Мы в Telegram
Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Октябрь
2018

Новости за 23.10.2018

Azattyk.org 

Жакырчылык басаңдап, байлык көбөйдү

Дүйнөдө өтө жакырлардын саны азайууда, бирок бул жараян мурдагыдан солгундап кетти. Дүйнөлүк банк акыркы иликтөөсүндө мына ушундай бүтүм чыгарды.

Azattyk.org 

Болтон: АКШ Трамп - Путин саммитине даярдык көрөт

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон бул тууралуу 23-октябрдын кечинде Москвада Орусия президенти Владимир Путин менен кездешкен соң билдирди. Болтондун айтымында, Вашингтон президенттер Трамп менен Путиндин 11-ноябрда Парижде жолугушуусу үчүн даярдык көрөт. Ал өзүнүн Путин менен 90 мүнөткө созулган сүйлөшүүлөрүн “абдан кеңири жана жемиштүү” деп мүнөздөдү. Путин Болтон менен жолугушууда ал президент Дональд Трамп менен быйыл июлда Хельсинкиде башталган диалогду улантууну каалаарын... Читать дальше...

Azattyk.org 

“Талибанга” байланышы бар тогуз адам "кара тизмеге" киргизилди

Террорчулардын эл аралык каржылануусуна каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн жети өлкөнүн тобу "кара тизмеге" Ооганстандагы “Талибан” кыймылы менен байланышы бар тогуз кишини, анын ичинде Ирандын эки аскерий адамын киргизди. Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлиги 23-октябрда жарыялады.  Каржы министри Стивен Мнучин белгилегендей, алар санкциялык тизмеге “Талибандын" жанкечтилердин чабуулдарына жана башка кол салууларга тиешеси бар мүчөлөрүн кошту, ага катар “Талибанды" каражат менен камсыздап, материалдык... Читать дальше...

Azattyk.org 

Түндүк Казакстанда ондогон айылдар жоюлат

Бул тууралуу Казакстандын эмгек жана социалдык коргоо министри Мадина Абылкасымова билдирди. Казак министри Орусия менен чектеш Түндүк Казакстан облусундагы сапары учурунда айткандай, бул аймактагы жашоочуларынын саны 10 же андан аз болгон 38 кыштак жоюлат. Алардын тургундары аймактын башка “дурус өнүккөн шаарчалары менен кыштактарына” көчүрүлөт.  Мадина Абылкасымова казак өкмөтү алдыда экономикалык жактан келечектүү айыл-кыштардын инфраструктурасы үчүн гана каражат бөлө турганын да кошумчалады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Каримовдун эстелиги Москвада чуу жаратты

Орусия АКШнын Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимден чыгуу тууралуу жарыясын “опурталдуу” деп атады. Казакстанда өкмөттөн бекер үй алуучулардын санын эки эсе азайтуу демилгеси көтөрүлдү. Венгрияда селсаяктарга көчөдө уктоого тыюу салынды. Кумсалыкты айыктырса болот, кепилдиги бар – 30 миңдей жараны кумса катары каттоого алынган Тажикстан муну илдет деп атап, дарыламай болуп жатат. Москвада Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун эстелиги ачылар замат аны жок кылууну талап кылгандар акцияга чыгышты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жорж Соростун үйүнүн сыртынан жарылуучу түзмөк жок кылынды

Бул тууралуу АКШнын бийлик өкүлдөрү кабарлашты. Маалыматка караганда, жарылуучу түзмөк америкалык миллиардер Жорж Соростун Нью-Йорк штатындагы үйүнүн сыртындагы почта үкөгүнөн 22-октябрда табылган. Аны эң биринчи болуп Соростун кызматкерлеринин бири көрүп, полицияны чакырган. Кийин адистер тобу жарылуучу түзмөк үйдүн жанындагы токойлуу аянтта зыянсыздандырышты. Полиция түзмөктө “чыныгы бомбанын компоненттери”, анын ичинде жарылуучу порошок болгонун кабарлады.  “Нью-Йорк Таймс” гезитинин жазганына караганда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тамчыда сабалган Элдос ооруканада

Ысык-Көл районунун Тамчы айылында сабалган бала таекеси христиан дининде болгону үчүн ур-токмокко алынганын туугандары айтышууда.

Azattyk.org 

Арменияда “Елк” фракциясы Пашинянды премьер-министрликке көргөздү

Бирок учурда өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Никол Пашинян буга чейин өзү билдиргендей, бул тактикалык максатта гана жасалган формалдуу кадам. Ал армян парламентинде, 24-oктябрдагы  добуш берүүдө өкмөт башчылыкка шайланбашы керек. “Елк” фракциясы Пашинянды премьер-министрликке фракцияларга талапкер көргөзүшү үчүн берилген мөөнөт аяктаганы калганда сунуш кылды.  Бийликке быйыл майда элдик толкундоолордун аркасында келген Никол Пашинян өткөн аптада кызматтан чегингенин жарыялаган. Бул кадамын ал учурдагы парламенттти таратып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кылмышкерлерди жыргаткандар кылтакка илинди

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган журналист Жамал Хашогжини өлтүрүү күн мурунтадан пландалганын парламент жыйынында билдирди. Казакстанда темир тор артындагы аткаминерге жыргалчылык шарттарын түзүп берген түрмө жетекчилери өздөрү абакка кесилди.

Azattyk.org 

Тажикстанда велотуристтердин өлтүрүлүшү боюнча сот башталды

Дүйшөмбү шаарынын №1 убактылуу кармоочу жайында башталган сот жараяны жабык өтүп жатат.  Быйыл июль айынынын соңунда Дангара районунда кылмышкерлер велосипедчен чет өлкөлүк туристтердин тобун автоунаа менен сүздүрүшкөн. Анда Голландия менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болгон, дагы үч чет өлкөлүк жараат алган. Тажикстандын Ички иштер министрлиги автоунаадагы адамдар туристтерди сүздүргөндөн кийин аларга курал менен кол салганын билдирген. Шектүүлөрдү кармоо операциясында беш киши жок кылынган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Мухамадиев: Миграция адамды стресс кылат

Эл аралык Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай коому Борбор Азияда 200 миңден ашуун адамга биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөттү. Буга кошумча Орусияга кетип жаткан мигранттарга саламаттык жаатындагы укуктары боюнча акысыз кеңеш берип келет.

Azattyk.org 

Мыйзамсыз паспорт берүү боюнча 180дей кылмыш иши токтотулган

Кыргызстанда акыркы беш жылда паспорттордун мыйзамсыз берилиши жана жасалма паспорттор боюнча укук коргоо органдары 405 кылмыш ишин козгошту. Башкы прокуратура "Азаттыкка" билдиргендей, булардын ичинен 186 иш тергелип бүтүп, сотко өткөн. Ал эми 39 иш мыйзамда жазылган жүйөлөрдүн негизинде өндүрүштөн кыскартылган. Калганы токтотулганы жана тергөөдө экени белгилүү болду. Башкы көзөмөл органы кылмыш иштери кайсы негизде токтотулганы тууралуу так маалымат берген жок.  Буга чейин Кыргызстандын паспорттору чет өлкөлүк жарандарга... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ош: багы ачылбаган музыкалык мектеп

Оштогу Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайынын жаңы имаратынын курулушу ага жакын жайгашкан май куюучу жайдын айынан токтоп турат.

Azattyk.org 

Гольф - капчыгы калыңдардын оюну

Чүй облусунун Кара-Жыгач айылындагы гольф клубда аталган спорттун түрүнөн эл аралык мелдеш өттү. Ага Канададан тартып Орусия, Армения, Корея өндүү 11 мамлекеттен 50 гольф ышкыбозу катышты.

Azattyk.org 

Милиция: Шамбесай кенин иштетүүгө каршы чыккандар кармалган жок

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Шамбесай алтын кенин иштетүүгө нааразылык билдирип чыккандарды милиция кармап кеткен жок. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова "Азаттыкка" билдирди.  Маалыматка караганда, бүгүн, 23-октябрда Шамбесай кенин иштетүү үчүн топурак, суунун анализин жүргүзүүгө адистер барышканда 50-60 чакты жашоочу ага нааразылык билдиришкен. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барышкан.  Буга чейин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аткаминерди "эркелеткен" түрмө башчылар камалды

Казакстанда темир тор артындагы аткаминерге өзгөчө ыңгайлуу шарт түзүп берген түрмө жетекчилери өздөрү абакка кесилди. Соттун өкүмүндө айтылгандай, алар "Коррупция" беренеси менен соттолгон аткаминерге күчөтүлгөн тартиптеги колониянын ичинде үйдөгүдөн да жакшы шарт түзүп беришкен.

Azattyk.org 

Жолдубаева: Атамбаев Кыргызстанга сөзсүз кайтып келет

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Кундуз Жолдубаева экс-президент Алмазбек Атамбаев Орусиядан Бишкекке кайтып келе турганын "Азаттыкка" билдирди. Ал "Атамбаев качып кетти" деген пикирлерди четке какты:  - "Келет же келбейт" деген талкууларга негиз жок. Алмазбек Атамбаевдин позициясын билесиңер. Ал Кыргызстандан эч кайда кетпейт. Кетүүгө эч кандай себеп да, негиз да жок. 28-октябрда Бишкекке кайтып келет.  Алмазбек Атамбаев Орусияга 22-октябрда кеткен. Анын алдында КСДП... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ош шаарына бир күн бою суу берилбейт

«Ош шаардык суу канал» ишканасы күзгү-кышкы ремонттоо иштерине байланыштуу 2018-жылдын 23-октябрында түнкү саат 24:00дөн баштап, 25-октябрь саат 24:00гө чейин Ош шаарына суу берүү убактылуу токтотула турганын билдирди. Маалыматка караганда, «Курманжан Датка», «Манас-Ата», «Туран» аймактык кеңеши, «Достук» кичи району жана «Калинин» конушунан башка аймактарга суу убактылуу берилбейт.  Мекеме шаардыктарга бир суткага жете турган суу камдап алуу зарыл экенин эскертүүдө. Ош шаарында жыл сайын жаз... Читать дальше...

Azattyk.org 

Эрдоган: Хашогжини өлтүрүү күн мурунтан пландалган

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн бул тууралуу АК партиянын парламенттеги жыйынында билдирди. Анын айтымында, саудиялык журналист Жамал Хашогжини (Хашогги) өлтүрүү "күн мурунтан" пландалган, саудиялык агенттер Түркияга журналист өлтүрүлгөндөн бир күн мурун келе башташкан. Түрк президенти кошумчалагандай, саудиялыктардын он беш адамдан турган тобу консулдукка журналист өлтүрүлгөнү күнү кирген жана үчөө Стамбулдагы Белград токоюн чалгындоого барган. Жумалап созулган карама-каршылыктуу... Читать дальше...

Azattyk.org 

24-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргыз гидрометерология агенттиги билдиргендей, 24-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз түндүк тарабында -2…+3, калган бөлүгүндө 17…22; Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз 4…9; Таласта түнкүсүн -1…+4, күндүз 14…19; Баткенде түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22; Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 8…13; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Credit Suisse": дүйнөдө миллионерлердин саны 42 миллиондон ашты

Мындай эсеп Швейцариядагы "Credit Suisse Research" институтунун “Global Wealth report 2018” аттуу жаңы баяндамасында айтылды. Өткөн аптада жарыяланган баяндамада келтирилген маалыматтарга караганда, глобалдык чен-өлчөмдөн алганда соңку он эки айда байлык 4,6% же 14 триллионго көбөйүп, анын жалпы акчалай көлөмү 317 триллион долларга жетти.  2018-жылга карата дүйнөнүн бул 317 триллион доллардык байлыгынын 98 триллиону Кошмо Штаттарда, 51,8 триллиону Кытайда топтолгон. 2018-жылга карата ошондой... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кытайга виза ала албай жаткан студенттер министрликке кайрылды

Кытайдын жогорку окуу жайларына окууга өтүп, бирок виза ала албай жаткан 50гө жакын студент Билим берүү жана илим министрлигине кайрылды. Бул тууралуу мекеменин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Апышева «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, түшкөн арыздар Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментине жөнөтүлгөн.  - Арыз бергендер Кытайдын жогорку окуу жайларына өз алдынча тапшырган балдар. Себеби Билим берүү жана илим министрлиги да макулдашуунун негизинде Кытайга балдарды окууга жөнөтөт. Читать дальше...


Рынок доставки продуктов вырос на 55%

Супруга рэпера Канье Уэста Бьянка Цензори снялась в Японии в «мешке»

На западе Москвы столкнулись несколько автомобилей

В Балашихе загорелось кафе после хлопка при готовке шашлыков



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

В Подмосковье угнездились ремезы

«Мы видим рост числа туристических поездок в Россию»

Инстасамка поменяла имидж и выступила на ПМЭФ после долгого перерыва

Рынок доставки продуктов вырос на 55%

Музыкальные новости

«В девять лет я уже был очень любвеобильным». Актер Михаил Богдасаров вспомнил детство в шоу «Вкусно с Анфисой Чеховой» на ТВ-3  

Фонд «Восход» выпустил на «Атомайз» первые в России венчурные ЦФА

Академия Плющенко требует почти два миллиона со сбежавшей от них юной спортсменки

«Солнечная Азбука» в особом семейном центре «Семь-Я»

Новости России

На западе Москвы столкнулись несколько автомобилей

В Подмосковье угнездились ремезы

Сильный град нанес повреждения самолету Airbus A320 в Вене

В Балашихе загорелось кафе после хлопка при готовке шашлыков

Экология в России и мире

Уникальный интерактивный проект Ставропольской психиатрической больницы на выставке-форуме «Россия»

Приглашенные солистки выступят в опере «Руслан и Людмила»

Можно ли прожить без музыки? Дискуссия протагонистов музыкального бизнеса

Помощь российских армян СВО. Поддержка тыла важна для передовой

Спорт в России и мире

«Янника Синнера очень рано сравнивать с Роджером Федерером» // Тренер мужской сборной России по теннису Игорь Куницын — о главных событиях Roland Garros

Семнадцатилетняя Андреева впервые сыграет в полуфинале турнира Большого шлема

Испанец Алькарас выиграл у Зверева и стал победителем Roland Garros

Уимблдон и Олимпиада? Что нужно знать о планах Рыбакиной после Ролан Гаррос

Moscow.media

В Орле опять неполадки с движением троллейбусов

В Карелии арестовали учителя-педофила

В этом году планируют заключить контракт на реконструкцию еще одного участка трассы Р-23 в Ленобласти

Быстро как. У хуситов появилась гиперзвуковая "Палестина". Наши подвезли?







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *