Уланбек Эгизбаевдин унутулгус мурасы
Кыргызстанда Уланбек Эгизбаев атындагы “Журналисттик иликтөөлөр фонду” түзүлдү. Бул уюм эми маркум кабарчынын жолун жолдогон журналисттерди колдоого алып, иликтөө жанрын өнүктүрүүгө түрткү бермекчи. Кыргыз медиа айдыңында иликтөө эми телчигип бараткан тармак. Бирок ага карабай толтура темалар казылбай, көмүскөдө калып жатат дегендер арбын.