Мы в Telegram
Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Август
2018

Новости за 19.08.2018

Azattyk.org 

Зариф: АКШнын Иранда “бийликти кулатуу” ниети бар

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф АКШны өлкөнүн бийлигин кулатуу максатында "аракеттенген топ" түзүп жатат деп шектенип турганын билдирди. Министр бул тууралуу "Твиттердеги" баракчасына жазды.   Зариф 65 жыл мурун АКШ бийлиги Иранда "эл шайлаган демократиялык өкмөттү кулаткан, эми дагы ошону жасагысы келип жатат" деди.  Бейшембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Вашингтондун Иранга «басымын» координациялай турган демилгелүү топ түзүлөрүн билдирген. АКШ президенти... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ооган президенти үч айга ок атышпоо режимин жарыялады

Ооганстандын президенти Ашраф Гани Курман айтта “Талибан” кыймылын ок атышпоого чакырды. Ок атышпоо режими 20-августта башталып, үч айга созуларын Гани Ооганстандын эгемендик майрамына арналган салтанатта билдирди.  “Биз ок атышпоону Арапа күнү баштайлы деп жарыяладык. Ал пайгамбардын туулган күнүнө (10-ноябрь - ред.) чейин уланат. Ок атышпоо режими “Талибан” көнсө киргизилет”, – деди Гани. Ооган президенти “Талибан” кыймылы ок атышууну токтотууга макул болгонун айткан жок. Кабул өкмөтү менен... Читать дальше...

Azattyk.org 

Путин менен Меркел жолукканда Сенцовду колдогондор пикетке чыгышты

Берлиндин алдындагы Мезерберг сепилинин жанында Орусиянын президенти Владимир Путин менен Германиянын канцлери Ангела Меркел жолугушуп жаткан маалда ​Олег Сенцовду боштондукка чыгарууну талап кылган пикет өттү. Украин режиссерунун Орусиянын абагында ачкачылык кармап отурганына 100 күндөй болду.   Пикеттин катышуучулары Орусия каратып алган Крымда кармалган саясий туткундардын сүрөттөрүн жана “Олег Сенцовду өлтүрүүнү токтоткула”, “Олег Сенцовду сактап калгыла” деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп турушту. Читать дальше...

Azattyk.org 

Израил Газа тилкеси менен чектеш жердеги өтмөктү жапты

Израил чек аралаш аймактагы нааразылык акцияларынан улам Газа тилкеси менен чектеш жердеги "Эрез" текшерүү-өткөрмө бекетин жапты. Бекет кайрадан качан ачылары белгисиз. Азырынча ал жерден эки тарапка тең медициналык жардамга муктаждар гана өтө алышат. Израил менен Газа тилкесинин чек арасында эки өткөрмө бекет иштеп жатат. Ал жерден жүк өткөрүүгө гана уруксат берилген. Жакында Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас аймактагы көз карандысыздыкка жетишүү үчүн өз элин Израил бийлигине "зордук-зомбулуксуз каршылык көрсөтүүгө" үндөгөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия: Сергей Удальцов абактан ооруканага жеткирилди

"Солчул фронт" кыймылынын координатору Сергей Удальцов атайын кармоочу жайда кургак ачкачылык кармай баштаганынын бешинчи күнү ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу оппозициялык активист "Твиттер" баракчасына өзү жазды. Ал Москвадагы №52 ооруканага "организмине суу жетпей калган" деген диагноз менен жаткырылды.   Августтун ортосунда Москванын соту Удальцовду митинг уюштурууда мыйзамды кайрадан бузганы үчүн 30 күнгө камаган. 28-июлда активист шаардык бийлик уруксат берген Орусиядагы пенсиялык реформага каршы митингге катышкан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Сахалинде кыргыздар иштеген заводдун чатыры түшүп кетти

Сахалин облусунун Поронайcк шаарында мурдагы кагаз чыгарган заводдун чатыры түшүп кетип, бир адам каза болду. Кырсык болгон учурда имаратта 10 кыргыз мигрант иштеп жаткан. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, урандынын алдынан сегиз адам чыгарылып, беш адам ооруканага жаткырылды. Бир адам каза болуп, сөөгү өлүкканага жеткирилди. Учурда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери бул окуя боюнча маалымат алууга аракеттенип жатышат. Каза болгон жана жаракат алгандардын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Мария Бутина башка абакка которулду

Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деп АКШда кармалган Мария Бутина Вашингтондогу абактан Виржиния штатындагы абакка которулду. Анын адвокаты Роберт Дрисколл билдиргендей, башка абакка которуунун себептери азырынча белгисиз. Дрисколл ТАСС агенттигине курган маегинде Бутинага бул тууралуу  алдын ала айтылбаганын, себеби да түшүндүрүлбөгөнүн белгиледи.  АКШда магистратурада окуп жүргөн орусиялык студент Бутина быйыл июлдун ортосунда кармалган. Ал "саясий топторго таасир этүүгө аракеттенген", "чет элдик агент" деп айыпталган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Оштон Ташкентке авиакаттам ачылат

Ош-Ташкент багытында жаңы авиакаттам ачылып, Ташкент-Бишкек багытындагы каттамдардын саны көбөйөт. "Gazeta.uz" сайты кабарлагандай, бул тууралуу "Өзбекстан аба жолдору" улуттук компаниясынын жана Кыргызстандын "Air Manas", "Avia Traffic" компанияларынын өкүлдөрү жолугушкан жыйында айтылды. Жолугушуу 17-августта Өзбекстандын баш калаасында болду. Маалыматка караганда, Ош-Ташкент каттамын Кыргызстан тарап аптасына бир жолу аткарат. Ташкент-Бишкек каттамы азыркыдай эки жолу эмес, аптасына төрт жолу болот. Читать дальше...

Azattyk.org 

Сауд Арабияда ажылык амалдары башталды

19-августта Сауд Арабияда ажылык амалдары башталды. Быйыл 2 миллион мусулман парзын аткарганы барары кабарланган.  Зыяратчылар алдыдагы беш күн бою мусулмандардын ишениминде кудайдын үйү саналган Каабаны жети жолу айланып, Арафат тоосунда диний амалдарды жасашат.  Сауд Арабиясы быйыл Кыргызстанга 5485 орун бөлгөн. Алгачкы тобу 25-июлда, акыркысы 7-августта жөнөп кетишкен.  Ажылык сапар - ислам дининдеги беш парздын бири. Зыяратчылар Курман айт майрамын ошол жакта белгилеп, артка кайтышат. Курман айт быйыл 21-августта белгиленет. Читать дальше...

Azattyk.org 

Көчмөндөр оюндарына даярданган уздар

Нарын шаарындагы 87-кесиптик лицейдин мугалими, маданияттын мыкты кызматкери, кесиптик билим берүүнүн отличниги, 58 жаштагы Казыбек Мамырканов 2016-жылы өткөн Көчмөндөр оюндарында кол өнөрчүлүгү менен баш байгени алган. Быйылкы оюндарга ал кийизди ийри ийне менен тешип жасаган жаңы ыкмадан жаралган кызыктуу композицияларын алып чыгууга камданып жатат. Уз кишинин уулу Арчабек 300-400 жыл мурдагы кыргыздын улуттук күмүш сөйкө, шакектерине заманбап ыкмада жан салып, чет элдик меймандарды таң калтырууга аракеттенип жатат.

Azattyk.org 

Арстанбапта алыш күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө

Жалал-Абад облусундагы Арстанбап айылында 19-августта алыш күрөшү боюнча эл аралык мелдеш уюштурулду. Өзбекстан жана Кыргызстандын түрдүү аймактарынан чогулган 200гө чукул балбан 70-90 кг чейинки салмакта күч сынашууда. Мелдешти өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү өткөрүүдө.  Жеңүүчүлөргө үч токулма ат жана акчалай сыйлыктар каралган. Мындай таймаш былтыр да болгон.  Быйылкысы Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында облуста белгиленген 100дөн ашуун иш-чаранын бири катары өтүүдө. Таймаштарды көрүүгө Жогорку Кеңештин депутаттары... Читать дальше...

Azattyk.org 

Мигранттар: кемигинде да, керкисинде да бар

Түркияга 2018-жылдын алты айында 19 миллионго жакын чет өлкөлүк турист келип, бул тармак 11 миллиард доллар киреше тапкан. Бул өткөн жылга салыштырмалуу отуз пайызга көп дегенди билдирет.

Azattyk.org 

Аба ырайы: 35 градус ысык болот

Кыргызстанда 20-августта жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16...21, күндүз 30...35, Талас жергесинде түнкүсүн 16...21, күндүз 30...35, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27, Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...+4, күндүз 12...17 градус болот. Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Түнкүсүн 19…21, күндүз 33…35 градус ысык болот.

Azattyk.org 

Сагыныч менен арманга айланган Ак-Жол

Төлөгөн Касымбеков чыгармачылыгынын башталышында кенже эпикалык жанрга кайрылып, бир топ аңгемелерин, повесттерин жарыялаган. Алары азыркы турмушка арналган чыгармалар болчу.

Azattyk.org 

Бишкекте жана Ошто Курман айттын урматына сейил уюштурулат

Курман айттын урматына 23-августта Бишкекте майрамдык сейил уюштурулат. "Умма" ислам журналынан кабарлашкандай, иш-чара Түштүк дарбазада, Дайыр Асанов атындагы паркта өтөт. Катышуучулар арасында сынактар, спорттук мелдештер жана кол өнөрчүлөрдүн сабактары болот.  Ушундай эле майрам 22-августта Ош шаарындагы "Алымбек датка" эс алуу жайында болот.  Уюштуруучулар бул иш-чара коммерциялык мүнөздө эместигин, түрдүү дин өкүлдөрүнүн ортосундагы ынтымакты бекемдөө максатын көздөрүн билдиришти.  Курман айт 21-августта белгиленет.

Azattyk.org 

Кыргызстанда “Жибек Жолу” аттуу эл аралык веложүрүш башталды

18-августта Кыргызстанда велосипед ышкызбоздору демилгелеген “Жибек Жолу” аттуу эл аралык веложүрүш башталды. Ага дүйнөнүн чар тарабынан 95тей велоспортчу катышарын “Азаттыкка” жүрүштү уюштуруучу британиялык Нелсон Трис билдирди. Жарыштын аралыгы 1700 чакырым жана 26 миң метр бийиктикке чыгуу каралган. Велосипедчилер тамак-ашын өздөрү менен кошо алып жүрүп, тоо-ташта конуп түнөшөт. Соң-Көл, Көл-Суу, Чычкан капчыгайы жана Ысык-Көлдүн түштүк жээгинен да өтүшөт. Жарышка катышкан ар бир адам коопсуздукту камсыздоо үчүн GPS трекерди алып жүрөт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Талиптердин лидери АКШны түздөн-түз сүйлөшүүгө чакырды

"Талибан" тобунун лидери тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсү токтомоюнча Ооганстанда тынчтык болбой турганын билдирди.  18-августта Курман айтка байланыштуу кайрылуусунда молдо Хайбатуула Ахунзаде талиптер "исламчыл максаттарын" жана Ооганстандын эгемендиги маселесинде турумун өзгөртпөй турганын белгиледи. Ал Ооганстандагы согушту токтотуу үчүн АКШ менен түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр экенин айтты.  Талиптер акыркы кездери Ооганстандын бир канча аймагын ээлеп, көзөмөлдү күчөттү. Алар ушул аптада Газни облусундагы беш районду ээледи. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзбекстанда мурдагы бийлик "жактырбаган" акын аял көз жумду

Өзбекстандын Эл акыны Халима Худайбердиева 17-августта 71 жашында көз жумду.  "Азаттыктын" өзбек кызматы билдиргендей, маркум мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунда көп чектөөлөргө кабылган. Маалымат каражаттарында, телерадиого чыкпай калган.  Анын жолдошу Мавлян Умрзаков эгемендик жылдардын башында Каримовдун кеңешчиси болуп иштеп, 1994-жылдын аягында жемкорлукка айыпталып, алты жылга камалган. Андан соң жубайы Халима Худайбердиева да Аялдар комитетинин төрайымы кызматынан алынган. Ага чейин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкек мэри сейил бак курууда азербайжан элинен жардам күтөт

Бишкектин жаңы мэри Азиз Суракматов 18-августта жыйын куруп, жашылдандыруу, парктарды калыбына келтирүү маселесинде адистерге тогуз талап койду.  Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, калаа башчысы сейил бактарга берилген жерлердин чек арасын тактоо, парктарга тиешелүү жерлердин жеке менчикке өтүп кетишинин мыйзамдуулугун карап чыгуу, жаңы конуштарды жашылдандыруу өңдүү маселелер боюнча тапшырма берди.  Андан тышкары Түркиянын элчилигине кайрылып, Мустафа Кемал Ата-Түрк атындагы сейил бакка бөлүнгөн каражатты колдонуп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия Чыңгыз Айтматовдун урматына флешмоб баштайт

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына дүйнөлүк флешмоб өткөрүү демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу мекеменин өкүлү Мария Захарованын маалыматына таянып, ТАСС агенттиги кабарлады.  Флешмобдун шартына ылайык, адамдар 2018-жылдын аягына чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү окуп, аны социалдык тармактарда жарыялашы керек. Жөн гана жарыялабай, орус, англис тилдеринде #читаемАйтматова жана #readAitmatov деген хэштег жазылышы кажет. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жети-Өгүз: кык жыттанган курорт

Кыргызстандыктар сыймыктанган ажайып кооз Жети-Өгүз капчыгайында 1931-жылы курулуп, 1965-жылдан бери иштеп келаткан айтылуу Жети-Өгүз курорту жайгашкан.


Собянин заявил, что в День России уличные парковки станут бесплатными

Команда из Мытищ победила в турнире Подмосковья по стритболу

Таджикистан

Кинофестиваль на Северном речном вокзале посетили 8 000 человек



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Российский ВПК производит в 7 раз больше техники и боеприпасов, чем весь Запад

Умерла актриса Галина Свербилова

Утренний массаж: как панда Катюша проводит выходные со своей мамой

Команда из Мытищ победила в турнире Подмосковья по стритболу

Музыкальные новости

Приглашенные солистки выступят в опере «Руслан и Людмила»

Америкой и Европой сенсационно управляет Гольфстрим. Научная сенсация!

Легкоатлетка Тангара назвала кринжем участие Бузовой в забеге на Никольской

В ПРЕДДВЕРИИ ДНЯ РОССИИ РОСГВАРДЕЙЦЫ ПРОВЕЛИ ПРАЗДНИЧНОЕ МЕРОПРИЯТИЕ ДЛЯ ДЕТЕЙ

Новости России

Один автомобиль загорелся после ДТП на западе Москвы

Оставить сносом: демонтаж долгостроев предлагают возложить на застройщиков

Легкоатлетка Тангара назвала кринжем участие Бузовой в забеге на Никольской

СК в Москве возбудил дело после нападения на главу АНО "Цифровые платформы"

Экология в России и мире

Какие украшения будут в моде летом 2024 – подборка стилиста «585*ЗОЛОТОЙ»

Помощь российских армян СВО. Поддержка тыла важна для передовой

Глава Следкома России Александр Бастрыкин вступился за полицейского, которого выживают из МВД за случайное уbийство азербайджанца

Новые электрические щетки Revyline RL 085 Black доступны в филиале марки в Ставрополе

Спорт в России и мире

Теннисистка Андреева заявила, что хочет войти в топ-20 рейтинга WTA ради собаки

Каспер Рууд: «Не буду выступать на турнирах перед «Уимблдоном», но на нем, конечно, сыграю»

Андреевой предрекли борьбу за топ-10 рейтинга WTA в текущем сезоне

Соболенко, проигравшая Андреевой, потеряет 2-е место в рейтинге WTA по итогам «Ролан Гаррос», уступив его Гауфф

Moscow.media

В Забайкалье пятерых мигрантов задержали за групповое изнасилование девочки-подростка

Работать там, где удобно: беспроводная гарнитура Fstyler BH230 от A4Tech

«Автодор» – к концу 2025 года скоростными дорогами госкомпании будет охвачена половина населения России

В Карелии арестовали учителя-педофила







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *