Тегеранда аялдарга футболду коомдук жайда көрүүсүнө уруксат берилди
Тегеран провинциясынын кеңеши 20-июнда билдиргендей, шаардын "Азади" жана "Тахти" стадиондоруна футбол чемпионатын көрүү үчүн аялдар да кире алат. Бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 24:00до Казан шаарында Ирандын курама командасы Испания менен беттешмекчи. Жаңы тартипке ылайык, аялдар бул мелдешти Тегерандагы стадиондордун үй-бүлөлөр үчүн бөлүгүнөн, парктардан жана башка коомдук жайлардан да көрө алышат. Аялдарга футболду коомдук жайлардан көрүүгө уруксат берилиши Иранда узактан бери өкүм сүргөн саясаттын кайра каралышы. Читать дальше...