Мы в Telegram
Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Октябрь
2018

Новости за 09.10.2018

Azattyk.org 

Трамп: Хейли БУУдагы элчилик кызматтан жыл соңунда кетет

Президент Дональд Трамп бүгүн АКШнын Улуттар уюмундагы элчиси Никки Хейлинин кызматтан кетүү өтүнүчүн кабыл алганын ырастады. Трамп Ак үйдө Хейлинин өзү менен жолугуп жатып билдиргендей, ал БУУдагы элчилик кызматтан жыл аягында кете турган болду. Бирок Хейлинин кызматтан кетүүсүнүн себептери айтылган жок. Трамп аны жолугушууда “өзгөчө адам” деп сыпаттап, бирге “көп көйгөйлөрдү” чечишкенин белгиледи.  Хейли болсо жолугушууда анын жумушу дүйнөлүк аренада Американы коргоо болгонуна токтолду. Индиялык иммигранттардын кызы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Мирзиёев Парижге барды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн Елисей сарайында француз президенти Эммануэл Макрон тосуп алды. Сүйлөшүүлөрдөн кийин президенттер бир нече документке кол коёт деп күтүлүүдө. Маалыматтарга караганда, негизги басым экономикага жасалып жатат.  Президент Шавкат Мирзиёевдин Парижге сапары алдында Өзбекстан Франциянын жарандары үчүн виза режимин жойду. Президент кол койгон жарлыкка ылайык, Франциянын жарандары Өзбекстанда эми 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. (UE)

Azattyk.org 

АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли кызматын тапшырганы кабарланууда

Бул тууралуу америкалык медиа билдирди. Маалыматтарга караганда, Хейли АКШнын БУУдагы элчилик кызматын тапшыруу маселесин президент Дональд Трамп менен өткөн аптада Ак үйгө барган учурунда талкуулаган жана президент буга макул болгон. Президент Трамп да бүгүн эртең менен "Твиттердеги" баракчасында өзүнүн эң ишенимдүү кеңешчилеринин бири Никки Хейлини “досум” деп атап, ал Ак үйдө, жергиликтүү убакыт боюнча 10:30та “чоң жарыя” кыла турганын маалымдады. Ак үйдүн өкүлү Сара Сандерс да Дональд Трамп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бурятиянын "каучук" кыздары

Ингушетияда Чеченстан менен чек араны аныктаган келишимге нааразы миңдеген адамдар митингге чыгышты. Токионун айтылуу Цукидзи балык базары жабылууда. Грузия өкмөтү желим баштыктарга тыюу салды. Үйүңдүн алдына өзү сүзүп келген мектеп – Бангладеште жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган айылдар кырдаалдан чыгуунун жолун ойлоп табышты. Стамбулдун көчөлөрүн каалагандай кооздогон сүрөтчү аялдар. "Дю Салей" циркинин артисти болууну самаган бурятиялык окуучулар. Германияда ашкабак-кайыктардын жарышы өттү.

Azattyk.org 

Бурятиянын ийилчээк кыздары

Ингушетияда Чеченстан менен чек араны аныктаган келишимге нааразы миңдеген адамдар митингге чыгышты. Токионун айтылуу Цукидзи балык базары жабылууда. Грузия өкмөтү желим баштыктарга тыюу салды. Үйүңдүн алдына өзү сүзүп келген мектеп – Бангладеште жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган айылдар кырдаалдан чыгуунун жолун ойлоп табышты. Стамбулдун көчөлөрүн каалагандай кооздогон сүрөтчү аялдар. "Дю Салей" циркинин артисти болууну самаган бурятиялык окуучулар. Германияда ашкабак-кайыктардын жарышы өттү.

Azattyk.org 

"Bellingcat": Скрипалдарды ууландырган экинчи шектүү да "Орусиянын баатыры"

Бул тууралуу "Bellingcat" иликтөө тобу 9-октябрда Лондондон жарыялады. Алардын маалыматына караганда, Александр Мишкинге “Орусиянын баатыры” наамы 2014-жылы ыйгарылган. - Путиндин калпын экинчи ирет кармадык. Биз аныктаган кылмышка шектүүнүн экинчиси да "Орусиянын баатыры". Ал сыйлыкты Путиндин өзүнөн алган, - деди "Bellingcat" тобунун негиздөөчүсү Эллиот Хиггинс. Алар аныктагандай, Александр Мишкин - кесиби боюнча аскердик дарыгер жана Орусиянын аскердик чалгын мекемесинин кызматкери. Орусиялык... Читать дальше...

Azattyk.org 

Украинада аскердик кампалар жарылды

Украинанын Чернигов облусундагы аскердик кампаларда 9-октябрга караган түнү бир нече катуу жарылуу болуп, өрт чыкты. Башкалаа Киевге 180 чакырым жакын аймакта 10 миңдей киши коопсуз жерлерге көчүрүлдү. 60тан көп киши ооруканага түштү.

Azattyk.org 

Кыйноодон мамлекет да чыгым тартат

Кыргызстанда кыйноонун экономикалык кесепеттери изилденди. Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор бул изилдөө аркылуу кыйноого дуушар болгон жаран жана мамлекет учураган чыгымдарды эсептеп чыгып, сунуштарды берди.

Azattyk.org 

Ооганстанда жанкечтинин жардыруусунан сегиз адам өлдү

Кандуу окуя өлкөнүн түштүгүндөгү Гилменд провинциясынын борбору Лашкар Гах шаарында болду.  Провинция губернаторунун басма сөз катчысы Умар Шахтинин “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун ооган кызматына айтканына караганда, жанкечтинин жардыруусунан сегиз кишинин өмүрү кыйылгандан тышкары, 11 киши жарадар болду. Жабыркагандардын арасында парламент депутаттыгына талапкер Салих Мухаммед Хан Ачакзай да бар.  Жардыруу үчүн азырынча эч кайсы топ жоопкерчилик ала элек.  Бирок Ооганстандын көптөн бери... Читать дальше...

Azattyk.org 

Болгарияда журналисттин өлүмү боюнча бир киши кармалды

Бул тууралуу жергиликтүү полиция билдирди. Расмий маалыматка караганда, иликтөөчү журналист Виктория Маринованын өлүмүнө байланыштуу бир адам текшерүү жүргүзүү үчүн 24 саатка кармалды. Румыниянын украин улутундагы жараны азырынча кылмышка шектүү катары расмий жарыялана элек.  30 жаштагы иликтөөчү журналист Виктория Маринованын сөөгү 6-октябрда өлкөнүн түндүгүндөгү Русе шаарчасында, Дунай дарыясынын жээгиндеги парктан табылган. Полиция журналист сабалып, зордукталып, тумчуктурулганын маалымдаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

“Коопсуз шаар” боюнча мамлекеттик мекемелер соттошо турган болду

Маалымат технологиялары жана байланыш комитети Мамлекеттик сатып алуу департаментинде даттануулар боюнча түзүлгөн комиссиянын чечимине каршы район аралык сотко кайрылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматкери Зирек Асанова маалымдады.  5-октябрда Мамлекеттик сатып алуу департаментинде даттануулар боюнча түзүлгөн комиссия "долбоорду ишке ашыруучу катары тандалып алынган “Вега” концернинин иш тажрыйбасы жок" деп жыйынтык чыгарган. Буга сынакка катышкан дагы бир орусиялык "Маалымат тутумунун... Читать дальше...

Azattyk.org 

Солсбери: ГРУнун полковниги Мишкиндин изи

"Быйыл март айында Британияда мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлияны ууландырган" деп айыпталган экинчи орус жаранынын ата-жөнү белгилүү болду.

Azattyk.org 

Солсбери: Полковник Мишкиндин изи

"Быйыл март айында Британияда мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлияны ууландырган" деп айыпталган экинчи орус жаранынын ата-жөнү белгилүү болду.

Azattyk.org 

Мечиттердин жанында мигранттар кармалды

Украинада ок-дары сакталган кампа жарылып, 11 миңдей адам коопсуз жакка көчүрүлдү. Москвада жума намаз алдында мечиттердин жанында мигранттар кайрадан кармала башталды. Грузияда желим баштыктарды колдонууга тыюу салынды.

Azattyk.org 

Журналист, Устат, Инсан...

Султан Жумагулов 1959-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетин журналистика адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун республикалык басылмаларда баштап, кийин ВВСде, "Азаттыкта", ЭлТРде, КТРКда жетекчилик кызматтарда эмгектенген.

Azattyk.org 

Аба ырайы: үшүк жүрөт

11-12-октябрь күндөрү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде 0…-2° үшүк, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда -1…-3° үшүк жүрөт. Мындай үшүк жыйнала элек жашылча-жемиштерге зыян тийгизет. 10-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 10...15, Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 10...15, Баткен облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 12...17, Ош... Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстандан тоок этин ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизилди

Кыргызстан Казакстандан тоок этин ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизди. Бул маалыматты “Азаттыкка” Ветеринардык жана санитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция ырастады. Аталган органдын басма сөз катчысы Рахат Садырбекованын айтымында, коңшу өлкөнүн Кыргызстан менен чектеш аймактарында куш тумоосу боюнча маалыматтан улам ушундай чечим кабыл алынды. Учурда Казакстандын тиешелүү органдарына эпизоотикалык чыныгы абал боюнча так маалыматты аныктоо боюнча өтүнүч жиберилди. Коңшу өлкөнүн... Читать дальше...

Azattyk.org 

Экс-премьер Сатыбалдиев ооруканадан тергөө абагына киргизилди

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ооруканадан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына которулду. Бул тууралуу УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди. Анын айтымында, буга Сатыбалдиевдин ооруканадагы дарылануусу аяктаганы, ден соолугунун туруктуу абалы себеп болгон.  Сатыбалдиев ден соолугу начарлаганына байланыштуу 18-сентябрда Бишкектеги ооруканалардын бирине которулган. Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 18-июнда кармалган. Ага карата... Читать дальше...

Azattyk.org 

Украинада ок-дары кампасындагы жарылуу боюнча иш козголду

Украинанын бийлиги билдиргендей, жарылуу Киевден 180 чакырымдай алыстыкта, Чернигов облусунун аймагындагы ок-дары кампаларында болду. Түтүнгө ууккан алтымыштан ашуун киши жардам сурап жергиликтүү дарыгерлерге кайрылышкан, аймактан 12 миңдей киши көчүрүлдү. Украинанын Аскер прокуратурасы окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Украин армиясынын Башкы штабынын башчысынын орун басары Радион Тимошенконун айтымында, жарылуулардын бир нече ыктымал себеби, анын ичинде диверсия да каралып жатат.  700 гектардай... Читать дальше...

Azattyk.org 

Лунара Мамытова кызматтан кетүүгө арыз жазганын ырастады

Социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын “Азаттыкка” ырастады. Анын айтымында, өз каалоосу менен кызматын тапшыруу тууралуу арызын ал өткөн жуманын аягында жазган. Мамытова арыз жазууга кимдир-бирөөнүн басымы болгон-болбогону боюнча комментарий бере албасын билдирди. “Эгер өкмөт таза кадрлар менен иштөөнү кааласа, анда менин арызымды кабыл албайт. Премьер-министрге жолугууга аракет кылдым, бирок азырынча кабыл ала элек”, - деди Лунара Мамытова. Читать дальше...

Azattyk.org 

ЭВФ: АКШнын санкцияларынан улам Ирандын экономикасы рецессияга түшөт

Бул тууралуу Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) билдирди. Уюмдун кайра каралган жаңы божомолуна караганда, АКШнын санкцияларынан улам Ирандын экономикасы рецессияга быйыл эле кирет, ал эми келерки жылы кырдаал мындан да начарлайт. Мунай экспорту азайышынан улам Ирандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) быйыл 1,5%, келерки жылы 3,6% чейин азайышы күтүлөт. АКШнын Иранга каршы экономикалык санкцияларынын алгачкы баскычы быйыл август айында калыбына келген, ал эми экинчи, мунай-газ секторун бутага алган баскычы ноябрь айында күчүнө кириши күтүлүп жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кулматовдун паспорту боюнча сот жылдырылды

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун паспортун жараксыз деп табуу боюнча соттук иш 16-октябрга жылдырылды. Буга Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Насиба Калдыбаеванын ишеним катынын жоктугу себеп болду. Буга байланыштуу ишти карап жаткан судья Алмаз Калдыбаев кийинки отурумду 16-октябрга белгиледи. 21-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматы Кубанычбек Кулматовдун жарандык паспортун жокко чыгарууну өтүнүп сотко кайрылган. Мекеме буга Кулматов 1996-жылы Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алганын жүйө келтирген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жалал-Абадда театр алдында ок аткандар изделип жатат

Шаардагы Барпы атындагы театрдын алдындагы аянтта бейтааныш автоунаадан тапанча менен асманга ок аткандар табыла элек. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады. Маалыматка ылайык, 7-октябрь күнү кечки саат жети чамасында “Тойота” үлгүсүндөгү автоунаадан белгисиз адамдар театрдын алдында тапанча менен асманга бир нече ок атып, окуя болгон жерден качып кетишкен. Барпы театрынын жетекчилиги бул тууралуу милицияга кабар берип, бирок жеринде жүргөн кайгуул-күзөт кызматкерлери автоунааны кууп жетпей калышкан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бурулайды ала качкан жигит сотто күнөөсүн моюнуна алган жок

Ала качууга туш болуп, милиция имаратынан каза болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча сот уланууда. Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жаткан жараянда маркумдун жакындарынын адвокаты Есения Рамазанова материалдык чыгымдарды калыбына келтирүү үчүн 2 миллион сом доо коюп жатканын билдирди. Ал эми Бурулайдын өлүмүнө шектүү катары аны ала качкан Марсбек Бөдөшев жана досу Акмат Сеитов айыпталууда. Бүгүнкү жыйын жүрүшүндө Бөдөшев Бурулайды ала качуу боюнча күнөөнү моюнга алганы менен аны өлтүрбөгөнүн билдирди. Читать дальше...


LISA FM Александр Белоносов выпустил альбом «Родина Сердца: Дневник Психолога»

Серебро «Кубка МЧС России по боксу» завоевал бердчанин Владислав Ефременко

Правительство поддержало проект о штрафах до 5 тысяч рублей за опасное вождение

В стиле БРИКС: кого из звезд болельщикам ждать на Играх в Казани



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Курс евро в начале торгов опустился ниже 95 рублей впервые с 16 января

Алексей Касаткин будет исполнять обязанности министра природы Забайкальского края

EVENT DJ BATTLE ПРИВОЛЖЬЕ прошёл в ресторане «Максимилианс» 21 мая 2024 года

В МИД РФ прокомментировали возможность восстановления дипотношений с Грузией

Музыкальные новости

Титов предположил, что у «Динамо» и «Краснодара» еще 10 лет не будет шанса на победу в РПЛ

Пиар Менеджер для Артистов, Музыкантов, Композиторов, Актеров, Поэтов, Писателей, Моделей, Дизайнеров, людей любых творческих профессий и брендов!

В Подмосковье сотрудники Росгвардии спасли пожилого мужчину, который оказался один дома и плохо себя почувствовал

Concord is skipping free-to-play and pulling a Helldivers 2 instead: $40 for the full game with all 16 heroes at launch

Новости России

Амурская область вошла в число регионов с «перегретым» рынком недвижимости

Стала известна программа Московского джазового фестиваля

«Бронзу» взял магаданский борец на всероссийских соревнованиях в Элисте

Алексей Касаткин будет исполнять обязанности министра природы Забайкальского края

Экология в России и мире

Помощь российских армян СВО. Поддержка тыла важна для передовой

Жители Барнаула помогут сделать родной город чище

Антисанитария в службах доставки: токсиколог Кутушов рассказал, почему опасно заказывать еду

Пошив костюма по индивидуальным размерам

Спорт в России и мире

Уимблдон и Олимпиада? Что нужно знать о планах Рыбакиной после Ролан Гаррос

Калинская поддержала Синнера после поражения на "Ролан Гаррос"

Свёнтек сравнялась с Шараповой по победам на турнирах Большого шлема

Андреевой предрекли борьбу за топ-10 рейтинга WTA в текущем сезоне

Moscow.media

В Карелии арестовали учителя-педофила

«Автодор» – к концу 2025 года скоростными дорогами госкомпании будет охвачена половина населения России

Роман Старовойт выразил готовность оказывать дальнейшую поддержку в строительстве Ленского моста в Якутии

Военные следователи провели рейд по бывшим мигрантам в Керчи







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *