Зариф: АКШ келишимден чыкса, ядролук программабызды кайра жандантабыз
Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф АКШ 2015-жылы жетишилген эл аралык келишимден чыгып кетсе, Тегеран атомдук программасын “мурдагыдан ыкчам өнүктүрөт” деп эскертти. Бул тууралуу министр 22-апрелде америкалык CBS телеканалындагы маекте айтты. Ушул тапта БУУнун жыйынына катышуу үчүн Нью-Йоркто жүргөн Зариф дагы бир комментарийинде Иран ядролук бомба жасоого умтулбасын белгилеген. Бирок Вашингтон ал келишимден чыгаарын расмий жарыяласа, Тегеран байытылган уран чыгарууга кайра киришет деп кошумчалады. Читать дальше...