Кыргыз тарыхы: Макелек Өмүрбай аганын жоромолдору: 2-макала
Тарыхнаамалык түрмөктө КЭРдеги калемгер Макелек Өмүрбайдын илимий чындыкка коошпогон жоромолдору жөнүндө кеп улантылмакчы. Экинчи бөлүм.
Тарыхнаамалык түрмөктө КЭРдеги калемгер Макелек Өмүрбайдын илимий чындыкка коошпогон жоромолдору жөнүндө кеп улантылмакчы. Экинчи бөлүм.
Москванын Тверь райондук соту оппозициялык активист, «Ал бизге падыша эмес» деп аталган нааразылык акцияларын уюштурган Алексей Навальныйды 30 күнгө камады. Сот аны «коомдук иш-чараларды өткөрүүдө эрежелерди кайра бузду» деп тапты. Бул тууралуу «Азаттыктын» орус кызматынын кабарчысы сот залынан билдирди. Ошондой эле оппозиционерге «полицияга баш ийген эмес» деген кине коюлду. Сот адвокаттардын полиция Навальныйды кармаганда «мыйзамсыз аракеттерди жасаган» деген жүйөсүн четке какты. Навальныйдын... Читать дальше...
Газа тилкесинде 50дөн ашуун палестиндик мерт болду. Казакстанда "Шайлоо жөнүндө" мыйзамды өзгөртүү сунушталууда. Кыргызстанда Өзбекстандан келген эмгек мигранттары көбөйдү. Тажикстан майып балдарды окутуп, аларга орто адистик билим берүү боюнча долбоор баштады. Украинадагы "Абадагы Тез жардам". Чехияда винил пластинкага талап күчөп, фабрика дем алышсыз күнү-түнү иштеп жатат.
Өзбекстан сырткы дүйнөгө эшик ачкандан бери ал жакка каттагандар көбөйдү. Ташкент, Бухара, Самарканд сыяктуу тарыхый шаарларды көрүп, зыярат кылгысы келгендер өз алдынча да, туристтик фирмалар менен да "карызга" барып жатышат. Кыргызстанда буга байланыштуу "насыяга саякат" системасы иштеп, Өзбекстанды карызга кыдыргандар көбөйдү.
Кыргыз коомунда “жетелеме жигиттер” көппү? Эркекти өз алдынча чечим кабыл алууга, энеси менен аялына бирдей мамиле кылууга үйрөтсө болобу? Апасы менен аялынын ортосунда чайналган эркектер акыры ажырашууга барып же депрессияга түшөбү? “Эже-сиңдилер” берүүсүнүн коноктору бул жолу ушул темада баарлашты.
“Хьюман Райтс Вотч” уюму Орусияда өтчү футбол боюнча дүйнө чемпионатын утурлай адам укуктарынын абалына сереп салган баяндамасын жарыялады. Анда дүйнөлүк мелдештин алдында Орусияда адам укуктарынын абалы начарлап кеткени айтылат. Укук коргоочулар айрыкча стадиондордо иштеп жаткан мигранттардын укуктары бузулуп жатканына көңүл бурушат. Уюмдун маалыматына караганда, эмгек мигранттарына маяна төлөнбөй, кооптуу шарттарда иштеп жатышат. Быйыл апрелге чейин дүйнөлүк чемпионат өтө турган стадиондордо 21 кишинин өмүрү кыйылган. Читать дальше...
Тажикстандын Чек ара аскерлеринин башкы башкармалыгы алардын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип кеткенин жана кыргыз чек арачыларынан кечирим сураганын четке какты. Бул тууралуу билдирүүнү коңшу өлкөнүн чек ара кызматынын басма сөз катчысы Мухаммаджон Улугходжаев таратты. Ал чек аралаш айылдардагы тургундардын документтерин тажик чек арачылары текшерүүгө алганы тууралуу кабар чындыкка төп келбей турганын айтты. “Биздин чек арачылар чектеш аймакка киргени тууралуу сөз – жалган, алар талаштуу тилкеде турушкан. Читать дальше...
Улуттар уюмунда бүгүн Коопсуздук кеңеши Газа секторундагы кырдаалды талкуулайт. Өзбекстандын Анжиян шаарында жүздөгөн адам набыт болгон кыргынга 13 жыл болду. Тажикстандын президенти орозо айын утурлай элге багытталган кайрылуусунда колунда бар адамдарды жолдорду, тигүү цехтерин, китепканаларды жана мончолорду курууга акча берүүгө үндөдү.
БУУда бүгүн Коопсуздук кеңеши Газа секторундагы кырдаалды талкуулаганы жатат. Ага чейин кечээ Газа сектору менен Израилдин чек арасында жөөт аскерлеринин аткан огунан кеминде 58 палестин курман болуп, 1200дөн ашууну жараат алды. Буга байланыштуу Палестинада үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Түркия Ислам Кызматташтык Уюмунун чукул саммитин чакырды. Кандуу окуя АКШ өз элчилигин Иерусалим шаарына расмий көчүргөн күнгө туш келди.
Синоптиктердин маалыматына караганда, 17-майга чейин туруксуз аба ырайы сакталып турат. Бул күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында катуу нөшөр болушу мүмкүн. Сел коркунучу бар. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24, Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 19...24, Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 8...13... Читать дальше...
Украинанын Коопсуздук кызматы Орусиянын өкмөттүк маалымат агенттигинин жетекчиси, орус жараны Кирилл Вышинскийди Киевде жашаган үйүнүн жанынан кармады. Агенттиктин жергиликтүү кеңсесинде тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу "Азаттыктын" орус кызматына Коопсуздук кызматынын басма сөз катчысы Елена Гитлянская билдирди. Анын сөзүнө караганда, атайын кызматтар Орусия «Украинага каршы гибриддик маалымат согушунда» колдонгон медиа уюмдардын ишин иликтеп жатат. «РИА Новости» агенттигинин Москвадагы баш... Читать дальше...
Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Гүлнара-Клара Саматка Жогорку Кеңештин депутатынын мандаты ыйгарылды. Бул тууралуу БШКнын маалымат бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Шеримбекова кабарлады. Атын Гүлнара-Клара Самат деп өзгөрткөн БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилова "Ата Мекен" партиясынан мурдагы депутат Аида Салянованын ордуна келди. Жылдыз Шеримбекова буга чейин Гүлнара-Клара Саматтын кош жарандыгы тууралуу маалымат кылдат текшерилгенин айтып, депутаттык күбөлүк бүгүнкү жыйында тапшырылганын билдирди. Читать дальше...
Америкалык филантроп Жорж Соростун “Ачык коом” институту Будапешт шаарынан Германиянын баш калаасы Берлинге көчөт. Фонддун билдирүүсүндө мындай чечимге премьер-министр Виктор Орбандын партиясы шайлоодо жеңгенден кийинки Венгриядагы “кысымчыл саясий жана укуктук кырдаал” түрткү болгону айтылат. Венгриянын премьери Сорос каржылаган институттарды катуу сындап жүргөнү белгилүү. "Сорос" фонду өз чечимин жарыялаардан бир күн мурда Венгриянын бийлиги өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердигин чектеген мыйзам кабыл алуунун планын бекиткен. Читать дальше...
Онкологиялык дартка каршы дарылардын баасы абдан кымбат. Мунун айынан Кыргызстанда бейтаптардын 20 пайызга жетпегени гана дарылануу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаев “жетекчиликтин ишениминен кетти” деген жүйө менен кызматынан бошотулду.
Түркиянын Айдын провинциясында 28 чет элдик жаран сойкулукка жана сойкулукту уюштурууга байланыштуу айыпталып кармалган. Алардын сегизи Кыргызстандын жарандары болуп чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү кабарлады. Кармалган 28 кишинин бешөө Грузиянын, алтоо Өзбекстандын, сегизи Казакстандын, бири Армениянын жараны болуп чыккан. Алардын баары Айдын провинциясынын миграция иштери боюнча облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Айыпталгандар 8-9-майда... Читать дальше...
Бүгүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин АКШдагы эки күндүк расмий сапары башталды. Аны утурлай "Эл аралык мунапыс" ("Amnesty International") уюму билдирүү таратып, АКШны өзбек президентин адам укугу боюнча олуттуу реформа жасоого чакырууга үндөп, билдирүү таратты.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон ыйык орозо айын утурлай элге багытталган бир жарым сааттык кайрылуусунда өлкөдөгү колунда бар адамдарды жолдорду, тигүү цехтерин, китепканаларды жана мончолорду курууга акча берүүгө үндөдү. Тажик лидери мусулмандар үчүн милдеттүү болуп эсептелген ыйык беш парздын бирөө - Мекеге зыяратка баруу үчүн корогон акчаны өлкөнүн оңдолушуна сарптоого үндөдү. Президенттин мындай сунушун залдагылар ордунан туруп, узакка кол чаап кубатташты. Ал эми сөзүнүн аягында Рахмон... Читать дальше...
Талас облусунун жаштары шаардыктарга акысыз курма жана Орозо айынын календарын таркатты. Акциянын уюштуруучуларынын бири Заирбек Камалдиновдун айтымында, мындай саамалык облуста жаштардын демилгеси менен биринчи жолу өтүп жатат. Максаты - коомду кайрымдуулукка үндөө. Кыргызстандын Аалымдар кеңешинин чечими менен 17-май орозонун алгачкы күнү катары белгиленди. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын адиси Орозали Адыраковдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, 16-майдан 17-майга караган түнү саат 3:34тө ооз бекилет. Читать дальше...
Кошмо Штаттардын биринчи айымы Мелания Трамп бөйрөгүнөн операция болду. Бул тууралуу 14-майдын кечинде АКШ президентинин жубайынын басма сөз кызматы кабарлады. Залалсыз шишикти алуу боюнча операция Мэриленд штатындагы Уолтер Рид атындагы аскердик-медициналык борбордо ийгиликтүү өткөнү кабарланды. Дарыгерлердин айтымында, биринчи айымдын абалы жакшы жана ал ооруканда бир жумадай жатат. Президент Трамп бул маалда Ак үйдө болду. Соңку отуз жыл ичинде АКШнын биринчи айымдарынын бирине да мындай олуттуу операция жасалган эмес. Читать дальше...
Ош шаарынын Озгур айылында асынып өлгөн 23 жаштагы жигиттин өлүмүнүн себептерин аныктоо боюнча иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Райхан Абдразакова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, маркум Аскар Касымбеков өз үйүнүн бүтө элек бөлмөсүндө жип менен асынып өлгөн. Ал ошол күнү Жалал-Абад шаарына тойго барып келгени, эч кандай кат жазып калтырбаганы такталды. Жигит өз жанын кыйган учурда апасы үйдө болгон эмес. Туугандары маркумдун сөөгүн экспертизага бергенден баш тартып... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси, экс вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча отурум 25-майга калды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева “Азаттыкка” билдирди. Отурумдун жылдырылышына ишти караган сот Эмилбек Каиповдун ооруп, келбей калганы себеп болду. Зилалиевге президент Сооронбай Жээнбековдун былтыр 24-ноябрда болгон инаугурациясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси менен ("Террорчулук жөнүндө... Читать дальше...
Казакстанда саясатчылар менен аткаминерлердин арасындагы аялдардын үлүшү 10 пайыздын гана тегерегинде. Жогорку кызматты ээлегендери андан да аз.
“Центерра Голд” ("Centerra Gold Inc.") компаниясы 2018-жылдын биринчи кварталында Кумтөр кенинен 116919 унций же 3 тонна 64 кг алтын өндүрдү. Бул тууралуу ишкананын жылдын биринчи чейреги үчүн берген отчетунда жарыяланды. Бул былтыркы жылдын ушул мөөнөтүнө караганда азыраак. Өндүрүмдүн аздыгын компания Сары-Төр участкасында курамында алтын азыраак камтылган казылмалар табылганы менен түшүндүрөт. Мындан ишкана 153 млн. доллар киреше тапты. Ошондой эле компания жылдын башынан бери 1,97 млрд. сом... Читать дальше...