Мы в Telegram
Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Октябрь
2018

Новости за 08.10.2018

Azattyk.org 

Пакистан: сот өлүм жазасына тартылган тарса аялдын арызын карай баштады

Пакистандын Жогорку соту 2010-жылы “пайгамбарга акарат келтирген” деген айып менен өлүм жазасына өкүм кылынган тарса аялдын акыркы даттануусун карай баштады.           Асия Бибинин адвокаты Сайфул Малук отурумдан кийин “Биз сотторго ишенип турабыз” деди. Үч судьядан турган соттук коллегия акыркы чечимин качан жарыялары белгисиз.    Беш баланын энеси Биби 2009-жылы июнда камакка алынып, бир жылдан кийин райондук сот аны өлүм жазасына өкүм кылган. Христиан аялды катаал жазага тартууга мусулман... Читать дальше...

Azattyk.org 

Алматы соту Аблязовдун кудасын 17 жылга кести

Коррупцияга айыпталган Алматы облусунун мурдагы акими Виктор Храпунов 17 жылга сыртынан кесилип, үй мүлкү мамлекетке чегерилди. Сот анын жубайы Лейла Храпунованы сыртынан 14 жылга кесип, үй мүлкүн мамлекеттин эсебине өткөрүүгө өкүм чыгарды.     Казак бийлиги Храпуновдорду бир катар кылмыштарга айыптап, анын ичинде “кылмыштуу топ түзүп башкарган, коз боёмочулукка барган жана пара алган” деп тапкан. Алардын тууганы Айяр Илясовго да ушул сыяктуу эле айып тагылды. Ал беш жылга эркинен ажыратылды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Түркия Сауд Аравиянын Стамбулдагы консулдугун тинтүүгө уруксат сурады

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Сауд Аравиянын Стамбулдагы башкы консулдугунун имаратында тинтүү жүргүзүүгө уруксат сурап, Эр Риядга өтүнүч жиберди. Бул тууралуу дүйшөмбүдө NTV телеканалы кабарлады. Оппозициялык журналист Жамал Хашогги дайынсыз болгондон бери Түркиянын тышкы иштер мекемеси саудиялык элчини эки жолу чакыртты. Түрк бийлигинин өкүлдөрү бир апта мурун жоголгон Хашогги Сауд Аравиянын Стамбулдагы консулдугунда киши колдуу болушу мүмкүн деп боолголойт.   Түркиянын президенти Режеп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сеул госпиталын тескеген Чолпон

Дүйнөдө кадыры, аты бар Сеул ооруканасында иштеген кыргыз келини. Жөө күлүк карыялар. Кайгы кабаттап баскан эне-бала тагдыры. Жер айдап жүрүп короосунан бомба таап алган баткендик дыйкандар. Комузду дуэтке салган шакирттер. Ушул баяндар "Данисте" телетоптомунун мазмунун түздү.

Azattyk.org 

Кадыралиевдин каршылашы пикетке чыкты

"Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевден жабыркадым" деген Ош шаарынын тургуну Мирлан Жолдошевдин үй-бүлөсү Жогорку Кеңештин имаратынын алдына пикетке чыкты.

Azattyk.org 

Диппаспорт чуусуна прокуратура баа берди

Башкы прокуратура министр Таалайкүл Исакунова жана анын айрым орун басарлары 2017-жылы премьер-министрден уруксат албай, дипломатиялык паспортту колдонуу менен чет өлкөлөргө чыкканын аныктады.

Azattyk.org 

Оюб Титиевге Вацлав Гавел атындагы сыйлык ыйгарылды

Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясы (ПАСЕ) абакта отурган, "Мемориал” укук коргоо борборунун Чеченстандагы бөлүмүн жетектеген Оюб Титиевге Вацлав Гавел атындагы сыйлыкты ыйгарды. Бул тууралуу ПАСЕнин дүйшөмбүдө Страсбургда ачылган жыйынында уюмдун төрагасы Лилиан Мори Паскье жарыялады.  Жыйында Оюб Титиевдин билдирүүсү окулду. Анда укук коргоочу Чеченстанда өкүм сүрүп жаткан “мыйзамсыздык”, жасалма кылмыш иштеринин козголушу, кыйноого жана мазактоого кабылгандар жөнүндө билдирет. Титиев... Читать дальше...

Azattyk.org 

Интерполдун жетекчиси мекенинде кармалды

Интерполдун жетекчиси Мэн Хунвэй кызматынан кетти. 7-октябрда баш кеңсеси Лиондо жайгашкан уюмдун баш катчылыгы анын арызын кабыл алды. Ага чейин Кытайдын бийлиги Мэн Хунвэйге каршы "Коррупция" беренеси менен иш козголгонун билдирген.

Azattyk.org 

Ингуш-чечен жер талашы

Интерполдун жетекчиси Мэн Хунвэй кызматынан кетти. Ингушетияда Чеченстан менен жер айырбаштоого каршы нааразылык акциялары уланып жатат. Нобелдин экономика боюнча сыйлыгынын ээлери аныкталды.

Azattyk.org 

Помпеонун Пхеньянга төртүнчү сапары

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Түндүк Кореяда өткөн төртүнчү иш сапарын “жемиштүү” деп мүнөздөдү. Ал Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Пхеньянда жекшемби күнү жолугушту.

Azattyk.org 

Аба ырайы: күн суук болот

8-10-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, жайлоордо жана тоо этектеринде жаан карга айланат, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет. 9-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 9...14, Талас жергесинде түнкүсүн -1...-3, күндүз 8...13, Баткен облусунда түнкүсүн 3...8... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тайырбек Сарпашевдин аты аталган кылмыш иши жандандырылды

Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынан мурдагы башчысы, экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин аты аталган кылмыш ишин жандантты. Бул маалыматты көзөмөл органынын басма сөз кызматы ырастады. Маалыматка ылайык, 2017-жылы козголгон кылмыш иши токтоп турган. Иш жандандырылып, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка өткөрүлүп берилди. Азырынча эч кимге айып коюла элек. Былтыр Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматы 2013-жылы 28-мартта өткөргөн тендерге... Читать дальше...

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлигинде кувейттик дарыгерлердин келери тууралуу маалымат жок

Саламаттык сактоо министрлиги Кувейттен дарыгерлер келип акысыз операция жасай тургандыгы жөнүндө кабарды ырастаган жок. Министрлик тараткан маалымат боюнча, былтыр Кувейттен 31 дарыгер келип, кыргызстандыктарды акысыз медициналык кароодон өткөргөн. Бирок ал иш Саламаттык сактоо министрлиги менен алдын-ала макулдашып, бейтаптардын тизмеси түзүлгөн. Бул жолу министрлик Кувейт тараптан дарыгерлер келе тургандыгы жөнүндө расмий түрдө маалымат келип түшпөгөнүн билдирди. Буга чейин социалдык тармактарда "29-октябрда Кувейттен дарыгерлер келип... Читать дальше...

Azattyk.org 

Нобел сыйлыгынын экономика боюнча лауреаттары жарыяланды

Америкалык экономисттер Пол Ромер жана Уильям Нордхаус климаттын өзгөрүүсү менен технологиялык инновациялардын интеграциясына жасаган макроэкономикалык анализи үчүн дүйнөлүк сыйлыкка татыды. Бул тууралуу Швециянын Падышалык академиянын Нобел комитети 8-октябрда жарыялады. Пол Ромер технологиялык инновациялардын узак мөөнөттүк анализин жасаса, экинчи илимпоз Уильям Нордхаус климаттын өзгөрүүсүн иликтейт. Эки илимпоз тең узак мөөнөттүк жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү иликтеп, замандын олуттуу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Болгарияда иликтөөчү журналист өлтүрүлдү

Болгарияда коррупциялык иштерди иликтеп жүргөн журналистти өлтүрүп кетишти. Премьер-министр "илинчек көп, кылмышкерлер кармалат" деп убада берүүдө. Полиция Виктория Маринованын өмүрүнө кол салууга эмне негиз болгонун териштирип жатат.

Azattyk.org 

АКШда жол кырсыгына кабылган кыргыз жараны боюнча маалымат такталууда

АКШдагы Канзас-Сити шаарында жол кырсыгына кабылган кыргызстандык Алмазбек Муминовдун абалынан Кыргызстандын Кошмо Штаттардагы элчилиги кабар алууда. Тышкы иштер министрлиги берген маалыматка ылайык, учурда кыргызстандык туш болгон кырсыктан жагдайлары такталып жатат.  Ошондой эле элчилик АКШдагы кыргызстандыктарын диаспорасы менен бирге жол кырсыгынан жабыркаган адамга жардам көрсөтүү боюнча иш жүргүзүп жатканын кабарлады.  Буга чейин социалдык тармактарда АКШда кыргызстандык жол кырсыгына кабылып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ингушетияда жер айырбаштоого каршы нааразылык уланып жатат

Ингушетияда Чеченстан менен административдик чек араны аныктаган карама-каршылыктуу келишимге нааразы болгондордун митинги уланып жатат. Беш күндөн бери бийликтин уруксатысыз өтүп жаткан каршылык акцияларын улантууга дүйшөмбүдө жергиликтүү администрация уруксат берди. Магас шаарындагы акцияга канча адам катышып жатканы так белгисиз. Митингдин уюштуруучусу Муса Малсаговдун айтымында, 9-октябрдан тарта беш миңдей киши катышкан ири акциялар өтмөй болду. Нааразылыкка чыккандар Чеченстан менен Ингушетия... Читать дальше...

Azattyk.org 

БУУ климаттын өзгөрүшүн токтотууга чечкиндүү чара көрүүгө чакырды

Улуттар Уюмунун эксперттери чукул арада глобалдык жылуулукка каршы чекиндүү чара көрүп, абанын табынын көтөрүлүшүн 1,5 градустан өткөрбөй кармап туруунун зарыл экенин белгилешет. “Коомдо чукул жана кеңири масштабда өзгөрүүлөр болгондо гана” Жердеги абанын температурасын ошондой деңгээлде кармап турса болот. Бул тууралуу Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөт аралык топтун (Intergovernmental panel on climate change - IPCC) Инчхон шаарында дүйшөмбүдө жарыяланган баяндамасында айтылат.   Эксперттердин эсебинде... Читать дальше...

Azattyk.org 

Эх, Султан, анча эмне ашыктың экен?..

Ушундай экен дүйнө, алышкан оору сени да акыры алып тынган экен, Султан иним. Ашыкпай атаң менен апаңдын артынан кетсең болбойт беле!

Azattyk.org 

Исаковдун адвокаты Нурсулу Ахметованы суракка алууну сунуш кылды

Камактагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаттары ишти алып барып жаткан тергөөчүгө президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Нурсулу Ахметованы суракка алууну сунуш кылып кайрылышты. Бул тууралуу Исаковдун адвокаттарынын бири Нурбек Токтакунов билдирди. Анын айтымында, экс-президент Алмазбек Атамбаевге “ТВЕА компаниясынын баа боюнча сунушу өзгөчө белгиленди” деген Сапар Исаковдун кызматтык каты мурунку өкмөт башчысына айып коюуга негиз болгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Султан Жумагулов оптимист эле...

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов 8-октябрга караган түнү 59 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал акыркы убакта онкологиялык дарттан жабыркап жүргөн. Султан Жумагулов Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетин журналистика адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун республикалык басылмаларда баштап, кийин ВВСде, "Азаттыкта", ЭлТРде, КТРКда жетекчилик кызматтарда эмгектенген.

Azattyk.org 

Евробиримдик Орусияны Сенцовду тезинен бошотууга үндөдү

Европа Биримдиги орус бийлигин түрмөдө отурган украин режиссеру Олег Сенцовду бошотуп, ал ачкачылыкты токтоткондон кийин зарыл медициналык жардамды көрсөтүүгө үндөдү. Режиссер абакта 145 күн ачкачылык кармады. Евробиримдиктин тышкы иштер мекемеси өз билдирүүдө аннексияланган Крымдын аймагында мыйзамсыз кармалган украин жарандарын бошотууга чакырган.  Билдирүүдө украин режиссеру абактагы нааразылык акциясында «кайраттуулугун жана өз өмүрүн өлүмгө сайып койгон каармандыгын» көрсөтө алганы айтылат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Румыния: бир жыныстагылардын никесине каршы референдум өтпөй калды

Румынияда бир жыныстагылардын никесин мыйзамдаштырууга каршы референдум эл келбей койгонуна байланыштуу өтпөй калды. Алдын-ала эсептөөгө караганда, 7-октябрда өткөн добуш берүүгө шайлоого катышууга укуктуу жарандардын 20% азы гана катышкан. Өлкөнүн Баш мыйзамында нике “эки адамдын ортосундагы өнөктөштүк” деп гана белгиленген. “Үй-бүлө үчүн коалиция” баштаган бир катар топтор муну “эркек менен аялдын ортосундагы өнөктөштүк” деп өзгөртүүнү талап кылып, үч миллион адамдын колун топтоп, маселени референдумга алып чыгышкан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кылмышка шектүү жергиликтүү депутат эл аралык издөөгө алынды

Адамга бычак сайды деп кылмыш иши козголгон Токмок шаардык кеңешинин депутаты Тынай Жансеитовго эл аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү жергиликтүү депутатка карата Кылмыш кодексинин “Адам өмүрүнө кол салуу” беренеси боюнча иш козголгон. Учурда анын кайда экени белгисиз. 26-августта Токмок шаарынын мал базарынан Ж.Т. аттуу жаран бычакталып, ооруканага түшкөн. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өмүрүнө кол салуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Читать дальше...


Гимнастка Солдатова встала на вейкборд

Какой была «Мисс Волга». Николай Расторгуев и Юлиан рассказали о Зыкиной

Автокран загорелся на Третьем транспортном кольце

Глава МИД Турции Фидан посетит Москву и сессию БРИКС+ в Нижнем Новгороде



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

«Рособоронэкспорт» начнет поставку 170 вертолетов в дружественные страны

Риттер заявил о своей неопределенности по обращению в суд из-за изъятия паспорта

В Балашихе загорелось кафе после хлопка при готовке шашлыков

«Мы видим рост числа туристических поездок в Россию»

Музыкальные новости

В аэропорту Пулково 12 рейсов задержали и отменили еще один

Transfermarkt: Головин стал самым дорогостоящим российским футболистом

Эксперты согласились с мнением Сечина о пересмотре промышленной политики России

Поражения Шубенкова и Савлукова, осечка Кнороз и двойной триумф Макаренко: чем запомнился «Мемориал Знаменских»

Новости России

Риттер заявил о своей неопределенности по обращению в суд из-за изъятия паспорта

Рынок доставки продуктов вырос на 55%

На западе Москвы столкнулись несколько автомобилей

Инстасамка поменяла имидж и выступила на ПМЭФ после долгого перерыва

Экология в России и мире

Производители кроссовок New Balance и Under Armour подали около 1000 исков к российским продавцам

Новые электрические щетки Revyline RL 085 Black доступны в филиале марки в Ставрополе

Proenza Schouler, коллекция pre-fall 2024

Уникальный интерактивный проект Ставропольской психиатрической больницы на выставке-форуме «Россия»

Спорт в России и мире

Семнадцатилетняя Андреева впервые сыграет в полуфинале турнира Большого шлема

Тарпищев о Медведеве и Рублеве: без травм сыграют в Париже лучше, чем в Токио

Экс первая ракетка мира Виландер оценил шансы Паолини на победу в финале «Ролан Гаррос»

Испанец Алькарас выиграл Открытый чемпионат Франции по теннису

Moscow.media

В Орле опять неполадки с движением троллейбусов

Армянские ковры Арцаха (Карабаха) с уникальным орнаментом представлены как «генетический код» Азербайджана - сайт monumentwatch

Ученые нашли «выключатель» болезни Паркинсона

В Карелии арестовали учителя-педофила







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *