Минскиде беш журналист камалды
7-августта полиция Беларустагы эки эркин медианын кеңсесине тинтүү жүргүзгөндөн кийин беш журналист аял кармалды. Полициянын маалыматына караганда, "Tut.by" жана "БелаПАН" агенттиктеринин журналисттери мамлекеттик "БелТА" жаңылыктар кызматынын маалыматын мыйзамсыз жол менен алган. Эки агенттиктин кабарчылары "Азаттык” радиосуна шаршембиде билдиргендей, Марина Золотова, Анна Калтыгина, Галина Уласик жана Анна Ермачёнок, ошондой эле "БелаПАНдын" кабарчысы Татьяна Коровенкова камакка алынды. Читать дальше...