Армения: Никол Пашинян кызматтан кеткенин билдирди
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 16-октябрдын кечинде кызматынан кеткенин жарыялады. Удаа эле декабрда кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүүнүн мыйзамдык жолун көрсөттү. Ага ылайык, президент дароо өкмөттүн отставкасын кабыл алат. Андан соң парламент эки ирет премьерди шайлабай коюшу керек. Анан парламент тарап, кезексиз шайлоо белгиленет. Парламентке кайра шайлоо өтсө гана "баркыт ыңкылабы" толук максатына жетерин Пашинян белгилеп келет. Бул жолго парламенттеги үч фракцияны көндүрүү үчүн узак сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Читать дальше...