Мы в Telegram
Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Июнь
2018

Новости за 03.06.2018

Azattyk.org 

Башар Асад Түндүк Кореяга барышы мүмкүн

Түндүк Кореянын маалымат каражаттары Сирия президенти Башар Асад Пхеньянга келип, Ким Чен Ын менен жолуккусу келип жатканын кабарлоодо. Мамлекеттик KCNA агенттиги Асад мындай ынтызарлыгын 30-майда Дамаскта Түндүк Кореянын элчисинен ишеним грамотасын алып жатканда билдиргенин маалымдады. Асад "Түндүк Кореяга барып, Ким Чен Ын менен жолукканы жатам" деп айтканы менен, сапары кайсы күнгө белгиленгенин тактаган эмес.  Пхеньян менен Дамаск дурус мамиледе. Буга чейин Улуттар Уюмунун байкоочулары... Читать дальше...

Azattyk.org 

Лондон арам акчаны иликтөөнүн масштабын кеңейтти

Британиянын кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча Улуттук агенттиги арам акчаны иликтөөнүн масштабын кеңейтүүдө. Бул тууралуу жекшембиде “Санденс Таймс” гезити аталган агенттиктин бөлүм башчысы Дональд Тунга таянып жазып чыкты. Тун Британиядагы коррупциялашкан элита жана алардын мыйзамсыз жол менен табылган байлыгын дыкат иликтеп жатышканын билдирет. Гезиттин британ өкмөтүндөгү дагы бир булагы Улуттук агенттиктин бутасына алынгандардын бир тобу “орусиялыктар же Орусияга байланышы бар адамдар” экенин айткан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Эл аралык космос станциясынын экипажы Жерге кайтты

Эл аралык космос станциясынын экипажы 3-июнда Жерге кайтып келди. Космонавттар отурган капсула Казакстанга конгон. Орусиялык Антон Шкаплеров, америкалык Скотт Тингл жана жапониялык Норишиге Канаи космосто 168 күн иштешти. Бул аралыкта алар илимий-прикладдык иликтөө, эксперименттерди жүргүзүп, Эл аралык космос станциясынын ишин камсыздашты.  Алардын ордуна эми Эл аралык космос станциясында 56-экспедиция ишке киришет. Курамына орусиялык Сергей Прокопьев, америкалык Серена Ауньон жана германиялык... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ирак соту француз аялды өмүр бою эркинен ажыратты

Ирак соту 3-июнда франциялык Мелина Бухедирди "Ислам мамлекети" террордук тобуна мүчө болгон деп таап, өмүрүнүн аягына чейин абакка кести. 27 жаштагы Бухедир төрт баланын энеси. Сотко эки жашар кызы менен келген. Калган үч баласы Францияга кайтарылганын "Франс пресс" агенттиги маалымдады. Бухедир соттогу сөзүндө 2016-жылы күйөөсүнө алданып кеткенин айтты. "Эгер ээрчип Иракка барбаса ал балдарды алып кетип калмак" деди. Күйөөсү Мосулду террорчулардан бошотуу операциясы учурунда өлгөн.  Өткөн... Читать дальше...

Azattyk.org 

Алматыда менингококк инфекциясынан дагы бир кыз көз жумду

Казакстанда менингококк инфекциясы дагы бир адамдын өмүрүн алды. 3-июнда Алматы облусундагы Каскелен шаардык ооруканасында 19 жаштагы кыз көз жумганын жергиликтүү маалымат булактары Коомдук саламаттык сактоо департаментине таянып кабарлашты. Расмий маалыматка ылайык, Казакстанда ушуну менен бул дарт жуккан үчүнчү адам жашоо менен кош айтышты. Буга чейин эки бала өлгөн. Коомдук саламаттык сактоо департаментинен кабарлашкандай, жыл башынан бери ооруга чалдыккан 52 учур катталды. Анын көбү Алматыда. Читать дальше...

Azattyk.org 

Балтика боюнда жана Польшада НАТОнун машыгуулары башталды

Балтика боюнда жана Польшада НАТОнун 18 миң аскери катышкан Sabre Strike машыгуулары башталды. 19 мамлекеттин жоокерлери катышкан иш-чара 3-июндан 15-июнга чейин уланат.  Ал тапта Польша өкмөтү өз аймагынан АКШ аскерлерине туруктуу жай берүү сунушун карап жатканын билдирди. 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алган соң АКШ жана НАТО кошуундары Польшадагы аскерий даярдыктын көлөмүн кеңейте баштаган.

Azattyk.org 

Тбилисиде өкмөткө каршы нааразылык уланууда

Грузиянын баш калаасы Тбилисиде нааразылык акциялары уланууда. Айрым активисттер 3-июнга караган түндү парламенттин алдына тигилген чатырларда өткөрүштү. Өкмөткө каршы митингдин уюштуруучусу Заза Саралидзе бардык саясий партияларды аларга кошулууга чакырды.  Нааразылык акциялары 31-майда башталган. Ал күнү кечинде парламент имаратынын алдына миңдеген адамдар чогулду. Алар өткөн жылдын соңунда Саралидзенин уулун өлтүргөн эки өспүрүмдүн иши аягына чыкпай калышына күнөөлүү деп эсептелген аткаминерлерди жазалоону суранып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жумабеков: Кытайга жерди убактылуу берүү - дипломатиялык келишим

Кыргызстан менен Кытайдын жер алмашуусу дипломатиялык чечим. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков "Азаттык" радиосуна билдирип, азырынча парламентке бул келишимдин документи келе электигин айтты: - Биздин тийиштүү комитеттерден каралат. Бул дипломатиялык келишим болот. Бизге келип түшкөндөн кийин комитеттер дипломатиялык, саясий жагын карап, өзүнүн баасын берет. Бишкек шаардык кеңеши Кытай элчилиги турган үч гектардан ашуун жер тилкесин ижарага берүүгө май айынын соңунда макул болгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Арстанбап: элди баккан токой

Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында экологиялык жактан сапаттуу токой жемиштерин саткан дүкөн иштей баштады.

Azattyk.org 

Жумабеков: Кыргызстанда саясий куугунтук жок

Кыргызстанда учурда саясий куугунтук жана үй-бүлөлүк башкарууга кайтуу коркунучу жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков “Азаттыкка” маегинде билдирди. Анда парламент төрагасы акыркы мезгилдеги Жогорку Кеңештин активдешүүсүнүн себеби, өлкөдөгү парламентаризмдин келечеги жана мурдагы премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөткө ишеним көрсөтпөөнүн буга чейин белгисиз болгон жагдайлары тууралуу айтып берди.

Azattyk.org 

Израилдин аба күчтөрү ХАМАСтын турумдарына сокку урду

Израилдин аскерий учактары жекшембиге караган түнү Газа тилкесинде ХАМАС тобунун турумдарына сокку урду. Бул тууралуу Израилдин коргоо күчтөрүнүн өкүлдөрү кабарлап, ал Газа тараптан келген ракеталык аткылоого жооп иретинде жасалганын билдиришти. Курмандыктар тууралуу маалымат жок.  Кабарларга караганда, өткөн түнү Газа тилкесинен төрт ирет снаряд атылган. Азырынча ракеталык аткылоого эч бир топ жоопкерчилик ала элек.  Газа тилкесинин тургундары израилдик учактар ХАМАСка таандык үч турумду бутага алганын маалымдашты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жумуртканын дагы бир касиети ачылды

Кишиден туура жумуш кылганды үйрөнчү робот. Күндөгү жана көлөкөдөгү машиненин ичи дээрлик бирдей ысыйт. Жумуртка жүрөккө даба. Кишилер менен жаныбарлар бир убакта пайда болгон дешет генетиктер.

Azattyk.org 

Иран Сириядан аскерий күчтөрүн чыгара баштаганы кабарланууда

Ирандын аскерий күчтөрү Сириянын түштүк жана түштүк-батыш аймагынан кете баштаганы тууралуу "Al-Arabiya" телеканалы ишембиде жеке булактарына таянып билдирди. Ушундай эле маалымат Израил басылмаларында да жарык көрдү.  "Al-Arabiya" тараткан кабарда ливандык "Хезболла" тобу да аймактан кетип жатканы айтылат. Бул топ иранчыл деп сыпатталып жүрөт.  Иран жана "Хезболла" жикчилдерге каршы Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө колдоо көрсөтөт. Муну сындап келген Израил бир канча ирет алардын турумдарына сокку урганы кабарланган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: жамгыр жаайт

4-июнда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолорго кар түшүшү. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24, Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17, Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 20...25, Ысык-Көл жана Нарын дубандарында дубанында түнкүсүн 6...11... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда жыл башынан бери 154 миңден ашуун бала төрөлдү

Кыргызстанда 2018-жылдын башынан бери 154 миңден ашуун ымыркай жарык дүйнөгө келди. Анын 79 миңи эркек, 75 миңи кыз. Бул тууралуу маалымат Улуттук статистика комитетинин расмий сайтында жарыяланды.  Кыргызстанда ушул тапта 18 жашка толо элек 2 миллион 312 миң бала болсо, алардын 51% эркектер. 2017-жылга салыштырмалуу балдардын саны 2,2% же 49 миңге көбөйдү. Баяндамага ылайык, төрөгөн энелердин 23 пайызында расмий никеси жок. Башкача айтканда, бул жаңы төрөлгөн ар төртүнчү ымыркайга туура келет. Читать дальше...

Azattyk.org 

Алматыда менингококк инфекциясынан эки бала көз жумду

Алматыда 1-июнда менингококк вирусунан беш жаштагы бала көз жумду. Бул тууралуу казак маалымат агенттиктери Коомдук саламаттыкты сактоо департаментине таянып кабарлашты.  Расмий маалыматка ылайык, Казакстанда ушул дарт эки баланын өмүрүн алды. Жыл башынан бери ооруга чалдыккан 52 учур катталды. Анын көбү Алматыда.  Менингококк инфекциясы курч жугуштуу оору экенин, аба аркылуу да жугарын медиктер эскертишет. Оору майыптыкка алып келиши же өлүм менен аякташы мүмкүн.

Azattyk.org 

Жети-Өгүздө "Аймак ышкыбоздору-2018" эл аралык фестивалы өтөт

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда "Аймак ышкыбоздору-2018" эл аралык  фестивалы өтөт. Ага 12 мамлекеттен өнөр адамдары катышат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна уюштуруучулардын бири, ырчы Кайрат Салмакеев билдирди.  20-25-май күндөрү Тамга айылындагы Маданият үйүндө өтчү фестивалда Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Орусия жана башка мамлекеттен келген жана жергиликтүү фольклорчулар, бийчилер өнөр тартуулашат. "Ысык-Көл" коомдук фонду жана Жети-Өгүз райондук администрациясы он жылдан бери уюштуруп... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Дүйнөнүн сулуу айымы" наамынын ээси Ысык-Көлдө кырсыкта көз жумду

"Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова 2-июнга караган түнү жол кырсыгында көз жумду. Авария Ысык-Көл облусунун Чок-Тал аймагында болгон, айдоочу унааны башкара албай жол четиндеги мүрзөнүн дубалын сүзгөн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов "Азаттык" радиосуна билдирди. Окуядан дагы бир адам жабыркап, ооруканага жатты.  30 жаштагы Сания Шакирова Вьетнамда өткөн Miss Universe Beauty-2018 сынагына катышып, "Дүйнөнүн сулуу айымы" аталган. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Дүйнөнүн сулуу айымы" наамынын ээси Ысык-Көлдө кырсыкта каза тапты

"Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова 2-июнга караган түнү жол кырсыгында көз жумду. Авария Ысык-Көл облусунун Чок-Тал аймагында болгон, айдоочу унааны башкара албай жол четиндеги мүрзөнүн дубалын сүзгөн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов "Азаттык" радиосуна билдирди. Окуядан дагы бир адам жабыркап, ооруканага жатты.  30 жаштагы Сания Шакирова Вьетнамда өткөн Miss Universe Beauty-2018 сынагына катышып, "Дүйнөнүн сулуу айымы" аталган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бурулайдын трагедиясына бийлик көңүл бурбаганы сынга алынууда

Чүйдүн Жайыл райондук милициясында киши колдуу болгон 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча бийлик башындагылар кайрылуу жасабаганы же пикирин билдирбегени коомчулукта сынга алына баштады.  Социалдык тармактын колдонуучулары президент же өкмөт башчы маркумдун жакындарына көңүл айтпаганын же атайын кайрылуу жасабаганын сындап жатышат.  "Азаттык" радиосу президенттик аппараттын жана өкмөттүн Коомчулук менен байланышуу бөлүмдөрүнө бул боюнча 2-июнда кайрылды. Мамлекет башчынын басма сөз... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сауд Арабияда Маданият министрлиги иштей баштады

Сауд Арабияда Маданият министрлиги иштей баштады. Тийиштүү жарлыкка падыша Салман бен Абдел Азиз ал-Сауд кол койгонун "Al-Arabia" телеканалы 2-июнда кабарлады.  Бул - ондогон жылдар бою калыптанган консервативдүү, шарият мыйзамдары өкүм сүргөн падышалыкта мураскор ханзаада Мухаммад бин Салман тарабынан сунушталган реформанын кезектеги кадамы. Бир нече айдан бери Сауд Арабияда революциялык өзгөрүүлөр болуп жатат.   Майдын башында Эр-Рияд "Жашоо сапаты-2020" долбоорун баштаган. 35 миллиард долларлык... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия: текшерүүлөр мигранттарды чочутту

Дүйнөлүк футбол чемпионатынын алдында Орусиядагы ондогон тажикстандык мигранттар мекенине кетип жатканы белгилүү болду. Укук коргоочулар муну мелдешти утурлай орус полициясынын текшерүүлөрдү күчөткөнү менен байланыштырып жатышат.


Список самых популярных товаров нашего маркетплейса Bazosmarket

Авиалайнер из Москвы 2 июня прилетает во Владивосток с опережением графика

КУПЛЮ: Куплю металлорежущий инструмент КХ, ЦХ

Фальсификация истории меликств Арцаха (Карабаха) в азербайджанской историографии



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Какие астрономические явления туляки смогут увидеть в июне

Топ-клуб РПЛ из Москвы заинтересован в трансфере Зайнутдинова

Синоптики спрогнозировали еще один жаркий день с грозами в Москве 2 июня

Список самых популярных товаров нашего маркетплейса Bazosmarket

Музыкальные новости

Конец близок в релизном трейлере Destiny 2: The Final Shape

Фильм «Мой любимый чемпион» показали в павильоне «Роснефти» на ВДНХ в Москве

ЦБ: В Татарстане все школы присоединились к урокам финграмотности

Распределяй и управляй: водители «Грузовичкоф Бизнес» – о преимуществах работы и трудовых буднях  

Новости России

Курьеры мошенников помогли «избавиться» от сбережений жительнице Приморья

Гонщики «КАМАЗ-мастер» показали свое мастерство на фестивале Drift Expo

Американский боксер Глэнтон прогулялся по центру Москвы

В Москве презентовали медали и экипировку VIII игр «Дети Азии»

Экология в России и мире

Стильные образы на лето, в которых вы покорите окружающих

AlfaBiom выпустили на рынок России БАД с красным ферментированным рисом

VK Fest 2024: Музыка и Развлечения на Открытых Площадках России

Доктор Кутушов назвал болезни, которые поджидают отдыхающих у водоёмов

Спорт в России и мире

Прямая трансляция матча Рыбакиной с победительницей четырех "Больших шлемов"

Бывшая российская теннисистка спела гимн Франции: «Я здесь дома»

Медведев вышел в 1/8 финала «Ролан Гаррос» — 2024

Азаренко не смогла выйти в 1/16 финала открытого чемпионата Франции по теннису

Moscow.media

Денис Сафин перевел 100 миллионов рублей в фонд помощи пострадавшим от паводка

ТСД промышленного класса Saotron RT-T60

Экс-редактор Comnews присоединился к команде iTrend

В Кировском районе Крыма проверили бывших мигрантов, не вставших на воинский учет







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *