Базар-Коргондо Текебаевдин партиялаштары жөө жүрүшкө чыкты
“Ата Мекен” партиясынын абакта жаткан лидери Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдыгына байланыштуу партиялаштары Базар-Коргондо жөө жүрүшкө чыгышты. Саясатчынын туулган күнү Кочкор-Атада да белгилене турганын уюштуруучулар “Азаттыкка” кабарлашты. Текебаевдин туулган күнүн партиялаштары Бишкекте да белгилеп жатышат. Ага “Ата Мекендин” мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, бир катар саясатчылар, жарандык активисттер, журналисттер катышууда. Белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев 1958-жылы 22-декабрда Жалал-Абад облусунда, Акман айылында туулган. Читать дальше...