүнүн очогу аралдын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жазуучу жана журналист Шерназар Шүкүров дүйнө салды

Жазуучу, котормочу, журналист Шерназар Шүкүров 5-августта 68 жашында Бишкек шаарында оорунун айынан дүйнөдөн өттү. Сөөгү бүгүн, 6-августа Лебединовка аймагында жерге берилерин жакындары кабарлашты.  Маркум 1951-жылы 28-мартта Өзбекстандын Замин районунун Жети-Кечүү айылында жарык дүйнөгө келген. 1967-жылы аталган айылдын он жылдык кыргыз орто мектебин бүтүп, совхоздо эсепчинин жардамчысы, тракторчу болуп иштеген.  1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. Кыргыз... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өрттөн улам Таластын Манас районуна өзгөчө кырдаал киргизилди

Жайлоодогу өрттөн улам Талас облусунун Манас районуна 1-августтан тартып өзгөчө кырдаал режими киргизилди.  Жалынды өчүрүүгө облустун бир канча районунун өрткө каршы кызматтары катышууда. Ошондой эле, милициянын, токой чарбасынын, техникалык лицейдин кызматкерлери, жергиликтүү тургундар кошулуп, жалпысынан 350 киши өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатышат.  Казакстан менен чектеш Алмалуу жайлоосунда куураган чөп өрттөнө баштады. Себеби анык эмес. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык 28-июлда башталган. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Авиа Траффик" Анталияга жетпей калган учак боюнча комментарий бере элек

"Авиа Траффик" компаниясы Бишкек-Анталия каттамындагы учак дарегине жетпей, артка кайтканы тууралуу түшүндүрмө бере элек. Компаниянын сапат боюнча менежери Станислав Неверов "Азаттыкка" комментарий кийинчерээк берилерин айтты.  5-августта 111 жүргүнчү менен Түркиянын Анталия шаарына жөнөгөн А-320 үлгүсүндөгү учак "Манас" аэропортуна кайра конууга аргасыз болгон. Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги мунун себеби иликтөөнүн жыйынтыгынан соң белгилүү болорун билдирген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Тик учак кырсыгынын күмөндүү жагдайлары

Эл аралык авиациялык комитет Ысык-Көлдүн Түштүк Эңилчек аймагында кырсыкка учураган "Ми-8 МТВ" үлгүсүндөгү аскердик тик учактын кыйроо себептерин изилдөөгө киришти.

Azattyk.org 

Иранда бийликке нааразылык күчөдү

Беш-алты күндөн бери Ирандын бир катар шаарларында түмөндөгөн адам көчөгө чыгып, бийликке каршы нааразылык акциялары өтүп жатат. Караж шаарында демонстрация маалында бир киши набыт болгону кабарланды.

Azattyk.org 

Өзбекстанда милиция башкармалыгынын жетекчиси өлтүрүлдү

Өзбекстандын Ички иштер министрлигине караштуу Пост-патруль кызматы жана коомдук тартипти сактоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Дилшат Акрамовду өлтүрүп кетишти. "Азаттыктын" өзбек кызматы жергиликтүү маалымат булактарына таянып кабарлагандай, Акрамовдун сөөгү 4-августтун кечинде өзүнүн иш бөлмөсүнөн табылган.  Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, ал бычакталган. Кылмышты Башкы прокуратура иликтей баштады.  40 жаштагы Дилшат Акрамов аталган башкармалыкка быйыл июлдун башында жетекчи болуп дайындалган.

Azattyk.org 

Азиз Суракматов: 800 автобус, 400 троллейбус сатып алуу планым бар

Бишкек шаардык кеңешиндеги "Өнүгүү-Прогресс" жана КСДП фракциялары 3-августта мэр кызматына талапкер Азиз Суракматов менен жолугушуп, анын программасы менен таанышты. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Суракматов өз программасындагы маанилүү багыттар катары жаңы жолдорду куруп, эскилерди оңдоо, 700-800 даана чоң автобустар, 350-400 троллейбус сатып алуу, экологияны сактоо, бак-дарак отургузуу жана көчөлөрдү жарыктандыруу, шаар бюджетинин киреше бөлүгүн толтуруу үчүн кошумча каржы булактарды табуу экенин айтты. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Бишкек-Анталия" багытындагы учактын авариялык конуу себептери иликтенет 

Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги "Азаттыкка" учактын эмне себептен кайра конгону иликтөөнүн жыйынтыгынан кийин белгилүү болоорун билдирди. 5-августта Бишкектен Түркиянын Анталия шаарына багыт алган кыргызстандык "Авиатрафик" компаниясына таандык А-320 үлгүсүндөгү учак "Манас" аэропортуна кайра конууга аргасыз болгон. Аэропорттун басма сөз катчысы Алия Курбанова билдиргендей, 111 жүргүнчү түшкөн учак эртең мененки саат 7.46да абага көтөрүлгөн. Үч мүнөттөн... Читать дальше...

Azattyk.org 

Калктын басымдуу бөлүгү "үй-бүлөлүк зомбулук бар" деп эсептешет 

Кыргызстандагы “Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы 10-17-июлда телефон аркылуу жалпы улуттук социологиялык сурамжылоо жүргүздү. Ага катышкан 738 адамдын 96,3 пайызы үй-бүлөлөрдө "таш боор мамиле, зомбулук бар экенин" белгилешкен. Алар үй-бүлөдөгү зомбулукка жумушсуздук жана материалдык көйгөйлөр, аракечтик жана баңгизатка көз карандылык, калктын билими жана маданияты төмөндүгүн себеп катары көрсөтүшкөн. Сурамжылоо үй-бүлөдөгү зомбулук көйгөйү, анын себептери, жайылган түрлөрү жана... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жогорку сот иликтөөсү "экстремисттик" деп табылган уюмдардын арызын карайт

Жогорку сот бүгүн отчеттору "экстремисттик" деп табылган өкмөттүк эмес уюмдардын арызын карайт. Бул тууралуу "Бир дүйнө - Кыргызстан" уюму билдирди. Аталган уюм "Эмгек мигранттары жана алардын үй-бүлөлөрүнүн укуктарын коргоо", "2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндө болгон окуялар: зомбулук хроникасы" деп аталган отчетторду басып чыгарууга, сактоого, ташууга жана жайылтууга тыюу салган, аларды "экстремисттик" деп тапкан чечимге каршы Жогорку сотко кайрылган. Сот жарандык доону кароону бүгүнкүгө белгилеген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жогорку сот иликтөөсү "экстремисттик" деп табылган уюмдардын арызын карайт

Жогорку сот бүгүн отчеттору "экстремисттик" деп табылган бейөкмөт уюмдардын арызын карайт. Бул тууралуу "Бир дүйнө - Кыргызстан" уюму билдирди. Аталган уюм "Эмгек мигранттары жана алардын үй-бүлөлөрүнүн укуктарын коргоо", "2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндө болгон окуялар: зомбулук хроникасы" деп аталган отчетторду басып чыгаруу, сактоо, ташуу жана жайылтууга тыюу салган, аларды "экстремисттик" деп тапкан чечимге каршы Жогорку сотко кайрылган. Сот жарандык доону кароону бүгүнкүгө белгилеген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Индонезия: зилзаладан 80ден ашык адамдын өмүрү кыйылды

Индонезиянын Ломбок аралында 5-августта болгон катуу жер титирөөдөн кеминде 82 адам каза тапты. Күчү 7 баллга жеткен зилзаладан ондогон кишилер жараат алып, имараттар кыйраганын, электр энергиясы өчкөнүн "Би-Би-Си" кабарлады. Бир жума мурда да Ломбок аралында  жер титирөөдөн 16дан ашык кишинин өмүрү кыйылган. Ломбок туристтер үчүн популярдуу жер. АКШнын Геология кызматы жекшембидеги силкинүү очогу бул аралдын түндүк жээктеринен 10 чакырым тереңдикте жайгашканын билдирди. Силкинүү Бали аралында да сезилген.

Azattyk.org 

"Шаар мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын шайлоо" мыйзамы талкууланат

Бишкекте бүгүн "Шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын шайлоо жөнүндөгү" мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу болот.  Иш-чараны "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы", "Биздин укук" коомдук фонду жана "Сөз эркиндигин коргоо комитети" бейөкмөт уюмдары биргелешип өткөрмөкчү. Уюштуруучулар билдиргендей, коомдук угууга саясатчылар, жарандык активисттер жана мыйзам долбоордун демилгечилери, Борбордук шайлоо комиссиясы, президенттик администрациянын, өкмөт аппаратынын өкүлдөрү, Бишкек... Читать дальше...


Студент из Подмосковья представляет регион на этапе «Профессионалов» в Красноярке

В рамках фестиваля «Лето в Москве. Мода и красота» состоится Beauty Night Out

Продюсер Дворцов признал Пугачёву, Долину и Кадышеву богатейшими певицами в России

Фестиваль «Город танцует в парках» пройдет в Солнечногорске 16 июня



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Загрутдинов: котлованы южного перехода у вокзала Тимирязевская готовы на 80%

Крупнейший фестиваль казачьей культуры пройдет 8 июня в «Арамильской слободе»

Газпром нефть начала использовать 3D-печать для оборудования на нефтепромысле в Заполярье

Президент Сальвадора: Россия – сверхдержава, ее не сломать санкциями

Музыкальные новости

Пока в Якутии была ночь: встреча Путина с главами иностранных СМИ, отмена ЕГЭ и птичий грипп

Сергей Непобедимый: "Горбачёв сдал американцам в 1989 году наш новейший ракетный комплекс"

Пушинка из Космоса спасёт либо снесёт США? Научные важные данные. Проект «Святой Ленин».

До плюс 50 градусов: Каким городам России грозит аномальная жара летом 2024 года. Опубликован список

Новости России

На российском рынке недвижимости случился коллапс: Крым стал исключением

Крупнейший фестиваль казачьей культуры пройдет 8 июня в «Арамильской слободе»

Выставку исторических портретов открыли в Коломне

Юрист рассказала, кому достанется наследство Анастасии Заворотнюк

Экология в России и мире

Областная наркологическая больница запускает летнюю профилактическую кампанию для юных свердловчан

Befree запускает сайт для поиска талантов

Добрые рисунки: «585*ЗОЛОТОЙ» запустила конкурс ко Дню защиты детей

Это вовсе не только Питер: названы 15 городов России, куда можно поехать на белые ночи

Спорт в России и мире

«Сейчас даже счёт не помню»: Андреева сенсационно победила Соболенко и вышла в полуфинал «Ролан Гаррос»

Ролан Гаррос. Расписание 2 июня. Потапова и Швентек сыграют первым запуском, Синнер – последним

Названо условие сенсации в матче Арины Соболенко с вундеркиндом из России

Теннисист Джокович побил рекорд Федерера по победам на турнирах "Большого шлема"

Moscow.media

Тин-Мерзуга

За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков

Талантливый актер и неугомонный скандалист - несчастная судьба и ранний уход Николая Сектименко

Планируете отпуск в России? В этих городах есть бюджетное жилье — называем список







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *