Анжелина Жоли Ирактагы качкындар лагерине барды
Улуттар уюмунун Качкындар агенттигинин атайын чабарманы, белгилүү актриса Анжелина Жоли Ирактын түндүгүндөгү сириялык качкындардын лагерине барды. Голливуддун жылдызы 33 миң киши баш калкалаган Домини лагеринде качкындардын үй-бүлөлөрү менен жолугушуп, турмуш шарттары менен таанышты. Анын алдында актриса ирактык аскерлер экстремисттерден кайтарып алган Мосул шаарында болгон. Жихадчылар калааны үч жыл мурун басып алып, негизги таянычына айландырышкан. Ал жердеги кармаштарда 900 миңдей киши өлгөн. Читать дальше...