Мы в Telegram
Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Апрель
2018

Новости за 29.04.2018

Azattyk.org 

Пашинян премьерликке шайлана аларына ишенет

Армениядагы нааразылык кыймылдын лидери, оппозициячыл депутат Никол Пашинян премьер-министрдин шайланышы боюнча оптимисттик көз карашын бүгүн бийликтеги Республикалык партиянын жетекчилиги менен жолуккандан кийин билдирди. Республикалык партиянын парламенттеги фракция башчысы Ваграм Багдасарян Пашинян менен кездешкенде аларда 1-майда премьер-министрликке «элдин талапкеринин» шайлануусуна «тоскоолдук кылбоо тенденциясы» бардыгын айткан. Буга чейин Республикалык партиянын фракциясы премьер-министрликке... Читать дальше...

Azattyk.org 

Помпео Жакынкы Чыгыш сапарында Иран боюнча катаал багытты карманууда

АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео бүгүн Израилге келип, премьер-министр Биньямин Нетаньяху менен жолукту. Жолугушуу алдында Нетаньянху негизги көңүл Жакынкы Чыгыштагы “Ирандын күчөп бара жаткан агрессиясына” буруларын билдирген. Израилге чейин Сауд Арабияда токтогон учурунда АКШнын мамлекеттик катчысы падыша Салман, ханзаада Мухаммед бин Салман менен кездешти. Эр-Рияддагы сүйлөшүүлөрдөн кийин ал Иранды Сириянын президенти Башар Асадды жана Йемендеги хусит согушкерлерин колдоо менен Жакынкы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ирак орусиялык он тогуз аялды өмүр бою түрмөгө кести

Багдаддын Борбордук криминалдык соту орусиялык 19 аялды “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулганы үчүн айыптуу деп тапты. Өмүр бою абак жазасы алар менен кошо азербайжандык алты, тажикстандык төрт аялга да берилди. Түрмөгө кесилген аялдардын аты-жөнү буга чейин медиага айтылган. Айыпкерлердин көбү сот жараяны учурунда аларды Түркиядан Иракка  “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери мажбурлап алып келгенин айтышкан. Ушул айдын башында Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте темир жол бекетинен бомба табылган жок

29-апрелде кечки саат 19:30да Бишкек шаарындагы “Бишкек 2” темир жол бекетине бомба коюлду деген кабар милициянын нөөмөт бөлүмүнө түшкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Аталган бекетке Ички иштер министрлигинин, УКМКнын адистери барып, бекетти курчоого алышкан. Иштеген кызматкерлер менен жүргүнчүлөр дароо чыгарылган. УКМКнын адистери текшергенден кийин жарылуучу зат табылган эмес. Азыркы тапта бекеттин иши кадыресе уланууда. Тартип сакчылары “телефон террорчунун” ким экенин иликтеп жатышат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Сирия армиясы: күрт күчтөрү ээлеген бир нече кыштак алынды

Сирия армиясынын билдиргенине караганда, алар өлкөнүн Ирак менен чек арасына жакын, Евфрат дарыясынын чыгыш жагынан, АКШ колдогон күрт күчтөрүнөн бир нече кыштакты тартып алды. Сириянын мамлекеттик телеканалы 29-апрелде кабарлагандай, ал кыштактарды жергиликтүү күрттөрдүн YPG аскерий кошууну “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлерин Деир-эз-Зор провинциясынан сүрүп чыгаруу учурунда ээлеген. Президент Башар Асаддын армиясы “Ислам мамлекети” тобуна каршы өнөктүк учурунда Сирия демократиялык күчтөрүнө... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сауд Арабияда ири оюн-зоок курорту курулат

Бул Сауд Арабиядагы тактынын мураскери, ханзаада Мухаммед бин Салмандын эскичил өлкөнүн экономикасын ачуу жана маданий саясатын бир аз либералдаштыруу планынын алкагындагы долбоорлордун бири. Борбор Эр-Рияддан автоунаа менен каттаганда бир саат алыстыкта жайгашкан, Киддия деген жерде курулушту баштоо аземине ханзаада Салман өзү дагы катышты. Көңүл ачуучу курорт 334 чарчы чакырым аймакка курулат, бул Флоридадагы Дисней дүйнөсүнөн эки жарым эсе чоң. Биринчи бөлүгү 2022-жылы ачылат деп айтылууда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тарыхта калчу бир күн

29-апрелде Бишкек шаарынын 140 жылдыгы белгиленди. Майрамга карата шаар бийлиги бир катар маданий, спорттук жана башка иш-чараларды уюштурду.

Azattyk.org 

Борбордун 140 жыл ичинде өзгөрүшү

Майрамдык датага утурлай шаардын бир катар бөлүгүндө көңүл ачуучу иш-чаралар өтүп, сейил бакта, жаңы конуштарда концерттик программалар уюштурулду.

Azattyk.org 

Бишкектин 140 жыл ичинде өзгөрүшү

Майрамдык датага утурлай шаардын бир катар бөлүгүндө көңүл ачуучу иш-чаралар өтүп, сейил бакта, жаңы конуштарда концерттик программалар уюштурулду.

Azattyk.org 

2017-жылы 10 миң батир колдонууга берилди

Өкмөттүн отчетунда өткөн жылы 10,2 миң батир, башкача айтканда 1 млн. 80 миң чарчы метр имарат эксплуатацияга берилгени айтылат. 2017-жылы турак жай курууга сарпталган каражаттын суммасы 38 млрд. 794 млн. сомду түзгөн. Бул 2016-жылга салыштырмалуу 11.8 пайызга көп дегенди билдирет. Турак жайлардын курулушу негизинен Бишкек шаарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында жүрүп жатат. Учурда Бишкек шаарында 300гө жакын ири имараттардын курулушу жүрүп жатат. Алардын көпчүлүгү көп кабаттуу батир үйлөр. Читать дальше...

Azattyk.org 

30-апрелде күндүн ысыгы 30 градустан ашат

30-апрелде Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31; Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 26...31; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 28...33; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25; Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 20...25; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5...-10... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ мамдепартаменти Армениянын бийлиги менен оппозициянын диалогун колдойт

АКШнын мамлекеттик департаменти Армениянын азыркы бийлигинин тарапташтары менен оппозиция өкүлдөрүн жаңы өкмөттү түзүү боюнча сүйлөшүүсүн колдойт. Бул тууралуу мамдепартаменттин расмий өкүлү Хизер Нойерттин билдирүүсүндө жазылган. Анда АКШ тынч демонстрацияларды жактай турганын жана акцияга чыккандарга коопсуздук күчтөрү күч колдонбойт деп үмүт кыларын белгилеген.     Өлкөдөгү ири демонстрациялардан улам премьер-министр Серж Саргсян кызматын тапшырган. Ага чейин 9-апрелде президенттиктен кетип, 17-апрелде премьер-министрликке шайланган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Мэр Албек Ибраимов төрөтканага барды

Бишкек мэри Албек Ибраимов №1 төрөтканага барып жаңы көз жарган энелерди куттуктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Мэриянын саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча 29-апрелде шаардын төрөтканаларында 28 ымыркай жарык дүйнөгө келди, анын он беши бала, он үчү кыз. Бүгүн Бишкекте шаардын 140 жылдыгы белгиленип жатат. (TSh)

Azattyk.org 

"Telegram" мессенжеринин иши үзгүлтүккө учурады

"Телеграмдын" негиздөөчүсү Павел Дуров мессенжердин иши үзгүлтүккө учураганын кабарлады. Ал "Твиттер" баракчасына “Серверлердин бири аябай ысып кеткендиктен бир нече саатка чейин европалык колдонуучуларда мессенжерге кошулууда маселе жаралат” деп жазды. Ошондой эле Дуров маселе чечилерин белгиледи. Downdetector сайтынын маалыматында "мессенжер иштебей жатат" деген арыздар Москва, Киев, Лондон, Рим жана Бейруттан түшүп жатат.   Учурда Кыргызстанда да социалдык тармактын колдонуучулары "Telegram" мессенжери иштебей жатканын жазууда. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстандык тогуз коргоолчулар Түркиядагы мелдешке катышууда

28-апрелде Түркиянын Анталья шаарында "Anatolia Оpen 2018" аттуу интеллектуалдык оюндардын эл аралык фестивалы башталды. Ага Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Орусия (Саха Республикасы), Монголия, Пакистан жана Ганадан 100дөн ашуун оюнчулар катышууда. Мелдешке катышкан кыргызстандык машыктыруучу оюнчу Аким Нурсейитов билдиргендей, фестивалдын программасына тогуз коргоол, мангала жана казактардын бестемше (тогуз коргоолдун балдарга арналган түрү) оюну киргизилген. Кыргызстандан сегиз оюнчу тогуз коргоол жана мангаладан акыл таймашын өткөрөт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жалал-Абадда жер көчкү жүрдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча Сузак районунун Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясында көчкү жүрүп, сууну бууп калган. Азырынча көчкүнүн көлөмү такталууда. Учурда ӨКМдин райондогу кызматкерлери тиешелүү чараларды көрүп жатат.  Акыркы маалыматтар боюнча көчкүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. (TSh)

Azattyk.org 

Мурдагы депутат Чолпонбаевдин элесине арналган шахмат мелдеши өттү

Караколдо парламенттин эки жолку чакырылышында депутат болгон Улан Чолпонбаевдин элесине арналган республикалык шахмат чемпионаты аяктады. Мелдеш 25-апрелде башталып, 29-апрелде аяктады. Беш жаштан жогорку курактагылар катышкан чемпионатка жалпы 200 бала катышты. “Улан Чолпонбаев” фонду каржылаган спорттук иш-чаранын сыйлыктарына 100 миң сом байге коюлган. Чолпонбаев Ысык-Көл облусунда Шахмат федерациясын түптөгөн. Ал 2017-жылы ноябрь айында 40 жашында оорудан улам көз жумган. (AsM)

Azattyk.org 

Бишкек 140 жылдыгын майрамдап жатат

Бүгүн Бишкек шаарынын 140 жылдыгы белгиленип жатат. Майрамга карата шаар бийлиги бир катар маданий, спорттук жана башка иш-чараларды уюштурган. Негизги иш-чара кечинде Ала-Тоо аянтында чоң майрамдык концерт менен коштолмокчу.

Azattyk.org 

Кыргыз-өзбек чегиндеги үйлөр бузулду

ЕАЭБ талаптарына ылайык, “Достук" кыргыз-өзбек чек ара жана бажы бекетин кеңейтүү максатында кыргыз өкмөтү аймактагы 35 турак жайды сатып алган. Учурда бул үйлөрдүн ээлери башка тилкеге там тургузуу менен алек.

Azattyk.org 

Үйрөнчүк айдоочулардын автоунаасына атайын белги тагуу сунушталууда

Ички иштер министрлиги тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоору өкмөттүн сайтына коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, тажрыйбасы эки жылга жетпеген айдоочу машинесине атайын белги чапташы керек. Аларга сары түстөгү квадраттын ичинде илеп белгиси бар атайын белги берилет.    ИИМ бул үйрөнчүк айдоочуларга ыңгайлуу деп билдирүүдө. Мекеме бул сунуш айрым өлкөлөрдүн тажрыйбасынан алынганын маалымдайт. (TSh)

Azattyk.org 

Трамп Ким Чен Ын менен жолугушуусу ийгиликтүү өтөрүнө ишеним артат

АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен пландалган жолушуусу ийгиликтүү өтөрүнө ишеним артат. Ал бул тууралуу ишембиде Түштүк Корея жана Жапония башчылары менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин маалымдады. Трамп “Мун Чже Ин менен абдан жакшы сүйлөштүм жана Синдзо Абэге Кытай боюнча мамилемди айтып бердим” деп "Твиттер" баракчасына жазды. АКШ президентинин маалымдашынча, Ким Чен Ын менен жолушуу жакынкы аралыкта болот. Трамп саммит майдын аягында же июнь айында өтөрүн билдирип бирок, так датасын айткан жок. Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент шаардыктарды куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков бишкектиктерди шаардын 140 жылдыгы менен куттуктады. Жээнбеков куттуктоосунда борбор калаа билим берүүдө, бизнес жана инновациялык өндүрүштөрдү түзүүдө масштабдуу пландары менен өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошорун, Бишкек жашыл, таза жана коопсуз болушу керек экенин белгилеген. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Бүгүн 29-апрелде Бишкек шаарынын 140 жылдыгы белгиленип жатат. (TSh)

Azattyk.org 

ИИМ: жыл башынан бери 6212 кылмыш иши козголду

Ички иштер министрлигинин Маалымат технологиялары боюнча башкы башкармалыгы 2018-жылдын алгачкы үч айында өлкөдө 7318 кылмыш жана кырсык катталып, 6212 кылмыш иши ачылганын кабарлады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Мурдагы жылдардагы кылмыш иштердин бетин ачууну кошкондо бул убакыттын ичинде жалпы жонунан 6038 кылмыш иши аныкталган. (TSh)


Сиськи из будущего

Топ-клуб РПЛ из Москвы заинтересован в трансфере Зайнутдинова

3 болельщика в футболках с надписью «Mellstroy» выбежали на поле в финале Лиги чемпионов на 30-й секунде. Стример обещал за это 30 млн рублей

Африка получила русскую нефть из Арктики: Москва поставила Гане 1 млн баррелей



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Врач назвал напитки, которые нельзя пить в жару

Сычёв: «Дзюбу рано списали со счетов»

Финляндия захотела пересмотреть морские границы с Россией

Цього дня Україна втратила ядерний статус. Як Росія застосовує літаки й ракети, які були українськими

Музыкальные новости

Олег Рой и Дарья Донцова высказались о необходимости масштабирования опыта Башкортостана в проведении книжных фестивалей

ЦБ: В Татарстане все школы присоединились к урокам финграмотности

Выгодно ли покупать квартиру в новостройке?

Выставка «Кремли России — взгляд художника» открылась в Нижегородском кремле

Новости России

Медали и экипировку VIII Игр «Дети Азии» презентовали в Москве ????????????

В Москве состоялся концерт «Пикника», перенесенный из-за теракта в «Крокусе»

Какие астрономические явления туляки смогут увидеть в июне

Топ-клуб РПЛ из Москвы заинтересован в трансфере Зайнутдинова

Экология в России и мире

Глава Реутова проверил содержание территории города

Коллекция купальников Love Republic

Дары природы в Hilton Seychelles Labriz Resort & Spa

Стильные образы на лето, в которых вы покорите окружающих

Спорт в России и мире

Пресс-служба WTA мемом отреагировала на тяжёлую победу Свёнтек над Осакой

Бывшая российская теннисистка спела гимн Франции: «Я здесь дома»

Синнер повторил уникальное достижение Джоковича и Надаля на турнирах «Большого шлема»

Азаренко не смогла выйти в 1/16 финала открытого чемпионата Франции по теннису

Moscow.media

ТСД SAOTRON RT-T50: высокопроизводительный терминал сбора данных промышленного класса

Eurasianet: Азербайджан публично и цинично уничтожает армянское культурное и историческое наследие в Нагорном Карабахе

Преступления мигрантов с рынков азербайджанского олигарха Года Нисанова продолжают шокировать Москву

Распределяй и управляй: водители «Грузовичкоф Бизнес» – о преимуществах работы и трудовых буднях  







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *