Иранда журналист аял 13 жылга кесилди
Ирандын Революциялык соту журналист аялды 12 жыл, тогуз айга эркинен ажыратканын Ирандын маалымат каражаттары кабарлашты. Реформачыл журналист Хенгамех Шахиди соттун өкүмүнө арыздана алат. Ага саясий топторго кошулууга, медиа каражаттарына жарыяланууга жана өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Шахидинин адвокаты Мостафа Турк Хамедани IRNA маалымат агенттигине «сот ишинин купуялуулугуна жана коопсуздук маселесине байланыштуу өкүмдү айта албайм» деп билдирди. 43 жаштагы Шахиди быйыл июль айылында камалган. Читать дальше...