"Коопсуз шаарды" ишке ашыра турган компания тандалат
Бүгүн «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыра турган компанияны тандоо болот. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдирди. Анын айтымында, техникалык жана укуктук актылар боюнча эки иш тобу түзүлгөн. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси жана тапшырмасы бүткөн, коомдук талкуулар өткөрүлдү. Тендер 20-июлда жарыяланган. Шаршембиев белгилегендей, тандоо эки тур менен өтөт: Биринчи турда автоматташтырылган система өзү тандайт. Читать дальше...