Босния-Герцеговинада журналисттин сабалышы акцияларга себеп болду
Босния-Герцеговинада журналисттер сербдер отурукташкан аймакта кесиптешинин катуу сабалышына нааразылыгын билдирип жатышат. 28-августта 200дөй журналист Сараеводо чогулуп, Владимир Ковачевичке кол салгандарды тез арада табууну, мындай кылмыштардын алдын алууну талап кылышты. Ушундай эле акциялар Зеница жана Мостар шаарларында уюштурулду. BNTV телеканалынын кабарчысын 26-августта Банья Лука шаарында белгисиз бирөөлөр сабап кетишкен.