Мы в Telegram
Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Апрель
2018

Новости за 04.04.2018

Azattyk.org 

Facebook Орусиядагы "троллдор фабрикасын" бутага алды

"Фейсбук" компаниясы Орусиядагы "троллдор фабрикасына" байланышы бар делген 250дөн ашык баракчаны жапты. Ал баракчалар көбүнчө орус тилинде маалыматтарды таратканы, алардын Кыргызстанда кеминде 35 миң окурманы бар экени белгилүү болду.

Azattyk.org 

"Facebook" Орусиядагы "троллдор фабрикасын" бутага алды

"Фейсбук" компаниясы Орусиядагы "троллдор фабрикасына" байланышы бар экени маалымдалган 250дөн ашык баракчаны жапты. Ал баракчалар көбүнчө орус тилинде маалыматтарды таратканы, алардын Кыргызстанда кеминде 35 миң окурманы бар экени белгилүү болду.

Azattyk.org 

Бирлик Солтонбеков: Мени “эл душманынын баласы" катары жеришчү

Ырысалы Солтонбеков сталиндик бийликтин катаал жазасына туш келип, а бирок акыйкаттык акыры келерине үмүт артып жашаган. Анын иниси, карындашы “эл душманы” катары жок кылынган. Анын уулу Бирлик Солтонбеков менен кезектеги маек.

Azattyk.org 

"Центерра" компаниясы Кумтөрдө ишин улантууну көздөйт

Премьер-министр Сапар Исаков 4-апрелде Кумтөр алтын кенин иштеткен канадалык «Центерра Голд Инк» компаниясынын аткаруучу директору Скот Перри менен жолугушту. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар өз ара кызматташтыкты тереңдетүү кызыкчылыгын билдиришип, компанияны өнүктүрүүнүн болочогун талкуулашты.   Исаков Кыргызстан менен «Центерра Голд Инк»  2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган стратегиялык келишимди акырындап аткарып жатканын белгиледи.  Ал эми Скот Перринин айтымында... Читать дальше...

Azattyk.org 

Түркиянын университеттеринде кыргыз маданиятынын күндөрү өттү

4-апрелде Кайсери шаарындагы Эржиес жана Эскишехир шаарындагы Анадолу университеттеринде кыргызстандык студенттер  уюштурган маданий иш-чаралар өттү. Аталган окуу жайларда билим алган кыргыз студенттер башка чет өлкөлүк жана жергиликтүү студенттерге концерттик программа уюштуруп, кыргыз улуттук тамактарын жасап таратышты.  Быйылкы иш-чара мурунку жылдардан айырмаланып Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун чагылдырган театралдаштырылган оюн менен коштолду.   Түркияда жалпысынан 183 университет бар. Алардын 118и мамлекеттик... Читать дальше...

Azattyk.org 

Мамлекетти башкаруу жана саясий жүрүштөр

Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын курултайынан кийинки маалымат жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурдагы президент Сооронбай Жээнбековго багытталган билдирүүлөрү өнөктөш, дос саналган саясатчылардын ортосунда жарака кетти деген имиш кепти ачыкка чыгарды. Бир командадагы эки ири саясатчынын келишпестиги, таарынычтары өлкөдөгү коомдук саясий кырдаалга, бийлик бутактарына, саясий күчтөргө кандай таасир этиши мүмкүн? Ушул темага арналган “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнө... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Электр станцияларынын" башчылары камалды

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыкка байланыштуу дагы эки жооптуу аткаминер камакка алынды. Бул ирет камакка алынган "Электр станциялары" ишканасынын директору Узак Кыдырбаев менен Жылуулук электр борборун модернизациялоо долбоорунун жетекчиси Темирлан Бримкуловго "ыйгарым укуктарынан ашыкча пайдаланган" деген кине тагылууда.

Azattyk.org 

Аскаровдун жубайы президентке кайрылды

2010-жылдагы июнь коогасын уюштуруу боюнча айыпталып, өмүрүн аягына чейин камалган Азимжан Аскаровдун байбичеси Хадича Аскарова президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Почта аркылуу жөнөткөн катында Аскарова күйөөсү күнөөсүз камалып олтурганын билдирген. Ал Аскаров жана аны менен кошо соттолгон жети кишинин ишин көз каранды эмес эксперттердин кайра кароосуна жөнөтүп, мыйзам бузуу аныкталса иликтөөнү башка тергөөчүлөргө жана чечим чыгарууну башка сотторго берүүнү суранган. Хадича Аскарова июнь... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чүйдө балдарды чет элдик жарандарга берүү боюнча кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Чүй облусундагы мектеп-интернаттын балдарын чет элдик жарандарга берүү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") негизинде кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы көзөмөл мекемесинин маалымат бөлүмү кабарлады. Анда айтылгандай, прокуратура УКМК менен кошо бул мектепте текшерүү иштерин жүргүзгөн. Анда быйылкы жылдын 6-январында 9 жаштагы А.Т. жана 11 жаштагы В.Т. аттуу тарбиялануучулар эч кандай уруксат кагазы жок чет өлкөлүк жарандарга берилип кеткени аныкталган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Түрктөр Орусиядан ракета сатып алат

Кытай АКШнын 50 миллиард доллардык товарына кошумча бажы тарифтерин киргизерин жарыялады. Түркия Орусиядан ракеталарды сатып алууну тездетүүнү макулдашты. Бүгүн укук коргоочу, афроамерикалыктардын жарандык укугун коргогон кыймылдын лидери, айтылуу Мартин Лютер Кинг атып өлтүрүлгөнүнө 50 жыл болду.

Azattyk.org 

Бишкек мэри: Жол эрежесин орой бузган айдоочулар каттамдан чыгарылат

Бул Бишкек шаарындагы кичи автобустардын айдоочуларынын шаардык жүргүнчүлөргө карата кызмат денгээлин жана маданиятын көтөрүү максатында болуп жатканын шаар мэри Албек Ибраимов "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Ага ылайык, жол кыймылынын эрежелерин тынымсыз, орой бузуу фактылары катталган эл ташуучу ишканалар каттамдан чыгарылат. Ибраимов бул боюнча тийиштүү чараларды даярдоого буйрук бергенин да кошумчалаган.  Мындан тышкары шаар башчы башкалаанын борбордук көчөлөрүн кичи автобустардан бошотуу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Москва: соода борборундагы өрттө бир киши каза болду

Москванын чыгышындагы соода борборунда чыккан өрттөн бир киши каза болуп, бир нече адам жабыркаганын орус маалымат каражаттары кабарлайт. Өрт өчүрүүчүлөр төрт кабат дүкөндөн 115 кишини тышка чыгарды. Орус маалымат каражаттары 300дөн ашуун киши аман-эсен чыгарылганын жазышты. Жалын кампада тутанган. 25-мартта Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" соода борборунда чыккан өрт расмий маалымат боюнча 64 адамдын, анын ичинде 41 өспүрүмдүн өмүрүн алып кетти. Тергөө комитети кырсыкка байланыштуу соода борборунун... Читать дальше...

Azattyk.org 

Баткенде чыр чыккан чектеш райондордун жетекчилери жолугушту

Баткен районунун акими менен Тажикстандын Исфара районунун акими 4-апрелде жолугушуп, кырдаалды талкуулады. Жолугушуу 3-апрелде чыр чыккан Үч-Дөбө айылында болду. Жолугушуунун натыйжасы тууралуу азырынча расмий кабарланган жок. Айрым маалыматтар боюнча, тараптар бир пикирге келе алышкан эмес, Исфара районунун акими 20-апрелде кайра жолугушууну сунуш кылган.  3-апрелде Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы чек ара тилкесине Кыргызстандын жараны дубал тургузуп, андан жаңжал тутанганы расмий кабарланган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Астана: Аблязов киши өлтүрүүнү "уюштурган"

Казакстандын Башкы прокуратурасы мурдагы банкир, президент Назарбаевдин элдешкис душманы Мухтар Аблязовго жаңы кылмыш ишин ачты. Ага 2004-жылы «ТуранАлем» банкынын башкы менежери Ержан Татишевди «өлтүрүүнү уюштурган» деген айып тагылууда. Казак башкы көзөмөл мекемесинин билдирүүсү маалымат каржаттарына 3-апрелдин кечинде чыкты. Аблязов буга чейин социалдык сайттарга Татишевдин өлүмүнө эч кандай тиешеси жок экенин жазган. Ал ошондой эле өткөн айда Татишевди өлтүрүүгө «буйрук берген» деп айтыпталып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Таласта кафеде өрт чыкты (видео)

Талас шаарынын Нуржанов көчөсүндө жайгашкан “Бермет” аттуу кафеде өрт чыкты. Бул тууралуу “Азаттыктын” Таластагы кабарчысы Альбина Сулайманова билдирди. Анын айтымында, ӨКМдин өрт кызматкерлери убагында жетип келип, тилсиз жоо менен күрөшүүдө. Кафенин ээси Таалайбек Асыранкуловдун айтымында, өрт газ баллондун жарылуусунан улам чыккан болушу мүмкүн.  Жабыр тарткандар тууралуу маалымат айтыла элек. (AlS\ErN)

Azattyk.org 

УКМК: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү Кыргызстанда кармалды

46 жаштагы кыргызстандык жаран Сирия жана Ирак аймагындагы террордук уюмдардын лагеринде диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, Сирияда өкмөттүк күчтөргө каршы согуштук аракеттерге катышканы аныкталган. 28-мартта кармалган жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренесинин 2-бөлүмү («Жалданмачылык») боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Түркия орус ракеталарын алууну тездетет

Түркия орус ракеталарын сатып алууну тездетүүнү макулдашканы белгилүү болду. Бул Анкаранын Сириянын түндүгүндөгү аскердик операциялары уланып жаткан учурда жарыяланууда. Түркиянын, Ирандын жана Орусиянын президенттеринин бүгүнкү жолугушуусунда да негизги тема - Сирия.

Azattyk.org 

РАЖдын лидери алмашты

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери күтүүсүз алмашты. Руслан Казакбаевдин ордуна Жыргалбек Турускуловдун шайланганы ротация деп түшүндүрүлгөнү менен фракцияда буга нааразы болгондор да бар.

Azattyk.org 

ФКК: Орусиядагы теракттарды даярдоодо "Telegram" колдонулган

Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) башчысы Александр Бортников Орусияда былтыр болгон жана токтотулган теракттардын баарында мессенжерлер колдонулганын билдирди. Москвада эл аралык коопсуздук боюнча конференцияда ФККнын башчысынын айтканына караганда, былтыр Орусияда төрт теракт ишке ашса, 25инин алдын алууга мүмкүн болду. Террористтер бардык учурда “мессенжерлер аркылуу, анын ичинде Сириянын жана Ирактын аймагынан байланышта болгон” деди орустардын башка чекисти.   Бүгүн “Роскомнадзор» мекемесинин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кабулдагы жардырууда алты аскер жарадар болду

Ооган баш калаасында Коргоо министрлигинин жанында эки бомба жарылганда өтүп бараткан Улуттук армиянын алты жоокери жарадар болду.  Мурдараак Кабул полициясынын басма сөз катчысы Хашмат Станекзай жол боюна коюлган бомба жарылганын билдирди. Айрым маалыматта бомба коопсуздук күчтөрүнүн машинесине коюлганы айтылат. Жардыруунун жоопкерчилигин эч ким мойнуна ала элек.   Батыш колдогон Кабул өкмөтү 2014-жылы НАТО күчтөрү Ооганстандан чыгып кеткенден бери “Талибан” баштаган куралдуу топтордун мизин кайтаруунун аракетин көрүп келатат.

Azattyk.org 

​Кочкор: мектептин имаратында окуу мүмкүн эмес

Кочкор районунун Туз айылындагы мектепте окуган окуучулардын ата-энелери 2-апрелде балдарын мектепке жиберген жок. Буга өткөн жумада мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти мектептин имаратында окуу мүмкүн эмес деген бүтүм чыгарганы себеп болду.

Azattyk.org 

КСДП Байсаловдун иликтөөсүнө комментарий берүүнү туура көрбөйт

Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева "Азаттыкка" билдирди. Ал Байсаловдун иликтөөсүнө жана башка сөздөрүнө партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаевдин 31-мартта басма сөз жыйынында айткан сөздөрү менен гана жооп болорун билдирди: - Биз Байсаловдун видеосун көрүп чыктык. Ага курултайдан кийинки Алмазбек Атамбаевдин сөзү менен гана жооп кылмакчыбыз. Сиз деле билесиз, Алмазбек Шаршенович курултайдан кийинки басма сөз жыйынында "мен Эдил Байсаловду окугандан жийиркенет элем... Читать дальше...


Кинофестиваль на Северном речном вокзале посетили 8 000 человек

Концерты детского патриотического конкурса прошли в Музее Победы

Сотни новых самолётов в ближайшие сроки - похоже, в России готовятся к серьёзному усилению ВКС.

Умерла актриса Галина Свербилова



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Столб густого чёрного дыма был виден за сотни метров: В Москве за считаные минуты сгорел автокран

Концерты детского патриотического конкурса прошли в Музее Победы

Команда из Мытищ победила в турнире Подмосковья по стритболу

В Москве возбудили дело после нападения на Щельцина

Музыкальные новости

«Солнечная Азбука» в особом семейном центре «Семь-Я»

Юлия Пересильд, московский Театр на Таганке, ММОМА – участники 3-его фестиваля «Территория. Красноярск» раскрывают грани современного искусства

В Русском драматическом театре побывали потомки Николая Бестужева

Армянские ковры Арцаха (Карабаха) с уникальным орнаментом представлены как «генетический код» Азербайджана - сайт monumentwatch

Новости России

Команда из Мытищ победила в турнире Подмосковья по стритболу

Лавров: Не стоит Западу пытаться приукрасить свое поведение

Кинофестиваль на Северном речном вокзале посетили 8 000 человек

За что расстреляли создателя СМЕРШа

Экология в России и мире

Об отношении к русским в Азербайджане

Proenza Schouler, коллекция pre-fall 2024

Жители Барнаула помогут сделать родной город чище

Антисанитария в службах доставки: токсиколог Кутушов рассказал, почему опасно заказывать еду

Спорт в России и мире

Теннисистка Андреева заявила, что хочет войти в топ-20 рейтинга WTA ради собаки

Тарпищев о Медведеве и Рублеве: без травм сыграют в Париже лучше, чем в Токио

Калинская поддержала Синнера после поражения на "Ролан Гаррос"

Зверев сыграет с Алькарасом в финале "Ролан Гаррос"

Moscow.media

В этом году планируют заключить контракт на реконструкцию еще одного участка трассы Р-23 в Ленобласти

Остров Огой.

Приглашенные солистки выступят в опере «Руслан и Людмила»

"Дети в шоке". В Новоуральске машина ДПС сбила байк с детьми 13-ти и 8 лет







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *