Суракматов Бишкектин мэри болуп шайланды
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары калаа башчылыгына Азиз Суракматовдун талапкерлигин колдоду.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары калаа башчылыгына Азиз Суракматовдун талапкерлигин колдоду.
Мурат Мукамбетов өкмөттүн аппарат жетекчиси-министр кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгону 8-августта кабарланды. Расмий маалыматка ылайык, Мукамбетов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу жумуштан алынды. Ал кайсыл кызматка кеткени тууралуу маалымдала элек. Мурат Мукамбетов быйыл апрелде өкмөттүн жаңы курамында өкмөт аппаратынын жетекчиси болуп дайындалган.
Москвада Борбордук Африка Республикасында курман болгон орусиялык журналисттер 7-августта акыркы сапарга узатылды. Алардын сөөгү Москвадагы көрүстөндөргө коюлду. Журналисттер Орхан Жемал, Александр Расторгуев жана Кирилл Радченко 30-июлда Борбордук Африка республикасында киши колдуу болушкан. Чыгармачыл топ Африкага 28-июлда барып, 18-августта кайтып келмек. Алар “Вагнердин аскердик жеке компаниясы” (ЧВК Вагнера) деген ат менен белгилүү орусиялык кошуундун ал өлкөдөгү жалданма аскерлери жөнүндө... Читать дальше...
Бишкек шаардык шайлоо комиссиясы активисттердин мэрликке талапкер Азиз Суракматовду каттабоо тууралуу арызын канааттандырган жок. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалымат кызматы билдиргендей, "Биздин укук" коомдук фондунун жетекчиси Калича Умуралиева баштаган үч жарандын арызы 7-августта каралды. Алар "Кызыкчылыктар конфликти жөнүндөгү" мыйзамга таянуу менен Суракматовду каттоодон баш тартуу, шаардык кеңешке башка талапкер көрсөтүү зарыл деген маалымат жиберүүнү өтүнүшкөн. Бишкек шаардык шайлоо комиссиясы бул арызды четке какты. Читать дальше...
Чүй облусунун Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон студент Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча экинчи соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Нургүл Нусупова "Азаттыкка" билдиргендей, кайра жүргүзүлгөн экспертизада маркумдун денесинде кыйноо менен жазылган жазуу аныкталган жок. Экспертизанын жыйынтыгынын көчүрмөсү кыздын ата-энесине берилгени кабарланды: - Мурункудай эле чыкты. Жазуу жок. Маркумдун көкүрөгүндөгү... Читать дальше...
Бүгүн, 8-августтагы Бишкек шаарынын мэрин шайлоону утурлай жарандык активисттер митинг өткөргөнү жатышат. Уюштуруучулардын бири, "Жаңы муун" кыймылынын өкүлү Айбек Мырза уулу "Азаттыкка" билдиргендей, шаардык кеңеш жана мэриянын имаратынын алдындагы акцияда Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин түз шайлоо талабы коюлат. Ошондой эле катышуучулар Бишкек шаардык кеңешин таркатууну талап кылышат: - Акцияга жарандык активисттерди, айрым саясатчыларды чакырдык. Шаардын жашоочулары да келип көйгөйлөрүн айтышат. Читать дальше...
Бүгүн, 8-августтагы Бишкек шаарынын мэрин шайлоону утурлай жарандык активисттер митинг өткөргөнү жатышат. Уюштуруучулардын бири, "Жаңы муун" кыймылынын өкүлү Айбек Мырза уулу "Азаттыкка" билдиргендей, шаардык кеңеш менен мэриянын имаратынын алдындагы акцияда Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин түз шайлоо талабы коюлат. Ошондой эле катышуучулар Бишкек шаардык кеңешин таркатууну талап кылышат: - Акцияга жарандык активисттерди, айрым саясатчыларды чакырдык. Шаардын жашоочулары да келип көйгөйлөрүн айтышат. Читать дальше...
Машыгууга спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын бюджетинен 37 миң сом каралган.
Миллиардер, инженер Илон Маск "Tesla" компаниясын ар бир акциясын 420 доллардан сатып алып, аны жеке менчикке өткөрүп алууну максат кылууда. Ал "Twitter" баракчасына "каржы бар" деп жазды. Масктын билдирүүсү "Tesla" компаниясынын акцияларынын 6,5%, жогорулашына алып келди. Азыр бир акциянын баасы 363 доллардан ашты. Илон Маск "Tesla" компаниясынын 22 пайыз акциясына ээлик кылат. 7-августта Сауд Арабияда мураскор ханзадда Мухаммед бин Салман көзөмөлдөгөн суверендүү фонд аталган компаниядагы үлүшүн үчтөн беш пайызга... Читать дальше...
Таластын Манас районуна караштуу Жайылган айылындагы Казакстан менен чектеш «Алмалуу тоо» жайлоосунда 28-июлда чыгып, ошондон берүү толук өчүрүүгө мүмкүн болбой жаткан өрттөн бир гектардан ашык жердеги арча-кайың, чөп-чар күйүп кетти. Тилсиз жоо 7-августта түштөн кийин жааган жамгыр менен басаңдады. Аба ырайына жараша кайра тутанышы мүмкү экенин өрт өчүрүүчүлөр билдиришти. Өрт чалган жер болжол менен 2500 метр бийиктикте жайгашкан. Тогуз күн ичинде үч жолу өчүрүлгөнүнө карабай, кайра тутана берген. Читать дальше...
Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдиргендей, мекеме ушул аптада 2018-жылдын биринчи жарымындагы иштин жыйынтыгын талкуулаган коллегия өткөрдү. Анда прокурорлук ишмердикте олуттуу мүчүлүштүк жана ката кетирген деп табылган жетекчилерге, кызматкерлерге ар кандай тартип жазасы берилди. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун 7-августтагы буйругу менен жалпы 49 кызматкер жоопко тартылды. Алардын он экиси кызматынан төмөндөтүлдү. Тогузуна эскертүү, дагы тогузуна катуу сөгүш жарыяланды. Прокуратуранын сегиз кызматкери сөгүш... Читать дальше...
Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз катчысы Чынара Усупбаева "Азаттыка" мэр шайлоо саат 9да башталаарын билдирди. Шайлоо жалгыз талапкер Азиз Суракматовдун катышуусунда, атаандашсыз өткөнү жатат. Депутаттар жабык добуш берип, талапкер алардын көпчүлүгүнүн добушун алса мэр болуп шайланмакчы. Бул кызмат орун үчүн документтерди тапшыруу мөөнөтү 31-июлда аяктаган. Шаардык кеңештеги КСДП фракциясы башында турган көпчүлүк коалиция көрсөткөн талапкер Азиз Суракматов гана арыз берген. “Республика – Ата Журт” талапкер чыгарбай турганын билдирген. Читать дальше...
Ысык-Көлдө бүгүн чет жактагы кыргызстандыктардын башын бириктирген “Мекендештер” форуму башталат. Иш-чара Чолпон-Атадагы Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборунда болот. 9-августка чейин улана турган форумга экс-президент Роза Отунбаева, министрлер, депутаттар, өкмөт өкүлдөрү жана 23 өлкөдөн келген мигранттар, жалпы 300дөй адам катышаарын уюштуруучулар билдиришти. Эки жылда бир жолу өтүүчү "Мекендештер" форуму быйыл төртүнчү ирет уюштурулууда. Быйыл ага президент Сооронбай Жээнбеков да бараары айтылган. Читать дальше...