Жоламандын жеңиши
26-октябрда кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медал тагынды.
26-октябрда кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медал тагынды.
Премьер-министр Абылгазиев жакынкы айларда коомчулук ачык өкмөттү ишке ашыруунун жыйынтыктарын көрө баштайт деп убада берди.
Бишкектеги соода борборлорунун биринде Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөн күнү белгиленди. Иш-чарага бул уюмдун колдоо программаларына кирген бардык долбоорлордун өкүлдөрү катышып, келгендерге маалымат беришти. - Биз жылына 24-октябрда БУУнун туулган күнүн белгилейбиз. Баарына маалым болгондой, бул уюм дүйнөгө тынчтыкты, бакубаттыкы орнотууну максат кылат, - деп билдирди уюмдун Кыргызстандагы өкүлү Озонниа Ожиело. Кыргыз Республикасындагы БУУнун системасы өкүлчүлүктүү программалардан, фонддордон... Читать дальше...
Түркия, Орусия, Франция жана Германиянын өлкө башчылары 27-октябрда Стамбулга чогулуп, Сириянын тагдырын талкууга алышты. Бул өлкөдө согуштук кырдаал өкүм сүргөндөн бери 400 миңден ашуун киши каза таап, миллиондогон адамдар качкынга айланган. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган, Орусиянын өлкө башчысы Владимир Путин, Германиянын канцлери Ангела Меркел жана француз президенти Эммануэл Макрон жыйында Сириядагы согушту токтотуунун жолдорун, качкындар көйгөйүн, гуманитардык жардамдарды жеткирүү маселелерин карашууда. Читать дальше...
27-октябрда Кандагар провинциясында парламенттик шайлоо өтөрү буга чейин кабарланган. Отуз төрт провинциянын отуз экисинде добуш берүү бир жума мурда өткөн. Шайлоого эки күн калганда Кандагар полициясынын башчысы, генерал Абдулла Разакка талибдер кол салып, добуш берүү күнү жылдырылган. Разак “Талибандар” уялаган провинцияда стабилдүүлүктү сактай алганы менен аты чыккан. Бийликтин маалыматында, жергиликтүүлөрдү колдоо жана Кандагардагы коопсуздукту сактоо үчүн миңдеген кошумча аскерлер жөнөтүлгөн. Читать дальше...
Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылынын тургундары көмүр казган компаниялар экологияга, элдин саламаттыгына залакасын тийгизип жатканын айтып чыгышты.
19-октябрда Талас облусунда футзал боюнча өлкө чемпионатынын алкагында беттешип жаткан “Фарватер” (Бишкек) жана “Жаш-Муундун” (Жалал-Абад) оюну токтотулуп, аянтка өкмөттүн облустагы өкүлү Марат Мураталиев, шаар жетекчилери жана Футбол федерациясынын аймактагы өкүлдөрү чыгып сөз сүйлөшкөн. "Оюнду токтотуу өлкө чемпионатынын регламентин жана жалпы эрежени бузуу болуп саналат" деп жазылат Кыргызстандын Футбол федерациясынын расмий сайтында. 26-октябрь күнү Футбол федерациясынын дисциплинардык комитети жыйын өткөрүп... Читать дальше...
Кыргызстанда эки жүзгө жакын окуу китеби одоно каталар менен жарык көргөнү үчүн кайра басылганы жатат. Мындай жоопкерчиликсиз ишти оңдоо үчүн эмне кылуу керек? Эмне үчүн көп жылдан бери окуу китептерин даярдоо жана басып чыгаруу башкы көйгөйгө айланды. Бул маселе боюнча билим берүү боюнча эл аралык эксперт, учурда Казакстандагы Назарбаев университетинде иштеп жаткан профессор Дүйшөн Шаматов пикирин билдирди.
Чыңгыз Айтматовдун өмүрүндөгү эң башкы бурулуш качан болгон? Же Эдиптик комплекс жана трагедия жөнүндө философиялык эссе.
Ички иштер министрлигинин мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборунда “Бирдиктүү терезе” системасы ишке кирди. 27-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков жана коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев борбордун техникалык мүмкүнчүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Анда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов ар кандай документтерди берүү жана жарандарды тейлөө, кызматтын түрлөрү жөнүндө айтып берди. Анын айтымында, борбордо... Читать дальше...
Орусиядагы Түндүк-Кавказ аймактык аскер соту кыргызстандык Акрамжон Абдуллаев менен Немотжан Исроиловду террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө аралашкан деп таап, узак мөөнөткө эркинен ажыратты. Бул тууралуу Интерфакс басылмасы соттун басма сөз кызматына таянып жазды. Анда кыргыз жарандары Абдуллаев 15 жылга, Исроилов 13 жылга эркинен ажыратылганы маалымдалат. Аларга Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 205.1- (террористик ишмердүүлүккө катыштыгы бар) жана 205.5-беренеси (террористтик топторду... Читать дальше...
28 жаштагы келин жолдошунун зордук-зомбулугунан тажаганда сотко кайрылды. Адистердин айтымында, кыргыз коомунда күйөөсүнүн кордугун ачык айтып, укугун коргогон аялдар саналуу.
Гидрометеорология агенттигинин маалыматына караганда, 28-октябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Тоолуу райондордо гана кар жаап, жолдор тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23; Таласта түнкүсүн 9…11, күндүз 16…21; Баткенде түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22; Нарын облусунда түнкүсүн -4…1, күндүз 15…20; Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6... Читать дальше...
Кытайдын Чунцин шаарында 40 баланы жарадар кылган аял кармалды. Ал аш бычак менен бала бакчага кирип барганы айтылууда. Учурда шектүү кармалды, бирок кол салуунун себептери белгисиз. Соңку жылдары Кытайда балта, бычак менен элге кол салган бир нече учур катталган. Андан көбүнчө балдар жабыркаган. Бул кол салууга көп учурда психикалык жактан жабыркаган кишилер айыпталган. Кытайда Шаньси провинциясындагы мектептин тогуз окуучусун өлтүрүп, 11 баланы жарадар кылды деген айып менен сентябрь айында бир киши өлүм жазасына тартылган. Читать дальше...
Грек-рим боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медалга татыган балбан Жоламан Шаршенбеков финалдагы беттеши боюнча “Азаттык” радиосуна ой бөлүштү. Шаршенбеков финалга чейинки атаандаштарын чоң айырма менен утуп келаткан. - Бул жеңилүү бул мен үчүн чоң сабак болду. Финалда ката кетирип алдым. Биро, мындан ары жакшы машыгып, келечектеги чемпионатта, башка мелдештерде байге алууга аракет кылам. Мага ишенип, колдогондорго ыраазымын. Алардын ишеничин финалда актай албай калдым. 26-октябрда кыргызстандык... Читать дальше...
Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Бакай Садыров парламент депутаты Рыскелди Момбековдун “төө буурчак 25 сомдон болуп жатат деген маалыматы чындыкка дал келбейт” деп жооп берди. Анын айтымында, бүгүнкү күнү төө буурчактын баасы анын сортуна жараша 30 сомдон 50 сомго чейин кабыл алына баштады. Тагыраак айтканда, төө буурчактын сортторунун баалары, лопатка - 40-44 сом, томатный (Американка) - 30 сом, рябой - 45-47 сом, скороспелка - 48-50 сомдон сатылып жатат. Читать дальше...
Орусиянын президенти Владимир Путин 2019-жылдын биринчи жарымында мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Эки өлкө башчыларынын жолугушуусунда карала турган маселе 26-октябрда Кыргызстандын жана Орусиянын тышкы иштер министрлери кезиккен учурда да талкууланды. Буга чейин Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Путиндин Бишкек сапарында онго жакын документке кол коюлары күтүлүп жатканын маалымдаган. Владимир Путин... Читать дальше...
Адамзаттын генийи – Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун өзү, ата-энеси, анын чөйрөсү, геналдуу чыгармалары жөнүндө дүйнөгө атагы чыккан чыгармачыл адамдар, саясатчылар, окумуштуулар, ал эмес акыл-эси жаңыдан гана калыптанып келе жаткан мектеп окуучулары менен бала бакчалардын тарбиялануучуларына чейин өз дараметине, түшүнүгүнө, жаш өзгөчөлүгүнө жараша чыгармаларын жатка көркөм окуулардан баштап омоктуу ойлорун билдирген эмгектерин жаратып келе жатат. Ошондой болсо дагы Ч.Айтматовдун ой байлыгы, акыл байлыгы чалкып жаткан түпсүз улуу мухит. Читать дальше...
Партиянын төрагасы Жеңиш Молдакматов “Замандаш” саясий партиясы алдыдагы парламенттик шайлоого жаңы программа менен бара турганын жарыялады. “Азаттык” радиосунуна курган маегинде Молдакматов саясий айдыңдагы “Замандаш” азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун жакын адамдарынан куралган партия болот” деген сөздөргө мындай жооп берди. - Албетте шайлоо учурунда Сооронбай Шариповичке ишенимдүү адам болгонум үчүн азыр байланыштырып жатышат. Бирок анын партияга тиешеси жок. Анын үстүнө партиянын саясий кеңеши бардык маселени чечет. Читать дальше...
Октябрь айында өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Францияга барып келди. Андан аз өтпөй француздардын мыкты шараптары жасалчу каберне, совиньон, шардоне өңдүү жүзүм көчөттөрү алдырылды.
Өзбекстандын Юстиция министрлиги бейшембиде парламентке “Айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун жолдогон. Документке ылайык, жакын арада өлкө жарандары Ташкентте туруктуу каттоосу жок иштей алат. Мыйзам долбоору жумушту эркин тандоо, өлкө ичинде ээн-эркин жүрүү боюнча жарандардын конституциялык укуктарын ишке ашырууну камсыздоого багытталган. Мыйзам долбоору парламенттин колдоосуна ээ болду. Буга чейин өзбек жарандары борбор калаанын жаңы конуштарынан... Читать дальше...
Кыргызстандын жаңы дайындалган тышкы иштери министри Чыңгыз Айдарбеков Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Москвада жолукту. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жазылды. Тышкы саясатты жүргүзүү мекемелеринин башчылары көп тараптуу кызматташуу, эл аралык жана аймактагы актуалдуу маселер боюнча баарлашты. Лавров Айдарбековду жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, ийгилик каалады. Чыңгыз Айдарбеков тышкы иштер министри болуп 17-октябрда дайындалган. Читать дальше...
Эркин экологдор тобу Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин өзгөчө баалуу токойлорду кыюуга уруксат берүүнү көздөгөн сунушун сындап чыкты.
26-октябрда өткөн өкмөттүн жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди ишиндеги кемчиликтери үчүн сынга алып, анын жеке жоопкерчилигин дагы эскертти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Президент Сооронбай Жээнбеков 23-октябрда Нурбек Мурашевди кабыл алып, “рыноктун баасын алдын алуу, айыл чарба продукцияларын экспорттоо жетишсиз” болуп жатканын сынга алган. Буга чейин дыйкандар картөшкө, жүгөрү, пияз, сарымсагын сата албай жатканын айтып чыккан.
Google компаниясы эки жылда сексуалдык асылуу айыбы менен 48 кызматкерди жумуштан кетирди. Алардын арасында 13 топ-менеджер болгон. Бул тууралуу компаниянын директору Сундар Пичаинин New York Times гезитине жолдогон катында айтылган. Пичаинин катында Google өз кызматкерлеринин жумуш учурундагы коопсуздугуна өтө олуттуу карай турганы, адепсиз кылык-жоруктар тууралуу түшкөн ар бир арыз иликтенип чыгары айтылган. Ал сексуалдык асылууга айыпталып жумуштан бошотулган кызматкерлердин бири дагы компенсация албаганын баса белгилеген. Читать дальше...