Мы в Telegram
Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Август
2018

Новости за 29.08.2018

Azattyk.org 

Кайрат Кыргыздын тегерегинде чыр чыкты

Продюсер жана музыкант Эркин Мээрканов аткаруучу Кайрат Кыргызга ортодогу келишимди аткарбай жатканынан улам өзү жазып берген чыгармаларды аткарууга тыюу салды. Бул чыр-чатак кыргыз шоу-бизнесинде болуп келген продюсер менен ырчылардын ортосундагы мамилелер тууралуу талкууга жем таштады. Мындай иш менен буга чейин жыйырмадай продюсер сотко кайрылып, бирок алардын бири да утушка жеткен эмес.

Azattyk.org 

Москва Батышка Идлибдеги операцияга кийлигишпөөнү эскертти

Мындай эскертүүнү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров  Сирияда өкмөттүк күчтөр козголоңчулардын акыркы маанилүү таянычы- Идлиб провинциясына ири чабуул жасоого даярданып жаткан учурда жасады. “Идлибде ириңдеп кеткен жара бар, ал жок кылынышы керек. Биздин батыштык өнөктөштөр чагымчылдыкка алдырбайт, антитеррордук операцияны жүргүзүүгө тоскоолдук кылбайт деп үмүттөнөм”,- деди Лавров кабарчыларга сүйлөгөн учурунда. Орусиянын тышкы иштер министри Идлибдеги кырдаал боюнча Түркия жана АКШ менен байланышта экенин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Уланбек Эгизбаев. Өксүткөн жоготуу

2018-жылдын 22-июлу "Азаттыктын" жамааты, кыргызстандыктар үчүн кабырганы кайыштырган оор жоготуу менен эсте калды. Чыгаан журналист, көптөгөн курч иликтөөлөрү менен таанымал кесиптешибиз Уланбек Эгизбаев Ысык-Көлдө эс алып жүргөн убакта мезгилсиз кайтыш болду. Окуядан кийин кырк күн өтсө да Уланбектин өлүмү тууралуу түрдүү жоромолдор басаңдай элек. “Азаттык” маркум чөккөн жерге барып, кесиптешибиздин өлүмүнүн чоо-жайын өз тарабынан иликтеп көрдү.

Azattyk.org 

Уланбек Эгизбаев: Өксүткөн жоготуу

2018-жылдын 22-июлу "Азаттыктын" жамааты, кыргызстандыктар үчүн кабырганы кайыштырган оор жоготуу менен эсте калды. Чыгаан журналист, көптөгөн курч иликтөөлөрү менен таанымал кесиптешибиз Уланбек Эгизбаев Ысык-Көлдө эс алып жүргөн убакта мезгилсиз кайтыш болду. Окуядан кийин кырк күн өтсө да Уланбектин өлүмү тууралуу түрдүү жоромолдор басаңдай элек. “Азаттык” маркум чөккөн жерге барып, кесиптешибиздин өлүмүнүн чоо-жайын өз тарабынан иликтеп көрдү.

Azattyk.org 

АКШ Орусияга каршы ДСУга арыз берди

Бул тууралуу Дүйнөлүк соода уюмунун сайтында кабарланды. Кошмо Штаттардын көз карашында, Орусия өз чаралары аркылуу ДСУнун эки эрежесин бузду. Биринчиден, Орусиянын бажы тарифтери АКШнын товарларына карата гана колдонулууда, башка өлкөлөргө жайылтылбайт. Экинчиден, Орусия койгон ченем Дүйнөлүк соода уюмунда уруксат берилген максималдык чектен да жогору. Буга байланыштуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ДСУдагы териштирүүдө Москва контраргументтердин “кеңири чөйрөсүн” колдоно турганын белгилесе... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жумуштан качпаган нарындык жаштар

Нарын шаары менен Кочкор районунда "Демилгелүү жаштар" долбоорунун алкагында 14 жаштан 28 жашка чейинки 60тан ашуун жумушсуз жаштар кыска мөөнөттөгү кесиптик билим алышты. Кыз-келиндер сүттү кайра иштетүү, кондитердик азыктарды даярдоо жана чач тарач боюнча билимдерге ээ болушуп, эми бул өнөрлөрүн жумуш табууда гана эмес, күнүмдүк жашоосунда да колдонмой болушууда.

Azattyk.org 

Кытай насыясынын кыстоосу алдыда

Британиялык "The Sun" басылмасы Кытай кичине, жарды өлкөлөргө насыя берүү менен жылма экспансия саясатын жүргүзүп жатканын жазып чыкты.

Azattyk.org 

Хаменеи Иран өзөктүк келишимден чыгышы мүмкүн экенин эскертти

Ирандын Жогорку лидеринин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, эгер 2015-жылы түзүлгөн келишим өлкөнүн кызыкчылыктарына жооп бербей калса Иран андан баш тартып коюшу мүмкүн. Аятолла Али Хаменеинин расмий сайтында ал Иран Европа державалары келишимди сактап калат деген “үмүттөрдөн баш тартышы керек” деп эсептей тургандыгы да белгиленген.  Жогору лидер мындай сөздөрдү президент Хассан Роухани жана өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда айтты.  Ирандын өзөктүк программасы боюнча көп тараптуу келишимден... Читать дальше...

Azattyk.org 

Хаменеи: Иран өзөктүк келишимден чыгышы мүмкүн

Ирандын Жогорку лидеринин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, эгер 2015-жылы түзүлгөн келишим өлкөнүн кызыкчылыктарына жооп бербей калса Иран андан чыгып кетиши мүмкүн. Аятолла Али Хаменеинин расмий сайтында ал Иран Европа державалары келишимди сактап калат деген “үмүттөрдөн баш тартышы керек” деп эсептей тургандыгы да белгиленген. Жогору лидер мындай сөздөрдү президент Хассан Роухани жана өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда айтты.  Ирандын өзөктүк программасы боюнча көп тараптуу келишимден АКШ... Читать дальше...

Azattyk.org 

КСДП депутат Кожобек Рыспаевди партиядан чыгарды

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) саясий кеңеши Жогорку Кеңештин депутаты, бул партиянын мүчөсү Кожобек Рыспаевди партиядан чыгарды. Бул тууралуу аталган партиянын катчылыгы кабарлады. Мындай чечим Рыспаевдин партиянын жобосундагы милдеттерге жана максаттарга каршы иш кылганына байланыштуу кабыл алынды. Ал кандай иштер экени билдирүүдө так айтылган эмес.   Партиянын саясий кеңеши ошондой эле Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттарына Кожобек Рыспаевди Отун-энергетикалык... Читать дальше...

Azattyk.org 

Азербайжандын ЖККУга кошулушу каралса, Армения каршы чыгат

Азербайжандын Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ) кирүү маселеси каралса, Армения вето укугунан пайдаланат. Бул тууралуу Еревандан Армениянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Анна Нагдалян билдиргенин “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун армян кызматы кабарлады.  Азербайжандын ЖККУга мүчөлүгү боюнча маселени кийинки күндөрү Орусия менен Азербайжандын маалымат каражаттары, эки өлкөнүн парламент депутаттары, эксперттик жамааты талкуулоодо. Мындай талкуулар Орусия менен Азербайжандын саясий эле эмес... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Мариянын" кеч такталган кесепети

Кариб деңизинин Пуэрто-Рико аралындагы "Мария" шамалынын курмандыктары буга чейин айтылып келгенден элүү эсе көп экени ачыкка чыкты. Жергиликтүү бийлик табият кырсыгынын кесепетинен 64 эмес, 2975 киши өлгөнүн моюнга алды.

Azattyk.org 

Кытай бийлиги төрөттү чектебейт

Кытайда үй-бүлөдө балдардын санын чектөө жокко чыгарылышы мүмкүн. Орусияда талаш жараткан пенсия реформасы жумшартыларын президент Владимир Путин билдирди.

Azattyk.org 

Уланбек Эгизбаев: Өксүткөн өлүм (анонс)

2018-жылдын 22-июлу "Азаттыктын" жамааты, кыргызстандыктар үчүн кабырганы кайыштырган оор жоготуу менен эсте калды. Чыгаан журналист, көптөгөн курч иликтөөлөрү менен таанымал кесиптешибиз Уланбек Эгизбаев Ысык-Көлдө эс алып жүргөн убакта мезгилсиз кайтыш болду. Окуядан кийин кырк күн өтсө да Уланбектин өлүмү тууралуу түрдүү жоромолдор басаңдай элек. “Азаттык” маркум чөккөн жерге барып, кесиптешибиздин өлүмүнүн чоо-жайын өз тарабынан иликтеп көрдү. Берүүнү 29-августта кечки саат сегизде ЭлТР каналынан көрүңүз.

Azattyk.org 

Путин пенсия реформасын "жумшартты"

Орус президенти талаштуу пенсия реформасы жумшартыларын 29-августтагы телекайрылуусунда жарыялады. Орус өкмөтүнүн пенсия курагын көтөрүү боюнча быйыл июнда жарыялаган сунушу өлкө боюнча нааразылык акцияларын жаратып, быйыл жазда кайра шайланган Путиндин калк арасындагы кадыр-баркын төмөндөткөн.

Azattyk.org 

Аба ырайы: тоолорго кар жаайт

30-августта күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25, Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 20...25, Баткен облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23, Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 18...23... Читать дальше...

Azattyk.org 

Азиада-2018: Дзюдочу Артур Те коло байге алды

Кыргызстандык дзюдочу Артур Те ушул күндөрү Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында коло байгенин ээси болду. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Артур Те дзюдо боюнча таймаштарда 66 килограммга чейинки салмакта татамиге чыкты. Ал 3-орун үчүн таймашта өзбекстандык Шахрам Ахадовду вазаари упайы менен жеңип алды (1S2 - 0S1).  Кыргызстандык спортчу бул мелдеште жалпысынан төрт беттеш өткөрдү. Алгач ирактык Ал-Саеди Мохаммад Саттар Жебурду 1:0 эсебинде жеңип, чейрек финалда жапониялык Жоширо Маруямага жеңилип калган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанга өзбек президенти келээри кабарланды

Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов эки мамлекеттин эгемендик майрамдарына карата басма сөз жыйынын өткөрдү. Анда элчи өзбек президенти Шавкат Мирзиёев 3-сентябрда Бишкекке келээри күтүлүп жатканын билдирди. Бирок 2-сентябрда башталчу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземдерине өзбек президентинин катышаар-катышпасын так айткан жок.  2017-жылдын 13-декабрында Сооронбай Жээнбеков президент катары чет өлкөдөгү биринчи расмий сапарын Ташкенттен баштаган. Анда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугуп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аялды сүзүп өлтүргөн айдоочу боюнча орус тарапка маселе коюлду

Бүгүн, 29-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Орусиянын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Вадим Чекмазов жана Кант авиабазасынын жетекчилигинен Андрей Янкин Лебединовка айылындагы жол кырсыгы боюнча чакыртылды.  Жолугушууда кыргыз тарап жол кырсыгындагы автоунаанын айдоочусу, Кант авиабазасында кызмат өтөгөн К.Азановду тергөө иштерине катыштыруу жана жабырлангандарга кенемте төлөө маселесин койду.  Орусия тарап жол кырсыгында каза болгон маркум А.Курманкалиеванын жакындарына көңүл айтып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусияда ксенофобия күчөдүбү?

“Левада” борборунун социологдору орусиялыктардын башка улуттарга карата ксенофобиялык көз караштары көбөйгөнүн сурамжылоого таянып жарыялады.

Azattyk.org 

Путин пенсия реформасы жумшартыларын жарыялады

Орус президенти талаштуу пенсия реформасы жумшартыларын 29-августтагы телекайрылуусунда жарыялады. Ага ылайык, маселен, эми аялдардын пенсияга чыгуу курагы өкмөт сунуш кылгандай сегиз эмес, беш жылга гана көтөрүлөт. Орусиянын Мамлекеттик Думасы аялдардын пенсия жашын 63кө, эркектердикин 65ке көтөрүүнү караган мыйзам долбоорун буга чейин биринчи окуудан жактырган.  Бирок Путиндин айтымында, эми жакын арада мыйзамга алымча-кошумча киргизилип, аялдардын пенсия курагы 60ка түшүрүлөт. Путин ошондой эле үч балалуу энелер пенсияга 57 жаштан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жыйын өттү

Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгын реформалаш үчүн түзүлгөн эксперттик жумушчу топтун жыйыны өттү. Анда башкармалыктын ишин өзгөртүү үч баскыч менен ишке ашырылаары белгилүү болду. Алар: кадрларды кылдат изилдеп тандоо, кесипкөй кызматкерлерди даярдоочу курстарды уюштуруу жана коррупция үчүн сөзсүз жазага тартуу. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Топтун курамына Коопсуздук кеңешинин катчысы, өкмөттүн аппаратынын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кытай “эки бала” саясатын жоюшу мүмкүн

Кытайдын Жарандык кодексинин долбоору өлкө парламенти - Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинде ушул аптада каралышы күтүлүүдө. Анда бул ирет үй-бүлөнү пландоо боюнча жоболор болбойт. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлап жатышат.  Буга чейин Кытайда 1979-жылы күчкө кирген “жалгыз бала” саясаты жумшартылып, 2016-жылдан тартып үй-бүлөлөрдүн эки балалуу болушуна расмий жол ачылган. Андыктан эми жаңы мыйзам сунуш кылынган долбоордо бекитилсе, бул Кытай өкмөтүнүн... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыздын Остап Бендерлерине эстелик керек

Вашингтондогу айтылуу Смитсониан музейинин каадага сыйбас бир залы бар. Ал залдын экспозициялары, жөнөкөйлөштүрүп айтканда, бал тилдүү алдамчы-кесептерге, аферисттерге, финансылык авантюристтерге арналган.

Azattyk.org 

Акыйкатчы институту: Сатыбалдиевдин ден соолугун текшериш керек

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушуп чыгышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Сатыбалдиев буга чейин да учурашып чыккан Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерине жүрөгүн текшерүү керек экенин айткан. Анын айтымында, 2013-жылы жүрөгүнө байланыштуу операция жасалып, дарыгерлер ден соолугун маал-маалы менен текшертип турууну сунуш кылышкан. Сатыбалдиев түнкүсүн уктай албай жатканын да билдирген.


Гонщики «КАМАЗ-мастер» показали свое мастерство на фестивале Drift Expo

Бывший возлюбленный Заворотнюк Жигунов не приехал на ее похороны

50 дней без еды. Россиянин выжил после голодовки

Прощайте, школа и полмиллиона: сколько стоит обучение в вузах для детей знаменитостей



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

50 дней без еды. Россиянин выжил после голодовки

CNSA: Посадочный модуль китайского зонда успешно сел на обратной стороне Луны

КЧР. Ансамбль КЧГУ стал лауреатом фестиваля «Российская студенческая весна – 2023»

Бывший возлюбленный Заворотнюк Жигунов не приехал на ее похороны

Музыкальные новости

Почта России помогла детям-подопечным благотворительных фондов встретиться с футболистами ЦСКА

Победитель Чемпионата по рыбалке на Рыбной неделе получил 1 млн рублей

Собянин рассказал, как москвичи исполняют заветные мечты детей-сирот

«Заставлял Костомарова мыть свою машину, чтоб потом он на ней покатался по парковке!» Илья Авербух рассказал о дружбе с Романом Костомаровым в шоу «Вкусно с Анфисой Чеховой» на ТВ-3

Новости России

Синоптики спрогнозировали еще один жаркий день с грозами в Москве 2 июня

CNSA: Посадочный модуль китайского зонда успешно сел на обратной стороне Луны

Курьеры мошенников помогли «избавиться» от сбережений жительнице Приморья

50 дней без еды. Россиянин выжил после голодовки

Экология в России и мире

Елена Шерипова: самые модные головные уборы на лето

Eurasianet: Азербайджан публично и цинично уничтожает армянское культурное и историческое наследие в Нагорном Карабахе

Спецназ ворвался в прибрежный люксовый отель, а вертолет завис над бассейном: перепуганные туристы на вечеринке стали свидетелями реального боевика

Eleganzza весна-лето 2024

Спорт в России и мире

Прямая трансляция матча Рыбакиной с победительницей четырех "Больших шлемов"

Медведев вышел в 1/8 финала «Ролан Гаррос» — 2024

Российские ракетки сообразили на троих // Даниил Медведев, Мирра Андреева и Элина Аванесян дружно вышли в 1/8 финала теннисного Roland Garros

Азаренко не смогла выйти в 1/16 финала открытого чемпионата Франции по теннису

Moscow.media

Военные следователи продолжают оказывать гуманитарную помощь военнослужащим, находящимся в полевых госпиталях

Преступления мигрантов с рынков азербайджанского олигарха Года Нисанова продолжают шокировать Москву

Денис Сафин перевел 100 миллионов рублей в фонд помощи пострадавшим от паводка

В Петербурге суд оправдал владельца транспортных средств, который давал взятки сотруднику ГИБДД







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *