Мы в Telegram
Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Июнь
2018

Новости за 01.06.2018

Azattyk.org 

Юрист Жузеппе Конте Италиянын өкмөт башчылыгына дайындалды

Юрист Жузеппе Конте Италиянын өкмөт башчылыгына дайындалды. Бүгүн ал расмий ант берүү менен кызматына киришти. Конте президентке министрлер кабинетинин курамын сунуштады. 18 министрдин беши аял. Буга чейин Экономика министрлигине көрсөтүлүп, еврого терс көз карашы үчүн четке кагылган Паоло Савона 1-июнда Европа иштери боюнча министр катары ант берди. Еврокеңештин президенти Доналд Туск Контени куттуктап, "ал Италия жана Еврокеңеш үчүн чечүүчү маалда" дайындалганын айтты. Туск ошондой эле биримдик... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ала качуу: Кечир, Бурулай!

Ала качуу оор кылмыш болгонуна карабастан эмне үчүн бул көрүнүш токтобой жатат? Буга тарбиянын жоктугу, үй-бүлө куруу жоопкерчилигинин аздыгы жол берүүдөбү же дагы эле аны салт деп эсептеген көз караш күчтүү болуп жатабы? "Азаттык плюс" бүгүн ушул суроолорго жооп издеди.

Azattyk.org 

“Норманд төрттүгү” украин кризисин талкуулайт

"Норманд төрттүгүнө" кирген Орусиянын, Германиянын, Франциянын жана Украинанын тышкы иштер министрлери 11-июнда Берлинде жолугушат. Бул тууралуу Украинада жүргөндө Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас билдирди. Мындай форматтагы сүйлөшүү быйыл биринчи жолу өтмөкчү.   Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкиндин айтымында, жолугушууда Донбасстагы чатак тилкесинде тынчтык сактоо күчтөрүн жайгаштыруу маселеси жана Орусия менен Украинанын ортосундагы туткундарды алмашуу процесси талкууланат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Аскарбек Шадиевдин качканы анык болду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Аскарбек Шадиевдин Тажикстан аркылуу Москвага, андан ары АКШга качып кеткенин бир айдан кийин гана билип, ага козголгон кылмыш ишинин алкагында айыбы сыртынан угузулганын жарыялады.

Azattyk.org 

Экс-депутаттын кызы МАИчи менен чырдашты

Экс-депутаттын кызы МАИ кызматкерин тебелетип кете жаздаган окуя коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Айдоочу мурда милицияда жогорку кызматта иштеген жарандын аялы экени да белгилүү болду.

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы тирешүүдө тажик жараны башынан жарадар болду

Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айыл аймагынын тургундары менен кошуна өлкөнүн Ворух айылынын жашоочуларынын ортосундагы тирешүүдө Тажикстандын Исфара районунун Ворух айылына караштуу Точикон маалесинин башчысы Гафуржон Жураев башынан жарадар болгон. Бул тууралуу Ворух айлынын башчысы Мехринисо Рахматова 1-июнда "Азаттыктын" тажик кызматы менен болгон маегинде билдирип, жарадар болгон жарандын акыбалы дурус экенин кошумчалады. Тажик тараптын айтымында, тирешүү талаштуу аймакка кыргыздар кирип барганда чыккан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Тогуз баланын тоодой бактысы

Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылындагы Урмат Дадакеевдин үй-бүлөсү - көп балалуу, жаш бүлө. Тогуз баланы чоңойтуп, өстүрүп келаткан жаш жубайлар балдарын эч нерседен кем кылбай, бардарчылыкта чонойткусу келет. Балдар байлыгым деп, түйшүктү сезбеген жубайлар дагы да балалуу болсок деген оюн жашырбайт.

Azattyk.org 

Чемпионат мигранттарды мекенге кайтарууда

Ондогон тажик мигранттары мекенине кайтууда. Футбол чемпионатынын алдында Орусияда текшерүүлөр күчөдү. АКШнын алюминий жана болот салыктарына Евробиримдик чара көрөрүн эскертүүдө.

Azattyk.org 

2-июнда 35 градуска чейин күн ысыйт

“Кыргызгидромет” билдиргендей, 2-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз ала булут каптап, кээ бир райондордо күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 17-22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 11...16, күндүз 30...35; Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 28...33; Ош, Баткен, Жалал-Абадда түнкүсүн 13...18, күндүз 30...35; Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26; Нарында түнкүсүн 6...11, күндүз 23...28 градус болот. 2-июнда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Грузин президенти демонстранттардын лидери менен жолукту

Грузиянын президенти Георгий Маргелашвили Тбилисиде 31-майдан бери уланып жаткан демонстрацияга катышып жаткандардын лидери Заза Саралидзе менен жолукту. Буга чейин нааразылыкка чыккандардын талабы менен башкы прокурор Ираклий Шотадзе кызматтан кеткен.  Борбордук аянтка топтолгон миңдеген грузиялыктар өткөн жылдын соңунда эки өспүрүмдүн өлтүрүлүшү боюнча башталган иштин токтоп калганына нааразылыгын билдиришти. Алар буга күнөөлүү деп эсептешкен аткаминерлердин, анын ичинде премьер-министрдин да иштен кетишин талап кылып жатышат. Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ: соода согушунун жаңы карааны

АКШнын эң жакынкы соода өнөктөштөрү эми ага каршы да чектөөлөрдү киргизерин эскертишүүдө. Ага чейин Кошмо Штаттардын өкмөтү Евробиримдикте, Канадада жана Мексикада өндүрүлгөн болот менен алюминийге жаңы бажы тарифтери күчүнө кирерин жарыялаган. Буга байланыштуу алдыда соода согушу тутанабы деген кооптонулардан дүйнөлүк биржада чыңалуу пайда болду.

Azattyk.org 

АКШ-ЕБ: соода согушунун жаңы карааны

АКШнын эң жакынкы соода өнөктөштөрү эми ага каршы да чектөөлөрдү киргизерин эскертишүүдө. Ага чейин Кошмо Штаттардын өкмөтү Евробиримдикте, Канадада жана Мексикада өндүрүлгөн болот менен алюминийге жаңы бажы тарифтери күчүнө кирерин жарыялаган. Буга байланыштуу алдыда соода согушу тутанабы деген кооптонулардан дүйнөлүк биржада чыңалуу пайда болду.

Azattyk.org 

Ким өзөктүк куралдан акырындап арылгысы келерин айтты

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу боюнча ниети өзгөрбөстөн кала берерин жана процесс акырындап ишке ашарын билдиргенин 1-июнда KCNA маалымат агенттиги жазды. Ким бул тууралуу Пхеньянда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуп жатып бейшембиде билдирген. Ал ошондой эле АКШ менен Түндүк Кореянын ортосундагы пикир келишпестик натыйжалуу жана конструктивдүү диалог аркылуу чечилерине үмүт кыларын белгилеген. Ким менен Лавров Пхеньян менен... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жалал-Абад милициясы балдар үйүнө жардам тапшырды

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Ноокен районунда жайгашкан Жумабек Ниязов атындагы атайын жалпы билип берүүчү көмөкчү жатак мектебине акчалай жана материалдык жактан жардам берди. Аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, милиция кызматкерлери балдардан кабар алып, белектерин тартуу кылышты. Ниязов атындагы жатак мектепте турмуштун ар кыл сыноосуна кабылган 200гө чукул бала тарбияланат. Иш чара 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулду. Читать дальше...

Azattyk.org 

Наркы жоголгон элдин баласы кор болот

Кийинки убакта балдарды жакындары сабаган, зордуктаган, кордогон учурлар көп кездешүүдө. Ушундай шартта балдардын укуктары корголуп жатат деп айтууга болобу? Наристелерди кантип коргойбуз? “Арай көз чарай” талкуусу ушул маселеге арналды.

Azattyk.org 

Дастанбек Жумабеков: Саясий куугунтук көрө алган жокмун

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Кыргызстанда саясий куугунтук жүрүп жатат деген сөздөргө кошулбайт. Мындай пикирин ал бүгүн “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди: - Саясий куугунтук - бүгүнкү күндө андайды көрө алган жокмун. Баары мыйзам алдында тегиз болушу керек. Парламент тараптан ачык чындык айтылды. Калганын тийиштүү органдар тактайт. Ким кылмыш кылса, мамлекеттик казынага зыян келтирсе жоопкерчиликке тартылышы керек. 17-майда Жогорку Кеңеште Бишкек Жылуулук электр... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ошто Ак-Бууранын жээгиндеги чатак чыккан жер тосулду

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги мэрия "тосулбайт" деп убада берген участокту тосулуп калды. Бул тууралуу ошол жерде жүргөн "Азаттыктын" кабарчысы Ыдырыс Исаков билдирди. Анын айтымында, жерди ээлеп алгандар жээкти темир тунуке менен коргондоп коюшкан.  Шаардын Курманжан датка ("Юго-Восток") кичи районундагы, дарыянын боюндагы бул участок 22-май күнү тосула баштаган учурда жергиликтүү тургундар нааразылык билдирип чыгышкан. Натыйжада ортодо чатак чыгып, жерди тосуп алгандар аларга каршылык билдирген эки кишини сабап салышкан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Испанияда социалист Педро Санчес өкмөт башына келди

Испания парламенти Мариано Рахой башында турган министрлер кабинетине ишеним көрсөтпөө чечимин колдошту. Өкмөттүн таркашын 180 депутат колдоп, 196сы каршы добуш берди. Жаңы премьер-министр болуп социалисттердин лидери Педро Санчес дайындалды. Буга чейин ал мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө каршы эместигин билдирип келген, бирок азыр ал 2020-жылга чейин бийликте калууга даярдыгын ишара кылды. Анткен менен байкоочулар социалисттер парламентте аз болгондуктан, ал туруктуу министрлер кабинетин түзө алабы деп күмөн санап турушат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бажы кызматынын жетекчилеринин бөлмөсүндөгү тыңшоо боюнча иш козголду

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилеринин бөлмөсүндөгү тыңшоо боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК кабарлады. Маалыматта иш Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси ("Кат алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почталык, телеграфтык, электрондук жана башка кабарлардын купуялыгын бузуу") менен козголгону айтылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ушул жылдын апрелинде Мамлекеттик бажы кызматынын Ош жана Баткен бөлүмүнүн жетекчилеринин иш бөлмөсүнөн тыңшоочу аппараттар табылганы кабарланган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бажы кызматынын жетекчилеринин бөлмөсүндөгү тыңшоолор боюнча иш козголду

Бажы кызматынын жетекчилеринин бөлмөсүндөгү тыңшоолор боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК кабарлады. Маалыматта иш Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси ("Кат алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почталык, телеграфтык, электрондук жана башка кабарлардын купуялыгын бузуу") менен козголгону айтылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ушул жылдын апрелинде Мамлекеттик бажы кызматынын Ош жана Баткен бөлүмүнүн жетекчилеринин иш бөлмөсүнөн тыңшоочу аппараттар табылганы кабарланган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусияда сот укук коргоочу Титиевдин камактагы мөөнөтүн узартты

Орусияга караштуу Чеченстан жумуриятынын соту укук коргоочу Оюб Титиевдин сотко чейинки камактагы мөөнөтүн 9-июлга чейин узартты. Бул тууралуу "Мемориал" укук коргоо уюму "Фейсбуктагы" өз баракчасына жазды. 60 жаштагы Титиев дал ушул уюмдун Чеченстандагы бөлүмүн жетектечү. "Мемориал" 31-майда чыгарылган Грозный шаардык сотунун чечимин "негизисиз" деп атады. Титиев маңзатка байланыштуу 9-январда камалган. Укук коргоочу өзү анын автоунаасына атайлап маңзат салып коюшкандыгын айтып, ага тагылган айыптарды четке кагып келет. Читать дальше...

Azattyk.org 

Тажикстанда белгилүү диниятчы 25 жылга кесилди

Тажикстандын Жогорку соту 1990-жылдары белгилүү болгон диниятчы Саид Киёмиддин Гозини 25 жылга эркинен ажыратты. "Азаттыктын" тажик кызматы соттогу өз булактарына таянуу менен өкүм өткөн жумада чыгарылганын, жараян жабык өткөнүн жазды.  Маалым болгондой, Саид Киеммиддин Гози "улуттук, расалык, диний кастыкты козуткан, мекенине саткынчылык кылган жана конституциялык түзүмдү күч менен өзгөртүүгө ачык чакырык жасаган" деген айыптар боюнча күнөөлүү деп табылган.  Мамлекет тарабынан дайындалган адвокат... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ата-эне бала кыялын билеби?

1-июнь - Кыргызстанда балдарды коргоо күнү. Бала менен ата-эне эмнени каалашат? Бири-бирин түшүнөбү? "Азаттык" ушул суроолор менен Бишкек шаарынын тургундарына микрофон сунду.

Azattyk.org 

Тыйылбаган "тыңшоо өнөкөтү"

1-июнда келип түшкөн маалыматка караганда, "Баткен" жана "Ош" бажыканаларынын жетекчилеринин иш кабинеттеринде 2018-жылдын апрелинде табылган жашыруун аңдуучу атайын каражаттарга байланыштуу УКМК кылмыш ишин козгоду. Иш Кылмыш-жаза кодексинин 136 ("Кат алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почталык, телеграфтык, электрондук жана башка кабарлардын купуялыгын бузуу") беренеси менен козголгон.


Кофе, крепкий чай и сладкая "газировка" не принесут пользы в жару

Цього дня Україна втратила ядерний статус. Як Росія застосовує літаки й ракети, які були українськими

Бывший возлюбленный Заворотнюк Жигунов не приехал на ее похороны

Список самых популярных товаров нашего маркетплейса Bazosmarket



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Примани, венок, жениха богатого: какие народные гадания до сих популярны у россиян

Список самых популярных товаров нашего маркетплейса Bazosmarket

Цього дня Україна втратила ядерний статус. Як Росія застосовує літаки й ракети, які були українськими

Кофе, крепкий чай и сладкая "газировка" не принесут пользы в жару

Музыкальные новости

Распределяй и управляй: водители «Грузовичкоф Бизнес» – о преимуществах работы и трудовых буднях  

В Подмосковье стартует Кубок чемпионов Swimcup по плаванию на открытой воде

ЦБ: В Татарстане все школы присоединились к урокам финграмотности

«Райский цветник» Бакиханова и азербайджанские фальсификации. ВИДЕО

Новости России

Список самых популярных товаров нашего маркетплейса Bazosmarket

Авиалайнер из Москвы 2 июня прилетает во Владивосток с опережением графика

CNSA: Посадочный модуль китайского зонда успешно сел на обратной стороне Луны

Кофе, крепкий чай и сладкая "газировка" не принесут пользы в жару

Экология в России и мире

Стоматолог Владимир Лосев: сколько времени нужно носить брекеты

Волжский нарцисс - Плес

Коллекция купальников Love Republic

Улыбка сделала слушателя «Юмор FM» миллионером

Спорт в России и мире

Прямая трансляция матча Елены Рыбакиной против экс-первой ракетки мира на «Ролан Гаррос»

Российские ракетки сообразили на троих // Даниил Медведев, Мирра Андреева и Элина Аванесян дружно вышли в 1/8 финала теннисного Roland Garros

Синнер повторил уникальное достижение Джоковича и Надаля на турнирах «Большого шлема»

Итальянская забастовка: Рублёв, Котов и Самсонова вылетели с «Ролан Гаррос», Потапова обыграла Ван Синьюй

Moscow.media

Муруджинские озера

Книжные новинки, лаборатория текста и иллюстраций — ждут гостей Московского детского фестиваля искусств «НЕБО»

Торжественное возложение цветов к памятному знаку «Юным героям — партизанам и подпольщикам» в Феодосии

Лучший HR-бренд – «Грузовичкоф»







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *