"Саясатчынын аялы болуу кыйын"
"Күчтүү эркектин артында андан да күчтүү аял турат" деген акылман сөз айтылат. Учурда ар кандай себептер менен абакта отурган саясатчылардын жубайлары ким? Алар үй-бүлө тиричилиги туурасында эмне дешет?
"Күчтүү эркектин артында андан да күчтүү аял турат" деген акылман сөз айтылат. Учурда ар кандай себептер менен абакта отурган саясатчылардын жубайлары ким? Алар үй-бүлө тиричилиги туурасында эмне дешет?
Ош, Жалал-Абад, Чүй жана Нарын облустарында курал-жарак жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз сактагандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүдө айтылгандай, Жалал-Абад шаарында жашаган 52 жаштагы тургундун үйүнөн РГД-5 гранатасы, 9 мм калибрлүү Макаров тапанчасы, үлгүсү белгисиз тапанча, өз алдынча жасалган мылтык жана 7,62 калибрдеги бир нече патрондор табылган. Мындан сырткары Сузак районунун жашоочусунан 16-калибрдеги ок атуучу курал алынды. Нарын... Читать дальше...
Бишкек шаардык соту бүгүн Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын аппелляциялык арызын кароону улантат. 5-февралдагы жараянда тараптардын жарыш сөзү бүткөн эмес, жараян бүгүнкүгө белгиленген. Эреже боюнча жарыш сөздөн кийин айыпталуучуга акыркы сөз берилип, андан соң чечим окулууга тийиш. Кечээ прокуратура Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, Аида Салянованы үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 8 жылга кесүүнү, жазаны дароо өтөө тууралуу чечим чыгарууну соттон сураган. Читать дальше...
Азербайжан президенти октябрды күтпөстөн кезектеги шайлоону апрель айына белгиледи. Буга эмне себеп болгонун тактаган жок. Айрым саясий күчтөр себебин айтууну талап кылса, башкалар шайлоону капыл-тапыл өткөрүү менен бийлик атаандаштарына даярданууга мүмкүнчүлүк бербей жатат дешти.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын расмий өкүлү Александр Никсдорф камакта ачкачылык жарыялаган саясатчыларга байланыштуу Бишкек шаардык сотундагы кезектеги жараян улантыларын билдирди. Анын айтымында, ачкачылык кармагандардын абалы дарыгерлердин көзөмөлүндө. Никсдорф абактагылар сотко жеткирилерин 5-февралда билдирди: - Үчөөнүн тең абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Башы айланганын айтып жатышат. Бирок биздин дарыгерлер керектүү дарылоодон өткөрүп турушат. Абактагы Бектур Асанов, Кубанычбек... Читать дальше...
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын расмий өкүлү Александр Никсдорф камакта ачкачылык жарыялаган саясатчыларга байланыштуу Бишкек шаардык сотундагы кезектеги жараян уланарын билдирди. Анын айтымында, ачкачылык кармагандардын абалы дарыгерлердин көзөмөлүндө. Никсдорф абактагылар сотко алып келинерин 5-февралда билдирди: - Үчөөнүн тең абалдары салыштырмалуу канааттандырарлык. Башы айланганы тууралуу айтып жатышат. Бирок биздин дарыгерлер керектүү дарылоодон өткөрүп турушат. Абактагы Бектур Асанов... Читать дальше...
Шаардык сотто бул иш 8-февралдан тарта карала баштай турганын депутаттын жубайы Жамиля Исаева “Азаттык” радиосуна билдирди. Жогорку Кеңеш депутаты Канатбек Исаевге "Токмок шаарынын мэри болуп турганда жемкорлукка барган" деген айып менен былтыр май айында кылмыш иши козголгон. Бишкектин Биринчи Май райондук соту быйыл 4-январда аны он эки жылга эркинен ажыраткан. Соттун мындай чечиминин үстүнөн Бишкек шаардык сотуна арыз жолдонгон. Исаевге былтыр эки жолу кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура... Читать дальше...
Ирак бийлиги “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун жеңгенин жарыялагандан кийин АКШ бул өлкөдөгү өз аскерлерин чыгара баштады. Бул тууралуу Иран өкмөтүнүн расмий өкүлү Саад ал-Хадити 5-февралда маалымдады. Анын айтымында, америкалык күчтөрдүн чыгарылышы жоочуларга каршы күрөш аяктаганы менен байланыштуу. АКШ жетектеген коалицияда келишим менен кызмат өтөгөндөр дагы бул кабарды ырастап, аскерлер, курал-жарактар Ирактан Ооганстанга көчүрүлүп жатканын билдиришти. Кошмо Штаттар Ирактагы жоочуларга алгачкы жолу 2014-жылы чабуул жасаган. Читать дальше...
Ирактын жетекчилиги “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун жеңгенин жарыялагандан кийин АКШ бул өлкөдөгү өз аскерлерин чыгара баштады. Бул тууралуу Иран өкмөтүнүн расмий өкүлү Саад ал-Хадити 5-февралда маалымдады. Анын айтымында, америкалык күчтөрдүн чыгарылышы жоочуларга каршы күрөш аяктаганы менен байланыштуу. АКШ жетектеген коалицияда келишим менен кызмат өтөгөндөр да бул кабарды ырастап, аскерлер, курал-жарактар Ирактан Ооганстанга көчүрүлүп жатканын билдиришти. Кошмо Штаттар Ирактагы жоочуларга алгачкы жолу 2014-жылы сокку урган. Читать дальше...
Профессионалдар арасындагы мелдеш 10-февралда Санкт-Петербург шаарында өтөт
Шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, баш калаанын Чыгыш-5 кичи районунда болгон ок атуу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 28-340-беренеси менен кылмыш иши козголду. 2-февралда түнкү саат 23:45 чамасында кылмышка шектүү адамды кармоо учурунда милиция кызматкерине кол салуу болгон. Белгисиз адам травматикалык тапанча менен атып, андан Свердлов райондук милиция кызматкери жараат алып, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Азыр анын өмүрүнө коркунуч жоктугу, кылмышкерди кармоо аракети уланып жатканы кабарланды.
Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты, Бюджет жана финансы комитетинин төрагасынын орун басары Зиядин Жамалдинов бажы тармагында иштеген кызматкерлерди жоопко тартууну сунуш кылды. Мындай пикирин ал "Азаттык" радиосу менен болгон маегинде айтты. Эл өкүлү январь айында бажы төлөмдөрү мурдагыга салыштырмалуу он эсе көп чогулганын белгилеп, буга чейин аз топтолгонуна бажы кызматкерлерин күнөөлөдү. Жамалдинов алар акчаны "сол чөнтөккө" салган деген пикирде. Бажы кызматынын төрагасы... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты, Бюджет жана финансы комитетинин төрага орунбасары Зиядин Жамалдинов бажы тармагында иштеген кызматкерлерди жоопко тартууну сунуштады. Мындай пикирин "Азаттык" радиосуна берген маегинде айтты. Эл өкүлү январь айында бажы төлөмдөрү мурдагыга салыштырмалуу он эсе көп чогулганын белгилеп, буга чейин аз топтолгонуна бажы кызматкерлерин күнөөлөдү. Жамалдинов алар акчаны сол чөнтөккө салган деген пикирде. Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов... Читать дальше...
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев коллеждерди акы төлөө системасына өткөрүү тууралуу токтомго кол койду. Өлкөдө мектептерди 2018-2019-жылдары 11 жылдык окуу ыкмасына которуу чечимине байланыштуу коллеждердин ишмердүүлүгү кайра каралып чыкмай болууда. Эми Каржы министрлиги коллежде билим алуу акысын белгилөөгө тийиш. Ошол эле маалда калктын социалдык шарты начар катмары коллеждерден бекер билим алышат. Мындан тышкары мамлекет акысыз окуу үчүн орун бөлүп берүүнү көздөп жатат. Бирок бюджет... Читать дальше...
Бүгүн Бишкекте “Кыргызстандагы билим жана балдар тамак-ашы үчүн” деп аталган долбоордун ачылышы болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, долбоорду “Мерсико” эл аралык уюму менен аталган мекеме биргеликте ишке ашырат. Башкы максат - Кыргызстандагы алыскы айылдарда балдарды пайдалуу азыктар менен камсыздоо, муну элге жеткирүү экени айтылды. (NT)
Бүгүн Бишкекте “Кыргызстандагы билим жана балдардын тамак-ашы үчүн” деген долбоордун ачылышы болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, долбоорду “Мерсико” эл аралык уюму менен аталган мекеме биргеликте ишке ашырат. Башкы максат - Кыргызстандын алыскы айылдарында балдарды пайдалуу азыктар менен камсыз кылуу, буга байланышкан маалыматты элге жеткирүү экени айтылды. (NT)