21-апрелге чейин Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2° үшүк жүрөт. 19-20-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
20-апрелде аба ырайы туруксуз болуп, мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Читать дальше...