Мы в Telegram
Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Август
2018

Новости за 30.08.2018

Azattyk.org 

Советтик эстраданын дагы бир жылдызы өчтү

Орус ырчысы, коомдук ишмер, СССРдин эл артисти Иосиф Кобзон Москвада 81 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал 2005-жылдан бери онкологиялык илдеттен жабыркап келген.

Azattyk.org 

Кыргызстанда Уланбек Эгизбаев атындагы “Журналисттик иликтөөлөр фонду” түзүлдү

Уланбек Эгизбаев атындагы “Журналисттик иликтөөлөр фонду” Кыргызстандын Юстиция министрлигинин расмий каттоосунан өтүп, ишмердигин баштады. Коомдук фонд Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкерелөөчү демилгелерди колдоо жаатында иш жүргүзөт. Бул үчүн өлкөдөгү эң актуалдуу жана орчундуу көйгөйлөрдү иликтөөнү көздөгөн долбоорлорго сынак жарыялап, аны жүргүзүүгө каржылык колдоо көрсөтөт. Ошондой эле фонд журналисттик резонанстуу иликтөөлөрдүн негизинде коомдук талкууларды... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда Уланбек Эгизбаев атындагы фонд түзүлдү

Уланбек Эгизбаев атындагы “Журналисттик иликтөөлөр фонду” Кыргызстандын Юстиция министрлигинин расмий каттоосунан өтүп, өз ишин баштады. Коомдук фонд Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкерелөөчү демилгелерди колдоо жаатында иш жүргүзөт. Бул үчүн өлкөдөгү эң актуалдуу жана орчундуу маселелерди иликтөөнү көздөгөн долбоорлорго сынак жарыялап, аны жүргүзүүгө каржылык колдоо көрсөтөт. Ошондой эле фонд журналисттик резонанстуу иликтөөлөрдүн негизинде коомдук талкууларды уюштурат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Cирия армиясы Идлибге ири операцияга даярданып жатканын моюнга алды

Сириянын тышкы иштер министри Валид ал -Муалем 30-августта Москвада орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолуккандай кийин билдиргендей, өлкө армиясы Идлиб провинциясында “бардык жолду басып өтөт” жана эң башкы бута - “Ал-Нусра фронту” болот. “Жабхат ал-Нусра” же “Ал-Нусра фронту” уюму “ал-Каиданын” Сириядагы бөлүмү катары каралып жүрөт. Бирок 2016-жылы ал “ал-Каиданын” Сириядагы макамын жоготуп, атын “Фатих ал-Шам фронту” деп өзгөрткөн.  Сириянын тышкы иштер министри Москвадан өлкө... Читать дальше...

Azattyk.org 

Амиржан Косанов: Экономика өнүкпөсө демократиянын баркы кетет

Кыргызстан көз карандысыздык күнүн белгилеп жатат. Өлкөнүн буга чейин басып өткөн жолу татаал болду. Бирок эки ыңкылаптан кийин бийликтин тынч жол менен алмашканы башка өлкөлөргө үлгү болуп бере алабы? "Азаттык" казакстандык саясатчы Амиржан Косанов менен маектешип, пикирин тыңдады.

Azattyk.org 

Гуревич: Бакиевдер 200-300 млн. доллар уурдаган (видео)

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарып кеткен. Бул тууралуу кезинде Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болгон, Кыргызстанда бир нече кылмыштар боюнча сыртынан соттолгон, азыр АКШда шарттуу абакта отурган Евгений Гуревич “Азаттык” менен маегинде билдирди. Ал мынча акчанын өлкөдөн чыгарылганы тууралуу жетиштүү далилдер колунда бар экенин, кыргыз өкмөтү менен кызматташууга даярдыгын айтып жатат. Анын соңку маалыматына Бакиевдин үй-бүлөсү азырынча жооп бере элек. Читать дальше...

Azattyk.org 

Көкбөрү: “Бакубат Талас” утту

24-августтан бери Бишкекте өтүп жаткан президенттин кубогу үчүн оюн жыйынтыкталып, Таластын “Бакубат” командасы менен көлдүн “Толкун” тайпасы финалда ат салышты.

Azattyk.org 

МАГАТЭ: Иран 2015-жылкы өзөктүк келишимдин талаптарын аткарууда

Иран өзөктүк программасын ал дүйнөнүн ири державалары менен 2015-жылы түзгөн келишимде белгиленген чекте АКШ андан чыгып кеткенине карабай кармоодо.  Мындай тыянак Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик-МАГАТЭнин 30-августта жарыялаган баяндамасында айтылды. Бул - МАГАТЭнин АКШ президенти Дональд Трамп өлкөсү 2015-жылкы келишимден чыкканын жарыялаган май айынан берки экинчи баяндамасы. МАГАТЭ баяндамасында инспекторлору ал Иранда көрүп чыгышы керек болгон жайлардын баарына бара алганын да маалымдап... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ок тийген кызматкердин үнү бийликке жетти

Өз кызматкерин травматикалык тапанча менен аткан деп шектелген Базар-Коргон райондук Мамкаттоонун башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, учурда айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан Эмилбек Тарыхчиевдин ишин президенттин тапшырмасы менен укук коргоо органдары кайрадан карай баштады. Жабырлануучу бул ишти акыйкат иликтеп берүүнү 15-августта президент менен Кочкор-Ата шаарындагы жолугушуу учурунда билдирген.

Azattyk.org 

Гуревич: Бакиевдер 200-300 млн. доллар уурдаган

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарып кеткен. Бул тууралуу кезинде Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болгон, Кыргызстанда бир нече кылмыштар боюнча сыртынан соттолгон, азыр АКШда шарттуу абакта отурган Евгений Гуревич “Азаттык” менен маегинде билдирди. Ал мынча акчанын өлкөдөн чыгарылганы тууралуу жетиштүү далилдер колунда бар экенин, кыргыз өкмөтү менен кызматташууга даярдыгын айтып жатат. Анын соңку маалыматына Бакиевдин үй-бүлөсү азырынча жооп бере элек. Читать дальше...

Azattyk.org 

Көкбөрү: Баш байгени "Бакубат Талас" алды

Көкбөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин 2018-жылдагы кубогун Таластын "Бакубат Талас" командасы алды. 30-августта Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында өткөн финалдык таймашта таластык көкбөрүчүлөр Ысык-Көлдүн "Толкун" командасын 1:0 эсебинде жеңди. Бул мелдеште 3-орунду “Сары-Өзөн Рассвет” командасы алды. 3-орун үчүн болгон оюнда Чүйдүн улакчылары “Бакай-Ата Шыралжын” командасын 4:0 эсебинде жеңди. Президенттин кубогуна арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдеш 17-августта башталган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Трамп Түндүк Корея менен мамиледеги "көйгөйлөр" үчүн Кытайды күнөөлөдү

АКШ президенти бул тууралуу Ак үйдө өкмөт мүчөлөрү менен жыйын болуп жатканда билдирди. - Менимче, биз Түндүк Корея менен жакшы эле иштешип жатабыз. Биз муну али карап көрүшүбүз керек. Менимче, Түндүк Корея менен маселелердин бир бөлүгү биздин Кытай менен соода талаштарыбыздан улам чыкты. Силер билгендей, Түндүк Кореяга карай жол - Кытай. Түндүк Кореяга товар менен өндүрүмдүн 93% Кытай аркылуу өтөт. Менимче, биздин Түндүк Корея менен мамилебизди Кытай кыйла татаалдаштырып жатат, - деди Трамп 29-августта. Читать дальше...

Azattyk.org 

Алмазбек Атамбаев аянттагы эгемендик майрамына катышпайт

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев 31-августта Бишкек шаарынын борбордук аянтында эгемендиктин 27 жылдыгын майрамдоого катышпайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Атамбаев төрагалык кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. Ал муну мурдагы мамлекет башчысынын ден соолугу жол бербегени менен түшүндүрдү: - Алмазбек Шаршенович Атамбаев ден соолугуна байланыштуу 31-август - Эгемендүүлүк күнүн үй-бүлөсү менен белгилейт. Тилекке каршы, жакында... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия Жер Ортолук деңизде ири машыгуу өткөрөт

Москва бул машыгууну Сирия маселеси боюнча чыңалуу күчөгөн учурда өткөргөнү турат.  Коргоо министрлигинин бүгүнкү жарыясына караганда, 1-8-сентябрда боло турган машыгууларга 25 аскердик кеме, 30тай аскердик учак тартылат.  Москва деңиздеги машыгуу тууралуу Сириянын армиясы Идлиб провинциясында “антитеррордук” деп мүнөздөлгөн ири операцияга даярданып жаткан учурда билдирди. АКШ, Британия жана Франция эки күн мурда БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Сириянын бийлигин Идлибге чабуул коюу учурунда химиялык курал колдонбоого чакырып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Азиада-2018: Дзюдочу Владимир Золоев коло байге алды

Кыргызстандык спортчу Владимир Золоев ушул күндөрү Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында дзюдо боюнча мелдеште коло байгенин ээси болду. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Золоев 81 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, 3-орун үчүн беттеште жапониялык Такеши Сасакини таза жеңип алды (Иппон, 10S1 - 0). Золоев бул мелдеште жалпысынан үч беттеш өткөрдү. Алгач сириялык Касем Мохаммадды таза утуп, чейрек финалда түштүк кореялык Ли Сеунг Суга жеңилген. Кийин жооткотуучу беттеште кытайлык Гао Хайюайнды жеңип... Читать дальше...

Azattyk.org 

Мухаммед пайгамбардын карикатурасына каршы акция

Пакистанда 10 миңдей адам Нидерландда Мухаммед пайгамбар тууралуу карикатуралар боюнча сынак өткөрүлүшүнө каршы чыгышты. Сириянын өкмөттүк армиясы Идлиб провинциясында масштабдуу операция баштоого камданып жатат. Уйкусу качкандар үчүн робот жаздык.

Azattyk.org 

Өзгөндөгү музейди "Сулайман-Тоо" комплексине өткөрүү аракети көрүлүп жатат

Он биринчи кылымда курулган "Өзгөн мунарасын" жана анын айланасында салынып жаткан музейди "Сулайман-Тоо" комплексинин карамагына өткөрүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Бул тууралуу "Сулайман-Тоо" музей-комплексинин жетекчиси Султан Абдырахманов  "Азаттыкка" билдирди.  Уша тапта Ош шаарында жайгашкан  "Сулайман-Тоо" археологиялык музей-комплексинин карамагына Ноокат районундагы үч музей кирет. Өзгөн шаары Кыргызстандагы байыркы шаарлардын бири. Анын караханиддер доорунда түптөлгөнү тарыхый тастыкталган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жалал-Абад: төрт жыл мурун курула баштаган мектеп пайдаланууга берилди

Жалал-Абад шаарында 275 орунга ылайыкташкан эки кабаттуу №6 мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилип, 30-августта анын ачылышы болду.  2014-жылы авариялык абалдагы бул мектепте окуган 300дөн ашык бала №7 мектептин имаратына көчүрүлүп, ошол жакта билим алып келген. Ошол кездеги бийликтин тапшырмасы менен 2014-жылы башталган мектептин курулушуна 59 миллион сомго чукул каражат сарпталган. Акча тартыштыгынан улам курулуш өз мөөнөтүндө бүтпөй калганы айтылды. Жалал-Абадда 20 орто мектеп бар. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда... Читать дальше...

Azattyk.org 

31-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

31-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28; Таласта түнкүсүн 2...7, күндүз 22...27; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30; Баткенде түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30; Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12... Читать дальше...

Azattyk.org 

Иосиф Кобзон дүйнөдөн кайтты

Орус ырчысы, коомдук ишмер, СССРдин эл артисти Иосиф Кобзон Москвада 81 жаш курагында дүйнөдөн кайтканын маалымат агенттиктери кабарлашты. Медиада ал 2005-жылдан бери онкологиялык илдеттен жабыр тартары айтылып келген. Мурда СССРдин аймагында эстрада ырчысы катары таанылган Кобзон депутаттыкка алгач 1990-жылы шайланган. 1997-жылдан бери Орусия Мамлекеттик Думасынын депутаты болчу. 2014-жылдын мартында ал Орусия президентинин Крым боюнча саясатын колдоого чакырган маданият ишмерлеринин кайрылуусуна кол койгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өрттөн Филармониянын 200 чарчы метрдей аянты күйдү

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында бүгүн, 30-августта чыккан өрттөн болжол менен 200 чарчы метр аянт өрттөндү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчиси Адилбек Чаргынов "Азаттыкка" билдиргендей, кырсык келтирген чыгым азырынча тактала элек.  Буга чейин ӨКМ Филармониядагы өрт саат 14:00дө чектөөгө алынганын, азыр аны өчүрүү иштери уланып жатканын билдирген.  Анын себептери азырынча белгисиз.

Azattyk.org 

"Апам өзү иштеген ооруканадан ажал тапты..."

55 жаштагы Салтанат Соодонбекова 23-августта Бишкектеги Темир жол ооруканасында жүрөк талмасынан көз жумду. Анын жакындары Салтанатка 22-август күнү Ысык-Ата аймактык ооруканасындагы дарыгерлер туура эмес диагноз койгондон улам каза тапканын айтышып, "Азаттык" радиосуна кайрылышты.

Azattyk.org 

Лидер айымдар Африкага кызыгууда

Европадагы кубаттуу эки өлкө Британия менен Германия Африкага өзгөчө көңүл бурууда. Үч күндөн бери континентти кыдырып жүргөн Тереза Мэй "Африкадагы эң чоң инвестор болобуз" деген дымактуу планын жарыялады. Ангела Меркел да Африкада жумуш орундарын көбөйтүүгө кызыгып жатат.

Azattyk.org 

Булан институту мектеп көйгөйү боюнча президентке кайрылды

Булан институту (Bulan Institute for Peace Innovations) мектептер боюнча маселени чечүү сунушу менен 30-августта президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.   Кайрылууда "мектептердеги көйгөйлөр тез арада чечилбесе, орто билим берүү системасы келерки 10-15 жыл ичинде кыйроо алдында турат" деп айтылат.  Аталган уюм өлкө жетекчилигин балдардын Конституцияда жана тиешелүү мыйзамдарда каралган билим алууга укугун толук камсыз кылуу милдеттерин толук аткарууга чакырды. Ошондой эле президентке мектептердин коопсуздугу жана жаңы имараттарды куруу... Читать дальше...


В Подмосковье угнездились ремезы

Форменное безобразие: кто вымогает у россиян деньги за выдачу загранпаспорта

"Евро-Футбол.Ру": "Спартак" летом хочет приобрести вингера

Рынок доставки продуктов вырос на 55%



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

"Евро-Футбол.Ру": "Спартак" летом хочет приобрести вингера

В Подмосковье угнездились ремезы

Правительство поддержало проект о штрафах до 5 тысяч рублей за опасное вождение

«Я не вижу ни единого шанса, чтобы Евросоюз решил ввести санкции против Израиля»

Музыкальные новости

Бизнес-омбудсмен Москвы объяснила, почему важно принять закон о креативной индустрии

Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация!

Академия Плющенко требует почти два миллиона со сбежавшей от них юной спортсменки

Армянские ковры Арцаха (Карабаха) с уникальным орнаментом представлены как «генетический код» Азербайджана - сайт monumentwatch

Новости России

Рынок доставки продуктов вырос на 55%

Подмосковье вошло в тройку лучших по затратам на природоохранные мероприятия

Рантье не поделили торгцентр // «Кама Капитал» судится за площади

В чем же различие дорогого сайта от бюджетного

Экология в России и мире

Новые электрические щетки Revyline RL 085 Black доступны в филиале марки в Ставрополе

Адские цены на Сочи и Анапу заставили российских туристов найти новые пути экономии

Антисанитария в службах доставки: токсиколог Кутушов рассказал, почему опасно заказывать еду

Уникальный интерактивный проект Ставропольской психиатрической больницы на выставке-форуме «Россия»

Спорт в России и мире

«Янника Синнера очень рано сравнивать с Роджером Федерером» // Тренер мужской сборной России по теннису Игорь Куницын — о главных событиях Roland Garros

Каспер Рууд: «Не буду выступать на турнирах перед «Уимблдоном», но на нем, конечно, сыграю»

Тарпищев о Медведеве и Рублеве: без травм сыграют в Париже лучше, чем в Токио

Испанец Алькарас выиграл Открытый чемпионат Франции по теннису

Moscow.media

Россиянам рассказали, почему будущее за человекоподобными роботами

Быстро как. У хуситов появилась гиперзвуковая "Палестина". Наши подвезли?

Пустынная долина Кодара...

Роман Старовойт выразил готовность оказывать дальнейшую поддержку в строительстве Ленского моста в Якутии







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *