Мы в Telegram
Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Май
2018

Новости за 23.05.2018

Azattyk.org 

Тажик министри фамилиясын өзгөрттү

Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Аслов фамилиясын өзгөрттү. Эми анын аты-жөнү документтерде "Сирожиддин Мухриддин" деп жазылат. “Тышкы саясат мекемесинин башчысы бир канча күн мурда фамилиясын өзгөрттү. Эми документтерде анын фамилиясы катары атасынын аты колдонулат” деп билдирди министрликтин атын атабаган кызматкери “Азаттыктын” тажик кызматына.   Сирожиддин Мухриддин 54 жашта, ал бул кызматка 2013-жылы дайындалган. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон фамилиясынын “ов” деген бөлүгүнөн 2007-жылы баш тарткан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Соттор канткенде эркин болот?

Жогорку сот экс-депутат, мурдагы баш прокурор Аида Салянова боюнча мурдагы соттордун өкүмүн күчүндө калтырды. Салянова соттун чечимин "адилетсиз" деп баалап, президент Сооронбай Жээнбековдун сот реформасы боюнча убадаларын куру сөз катары сыпаттады. Буга чейин жарандык активисттер мурдагы бийликтин тушунда бир катар адамдар саясий мүнөздө соттолгонун белгилеп, алардын укуктарын калыбына келтирүү маселесин көтөрүшкөн. "Ыңгайсыз суроолордун" бул жолку чыгарылышы соттордун көз карандысыздыгын талкууга алды.

Azattyk.org 

Таласта катуу шамал 11 үйдүн чатырын учурду

Талас районундагы Долоно жана Кара-Суу айыл аймактарына караштуу 11 үйдүн чатырын шамал учуруп кетти. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган райондун акими Бакыт Нуржанов билдирди. Маалыматка ылайык, азыркы тапта келтирилген чыгым эсептелип жатат. Шаршембиде Таластын бийик тоолуу айылдарында ылдамдыгы секундасына 10-15 метр болгон. Бүгүн Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катуу шамал болду. Анын чыгашасы тууралуу маалымат айтыла элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги борбордо жана аймактарда 23-майда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусияда активисттер Руслан Шаведдинов менен Кира Ярмыш бир айга чейин камалды

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын «YouTube» каналынын алып баруучусу Руслан Шаведдинов 30 күнгө камалды. Аны полиция 22-майда Москвадагы үйүнөн кармап кеткен. Укук коргоо органдары активисттен кабар алганы барган Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмышты да кармаган. Руслан Шаведдинов сот чечиминен кийин «Твиттердеги» баракчасына «Отуз күн. Мындан кийин да өлкөнүн келечеги үчүн күрөшкө катышууга сиздерди чакыра берем» деп жазды.  Сот бүгүн Кира Ярмышты да 25 күнгө камоо чечимин чыгарды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жан-Ив Ле Дриан: АКШнын чечими Ирандагы консерваторлорду күчтөндүрөт

Кошмо Штаттардын Иран боюнча жаңы стратегиясы Тегерандагы консерваторлордун позициясын бекемдеп, жалпы аймакка коркунуч жаратышы мүмкүн деген пикирин Франциянын тышкы иштер министри шаршембиде билдирди.  Жан-Ив Ле Дриандын билдирүүсүнөн эки күн мурда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Иран баллистикалык ракета сыноолорун чектеп, аймакка көрсөткөн таасирин тизгиндебесе, Тегеранга каршы тарыхтагы эң катаал санкциялар киргизилерин жарыялаган. Жан-Ив Ле Дриан Париж Ирандын гегемониялык амбициялары... Читать дальше...

Azattyk.org 

Режиссер Олег Сенцовду бошотууну талап кылган дүйнөлүк акция өтөт

Украин активисттери Орусияда соттолгон украиналык режиссер Олег Сенцовду бошотууну талап кылган "Олег Сенцовду коргоо" (#SaveOlegSentsov) деген ат менен дүйнөлүк акция өткөрүшөрүн кабарлашты. Алар 1-2-июнда боло турган акция Орусиядагы футбол боюнча дүйнө чемпионатын утурлай өткөрүлүп жатканын белгилешүүдө. “Биз дүйнөдөгү бардык шаарларда бейкүнөө адамдарды мыйзамсыз камап жаткан Путиндин режими үчүн кызыл карта көрсөтөбүз” дешти активисттер. Шаршембиде Москвадагы көпүрөдө Олег Сенцовду бошотууну... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия: Саясатташкан футбол

АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлеринин июнга белгиленген саммити болбой калышы мүмкүн. Президент Дональд Трамп жолугушуу болорунан күмөн санап турганын билдирди. "Хюман Райтс Вотч" уюму дүйнө лидерлерин Орусияда өтчү Дүйнөлүк Футбол чемпионатынын ачылыш аземин бойкоттоого үндөдү. Орозо айында Ооганстанда талиптердин чабуулдары күч алды.

Azattyk.org 

Футбол: Күйөрмандарды чочулаткан коопсуздук

Орусиядагы Футбол чемпионатына Британиядан он миңдей күйөрман келери күтүлүп жатат. Британ бийлиги жарандарына коопсуздук жөнүндө эскертип, чемпионатта этият болууга чакырды.

Azattyk.org 

Жогорку сотко үч судья өткөн жок

Бүгүн, 23-майда парламентте Жогорку соттун судьялыгына көрсөтүлгөн талапкерлерди тандоо маселеси каралды.Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев талапкер катары Ирина Воронцованын, Дамира Орозованын, Кыдык Жунушбаевдин, Нургүл Бакированын, Айдарбек Алымкуловдун атын атаган. Алар буга чейин укук коргоо, сот тармактарында иштеп келишкен.

Azattyk.org 

Сооронкулова: Биздин сотторго абийир жетишпейт

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова "Азаттык" менен Жогорку соттун судьяларын шайлоо жараяны тууралуу маектешти. Ал парламент мурдагыдай бийлик көзүн карабай, баш көтөрө баштаганын белгиледи.

Azattyk.org 

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Ошто "автоунаасын тартып алып, анын ээсин сабаган" деген шек менен эки киши кармалды. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 167 ("Карактоо") жана 123 ("Адам уурдоо") беренелери менен иш козголду. Учурда шектүүлөр Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Жабырлануучунун айтымында, 20-май күнү кечке жуук шаардагы базарлардын биринен жогоруда сөз болгон жарандар машинесин тартып алып, өзүн белгисиз жакка алып барып сабап, таштап кетишкен. Читать дальше...

Azattyk.org 

HRW Орусиядагы футбол чемпионатын бойкот кылууга чакырды

Эл аралык “Хьюман Райтс Вотч” (HRW) укук коргоо уюму дүйнө лидерлерин Орусияда өтчү Дүйнөлүк футбол чемпионатынын ачылыш аземин бойкот кылууга чакырды. Уюм тараткан видеодо "Орусия Сириядагы Башар Асаддын кандуу режимин колдоп жатканы" жана "Сириядагы бейкүнөө адамдардын өлүмүнө жоопкер" экени белгиленет. Эл аралык "Хьюман Райтс Вотч" уюмунун башкы директору Кеннет Роттун айтымында, дүйнөдө эң көп көрүлгөн бул иш-чараны өткөрүү менен Орусия өз аброюн көтөрүүнү көздөйт. Ал "Путин Сириядагы кандуу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Назарбаев Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектөөгө укук алат

Казакстанда Мажилистин депутаттары шаршемби күнү жалпы жыйында “Казакстандын Коопсуздук кеңеши  жөнүндөгү” мыйзамды экинчи окууда кабыл алды. Мыйзам долбооруна ылайык, Коопсуздук кеңеши консультациялык органдан конституциялык мекемеге айланат. Ошондой эле Казакстандын туңгуч жана азырынча жалгыз президенти Нурсултан Назарбаевге Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектөөгө укук берилүүдө. Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда жаңы конституциялык мекеме улуттук коопсуздукту жана коргонууну гана камсыз кылбастан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жемкордун алтымыш айласы бар

Президент Сооронбай Жээнбековдун “мөөнөтү өттү” деп кылмыш ишин кыскартуу жобосун мыйзамдан алып салуу, "жеп-ичкендер" сот аркылуу төлөгөн акчасын бир эсепке топтоо тууралуу демилгеси коррупцияга каршы күрөштө канчалык натыйжа берет?

Azattyk.org 

Трамп Ким менен жолугаарынан күмөн санады

АКШда президент Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушаарынан күмөн санады. Анын айтымында, 12-июнга мерчемделген саммит боюнча маселеге али тактык кире элек жана убактысы өзгөрүп кетиши да мүмкүн. Ал арада Түндүк Корея жарыялагандай "өзөктүк сыноо өткөрүлүүчү полигондун бузулушуна" күбө болуш үчүн ал жакка чет элдик журналисттер тобу барды.

Azattyk.org 

Жогорку соттун жаңы тандалган судьялары ант берди

Жогорку соттун парламент аркылуу шайланган жаңы судьялары Кыдык Жунушбаев менен Нургүл Бакирова ант беришти. 23-майда парламент Жогорку соттун судьялыгына көрсөтүлгөн талапкерлерге добуш берүнүн жыйынтыгында Кыдык Жунушбаев менен Нургүл Бакированын талапкерлиги жактырылып, Ирина Воронцова, Дамира Орозова жана Айдарбек Алымкулов жетиштүү добуш ала алган жок. Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев талапкер катары жогорудагы беш адамдын атын атаган. Алар буга чейин укук коргоо, сот тармактарында иштеп келишкен. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстан орточо айлык боюнча Борбор Азияда 4-орунда

Мындай көрсөткүч Европанын статистикалык бөлүмү, Эл аралык эмгек уюму жана Экономикалык кызматташтык жана улуттук статистиканы өнүктүрүү уюму чыгарган дүйнөлүк рейтингде көрсөтүлгөн.  Анда орточо айлык эң көп өлкөлөрдүн башында Швейцария, Норвегия жана Люксембург турат. Бул мамлекеттерде орточо айлык акы 3,5 миң доллардан көп. Орусия 615 доллар айлык акы менен 69-орунда. Коңшу Казакстанда орточо айлык акы 480 долларга бааланып, 86-орунда. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Түркмөнстан 320 долларлык орточо айлык акы менен 110-орунда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Украинада танкка каршы америкалык комплекс сыноодон өткөрүлдү

22-майда Украинада “Жавелин” аттуу үчүнчү муундагы танкка каршы америкалык комплекс сыноодон өткөрүлдү. Иш-чарага күбө болгон мамлекет башчы Петро Порошенко украин күчтөрүнүн дарамети кийинки жылдары кыйла өскөнүн билдирди. Анын айтымында, Орусия кол салса ушул коргонууга багытталган курал  колдонулат. Президент Американын комплекстери өз натыйжалуулугун көрсөткөнүн белгилеп, Кошмо Штаттарга Украинага көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Сыноо Чернигов облусунда Орусия менен чек арага жакын жерде өткөрүлдү. Читать дальше...

Azattyk.org 

Парламент Жогорку сотко үч судьяны өткөрбөй койду (видео)

Бүгүн, 23-майда парламент Жогорку соттун судьялыгына көрсөтүлгөн талапкерлерге добуш берүнүн жыйынтыгында Кыдык Жунушбаев менен Нургүл Бакированын талапкерлиги жактырылып, Ирина Воронцова, Дамира Орозова жана Айдарбек Алымкулов жетиштүү добуш ала алган жок. Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев талапкер катары жогорудагы беш адамдын атын атаган. Алар буга чейин укук коргоо, сот тармактарында иштеп келишкен.   Эми Жогорку Кеңеш добуш берген судьяларды президент бекитет. Кыргыз... Читать дальше...

Azattyk.org 

Парламент Жогорку соттун үч судьясын өткөрбөй койду (видео)

Бүгүн, 23-майда парламент Жогорку соттун судьялыгына көрсөтүлгөн талапкерлерге добуш берүнүн жыйынтыгында Кыдык Жунушбаев менен Нургүл Бакированын талапкерлиги жактырылып, Ирина Воронцова, Дамира Орозова жана Айдарбек Алымкулов жетиштүү добуш ала алган жок. Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев талапкер катары жогорудагы беш адамдын атын атаган. Алар буга чейин укук коргоо, сот тармактарында иштеп келишкен.   Эми Жогорку Кеңеш добуш берген судьяларды президент бекитет. Кыргыз... Читать дальше...

Azattyk.org 

Пакистан: АКШдагы атышууда көз жумган кыздын сөөгү жерге берилди

Пакистанда Кошмо Штаттарга алмашуу программасы менен барып, өткөн аптада Техастагы атышууда курман болгон кыздын сөөгү жерге берилди. Бир күн мурда анын сөөгү өзү туулуп-өскөн Карачи шаарына жеткирилген. 17 жаштагы Сабика Шейхти акыры сапарга узатуу зыйнатына жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана АКШнын Пакистандагы элчиси да катышты. Шейх Техас штатынын Санте-Фе шаарындагы мектепте билим алып жаткан эле. 18-майда он кишини өлтүрүп, дагы онун жарадар кылган 17 жаштагы окуучу Димитриос Пагуртзис камакка алынган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Судьялыкка талапкерлердин бирөө 1 жылда беш эле иш караган

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев Жогорку соттун судьялыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин бири Кыдык Жунушбаевдин бир жылда эмне үчүн аз иш караганына кызыкты.  - 2016-жылы беш иш карапсыз, анын үчөө токтотулуптур. 2017-жылы үч иш карапсыз. Сиз сот болуп иштебейт окшойсуз. Жаныңыздагы судья бир күндө он иш караса керек? - деди Зулушев. Ал эми Кыдык Жунушбаев 2016-2017-жылы Судьялар кеңешине төрөга болуп шайлангандыктан көп иш карай албаганын билдирди. Бүгүн, 23-майда парламентте Жогорку... Читать дальше...


Подмосковные коммунисты: Только в труде можно счастье найти!

На внешней стороне ТТК в Москве загорелся автокран

С черного дохода: Минтруд оценил число занятых в тени россиян в 9,6 млн

Портос и его женщины. Главная роль и личная жизнь Валентина Смирнитского



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

С черного дохода: Минтруд оценил число занятых в тени россиян в 9,6 млн

Министр спорта Дегтярев обвинил МОК в русофобии

У США и ЕС не хватает сил. Или зачем Путин летал в Китай

Россия и Бахрейн обсудили на ПМЭФ-2024 реализацию совместных инициатив

Музыкальные новости

Глава Следкома России Александр Бастрыкин вступился за полицейского, которого выживают из МВД за случайное уbийство азербайджанца

В ПРЕДДВЕРИИ ДНЯ РОССИИ РОСГВАРДЕЙЦЫ ПРОВЕЛИ ПРАЗДНИЧНОЕ МЕРОПРИЯТИЕ ДЛЯ ДЕТЕЙ

В аэропорту Пулково 12 рейсов задержали и отменили еще один

«В девять лет я уже был очень любвеобильным». Актер Михаил Богдасаров вспомнил детство в шоу «Вкусно с Анфисой Чеховой» на ТВ-3  

Новости России

Подмосковные коммунисты: Только в труде можно счастье найти!

Россия и Бахрейн обсудили на ПМЭФ-2024 реализацию совместных инициатив

С Азиатской олимпиады по физике российские ребята привезли внушительный набор медалей высшего достоинства

Риелторы прогнозируют снижение цен на «вторичку»

Экология в России и мире

Адские цены на Сочи и Анапу заставили российских туристов найти новые пути экономии

Новая коллекция ювелирных украшений Louis Vuitton

Можно ли прожить без музыки? Дискуссия протагонистов музыкального бизнеса

Антисанитария в службах доставки: токсиколог Кутушов рассказал, почему опасно заказывать еду

Спорт в России и мире

Уимблдон и Олимпиада? Что нужно знать о планах Рыбакиной после Ролан Гаррос

Каспер Рууд: «Не буду выступать на турнирах перед «Уимблдоном», но на нем, конечно, сыграю»

«Мирра Андреева обладает удивительной выживаемостью» // Олимпийская чемпионка по теннису Елена Веснина об итогах женского Roland Garros

Зверев сыграет с Алькарасом в финале "Ролан Гаррос"

Moscow.media

Любимый внедорожник россиян стал еще доступнее: известна цена

Об отношении к русским в Азербайджане

Трасса М-12 Восток будет продлена до Тюмени в 2025 году

Ученые нашли «выключатель» болезни Паркинсона







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *