Балбан Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатында күмүш медал утту
26-октябрда кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын байге үчүн күрөштө азербайжандык Элданиз Азизлиге жеңилип (0:10), күмүш байге алды. Мелдеш Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жатат. Биргелешкен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Шаршенбеков 25-октябрда грек-рим күрөшүнөн 55 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, финалдык беттешке жолдомо алганга чейин бардык атаандаштарын ири эсепте жеңген. Читать дальше...