Тажик-өзбек талаштуу чек арасы такталды
Тажикстан менен Өзбекстан лидерлеринин мамилени жакындатуу аракети жүзөгө ашууда. 18-апрелде такталган чек ара тилкелерин парламент бекитти. Майдан тарта минадан арылтуу иштери башталганы турат.
Тажикстан менен Өзбекстан лидерлеринин мамилени жакындатуу аракети жүзөгө ашууда. 18-апрелде такталган чек ара тилкелерин парламент бекитти. Майдан тарта минадан арылтуу иштери башталганы турат.
Өспүрүмдөрдүн көбү өткөөл куракта чоңдордун жашоосуна эрте аралашып, өзүн ата-энеден көз карандысыз, эркин сезүүнү каалайт. Адистердин баамында, жетилүү курагы жылдан жылга "жашарып" баратат. Балакатка эрте толуунун артыкчылыгы жана өксүгү тууралуу "Азаттык+" берүүбүздө кеп кылабыз.
Бишкекте “Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: досторума мейманга” деп аталган ураан алдында алтынчы “Билим фестивалы” башталды. Роза Отунбаеванын демилгелери фонду уюштурган иш-чарага мектеп окуучулары, студенттер, мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын, Кыргызстандаus элчиликтердин өкүлдөрү катышты.
Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын жактырды. Парламент 20-апрелдеги жыйында өкмөттүн программасын, тутумун жана курамын карап, колдоду. Жыйынга 115 депутат катышып, "макул" деп добуш беришти. Жаңы курамдын программасы "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" деп аталат. Аны премьер-министрликке көрсөтүлгөн Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттарга окуп берди.
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-апрелде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевичти мурда ээлеген кызматынан бошотуп, Кыргызстандын премьер-министри кызматына дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппараты кабарлады. Мамлекет башчы ошондой эле биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду жана калган вице-премьер-министрлер Жеңиш Разаковду, Алтынай Өмүрбекованы жана Замир Аскаровду аталган кызматтарга дайындоо боюнча да жарлыкка кол койду. Читать дальше...
Премьерлик кызматтан кеткен Сапар Исаков парламентке нааразылыгын билдирди. Ал депутаттарга “принциби жок” деп баа берип, алар “саясий өлүккө” айланганын айтты. Исаков өзүнүн мындай баасын Жогорку Кеңеш мурдагы өкмөт башчыга ишеним көрсөтпөй кызматтан кетиргенден кийин берди. Буга парламент депутаттары нааразы болуп, териштирүүнү сунуш кылышты.
Жаңы келген өкмөт Кыргызстандагы демократияны сактап калып, аны өнүктүрүшү керек. Мындай пикирин өкмөт жактырылгандан кийин "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Үмбеталы Кыдыралиев билдирди. Ал фракциянын лидеринин ордуна сүйлөдү: - Биз, Кыргызстан, 26 жылдан бери эгемен катары жашап жатабыз. Ооба, саясатта, коомдо, экономикада чечилбеген маселелерибиз абдан көп. Жолдорубуз жарылган, жарык өчөт, көйгөй көп. Бирок биздин эң чоң жеңишибиз бар, ал - демократия, чийки болсо да бул эркиндик. Читать дальше...
Пхеньян, Сеул жана Вашингтон тарыхый деп мүнөздөлгөн саммиттерге камданып жатат. Ереванда бир күндө экс-президенттин бийликке кайтып келишине нааразылык билдирип чыккан 65 адам кармалды. Түркмөн бийлиги чет өлкөлөрдөгү мигранттарын артка кайтаруу үчүн жаңы чараларды киргизип жатат. Кубада президент алмашты.
Алдыдагы маанилүү жана тарыхый деп мүнөздөлгөн саммиттерге бир тараптан Түндүк Корея, экинчи тараптан Түштүк Корея менен АКШ даярдык көрүп жатат. Ага катар Сеул менен Вашингтон Түндүк Корея өзөктүк куралдан толугу менен баш тартканда гана саммиттердин максаты орундаларын билдиришти. Адегенде келерки аптада Түштүк жана Түндүк Кореянын лидерлери жолугары күтүлүп жатат. Бүгүн алардын ортосунда биринчи ирет түз телефон байланыш орнотулганын расмий Сеул жарыялады.
Түркмөн бийлиги чет өлкөлөрдөгү мигранттарын артка кайтарыш үчүн жаңы чектөөлөрдү киргизип жатат. Түркмөнстандын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигиндеги маалымат булагы "Азаттыктын" түркмөн кызматына билдиргендей, чет өлкөдө төрөлгөн түркмөн балдарга 18 жашка чыкканга чейин Түркмөнстандын жарандыгы берилбейт. Ушундан улам балдарына жарандык алууну каалагандар мекенине кайтып келиши керек болот. Ошондой эле көптөн бери Түркмөнстанга келбей жүргөн мигранттардын балдары акысыз медициналык тейлөө... Читать дальше...
Ак-Суу районунун Жол-Колот айылынын тургундары митингге чыгып, жер маселесин чечип берүүнү талап кылышты.
Кочкор районунун Семиз-Бел айылындагы орто мектебинин мугалимдери Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, иш таштарын айтышты. Алар былтыртан бери чечилбей жаткан айлык маселесине нааразы.
Химия илими боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты, профессор Азиз Санжар Кыргызстанга келди. Америкада жашаган түрк улутундагы илимпоз 20-апрелде Бишкектеги Кыргыз-түрк "Манас" университетинде студенттер менен жолукту. - Мен түрк элдеринин байыркы ата журту болгон кыргыз жергесине келгениме абдан кубанычтамын. Түрк элинин жаштары да, терең билим алып, чоң-чоң ачылыштарды жасаарына терең ишенем, - деген Азиз Санжар жаштарды саясий өзгөрүүлөргө баш оорутпастан көбүрөөк билим алууга үндөдү. Жолугушууга аталган университеттин окутуучулары... Читать дальше...
Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов жаңы куралып жаткан өкмөткө кайрылып, демократиялык талаптарды сактоого чакырды. Шыкмаматов акыркы жылдары сөз эркиндиги артка кеткенин мисал келтирип, сын айткан саясатчыларга, журналисттерге басым көбөйгөнүн билдирди: - Журналисттер ачуу чындыкты айтып, коомдун санитарынын ролун журналисттер аткарат, оппозиция аткарат. Биздин сыныбызды жардам катары, тилектештик катары кабыл алсаңар өнүгөбүз. Ошондо адилеттүү коом курабыз. Читать дальше...
Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын жактырды. Парламент 20-апрелдеги жыйынында өкмөттүн программасын, тутумун жана курамын карап, колдоду. Жыйынга 115 депутат катышып, "макул" деп добуш беришти. Жаңы курамдын программасы "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" деп аталат. Аны премьер-министрликке көрсөтүлгөн Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттарга окуп берди. Жактырылган өкмөттүн курамы: Премьер-министр – Мухаммедкалый Абылгазиев; Биринчи вице-премьер-министр – Кубатбек Боронов; Вице-премьер-министр ... Читать дальше...
Орусиянын Тергөө комитети "Кемеровонун соода борборундагы өрттөн мурда айтылгандай 64 эмес, 60 киши каза болгон" деп билдирди. Мындай бүтүмгө тергөөчүлөр дайынсыз жоголгон адамдар тууралуу маалыматтарга жана генетикалык экспертизанын жыйынтыгына таянып келишти. Бардык курман болгондордун тек-жайы аныкталды. 25-мартта “Зимняя вишня” деген борбордо өрт чыккан. Өрт курмандыктарынын 40тан көбү балдар болчу. Өрт чыкканда сигнализация иштебей, эвакуциялык эшиктер ачылбай калганы маалымдалган. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, 7 киши камакка алынды. Читать дальше...
Жаңы өкмөттүн курамы бекитилип жатканына байланыштуу “Азаттык” айрым эксперттердин жана саясий ишмерлердин ойлоруна орун берип жатат. Мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев жаңы өкмөттүн курамына “жоктон көрө жогору” деген баа берерин билдирди: - Бул өкмөттүн курамында ар кайсы партиялардын талапкерлери, кадрлары бар экен. Албетте, тажрыйбалары бар кишилер, мурдагы жаш өкмөткө караганда түзүгүрөөк, бирок күчтүү команда чогулду деп айта албайм. Абылгазиевди деле премьер-министрлик кызматка толук ылайыктуу деп эсептебейт элем. Читать дальше...
"Арсенал" футбол клубунун көп жылдардан берки машыктыруучусу Арсен Венгер кызматынан кетээрин билдирди. Акыркы жылдары "команда жакшы жыйынтыктарга жете албай келатат" деп, машыктыруучунун дарегине сын көп айтылып келди. Венгер клуб менен 22 жыл иштеди. Ал буга чейин "Арсеналдын" жаңы машыктыруучусуна талапкер катары мекендеши Патрик Вийераны атаганы бар. 26-апрелде Европа Лигасынын жарым финалында англиялык клуб "Атлетико Мадрид" менен беттешет.
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева өкмөттүн жаңы курамында гендердик теңчилик сакталбай калганын айтып, кийинки кадамдарда муну эске алууну сунуш кылды. Өкмөттүн жаңы курамынын программасы бүгүн парламентте талкууланып жатат. Кызматка көрсөтүлгөн 22 талапкердин төртөө гана аялдар. Өкмөт башчылыкка Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүлгөн. Анын командасы өз программасын "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" деп атады. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтүнө парламент ишенбестик көрсөтүп, ал 19-апрелде кызматтан кеткен. Читать дальше...
Тогуз-Торо районундагы “Макмалалтын” алтын кен комбинатынын аймагына "Жи Эл Макмал девелопинг" ЖЧКсына алтын бөлүп алуу фабрикасын курууга уруксат берүүдө мыйзам ченемдерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады. Анын билдирүүсүндө айтылгандай, уруксат кагазды Тогуз-Торо райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы 2017-жылы берген. Бул башкармалыкка өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев жаңыдан куралып жаткан өкмөттүн катарына мурдагы топто иштегендердин жарымы киргени тууралуу суроо койду. Премьер-министрликке көрсөтүлгөн Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, мунун себебин сурады. - Биз мурдагы премьер-министрге эле эмес, өкмөткө ишеним көрсөткөн эмеспиз. Азыр кайра сунушталып жаткан курамдын 50% эскилер, - деди Абдылдаев. Абылгазиев орду алмашпаган талапкерлердин буга чейин жасаган иштери, кесипкөйлүгү эске алынганын билдирди.... Читать дальше...
Коомдук ишмер, саясатчы Накен Касиев жаңы шайлана турган өкмөттүн курамы боюнча “Азаттыкка” өз пикирин билдирип, бул өкмөттү иш билги катары баалады: - "Жаш, прогрессивдүү жана креативдүү өкмөт" деп жаттык эле, тилекке каршы, мурдагы өкмөттүн деле жашы кыска болуп калды. Ал эми азыркы жаңы өкмөткө келген адамдардын көбү менин көңүлүмө жакты. Анткени мында улуу муун менен жаш муун аралашкан, комедия да эмес, трагедия да эмес, саясат менен куралган курам болуптур. Премьер-министрликке көрсөтүлгөн Абылгазиев да бир топ жолду басып өткөн... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рысбаев жарандардын телефондорун тыңшоонун укуктук жагын карып чыгууну сурады. Мындай сунушту Ички иштер министрлигинин башчылыгына жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагалыгына көрсөтүлгөн Кашкар Жунушалиев менен Идрис Кадыркуловго айтты. Кыргызстанда буга чейин бир канча саясатчылардын, жарандык активисттердин телефон сүйлөшүүлөрү тыңшоого алынып, айткан сөздөрүнөн улам кылмыш иши ачылган окуялар катталган. Бүгүн Жогорку Кеңеш өкмөт курамына... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев жарандардын телефондорун тыңшоонун укуктук жагын карып чыгууну сурады. Бул тууралуу ал Ички иштер министрлигинин башчылыгына жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына көрсөтүлгөн Кашкар Жунушалиев менен Идрис Кадыркуловго айтты. Кыргызстанда буга чейин бир канча саясатчылардын, жарандык активисттердин телефон аркылуу сүйлөшкөн сөздөрү тыңшоого алынып, анда айткан сөздөрүнөн улам кылмыш иши ачылган учурлар болгон. Бүгүн Жогорку... Читать дальше...