Мы в Telegram
Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Июнь
2018

Новости за 04.06.2018

Azattyk.org 

Ангела Меркел Израилдин Иран боюнча кооптонуусун түшүнөрүн айтты

Германиянын канцлери Ангела Меркел 4-июнда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолуккандан кийинки биргелешкен маалымат жыйынында Ирандын аракеттери Жакынкы Чыгыштагы коопсуздукка коркунуч жаратарын белгиледи. - Биз Ирандын аймактагы таасири кооптонуу жаратат, өзгөчө Израилдин коопсуздугуна коркунуч деген маселе боюнча макулбуз, - деди немис канцлери. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 4-июнда Берлинге келди. Ал андан ары Парижге, Лондонго да барат. Ал сүйлөшүүлөрдө... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тбилисиде метро жумушчулары иш таштады

Грузин телеканалдарынын маалыматына караганда, дүйшөмбүдө Грузиянын баш калаасында бир да станция иштеген жок. Президенттик администрация Тбилисинин мэрин метрополитендин машинисттери менен диалог жүргүзүүгө чакырды. Метро кызматкерлери айлык акыны көтөрүүнү жана жумуш шартын оңдоону талап кылышууда. Бир канча адам ачкачылык да кармап жатат. Тбилисинин мэри түзүлгөн транспорттук оор кырдаал үчүн борбор шаардын тургундарынан кечирим сурады. Метро жумушчуларынын иш таштоосу акыркы күндөрү грузин бийлигинин экинчи баш оорусуна айланды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Данисте: Балам бактым, балам базарым

Милиция бөлүмүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Бурулайдын трагедиясы боюнча бийлик кайрылуу жасабаганы сынга кабылды. Баткенде 20 жылда корук түптөгөн жазуучунун максаты. Кочкордо кооптуу мектепте билим алган окуучулар. Жети-Өгүздө тогуз балалуу жаш үй-бүлө дагны перзенттүү болууну каалайт.

Azattyk.org 

Шадиевдин качышынын шектүү жагдайлары

Кылмыш иши козголгон мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевдин өлкөдөн чыгып кетиши кызуу талкууланууда. Бир айдан бери дарексиз Шадиев АКШга качып кеткенин УКМК өткөн аптада жарыялады. Андыктан коомчулукта муну бийликтин кызыкчылыгындагы атайын жасалган жайбаракат аракет катары баалагандар да бар. Таасирдүү саясатчы болуп эсептелген Аскарбек Шадиевдин өлкөдөн чыгып кетишине кимдин кандай кызыкчылыгы болушу мүмкүн?

Azattyk.org 

Нааразылыктан улам Иорданиянын өкмөт башчысы кызматтан кетти

Иорданиянын премьер-министри Хани Мулки дүйшөмбүдө кызматтан кетти. Мындай чечимди ал падыша Абдулла менен жолуккандан кийин кабыл алган. Буга чейин падыша Абдулла премьер-министрди чакырып, өлкөдө акыркы түзүлгөн кырдалды талкуулаган. Абдулла жаңы өкмөттү түзүүнү билим берүү министри Омар Раззазга жүктөдү. Иорданияда нааразылык акциялары беш күндөн бери уланып жатат. Бүгүн борбор шаар Аммандагы өкмөт үйүнүн алдына 5000дей киши чыкты. Алар Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) сунушу менен киреше салыгын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Үч саясатчынын иши Жогорку сотко жетти

Жаза өтөп жаткан саясатчылар Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун, Эрнест Карыбековдун, коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун арыздарын Жогорку сот карай баштады.

Azattyk.org 

Баку соту “Азаттыктын” азери кызматынын сайтын бөгөттөгөн чечимди күчүндө калтырды

Бакунун кассациялык соту “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Азербайжан редакциясынын интернет сайтына коюлган бөгөттү алып салуу боюнча арызды канааттандырган жок. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун “Azadliq.org” азери кызматынын сайтына бөгөт коюу чечимин сот былтыр чыгарган. Тиешелүү арыз менен Башкы прокуратура кайрылган. Прокуратура маалымат каражаты улуттук коопсуздукка “коркунуч” жаратат деп билдирген. “Azadliq.org” сайтына каршы чаралар ал президент Илхам Алиевге жана анын жакындарына тиешеси... Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстанда менингиттен 12 киши каза болду

Грузияда өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылган митинг уланып жатат. Европа борборлорунда ушул аптада кайрадан Иран маселеси талкууланат. Казакстанда быйыл жыл башынан бери менингококк инфекциясы менен 58 адам ооруп, алардын 12си кайтыш болду.

Azattyk.org 

Казакстанда менингиттен 12 киши көз жумду

Казакстанда быйыл жыл башынан бери 58 адам менингококк инфекциясын жугузуп алганы аныкталган, алардын 12си көз жумду. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов 4-июнда Астанада өткөн басма сөз жыйынында айтты. Кайтыш болгондордун төртөө - төрт жашка чейинки балдар. Министр билдиргендей, былтыр бул инфекциядан 162 адам жабыркап, 11 киши көз жумган. Ал коомдо тараган тынчсызданууга себеп жоктугун айтып, кырдаал көзөмөлдө экенин билдирди. Мурдараак Алматы шаарында эле май айында... Читать дальше...

Azattyk.org 

ИИМ: Бурулайдын өлүмүнө байланыштуу 23 кызматкер жазаланды

Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы Жайыл райондук милиция бөлүмүндө 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын өлтүрүлүшү боюнча териштирүүнү аяктады. Иликтөөдө Жайыл райондук милиция кызматкерлери тартиптик уставды, “Нөөмөт бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүн жогорулатуу чаралары жөнүндө” буйруктун талаптарын, “Ички иштер органдарынын кесиптик этикасынын кодексин” одоно бузганы айтылат. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кандуу окуяга байланыштуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси жана анын эки орун басары... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сингапурда Трамп менен Кимдин саммитине атайын аймак даярдалды

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ындын Сингапурдагы жолугушуусу атайын даярдалган аймакта өтөт. Ал аймак 10-июндан 14-июнга чейин жабык болот. Бул тууралуу Сингапур өкмөтүнүн дүйшөмбүдө тараткан билдирүүсүндө айтылат. Танглин, Ньютон жана Орчард райондору кирген аймакта өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги, АКШнын элчилиги жана бир канча ири мейманканалар орун алган. Буга чейин маалым болгондой, иш сапарында Пхеньян Сингапурга өз автоунааларын алып келбейт. Сингапурлук... Читать дальше...

Azattyk.org 

Таласта айыл өкмөтү менен депутаттар тирешүүдө

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл аймагынын депутаттары айыл өкмөтүнүн башчысы Майрамбек Жумакуловго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алышты.  Жумакулов жергиликтүү кеңештин депутаттары анын ишине тоскоол болуп жатканын айтып "Азаттыкка" кайрылды. Анын айтымында, депутаттар айыл өкмөттүн иш милдеттерине кирбеген маселелер боюнча кайрылышат: - Ачыгын айтканда, "Бишкекке жана башка жактарга барабыз" деп акча сурашат. Майрамдарда да сурашат. Бербей койсоң нааразы болушат. "Биздин гана сөзүбүздү угушуң керек" дешет. Читать дальше...

Azattyk.org 

Руслан Акун: Намыстан бийик эмне бар?

“Салам, Нью-Йорк”, “Апамды издеп” тасмаларынын автору Руслан Акун учурда Чолпон-Ата ат майданында “Көк бөрү” аттуу тасма тартууда. Тасма “Көк пар” деген аталыш менен Казакстанда да көрсөтүлөт. Режиссер тасманы тартуу учурунда ат тээп, белинен жабыркаган. Ал жаракатына карабай төшөктө жатып алып ишин улантууда.

Azattyk.org 

Москвада украиналык журналист 12 жылга соттолду

Москва шаардык соту 2016-жылы "тыңчылыкка" шектелип кармалган украин журналистти Роман Сущенкону 12 жылга абакка кести. Прокуратура аны 14 жылга эркинен ажыратууну сураган. Журналисттин адвокаты Марк Фейгин сот чечими боюнча жогорку инстанцияга арызданышарын билдирди. Буга чейин Фейгин Сущенко жакында Киевде кармалган "РИА Новости Украина" агенттигинин редактору Кирилл Вышинскийге алмаштырылышы мүмкүн экенин айткан. Киев орусиялык мамлекеттик "РИА Новости" агенттигинин Украинадагы бөлүмүнүн башчысын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстан: Менингит боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу

Кыргызстанда менингит оорусу боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мекемесинин бөлүм башчысы Динара Оторбаева билдирди: - Былтыр алгачкы төрт айда 27 учур катталса, быйыл 10 болду. Өлгөндөр жок. Баары айыкты. Бул оору 15-20 жылда цикл менен кайталанып турат. Акыркы жолу 2013-2015-жылдары болгон. Казакстанда быйыл жыл башынан бери 58 адам менингитке чалдыкты, алардын 12 каза болду. Бейтаптар менен байланышта... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жарандык коом Бурулайдан кечирим сурады

Бүгүн Кыргызстандагы аялдар уюмдарынын өкүлдөрү коомчулукка, бийлик өкүлдөрүнө кайрылышты. Ушул эле күнү президент Сооронбай Жээнбеков кызды өлүмгө жеткирген окуянын күнөөкөрлөрүн катуу жазалоону өкмөттөн талап кылды.

Azattyk.org 

"Бийликти басып алууга аракеттенди" деген саясатчылардын соту 7-июнда уланат

Бүгүн Жогорку сотто камактагы саясатчылар Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун, Эрнест Карыбековдун жана коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун ишин кароо уланды. Эки адвокат сөз сүйлөдү. Кийинки соттук отурум 7-июнга белгиленди. Соттолуучулардын 20 чакты тарапкери Жогорку соттун алдында акция өткөрүп, акыйкаттыкты талап кылып турушту. "Саясий туткундарды коргоо комитетинин" өкүлү Таалайбек Мадаминов:   - Кыргызстанда акыйкаттык орнойт деп күтүп жатабыз. Чындык орноп, камакта жаткандар үй-бүлөсүнө, элдин алдына чыкса деп күтүп отурабыз. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кызыл-Кыяда КСДП өкүлүнө байланыштуу депутаттык чырга чекит коюлду

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан (КСДП) Кызыл-Кыя шаардык кеңешине талапкер Тахмина Алимбекова бир топ териштирүүдөн кийин депутат болду. Бул тууралуу ал өзү бүгүн “Азаттык” радиосуна ыраазычылык билдирип кабарлады. - Мыйзамдуулук бар экен. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү да так жана мыйзам чегинде карады. Сиздерде макала чыккан күнү эле Саясий кеңештен чалып “Эмне болуп жатат? Биз билбейт экенбиз” дешкен.“Макулдук катты сиз өз колуңуз менен жазды деп ойлогонбуз” деп чечимин да кайра артка алышты. Читать дальше...

Azattyk.org 

5-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

5-июнда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолорго кар түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу болот. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир жерлерде 17-22 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 23...28, Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 21...26, Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29, Ысык-Көлдө түнкүсүн 6...11... Читать дальше...

Azattyk.org 

Израилдин Иран көйгөйү Европада талкууланат

Европа өлкөлөрүндө ушул аптада кайрадан Иран маселеси талкууланганы жатат. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул жолу Берлинди, Парижди, Лондонду кыдырууда. Ал сүйлөшүүлөрдө Ирандын өзөктүк программасы боюнча АКШ чыгып кеткен көп тараптуу келишимди оңдоо гана эмес, Иран күчтөрүнүн Сирияда турушуна бөгөт коюу маселесин да көтөрөрүн билдирген. Ал арада Сириянын бийлиги "өлкө аймагында ирандык аскерлер жок" деп ырастады. Буга чейин Израил Ирандын "Сириядагы аскердик турумдары" деген жайларга бир нече ирет абадан да сокку урган.

Azattyk.org 

Словениядагы парламенттик шайлоодо оңчул партия алдыга чыкты

Словенияда жекшембиде өткөн шайлоодо мигранттарга каршы позициясы менен белгилүү, оңчул Демократиялык партия алдыга чыкты. Мурдагы премьер-министр Янез Яншанын партиясы шайлоого катышууга укуктуу 1,7 миллион адамдын 25 пайызынын добушун алганы маалым болду. Бирок башка кыймылдар аны менен коалиция түзүүдөн баш тартарын билдиришти. Словениянын токсон орундуу парламентинде мурдагы премьер-министрдин партиясы 25 орунду ээлери күтүлүүдө. Коңшу Венгриянын оңчул өкмөт башчысы Виктор Орбан Яншаны жеңиши менен куттуктап... Читать дальше...

Azattyk.org 

Словениядагы парламенттик шайлоодо оңчул партия озду

Словенияда жекшембиде өткөн шайлоодо мигранттарга каршы позициясы менен белгилүү, оңчул Демократиялык партия алдыга чыкты. Мурдагы премьер-министр Янез Яншанын партиясы шайлоого катышууга укуктуу 1,7 миллион адамдын 25 пайызынын добушун алганы маалым болду. Бирок башка кыймылдар аны менен коалиция түзүүдөн баш тартарын билдиришти. Словениянын токсон орундуу парламентинде мурдагы премьер-министрдин партиясы 25 орунду ээлери күтүлүүдө. Коңшу Венгриянын оңчул өкмөт башчысы Виктор Орбан Яншаны жеңиши менен куттуктап... Читать дальше...

Azattyk.org 

Зилалиевдин соту 8-июнга жылдырылды

Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту Дүйшөнбек Зилалиевдин сотун кароону 8-июнда улантат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку соттун маалымат бөлүмүнүн өкүлү Сюита Соурбаева билдирди. Анын айтымында, учурда күбөлөрдүн көбү суралып бүтүп, кийинки соттук жараянда эки-үч күбө гана суралат. Зилалиевге президент Сооронбай Жээнбековдун былтыр 24-ноябрда болгон инаугурациясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси менен ("Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу") кылмыш иши козголгон. Читать дальше...


Автокран вспыхнул на Третьем транспортном кольце в Москве

Глава АНО «Цифровые платформы» Щельцин рассказал подробности о нападении на него

В Китае на глубине 16 метров найден шеститонный саркофаг с сокровищами

Заслуженная артистка России Галина Свербилова ушла из жизни



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Автокран вспыхнул на Третьем транспортном кольце в Москве

Пригородное пассажирское сообщение • Re: Московские Центральные Диаметры(МЦД)

Форменное безобразие: кто вымогает у россиян деньги за выдачу загранпаспорта

Утренний массаж: как панда Катюша проводит выходные со своей мамой

Музыкальные новости

Бизнес-омбудсмен Москвы объяснила, почему важно принять закон о креативной индустрии

Клиники «Будь Здоров» — в лидерах рейтинга лучших клиник 2ГИС

В 16-ти городах состоялись первые этапы «Чемпионата «Школы Росатома» по хоккею на траве 5+»

Фонд «Восход» выпустил на «Атомайз» первые в России венчурные ЦФА

Новости России

Пригородное пассажирское сообщение • Re: Московские Центральные Диаметры(МЦД)

На западе Москвы столкнулись несколько автомобилей

Рынок доставки продуктов вырос на 55%

Оставить сносом: демонтаж долгостроев предлагают возложить на застройщиков

Экология в России и мире

Пошив костюма по индивидуальным размерам

Фонд «Восход» выпустил на «Атомайз» первые в России венчурные ЦФА

Какие украшения будут в моде летом 2024 – подборка стилиста «585*ЗОЛОТОЙ»

В Москве прошла Премия-практикум «Харизма Года»

Спорт в России и мире

«Мирра Андреева обладает удивительной выживаемостью» // Олимпийская чемпионка по теннису Елена Веснина об итогах женского Roland Garros

«Янника Синнера очень рано сравнивать с Роджером Федерером» // Тренер мужской сборной России по теннису Игорь Куницын — о главных событиях Roland Garros

Ига Свентек в четвертый раз выиграла Открытый чемпионат Франции по теннису

Зверев и Рууд не пожали друг другу руки после полуфинала «Ролан Гаррос» – из-за проблем с желудком у норвежца

Moscow.media

Россиянам рассказали, почему будущее за человекоподобными роботами

Остров Огой.

В Забайкалье пятерых мигрантов задержали за групповое изнасилование девочки-подростка

Быстро как. У хуситов появилась гиперзвуковая "Палестина". Наши подвезли?







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *