Каракол шаардык кеңеши мэрдин ишин кайра карайт
Каракол шаардык кеңеши мэр Данияр Арпачиевдин ишин кайра карап, эмне себептен ага ишеним көрсөтпөгөнүн негиздеп берет. Бул тууралуу шаардык кеңештин төрагасы Эрлан Айсаракунов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, бул иш эс алуудан кийин октябрь айларынын соңунда каралышы ыктымал. - Мэрдин отчету канааттандырарлык эмес деп табылган. Андан мурдагысы дагы эске алынсын деп кеткен. Биз жөн эле жакпай калдың деген жокпуз, шаар ичинде чындап жумуштар жүрбөй калган. Ар бир комиссия кайсы иш жүрбөй калганын конкреттүү көрсөтөт. Читать дальше...