Мы в Telegram
Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Май
2018

Новости за 21.05.2018

Azattyk.org 

Баткенде катуу жаандан кийин сел жүрдү (видео)

21-майда Баткен районундагы Жаңы-Жер жана Апкан айылдарында катуу жаандан кийин сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынан билдиришти.  Селдин айынан Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Жаңы-Жер айылы аркылуу өткөн бөлүгү бир сааттай жабылды.  Учурда аталган айылдарда изилдөө иштери жүрүп жатат. (MdN)

Azattyk.org 

Бишкекте курулуп бүтө элек үйдөн өрт чыкты

ӨКМдин маалымдашынча, өрт Токомбаев жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы салынып жаткан көп кабаттуу имараттан чыккан. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө Өрткө каршы кызматтан үч бөлүм тартылды. Кырсыктын себептери айтыла элек.

Azattyk.org 

Иранда козу карынга ууланып 11 киши каза тапты

Ирандын батышында 800дөн ашык киши козу карынга ууланганы аныкталды, ал эми 11 адам көз жумган. 200дөн ашык адам ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Ирандын медицина кызматкерлеринин айтымында, уулуу козу карын менен жей турган козу карын окшош болгондуктан эл көп адашат. Козу карын Ирандын батышындагы тоолордо жазгы жамгырдан кийин жайнап өсөт. ВВСнин жазганы боюнча, расмий мекемелер элге дүкөндөн гана атайын даярдалган козу карынды сатып алууну сунуш кылып жатат.

Azattyk.org 

Аракечтиктен алыстаткан жупуну борбор

Нарындагы алыс жолдун азабын тарткан окуучулар. Аракечтикти жакшы мамиле менен айыктырган борбор. Анталияда бөйрөк дартына чалдыккан мигрант кыз. Французча спектакль ойногон кыргыз актерлору. Кыргызстандагы орус-казактарынын жашоосу.

Azattyk.org 

Аракечтикти унуттурган жупуну борбор

Нарындагы алыс жолдун азабын тарткан окуучулар. Аракечтикти жакшы мамиле менен айыктырган борбор. Анталияда бөйрөк дартына чалдыккан мигрант кыз. Французча спектакль ойногон кыргыз актерлору. Кыргызстандагы орус-казактарынын жашоосу.

Azattyk.org 

Айыл өкмөт башчыларын түз шайлоо демилгеси көтөрүлдү

Бүгүн, 21-майда Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев сунуш кылган “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды. Бул тууралуу тегерек үстөлдүн уюштуруучулары "Азаттыкка" кабарлашты. Иш-чарага эл өкүлү Кенжебек Бокоев өзү да келип, катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Анын айтымында, мыйзам аркылуу айыл өкмөт башчыларын түз шайлоо жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мөөнөтүн төрт жылдан беш жылга которуп, ашыкча чыгаша кетирбей... Читать дальше...

Azattyk.org 

Нарендра Моди менен Владимир Путин Сочиде жолугушту

Орусиянын президенти Владимир Путин Индиянын премьер-министри Нарендра Модини 21-майда Сочиде кабыл алды. Акыркы айларда эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 17% көбөйгөнүн белгилеген Путин: «Эки тараптуу кызматташтыктын тамыры терең, биз ага жаңы дем бере алдык» деди. Орус лидери Москва менен Нью-Дели аскердик мекемелердин кызматташтыгын да жакшы жолго коё алганын белгиледи.   Индиянын өкмөт башчысы менен Путиндин бул расмий эмес жолугушуусу анын дагы алты жылдык президенттик мөөнөткө киришкенине эки апта болгондон кийин өтүп жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Помпео Иран боюнча АКШнын жаңы стратегиясын жарыялады

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Иран агрессиясын ооздукташ үчүн Пентагон жана АКШнын аймактагы өнөктөштөрү менен тыгыз кызматташарын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн АКШнын Иранга карата жаңы саясатын жарыялаган Вашингтондогу "Heritage" фондундагы баяндамасында айтты. Ал "АКШ Иранга болуп көрбөгөндөй каржылык басым көрсөтөт" деп да кошумчалады. Помпеонун айтымында, Иранга карата санкциялар Тегерандын саясаты өзгөргөнүн АКШ көргөндө гана жоюлушу мүмкүн. Анткени менен мамлекеттик катчы АКШ Иран... Читать дальше...

Azattyk.org 

Депутаттар Текебаевди бошотууну каалашат

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайрадан кароону сунуш кылышты.

Azattyk.org 

Депутаттар Текебаевди бошотуунун жолун тапты

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайрадан кароону сунуш кылышты.

Azattyk.org 

Британияда медианы тескөөчү мекеме “RT” боюнча иликтөө баштады

Британиянын жалпыга маалымдоо каражаттарын тескеген "Ofcom" мекемеси орусиялык мамлекеттик "Russia Today" телеканалы боюнча үч иликтөө баштады. Алар апрель айынын аягында, майдын башында даярдалган бир канча жаңылыктар берүүсүнө байланыштуу жүрүп жатат. “Ofcom” иликтөөнүн жүрүп жатышы телеканал мыйзамдарды бузду дегенди билдирбей турганын эскерткен. "Russia Today" телеканалы да жаңы иликтөө боюнча маалыматты ырастады. Буга чейин Британияда орусиялык мурдагы чалгын кызматкери Сергей Скрипал... Читать дальше...

Azattyk.org 

Британияда медианы тескөөчү мекеме RT боюнча иликтөө баштады

Британиянын жалпыга маалымдоо каражаттарын тескеген "Ofcom" мекемеси орусиялык мамлекеттик "Russia Today" телеканалы боюнча үч иликтөө баштады. Алар апрель айынын аягында, майдын башында даярдалган бир канча жаңылыктар берүүсүнө байланыштуу жүрүп жатат. “Ofcom” иликтөөнүн жүрүп жатканы "телеканал мыйзамдарды бузду" деген сөз эмес экенин эскерткен. "Russia Today" телеканалы да жаңы иликтөө боюнча маалыматты ырастады. Буга чейин Британияда орусиялык мурдагы чалгын кызматкери Сергей Скрипаль менен... Читать дальше...

Azattyk.org 

Британия орус байларын бутага алабы?

Британ парламентинин комитети Орусиядан Лондонго агылган шектүү акча жана байлыкка каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды. Орус тарап бул кабарды кезектеги пропаганда деп баалап, орус байларын акчасын Британияга эмес, Орусиянын өзүнө салууга чакырды.

Azattyk.org 

Лондон орустардын "арам" акчасын текшерет

Кошмо Штаттар менен Кытай соода талашы боюнча макулдашууга жетишти. Муну менен “соода согушуна" бөгөт коюлганын эки тараптын өкүлдөрү белгилешти. Венесуэланын президенти социалист Николас Мадуро кайрадан мамлекет башчылыкка шайланды.

Azattyk.org 

Польшанын мурдагы президенти майыптардын акциясын колдоду

Польшанын мурдагы президенти жана антикоммунисттик "Тилектештик" кыймылынын лидери Лех Валенса дүйшөмбү күнү бир айдан бери парламентте отуруп алып, нааразылык акциясын өткөрүп жаткан майып балдарга жолукту. Экс-президент аларга колдоосун билдирип, бийликтеги «Укук жана адилеттик» партиясынын чечимин сынга алды.    Арабада отурган бир канча бала жана алардын ата-энелери мамлекеттен көбүрөөк жардам алууну талап кылышууда. Акцияга катышкандардын саны аз болгону менен алардын талабы маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылып... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ-Кытай: соода талашы чечилди

Кошмо Штаттар жана Кытай соода талашы боюнча макулдашууга жетишти. Мунун натыйжасында эки тараптын расмий өкүлдөрү белгилешкендей, “соода согушуна" бөгөт коюлду.

Azattyk.org 

АКШ-Кытай: "соода согушу" токтотулду

Кошмо Штаттар жана Кытай соода талашы боюнча макулдашууга жетишти. Мунун натыйжасында эки тараптын расмий өкүлдөрү белгилешкендей, “соода согушуна" бөгөт коюлду.

Azattyk.org 

Футболчулар аралашкан мушташты милиция иликтей баштады

"Алай" жана "Алга" футбол командаларынын беттешинен кийинки мушташты Чүйдүн Ысык-Ата райондук милициясы иликтей баштады. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Кыргызстандын Футбол федерациясынын башчысы Семетей Султанов да  окуянын чоо-жайын Дисциплинардык комитетет тактоого киришкенин айтты. Жаңжалга эмне себеп болгону тууралуу так маалымат жок. Социалдык тармакта бул мушташ эки команданын ортосундагы көрө албастык жана бөлүнүү катары сыпатталууда.  Оштун... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кадамжайда ири суммадагы акча уурдаган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

2018-жылдын февраль айында Кадамжай-Айдаркен авто жолунун четиндеги унаа тетиктерин сатуучу дүкөндүн алдында токтоп турган автоунаадан 600 миң сомду белгисиз бирөөлөр уурдап кеткен. Автоунаа райондогу Кызыл-Булак айылынын 27 жаштагы тургунуна таандык болгон. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси ("Уурулук") менен кылмыш иши козголуп, райондук милициянын ыкчам аракетинин натыйжасында кылмышка шектүү киши аныкталган. Ага издөө жарыяланган. Иликтөө иштеринин натыйжасында Кадамжай райондук... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кадамжайда ири суммадагы акча уурдаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

2018-жылдын февраль айында Кадамжай-Айдаркен авто жолунун четиндеги унаа тетиктерин сатуучу дүкөндүн алдында токтоп турган автоунаадан 600 миң сомду белгисиз бирөөлөр уурдап кеткен. Автоунаа райондогу Кызыл-Булак айылынын 27 жаштагы тургунуна таандык болгон. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголуп, райондук милициянын ыкчам аракетинин натыйжасында кылмышка шектүү киши аныкталган. Ага издөө жарыяланган. Иликтөө иштеринин натыйжасында Кадамжай райондук... Читать дальше...

Azattyk.org 

Подполковник Уларовдун табышмактуу өлүмү

Былтыр жазында Ош шаарында киши колдуу болгон милиция кызматкери Таирбек Уларовдун жакындары Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, сотторго нааразылык билдирди.

Azattyk.org 

Подполковник Таировдун табышмактуу өлүмү

Былтыр жазында Ош шаарында киши колдуу болгон милиция кызматкери Таирбек Уларовдун жакындары Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, сотторго нааразылыгын билдиришти.


Столб густого чёрного дыма был виден за сотни метров: В Москве за считаные минуты сгорел автокран

Ученые знают, как спасти от рака Кейт Миддлтон, но семья может не пойти на это

Лысенко и Кочанова выиграли соревнования по прыжкам в высоту в Москве

Жены инженеров. 1937. Часть 1



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Лысенко и Кочанова выиграли соревнования по прыжкам в высоту в Москве

Гимнастка Солдатова опубликовала видео катания на вейкборде

Ученые знают, как спасти от рака Кейт Миддлтон, но семья может не пойти на это

В Тульской области пройдет «мегаливень» на предстоящей неделе

Музыкальные новости

Собянин: Москва — мировой лидер по динамике развития транспортной инфраструктуры

Об отношении к русским в Азербайджане

Глава СК Бастрыкин пообещал защитить гаишника Гусева от диаспоры и МВД Новосибирска

Титов предположил, что у «Динамо» и «Краснодара» еще 10 лет не будет шанса на победу в РПЛ

Новости России

Команда из Мытищ победила в турнире Подмосковья по стритболу

Москвичам спрогнозировали "мегаливень" в День России

Путин громко захлопнул перед Эрдоганом дверь. Турцию, которая захотела в БРИКС, окатили ледяным душем.

Столб густого чёрного дыма был виден за сотни метров: В Москве за считаные минуты сгорел автокран

Экология в России и мире

Антисанитария в службах доставки: токсиколог Кутушов рассказал, почему опасно заказывать еду

Пошив костюма по индивидуальным размерам

Армянские ковры Арцаха (Карабаха) с уникальным орнаментом представлены как «генетический код» Азербайджана - сайт monumentwatch

Приглашенные солистки выступят в опере «Руслан и Людмила»

Спорт в России и мире

Каспер Рууд: «Не буду выступать на турнирах перед «Уимблдоном», но на нем, конечно, сыграю»

«Мирра Андреева обладает удивительной выживаемостью» // Олимпийская чемпионка по теннису Елена Веснина об итогах женского Roland Garros

Свёнтек сравнялась с Шараповой по победам на турнирах Большого шлема

Зверев и Рууд не пожали друг другу руки после полуфинала «Ролан Гаррос» – из-за проблем с желудком у норвежца

Moscow.media

Сотрудники военных следственных органов Следственного комитета России по всей стране оказывают помощь подшефным детским учреждениям

В этом году планируют заключить контракт на реконструкцию еще одного участка трассы Р-23 в Ленобласти

Об отношении к русским в Азербайджане

SURREAL NAMIBIA







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *