Мы в Telegram
Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Апрель
2018

Новости за 28.04.2018

Azattyk.org 

Оштогу милициянын өлүмү боюнча кесиптеши камакка алынды

Оштогу өзүн өзү атып алды деп айтылган милициянын өлүмү боюнча анын кесиптеши 48 саатка камакка алынды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматында, маркумдун жанынан табылган табелдик курал милицияда иштеген досуна таандык болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, убактылуу кармалган милиция кызматкерине табелдик куралын башка адамга бергени үчүн кылмыш иши козголушу мүмкүн.  27-апрелдин түнүндө Ош шаарынын Масалиев көчөсүнөн өз автоунаасында шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сомалидеги жардырууда алты киши набыт кетти

Сомалинин Галькайо шаарында жанкечти өзүн жардырып, алты адам каза болду жана сегизи жараат алды. Каза тапкандардын арасында бир нече аскерлер бар экенин жергиликтүү Garowe Online басылмасы жазып чыкты. Reuters агенттиги жардырууга жоопкерчиликти "Ал-Каида" террордук уюмуна байланышы бар "Аш-Шабаб" тобу алганын белгилейт. "Аш-Шабаб" тобу 2014-жылы түзүлгөн. "Ал-Каиданын” батыш Африкадагы бөлүмү катары айтылып келген бул топ көбүнчө Сомалинин борбордук бөлүгүндө чабуул уюштуруп келет.

Azattyk.org 

Прокуратура депутат Шадиевге иш козгоду

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынан депутат Аскарбек Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси боюнча (кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) иш козгоду.

Azattyk.org 

Депутат Аскарбек Шадиевге кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура парламент депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси боюнча (кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. “2017-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңештин төрагасынын наамына КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын иш-чаралары боюнча график жөнөтүлгөн. Ал документ ошол кездеги парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиевге таанышуу үчүн берилген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Финансы полициясынын башына Бакир Таиров келди

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп Бакир Таиров дайындалды. Буйрукка 28-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен бул кызматтын төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев болду. Буга чейин бул кызматтын төрагалыгына Болот Сүйүмбаев, ал эми орун басарлыгына Исабек Султаналиев барып, он күндөй иштеген. Аларды бул кызматка дайындаган буйрукка мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков кол койгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ош: кургак учукка каршы борбордон 4 млн. сом жымырылган

Облустук прокуратура Оштогу кургак учукка каршы борборунун башкы эсепчиси А.Уга Кылмыш-жаза кодексинин 171 (бөлүнгөн каражатты ыйгарып алуу) 304 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-беренелери (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш ишин козгоду.   Прокуратуранын маалыматында А.У аттуу башкы эсепчи бюджеттик каражатты чыгарып кетүү үчүн жасалма ишкана түзгөн. 2017-жылдан бери жасалма документтер менен аталган ишканага акча которуп турган. Жыйынтыгында оорукана бюджетинен 4 млн. 694 миң сом мыйзамсыз коротулган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Беш-Арал коругунан алтын казылабы?

Чаткалда жайгашкан өзгөчө коргоодогу Беш-Арал мамлекеттик коругунун аймагынан алтын кендерине ээлик кылууга уруксат берилип жаткан фактылар ачыкка чыгууда.

Azattyk.org 

Ооганстанда жанкечти чабуулунан алты киши набыт болду

Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинциясында 28-апрелде жанкечти өзүн жардырып, төрт  тургун жана эки аскер каза болду. Беш киши жараат алганын провинциянын губернаторунун басма сөз катчысы Омар Зуак билдирди. Азырынча бул жарылуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Ооганстанга коңшу Пакистанда да куралчан адам төрт кишини атып өлтүргөнү маалым болду. 27-апрелдин түнүндө Түштүк Вазиристан аймагында үч турист жана аларды машинесине салып жүргөн айдоочу киши колдуу болгон (BCh).

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара башчылары жолугушту

Кыргызстандын чек ара кызматынын кабарлашынча, 27-апрель күнү Өзбекстанда эки өлкөнүн өкүлдөрү жолугушуу өткөрүштү.  Кыргызстандын делегациясын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев, ал эми өзбек тараптан Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек ара кошуундарынын башчысынын орун басары Руслан Мирзаев жетектеди. Тараптар кыргыз-өзбек чек арасындагы 2018-жылдын биринчи кварталындагы иштердин жыйынтыгын чыгарып, коопсуздукту камсыз кылуудагы биргелешкен жумуштардын натыйжалуулугун талкуулашты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ошто милициянын сөөгү табылды

27-апрелдин түн ортосунда Ош шаарынын Масалиев көчөсүнөн өз автоунаасында шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү Т.Снын сөөгү табылган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын билдиришинче, милиция кызматкери көкүрөгүнө тийген октон каза тапкан. Жанында табелдик куралы болгон жана автоунаасы ичинен бекитилген. Тергөөнүн алдын ала маалыматында ал өзүн өзү атып өлгөнү айтылууда. Ош ШИИБси бул факт боюнча дыкат иликтөө иштери жүргүзүлөрүн билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ошто милиция кызматкеринин сөөгү табылды

27-апрелдин түн ортосунда Ош шаарынын Масалиев көчөсүнөн өз автоунаасында шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү Т.Снын сөөгү табылган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын билдиришинче, милиция кызматкери көкүрөгүнө тийген октон каза тапкан. Жанында табелдик куралы болгон жана автоунаасы ичинен бекитилген. Тергөөнүн алдын ала маалыматында ал өзүн өзү атып өлгөнү айтылууда. Ош ШИИБси бул факт боюнча дыкат иликтөө иштери жүргүзүлөрүн билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Мирзиёев инвестиция тартпаган акимдерди иштен айдайт

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкенттин шаар башчысы кылып белгилүү олигарх Жахонгир Артыкходжаевди убактылуу дайындап, шаардын райондоруна 1 млн. доллар инвестиция алып келбеген акимдерди иштен аларын билдирди.  Мирзиёев бул тууралуу 26-апрелде өткөн жыйында айтканын Kun.uz. сайты жазды. - Ташкент шаарынын жаңы акиминин дайындалышынан чечим чыгаргыла. Бир кепилдик – элдин талабын канааттандыргыла. Кантип? Күнүгө бир нерсени демилгелеп, аракет кылгыла. Эгерде Ташкент шаарынын райондорунун жетекчилери 1 млн. Читать дальше...

Azattyk.org 

29-апрелде күн ысыйт

Кыргызстанда 29-апрелде жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот, жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31; Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 26…31; Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 27…32; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24; Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6…-11... Читать дальше...

Azattyk.org 

Газа тилкесинде палестиналык өспүрүм мерт болду

Палестина менен Израил чегиндеги Газа тилкесинде израилдик аскерлердин огунан палестиналык 15 жаштагы Аззам Оуейда каза болду. Ал 27-апрель күнү аймакта болуп жаткан демонстрациялар учурунда окко учкан. Газадагы бул тирештен 200дөй киши жарадар болгон. Алардын арасында палестиналык журналист да бар экенин өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Израил расмийлери 27-апрелдеги демонстрацияга 10 миңдей киши катышканын маалымдады. 30-мартта башталган каршылык акцияларынан бери израилдик аскерлер 41 палестиналыкты атып өлтүрүп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кытайда окуучуларга кол салуудан жети бала каза тапты

Жергиликтүү бийлик Кытайдын Шэньси провинциясындагы белгисиз адамдын кол салуусунан жети окуучу каза болуп, дагы он эки бала жараат алганын кабарлады. Өлгөндөрдүн бешөө кыз, экөө эркек бала. Ал эми жарадар болгондор ооруканада дарыланып жатат. Кылмышка шектелип 18 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Ал полицияга мектепте окуп жүргөндө классташтары шылдыңдашканы үчүн өч алууну максат кылганын айтып берген. Бул тууралуу China Daily басылмасы Шэньси провинциясынын укук коргоо органдарынын маалыматына таянып жазып чыкты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Энергетикалык тармактагы жабдуулардын 80% эскирди

Бул тууралуу 28-апрелде Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуусунда билдирди. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлашынча, Рыскулов жалпысынан учурда энергетикалык тармактагы жабдуунун эскириши дээрлик 70-80% түзөөрүн айтып, энергетикалык объектилерди модернизациялоо зарылдыгын белгилеген. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн энергетикалык тармагынын натыйжалуулугун жогорулатууну тапшырды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жокко кейибеген адам бактылуу

Америкалык окумуштуу адамдын бакыт формуласын тапканын жарыялады. Йель университетинин профессору Лори Сантос бактылуу болууну каалагандарды тынымсыз аракет кылууга чакырды.

Azattyk.org 

Майып балдардын компьютердик курстары аяктады

Жарандык активисттердин майып балдар жана алардын ата-энелерине арналган IT-технологияны, компьютерде иштөөнү окутуу курстары бүгүн аяктады. Курска Бишкек жана Ош шаарларынан жыйырмадан ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген улан-кыздар катышты. Алардын ата-энелерине да тикмечилик, наабайчылык жаатында кошумча адистиктер берилди. Аталган курстар февраль айында башталган.  Иш-чараны уюштурган Айнагүл Абдрахманова “Азаттык” радиосуна бүтүрүүчүлөрдүн мындан ары компьютердик технология жаатында окуу жайларда билим алуусун да камсыздашарын билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте майрамга карата айрым көчөлөр жабылат

29-апрель күнү баш калаанын 140 жылдыгына карата ар кандай маданий, спорттук жана башка иш-чаралар өтөт. Ага ылайык, Манас, Чүй, Киев, Байтик баатыр көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлап, шаар тургундарын барчу жерлерин алдын ала пландап алууга чакырат. Айрым коомдук транспорттун маршруттары өзгөртүлөт.    29-апрель күнү Бишкек шаарынын 140 жылдыгы белгиленет. (TSh)

Azattyk.org 

Туризм: мейман чакыргың келсе шарт түз

Бишкекте “Кыргызстан менен таанышуу: жаңы багыттар, мүмкүнчүлүктөр жана инновациялар” аттуу эки күндүк форум ишин баштады. Ага Кыргызстандагы 200дөн ашуун туроператор жана туризм тармагында иштеген уюмдар катышууда. Форум ЮСАИД агенттигинин "Бизнести өнүктүрүү демилгеси" долбоорунун туризмди өнүктүрүүгө багытталган төрт жылдык долбоорунун жыйынтыгына арналды.

Azattyk.org 

Министрлерден акча сураган деп шектелген адам кармалды

Президенттик аппараттын атынан министрлерден акча сураган жаран кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты. Учурда “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азырынча милиция анын кайсы министрден канча сом алганы боюнча маалымат тарата элек. Ал арада Айыл чарба министрлигинен белгисиз жаран аларга телефон чалып акча сураганын, бирок жетекчилиги бербегенин билдиришти.  Айрым жергиликтүү сайттар кылмышка шектүү жаңы дайындалган министрлерге телефон чалып... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Кумтөрдүн" тийбеген жарыгы

Мурдагы өкмөттүн “Центерра Голд” компаниясы менен түзүлгөн келишими мамлекеттик кызыкчылыкка каршы документ катары парламентте сынга кабылса, жаңы келген өкмөт өз программасында “Кумтөр” маселеси боюнча позициясын билдирген жок. Ал ортодо бир чет элдик компания “Центерранын” акцияларын сатып алууга ниеттенип жатканын билдирди.

Azattyk.org 

"Кумтөрдүн" элге тийбеген жарыгы

Мурдагы өкмөттүн “Центерра Голд” компаниясы менен түзүлгөн келишими мамлекеттик кызыкчылыкка каршы документ катары парламентте сынга кабылса, жаңы келген өкмөт өз программасында “Кумтөр” маселеси боюнча позициясын билдирген жок. Ал ортодо бир чет элдик компания “Центерранын” акцияларын сатып алууга ниеттенип жатканын билдирди.


Утренний массаж: как панда Катюша проводит выходные со своей мамой

Это и есть ответ Путина Вашингтону? – появление русского флота и авиации у берегов США

Концерты детского патриотического конкурса прошли в Музее Победы

Шадаев пожелал скорейшего выздоровления главе АНО «Цифровые платформы»



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Это и есть ответ Путина Вашингтону? – появление русского флота и авиации у берегов США

«ДУМАЮТ, В МЕНЯ ВЛОЖЕНЫ СПОНСОРСКИЕ ДЕНЬГИ» ЛЮСЯ ЧЕБОТИНА РАСКРЫЛА, ЧЕЙ ОНА ПРОЕКТ

Утренний массаж: как панда Катюша проводит выходные со своей мамой

В Москве возбудили дело после нападения на Щельцина

Музыкальные новости

За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков

Уникальный интерактивный проект Ставропольской психиатрической больницы на выставке-форуме «Россия»

В Санкт-Петербурге прошел Кубок ПМЭФ по конкуру

В ПРЕДДВЕРИИ ДНЯ РОССИИ РОСГВАРДЕЙЦЫ ПРОВЕЛИ ПРАЗДНИЧНОЕ МЕРОПРИЯТИЕ ДЛЯ ДЕТЕЙ

Новости России

Жена главы АНО «Цифровые платформы»: нож попал Щельцину почти в сердце

Подъёмный кран загорелся в Москве

Глава МИД Турции Фидан приедет в Россию для участия в Совете глав МИД БРИКС

Политический блок Молдавии «Победа» запускает программу сотрудничества с ЕАЭС

Экология в России и мире

Фонд «Восход» выпустил на «Атомайз» первые в России венчурные ЦФА

Какие украшения будут в моде летом 2024 – подборка стилиста «585*ЗОЛОТОЙ»

Бурятский Театр кукол Ульгэр в Улан-Улан-Удэ показал в Этнографическом музее народов Забайкалья перед детьми и родителями в семейный праздник сказку Колобок - Новости и Культура, Дети и Россия

Новые электрические щетки Revyline RL 085 Black доступны в филиале марки в Ставрополе

Спорт в России и мире

Калинская поддержала Синнера после поражения на "Ролан Гаррос"

Испанец Карлос Алькарас выиграл Открытый чемпионат Франции по теннису

Зверев сыграет с Алькарасом в финале "Ролан Гаррос"

«Мирра Андреева обладает удивительной выживаемостью» // Олимпийская чемпионка по теннису Елена Веснина об итогах женского Roland Garros

Moscow.media

В Орле опять неполадки с движением троллейбусов

«Автодор» – к концу 2025 года скоростными дорогами госкомпании будет охвачена половина населения России

Работать там, где удобно: беспроводная гарнитура Fstyler BH230 от A4Tech

Ученые нашли «выключатель» болезни Паркинсона







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *